Айлакер айым 2
ТОБОЛ ӨРӨМКАН
Сериал
"Айлакер айым-2" сериалы уламдан-улам ого бетер бүйүр кызыктырат. Заринанын баласы кимден, Канат Темирбекович экөөнүн тагдыры кандай болот, Салыйка жалдаган детектив кызга кол салабы, төрөт залдан уулун уурдаткан Зарина кандай кадамдарга барат жана Заринанын апасынын оор тагдыры ж.б. ж.б. жөнүндө билип, сериалдын кызыгына баткыңыз келсе, анда "Айат" гезитинин бир да санын калтырбай окуңуз.

(Башталышы өткөн санда)
- Мен сенден акча сураган жокмун, кыпкыргызча сурап атам, жалабыңдын боюнда барбы?
Канат Темирбекович түк үндөбөдү, жинди катынынан эртерээк кутулууну ойлоп, эч үн сөз дебестен, колун шилтеген бойдон эшикке чыккыча шашты. Артынан Салыйка адатынча каргап-шилеп, буркан-шаркан түшө тажаалданган бойдон калды. Министр башы менен бир аялга кор болуп атканы үчүн өзүнө өзү жиндеп, жан-дүйнөсү жабыркап, эчкирип ыйлагысы келди. Көмөкөйдөн чыгып келе жаткан бугу менен көз жашын араң тыйды окшойт. Машинасын аңды-дөңдү карабай зуулдаткан бойдон Заринага сызды. Эки күндөн бери үйүнөн чыкпай жаткангабы Зарина да буулугуп калган экен, министрди эшиктен кирери менен басып жыгылды. Учураштырып үлгүртпөй эле Канат Темирбековичтин көйнөк-шымын чечип, колун ычкырдан ылдый сойлотуп ийгенге да үлгүрө керебетке сүйрөдү. Үйүндөгү үйлөгөн топтой семиз, тажаал аялынын уу сөздөрү заматта эстен чыга кадимкидей жыргады министр. Жаш катыны денесинин чолоо жерин калтырбай аймалап атып бейиштин туу чокусуна бир нече жолу чыгарды го, чиркин! Канча жыл бирге жашап, балдардын энеси болгон аялы менен мындай кумарга батпай калганы качан!? Адатынча экөө ваннага суу толтура, бирин-бири эркелете жуунуп чайынышты. Чай үстүндө отурганда Зарина кеп баштады. Курсагы билинер- билинбес бөрсөйүп калган сүйгөнүнө ичи эзилип отурган Канат Темирбекович кыздан мындайды күткөн эмес.
- Алтыным, менин башымды качан ачасыз? Ушинтип жүрө беремби?
- Эч нерсеге түшүнбөй калдым... Эмне дедиң?
- Бат эле түшүнбөй каласыз да. Анда майдалап түшүндүрөйүн. Мени аялдыкка качан аласыз?
- Бул маселени сүйлөшпөдүк беле. Сага эмне жетпей жатат? Үйүң, машинаң бар, окуп атасың, акчадан кем-карч жок. И так эле аялымсың, бирок жарыкка алып чыга албайм дебедим беле.
- Албетте, мен сизге эки дүйнөдө тең ыраазымын, эмне десем бүт даяр, бирок... Бирок, айылдан туугандарым келебиз деп атышат. Менин боюмда бар экенимди көргөндө эмне дешет. "Күйөөң ким, кайда?" дешсе эмне дейм? Кимди көргөзөм? Күлгө оонап төрөгөн атасыңбы? - деп абийиримди кетиришет го. Бир нерсе кылбасаңыз болбойт! Инимдин бетин кантип карайм?
- Эмне кылышым керек?
- Бирин-эки туугандарыңыз менен менин төркүнүмдүн алдынан өтүп койсоңуз болмок. Калың-малың берип, анан алар да айылга "кызыбыз күйөөгө тийди" деп айтып, жүздөрү жарык болмок да. Туугандарыңыз ачуу басарга барып кетишсе дегеним да. Меникилер деле капа кылбай тосуп алмак. Ата-энем жок экени аз келгенсип, төрөп алсам, эл-журттун оозун ким тыят? Тарбиясы жок кыз ушуну кылмак дейт го. Ошону ойлоп сарсанаага батып бүттүм. Түнкүсүн жалгыз жатып алып ыйлайм, же жубатаарга жанымда эч ким жок. Жалгыз жашаган да кыйын экен...
Зарина бу жерден да артистигин көргөзө көз жашын төгө буркурады. Жаратылышынан боорукер Канат Темирбекович чыны чыдабай кетти. Бир нерсени шарт чечип көнгөн жаны дароо эле айылдагы агасына телефон чала ал-ахыбалын сураган соң маселени кабыргасынан койду.
- Байке, ушу жуманын аягында туугандардан эки, үчөөнү алып Көлгө барып келсеңер жакшы болот эле.
- Кыш келатса көлдө эмне бар, андан көрө ала жайда жибербейт белең. Курортко жиберген атасыңбы?
- Кайдагы курорт? Кудага барасыңар, тойус ачуу базарга.
- Ой, молодес, эмне уулуң үйлөнүп атабы?
- Уулум али жаш, кандай десем, өзүм үйлөндүм.
- Түүй ата, кайдагы балээни баштадың? Кой саатыңды чакылдатпай токтот. Келин бала эмне дейт, үйгө киргизбей коет бизди... Тынч жашайлы. Жөн эле өлөлү.
(Уландысы кийинки санда)