Мен өзүмдү таш күзгүдөн карасам

Туфан БИЛГИН, "Алмаз" радиосунун ди-джейи,
"ТМ шоу" программасынын алып баруучусу:

"кыргызстандын
келечеги ойлондурат"

Кесиби
Кыргызстанга Түркиядан келгениме алты жылдын жүзү болсо да, төрт жылдан бери "Алмаз" радиосунда ди-джейи болуп эмгектенип келем.

Достук
Жаштарыбыздын достору көп, бирок чыныгы күйгөн дос бирөө гана болот. Кыргызстанда досторум абдан көп, досторума абдан күйөм. "Дос жакшысы жамандык менен жакшылыкта билинет" демекчи, өзүмдүн досум үчүн баарына даярмын.

Уйку
"Уйку төшөк тандабайт" демекчи, уктаганды абдан жакшы көрөм. Аюу сыяктуу уктай эле берем. Анан ошондой таттуу уйкуда жатканда эч ким ойготуп козгобосо.

Жактырган тамагы
Баклажанды абдан жакшы көрөм. Айрыкча апамдын баклажан кошуп жасаган салаттары, негизи эле баклажан кошулган тамак абдан жагат. Өзүм тамак-аш жасаганга шыгым жок болгондуктан, тамак жасай албайм.

Спортто
Спорт менен машыгып турам. Футбол абдан жаккандыктан күйөрман болуп келем. Кичине кезимен эле спортко жакын болгондуктан учурда да досторум менен бир жумада эки жолу футбол ойноп турам. Түркияда болгондо профессионалдык деңгээлде ойночумун. Кийинчерээк спорттон ден соолукка байланыштуу алыстап калдым.

Сүйүүдө
Сүйүүнүн балын тата элекмин. Сүйүп көргөн жан эмесмин. Ошондуктан, сүйүү тууралуу эч нерсе айта албайм.

Кайгырганда
Капа болгондо тынч эле үйгө барып уктаганды каалайм, бирок кек сактап капа болбойм тез эле жазылып, унутуп калам.

Жыл мезгил
Жыл мезгилдеринин ичинен мага жаз абдан жагат. Себеби суук эмес, ысык эмес, айлана жашыл кийимге кийинип, чөйрө жашылдана баштаганы абдан жагат.

Үй-бүлө
Мен өзүм үч бир тууганмын, эжем, карындашым бар. Жалгыз эркекмин. Баары Түркияда жашашат. Ал эми Кыргызстан менин кичи мекеним. Дос тууган таптым.

Кино тасмада
Эгерде мага ушундай кино жаатынан сунуштар түшсө, баш тартпайт элем. Өзүм дагы аракет кылган жокмун балким, менден жакшы актер чыгаар. Клиптерде ойнодум, киного тартылсам деген ой тилектерим алдыда.

Сахна
Ырчылык кесипти аркалай албайм себеби үнүм жок, талантым да жок. Мен ырдасам жанымдагылар качып кетет. Кээ бир убакта түз эфирде ырдаймын ошол учурда "угармандар оозуңду жап" деп, айтат болуш керек. Кыргыз ырчыларынан Тата Улан, Мирбек Атабековдун ырлары жагат.

Сын пикир
Жакшы деп айтса, мактанып дардаңдап калбайм, эгерде жаман деп айтса, өтө олуттуу маанилүү болсо көңүл бурам. Мааниси жок болсо көңүл бурбайм.

Театр
Учурда театрга барганга мүмкүнчүлүк жок. Эң акыркы жолу театрга он жашымда Түркиядан баргам.

Көйгөй
Кыргызстанда болуп өткөн окуялар мени таң калтырбайт. Себеби, 7- апрелде, мындан беш жыл мурун деле ушул эле жерде болуп, көп нерселерге күбө болдум. Негизи Кыргызстандын келечеги ойлондурат.


Перизат каденова