Нурдөөлөт КОПОЕВ, "Замана" студиясынын алып баруучусу, театр-кино актеру:
"Баламдын төрөлүшүн
чыдамсыздык менен күтүп жатам"
Теле алып баруучу, театр, кино актеру Нурдөөлөт Копоев июль айында Зульфия аттуу актриса кызга баш кошуп, жакында эле жубайынын кош бойлуу экенин билип, азыртадан ата болууга даярданууда.
- Зульфия экөөбүз былтыр сентябрь, октоябрь айларында таанышканбыз. Ал "Учур" театрына кастинг аркылуу келген. Кийин чогуу иштешип калган соң, билинбей эле ортобузда жакындык пайда болду. Июль айында "Учур" театры Нарынга Татыбүбү Турсунбаеванын 75 жылдыгына карата арналган фестивалга барып, чыккандан кийин 5-июлда ала качып кеттим. Кыргыздын ырым-жырымын колдонуп ачуу басарына барып, туугандардан бата алып, бир жылга жетпей үйлөнүп алдык. Эми заманбап тоюбузду 15-сентябрга туураладык. Кудай буюрса үй-бүлөлүк бакыттын даамын эми татып баштадым окшойт, себеби азыр жубайымдын 2 айлык боюнда бар.
- Куттуктайм! Алгач кош бойлуу экенин билгенде кандай сезимде болдуңуз?
- Өзүм отуздун кырына чыгып балалуу болгону жатсам, башкача бир сезимде болуп, "тезирээк төрөлсө экен" деп чыдамсыздык менен күтүп жатам. УЗИге барып түшкөндө дарыгер дароо жүрөгүнүн сокконун көрсөттү. Андан кийин кыймылдаганын, көлөмүн айтса эле бир башкача кубанычка батып, тойлордон же көчөлөрдөн кичине балдарды көрүп калсам бетинен шимип-шимип өөп калам.
- Кош бойлуу айым көп нерсени талап кылып калат эмеспи. Ошол талаптарына чыдап жатасызбы?
- Чынында эле көп нерсени талап кылып калат экен. Бирин жактырса, бирин жактырбай. Бул нерсени өкүл энебиз актриса Бактыгүл Асанова дагы "Кош бойлуу аял ар нерсени жегиси келип, таарынчак келип чукчулуңдап калат. Бала өсүп баштаганда эненин кыялына аябай таасир берип, күйөөсүнүн көп көңүл бөлүүсүнө муктаж болот" деп айткан. Ошол ар бир талабына чыдап жатам.
- Биринчиси уул болуусун каалайсызбы же...?
- Өзүм аян менен 16 бир туугандын 13-сү болуп төрөлгөм. Апам мени мына төрөйүн деп калган кезде качанкы каза болгон таенем көзүнө көрүнүп "эркек төрөйсүң. Атын Нурдөөлөт кой" деп айтып жок болуп кеткенден кийин апамдын толгоосу башталып мен төрөлүп, атымды Нурдөөлөт коюшкан экен. Апам өткөндө чалып "жакшы түш көрдүм, уулдуу болот окшойсуңар" дейт. Ошондон кийин конокко барып жилик алып калсак эле чүкөсүн алып, чогултуп жатабыз.
- Жубайыңыз тууралуу кененирээк айта кетсеңиз?
- Зульфия 24 жашта. Кесиби актирса. Үй-бүлөдө жалгыз кыз. Улуу байкеси жана эки иниси бар. Жумгалдын эрке күйөө баласы болдум. Бирок азырынча күйөө балалык милдетти аткара элекмин. Буюрса тойду жакшылап өткөрүп алган соң кайын журтка барып, аларды биз чакырып дегендей кыргыздын ырымдарын кылабыз. Анын үстүнө Зульфия азыр "токсикоз" болуп машинага түшсө эле жүрөгү айланып, бир аз кыйналып жатат.
- Жубайыңызды кимге окшоштуруп алдыңыз?
- Сүйлөшүп жүргөндө эле апама окшоштурчумун. Зуля дагы апама түспөлдөшүп чап жаак, кырдач мурун. Өзгөчө кыргыздын элечегин кийип алса даана эле өзү болуп калат. Мен экөөбүздүн окшоштугубузду көп деле байкабайм. Бирок, сырттан көргөндөр экөөбүздү көп окшоштурушат. Жубайлар бир топ жашагандан кийин бири-бирине окшош болуп калат деп айтышат го. Биз кийин бири-бирибзге таптакыр эле окшошуп калсак керек.
Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА




Расул РАХМАНАЛИЕВ, ырчы, ди-джей:
"Радио менен телеге өмүрүмдү арнайм"
Таң эрте үналгыда элди ойготуп, тамашага салып, калкка жагымдуу маанай тартуулаган ди-джей, коңур үндүү ырчы, тойлордун көркүн ачкан жаш тамада жигит
Рахманалиев Расул бүгүн бизде мейманда.
- Расул сөзүбүздү, кичи мекениң тууралуу баштасак?
- Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Чек айылында төрөлүп, Өрүкзарда 4-класска чейин окуп, андан соң Бишкекке көчүп келгенбиз. Борбордо өсүп, борбордон окуп чоңойдум. Бирок киндик кан тамган жерим көзүмө башкача көрүнөт. Айылга бат-баттан барып турам. "Айылдын быкшып чыккан түтүнү да бал жыттанат" дегендей, айылда жашагым келет. Ал жакта мага ылайыктуу жумуш болсо гана деп кээде ойлоп кетем. Буюрса теле-радио тармагы Баткенде өнүгүп жатат. Балким өзүм радио же телеканал жаатын өркүндөтүп, болочокто өздүк телерадио ачам деген максатым бар.
- Үй-бүлөң тууралуу айта кетсең?
- Биздин үй-бүлө таланттуулардан турат. Атам-Абдыкалык, көп жылдардан бери айдоочу. КаМАЗ унаасынын ичегисин чукуп, кайра ордуна келтирип койчу темир уста. Апам-Манзура, соодагер. Азыр неберелеринин жытын жыттап, келиндеринин ысык чайын ичип, үйдө. Өзүм төрт бир тууганмын. Теңирим мага баарын бирден берген го.. Эжем, байкем жана иним бар. Баары өз өзүнчө түтүн булатып, турмуштун тузун татып жаткан кездери. Атамда талант көп, гитара, комуз, пианино, аккордеон мандалин ж,б музыкалык аспаптарды катыра ойнойт. Байкем, эжем, иним да аккордеон, гитараны сыздатат. Мен да чыгарма жазып, обон созуп калам.
- Болочок кесипти эмне менен аркалоону чечтиң?
- Мектепте окуп жүргөн кезде "ким болосуң"? - деп сурап калышканда "учкуч" болом деп жооп берээр элем."Мезгил алмашат, биз өтөбүз" демекчи, убакыт таразалап, тагдыр буюруп койгон экен 9-класстан бери "теле-радио" тармагында иштеп келем. Анан да ырчы болгум келчү. Орус ырчысы Олег Газманов ырдап чыгып калганда туурай берчүмүн. Менин ордум ар түрдүү тармактарда деп эсептейм. Бирок радио менен телеге өмүрүмдү арнайм.
- Алдыда кандай пландарың бар?
- Мен көп нерселерди ойлойм, кыялданам. Көп учурда көздөгөн нерсе ишке ашпай калса кара жанымды карч уруп жетүүгө аракет кылам. Максаттарым көп, алардын баарын ишке ашыруу үчүн азырынча убакыт керек. Буюрса элге пайдасы тийген иштерди аткарам.
- Обон созуп, ыр чыгарам дейсиң, репертуарыңда канча ыр бар?
- Ыр-жан дүйнө дарысы. Ыр жаратып, ага өмүр берип обон жазып келем. Жеке өзүмдүн 2 обонум бар калганынын авторлору башкалар. Мен тим эле жылдыз болуп кете албайм. Өзүмө жаккан ырды ырдап интернет булактарына жайгаштырам, анан өзүм иштеген радиодо бир маал жаңырып турат. Башка радиолор, ачык айтканда көрө албайт. Шүгүр, биздин ырды Орусия, Түркия, Корея аттуу коңшулаш өлкөлөрдө жүргөн мекендештирибиз да жактырып угуп келишет.
- Качантан баштап ыр дүйнөсүнө кызыгып калдың?
- Кичине кезимден тартып ыр-бийге шыктуумун. Мектептеги кароо-сынактар менсиз өтчү эмес. Кичинемде ыйлаак болуптурмун. Апам айтып калчу ыйлаак элең деп. Кызыгууда талант болбосо боло бербейт деп ойлойм. Азыр да кызыгуум күчтүү. Бирок ырга көп каражат кетээрин билесиз. Ошондуктан бирин-экин ыр жаздырып, обон кошуп коюп жүрөбүз.
- Анан кантип радиого келип калдың?,
- Баткенде "Салам" деген радио 1999-жылы ачылган. Анда мен 3-4 класста болсом керек. Анда Сабыр Абдымомунов деген байке кубулжуган үнү менен жагымдуу эфир алып барар эле. Радионун түбүнөн жылбай эфири бүткөнчө укчумун. Кийин мен да радиодо иштейм деп чечкем. Жаштыгымдан бери кызыккан жаным, радиого киргенде гана тыным алды.
Учурда "Элfm" радиосуна ыраматылык устатым, акын жана бул радиону түптөөчүлөрдүн бири Медер Осмоналиев алып келген. Ырчы Байыш Момунов менен Токтогул жергесинде тойго келгенбиз. Ал жактан Медер байке менен кезигип калып, ошондо ал радио ачканын кеп кылды. Анан "мен иштейм, колумдан келет" деп шыпылдап эле сүйлөп кирдим. Акыры ал кишинин жанынан чыкпай тажатып жүрүп макулдугун алып, Бишкектен түйүнчөгүмдү түйүп алып досторума, сүйлөшкөн кызыма да айтпастан Ош шаарына кетип калгам.
Бирок атам, апама айтып кеткем, а кишилерге алыска аттангандай сезилгенби билбейм, ошондо апамдын шолоктоп ыйлаганы эсимде.
- Келечекте да ушу кызматты аркалайсыңбы?
- Ооба, өмүрүм радиого арналат. Теле-радио тармагында иштеген купулума толот. Башка иштерден сунуштар көп, бирок баары бир тамырыма суу куйган бул "Элfm" радиосу. Дарак бир жерден көгөрөт эмеспи.
- Өзүң ыр чыгарасыңбы?
- Ооба, ыр жандуумун. Поэзияга жакынмын. Бирок кээде тамсил, аңгемелерге да кызыгып кетем. Студент кездеги жазган ырларым бар. Баарын чогултуп жүрөм, убагы келгенде китеп же чөнтөк китеп болуп чыгат деген максатым бар.
- Жумуштан сырткары эмне менен алексиң?
- Жумушум өтө кызыктуу. Курсагым ачка болсо деле радиодо жүрө берчү адатым бар. Иш убактым бүтсө эс алуучу бөлмөбүзгө кирип интернетке саякатка чыгам. Жакынкы күндөрү"ата"болуу алдында турам. Келинчегимдин көз жараарына аз калды. Буюрса ата-энемди неберелүү, өзүбүз ата-апа болобуз деп турган кезибиз.
- Өздүк жашооң тууралуу айта кетсең?
- Үй-бүлөлүмүн. Келинчегим Жалал-Абаддан. Жүрөгү таза, мага жаккан адамдык сапаттары бар.
Мирбек АСАНАЛИЕВ