КОЧКОРДОН ЧЫККАН ҮЧ "КОЙЧУ"
Кыргыз эли өткөн кылымдын 90-жылынын башында эркиндикке чыгып, азаттыктын желбиреген байрагынын астында жашап келатканы ырас. Кептин баары ошол он тогуз жыл аралыгында элибиздин турмушу кай жагына көбүрөөк ык алды? Биз жапа тырмак шайлап алган депутаттарыбыз менен президенттерибиз караламан калкы үчүн эмне деген "албан-субан" иштерди бүтүрүп, анысынын акыбетине калкынын алкышына арзыдыбы, же каргышынабы? Дегеле ушул азаттык алганга чейин биз ким элек да, өз алдыбызча түтүн булоолонткон мезгил аралыгында ким болдук? Мезгилден уттукпу, же балким уттурдукпу? - деген суроолорду өз-өзүбүзгө коё берсек, анын жандырмак жообун таба албай боз ала жетим баланын кейпин кийип, жер сүзөрүбүз анык. Анда сөзгө ирети менен кезек берели.
Кыргыстан тоолуу аймак болгондуктан, сөзсүз түрдө элинин жашоо тиричилиги мал-кел менен өтөт. Аны Турдакун Усубалиевдин маалындагы төрт аяктуу жаныбарлардын республикада торгой кой үстүндө жумурткалагандай кезибизди эске түшүрсөк баары айкын болот. Эгер сандардын чатагынан эле адашып калбасам койдун туягы 16 миллионго жетип, андан бөлөк жылкы, уй, эчки, тоо башында кыштаган топоздордун эсебинен баш адашкан мезгилдерди өткөн кылымдын 80-жылдарынын орто ченине чейин көрүп эле жүрбөдүкпү. 1 кг. эт 1 рубль 30 копеек болчу эле десең, азыркы жаштар сени акмактыкта күнөөлөп чыйт түкүрүп басып деле кетет. А турмуш чындыгынын фактысы ырасында эле ошондой эмес беле. Береке кооператив дүкөндөрдөгү тандалма эттин баасы 2 сомдун тегерегинде турганын да улуу муундун, азыр эми этке эмес суп.наборуна кусаланып жүргөн адамдарды эстегенде ал кез чынында эле "кой үстүндө торгой жумурткалаган" маалга кыялы менен да умсунуп жетпешине ишенип аттиң деп өкүнүп алмайы турулуу иш.
Ошол эле дейсиңби! Москва, Ленинград, Балтика боюндагы үч республикалар, сибирлик БАМчы курулушчуларды да ушул биздин кыргызстандык төрт түлүк малдын эт-майлары багып, анын жүндөрү чет өлкөлөргө экспорттолуп турганын кантип унутууга болсун. Турдакун аксакалдын жетекчилигиндеги ушундай түмөн байлыктуу мал кайра куруунун акыркы жылдарында улам четинен кертилип олтуруп, өз алдыбызча мамлекет болгон кезибиздин алгачкы жылдарында жер сыйпалагансып таптырбай калган абалга жетти. Чейрек кылымга чукул аксакалдын какшыктап чогулткан төрт түлүк түмөн байлыгын, Акаев, анын реформатор шакирти, Усубалиевдин жердеши Бекболот Талгарбеков деген аспирант алеки саатта кумга сиңген алтындай жер сыйпалатып жок кылды.
Анын малга жасаган мындай кесир мамилесинин аркасы менен элибиз токулгасыз эшекке мингендегидей абалда бар байлыгынан ажырап, капитализмдин үгүтүнө калп эле алдангансып түр көрсөткөн Бекболоттун нагыз сары улак садагасына чабылды. Ошондо эле иштин көзүн, төрт түлүктөн киреше бербей турган тармакка эч качан кирбешин көптөгөн көрөгөч, адис-аалымдыгы бар кишилер айтканы менен анын колдогон кожосу бийик посту ээлеп, батыштагы устаттарынын "жарды өлкөгө накта доллар туйунтабыз" деп турганы үчүн алар каккан кийиз казыктары кайда да болсо жер житирип кирип жатты.
Айласы кеткен мал чарба адистери төрт түлүгүн түгөл сактаган Монголиянын иш тажрыйбасын мисал тартканына да бул Беке "болоттой" бир сөздүү туруктуулугун көргөзүп, жогоруда айтканыбыздай мал киндиктүү жер табиятыбыздын кебетесин эрозиялык ооруусу бар жесир аялдын тагдырындай абалга жеткирип тынды. "Мал туягы менен тебеленип, алардын чычаңы астынан даяр төгүлүп турган улуттардан кур жалак калган жер эрозия илдетине чалдыкпайт", - деп азыр Талгарбеков далилдеп көрсүнчү, учурунда анын кесирлүү кесепет реформасынын азабынан банкрот болгон чарбакечтердин алдында... Мал чарба реформасынын кандай жүрүшүнөн чыгаан адиске тарс окутуп, эч нерсеге түшүнө бербеген мындай ындыны өчкөн немени уйдун кыл чылбыр куйругу менен чаап жолго салат.
Талгарбековдун таалай алып келбеген реформасынын запкысынан заарканган эл анын укмуштуудай тажрыйбаларын унутпаптыр. Анын билимдүүсүнүп, тарых казган киши кейиптенип түзгөн "Каганатын" ири калибрлүү көптөгөн партияларга куда түшүргөн далбасасы текке кетип, эптеп кайсы бир партиянын өңүрүнө жармаша калганда берки партиянын мүчөлөрү анын өткөн иштеринен катуу иренжиген го сыягы, безге сайгандай сөздөр менен сынга кабылган. Анткен менен ортолуктагы ишмердүүлүктөн четтеген тыныгуу анын анча-мынча кызара турган жерлерин калтырган беле, съезддин антрагынан соң партиясы менен кошо жыйындар залынан караанын алып чыгып кеткени да ММКларда дүрбөлөң сөз болгон. Ойлонбой, алабарман президенти экөөлөп элдин көңүлүнө көк таштай тийген реформалык ишинин натыйжасыз аяктаганы мына арадан канча жылдар орун алмашса да ал башында турган "Каганатынын" кендирин кесип, айласы кеткенде алгы эмес арткы катар саптарга өз атын тизгиндеп байлаганга мажбурлады.
Устат-шакирттин жасаган карасанатай ишине нааразы элди жубатаар жараткандын жаркып айтканы бар экен, мал киндиктүү Нарын өрөөнүндө бирин-серин калган төрт буттуу жаныбарлардын тукуму аста-астадан уруктап олтуруп... Тиги реформатор-"кашабалардын" бут тосуусуна карамак беле, кайрадан ирденип, ал жакшы саамалык жалпы республикабыздын элине жайылып, каржалган аламандын береке-байлыгын колуна кайтарды.
Элет эли төрт туяктуу мал багып, жер чарбасын иштетип бир топ ирденип калганын кийинки президент Бакиевдин этегине жармашып, май-талкан орундарды майка чечкендей алмаштырып, өкмөттөн биринчи вице-премьер- министрлик папкесин колтуктап калган Акылбек Жапаровдун илгир көзүнө дароо чалдыга түштү. Өзүнөн үлкөн улук-кичик мансаптуулар менен тымызын, көпкө кеңешип жүрүп пайдасынан зыяны көп кара тамандарга жетпей жаткан даяр паспортторду төрт аяктуу, наркы томаяктардан итабар жогору баага арзыгылык "атуул-малдарга" ыйгаруу жолун ойлоп тапты.
Мындай карасак Акылбектин ойлоп тапканында деле жан бардай. Эмне, ал медицинанын академиги көзүнө карап жакшы адамдыгына диогоноз койгон Президенттин ханзаада уулунан кем бекен? Ал териси шылынган адамдардын эсебинен бир жарым сом электр энергиясына садака акы өндүргөнү аз келгенсип, саман-топону аралаш жөөт достору менен кол телефондон да алтымыш тыйын бүктүрүп жатса, Акыбайдын акыйып, эч нерсеге сугун артпай олтурганы кудайга жагар иш бекен. Аны жазбай түшүнүп, Акаевден кийинки орунда турган жазы кашын чимире ойго батып олтуруп кой-күбөлүктөн акчага туйунтуунун эрежелерин иштеп, четинен ишке кийирейин деп жатканда... ка-ап, алдырарда жазгырар иш болуп кетпедиби, түгөттүкү!..
Өлкөдө кырдаал бычак мизинде турган абалга жетти. Анын акчага туйунтуунун Барборас планы бир аз кийинкиге чегинип, Бишкектегиден да ыкчам курчуп бараткан Таласка элди басуу үчүн жетинчи кабаттагы шефинен кечиктирүүгө мүмкүн эмес буйрук алды. Демейки каттамдарда нан, туз менен Өтмөктүн белинен тодосу менен тосуп чыкчу галстукчан чиновниктердин беттеринде кан-сөлү жок. Маанайларына адамды кой, мышык көз жашын көлдөтүп жиберчүдөй. Мындай жагдайдан кантип чыгып кетүү керек? Жок, коё тур, элдин алдына чыгып, өлкө башчынын өтүнүчүн айтып, өз милдетинен кутулсун. Ага өзүндөгү болгон чечендик куу чирендигин салып, элди тынчтандырууга, непада ыңгайы келип калса аларды үй-үйүнө таратып, Ак үйдөн эң абройлуу адамына айланууга неге болбосун!.. Чечен чакырылып бирдемелерди айткан болду. Анын сөзүнө кулак аскан эч ким жок. Балким сүйлөгөн сөзүн өзү эле жактырбаса, жарданып, жаалданып турган адамдардын сүрү анын безеленген торгой үнүн тилине тиштеткенге аргасызданткысы келип турду. Акыры чыдамы кеткен эл анын безеленген тилин тынчытты...
Эми, кеч болуп кала элегинде, экинчи пландаган оюн ишке ашырууга болгон күчүн аяган жок. Таластык ала-өпкө жигиттерден жей турган токмогун ашыкчасы менен жеп бүткөн соң, жаны алкымына келген биринчи вице-премьер дароо ошол экинчи ойлогон ишине түлкүчө кууланып, байкатпай киришти. Шашылбаса болбойт болчу.
Ал аңгыча чоң көчөдөн озондоп-мекиренген обондуу койлордун каз-каз тизилген катары көрүндү. Мына, ыңгайлуу учурдун келген кези! Мындан өткөн куураган жанды сактоого мүмкүнчүлүк табылбас. Качандыр ушундай күнгө туш болорун билип, чоң кудайдын ага кодогой бой бергенине шүгүр! Аны акырын акмалап, көз жазгырып кетип калышынан шекшинген жигиттерге билдирбей, кудум жомоктогу колобок сыяктуу томолонгондон да ыкчам жетип койлордун арасына кирип кетти. Канткен менен таластыктар кой менен адамды айырмалай албаган энөө калк эмес да. Анын да жолун илгиртпей түшүнгөн төрт аяктуулардын паспортчусу эки колун эки аягына теңеп, эткээл, май баскан куйруктарын араң көтөргөн койлордун катарында койчунун кенен салынган короо сарайына кирип, алкымдап турган ажалдан жанын соогалап калыптыр деген айың кеп эл аралап жүрдү.
Сөз чынынан бузулбасын. Ошол кездеги теледен ИИМдин баштыгы Молдомуса Кангантиевдин аянычтуу абалын көрүп, өңгөнү билбейм, генералдык чини бар инсанды ушундай кемсинткен таластык бейбаштардын ишине - ырас айтайын, оң баа бергеним жок. Ал сөзүмдү көп жерде кайталап, менин пикириме токсон пайыз кошулган адамдардын баш ийкөөсүн көрдүм. Демек көп колдогон соң, менин жаңылбай парасат ой жүгүрткөнүм туура экен.
Ушундан кийин көкүрөгүмдө төмөнкүдөй ой пайда болду. Айтайын: "Непада Бакиевдин бийлигине, демек ошол кездеги өлкөнүн коопсуздугуна чыныгы берилген инсандан экөө болсо, ошонун бири мына ушул Молдомуса, эгер бир эле накта берилген инсан болсо, ал дагы дал ушул Молдомуса экени анык көрүндү. Баракелде, Молдоке! Чыныгы генералдык баркың иштеп жүргөн кезиңден да, мына ушундай өлкө башына иш түшүп, кыйын кысталышта турган кезде билинди. Сени урматтаган адамдар мурда миңдеп саналса, эми миллиондоп саналаарын санааңа сала жүр!.. Революция жасадык деп төш каккылаган демократтарда жок гумандуулук, карапайым калкта бар экен деп бил"...
...Андан да Болот Шердин: "Ал биздин балдардын колунда деп "шерденгени" акыл-эси ордундагы ар кандай адамды иренжитчу сөз болду. Ага ылым санаган көп эле адамдар, өзгөчө түштүк тараптагы Болоттун бүгүнкү шайлоочуларынын кыжырын келтиргенин акмактар менен келесоолор да жон териси менен сезип, ирээнжип турду. Полковник Болоттун өзүнүн чини жогорку генералга жасаган мындай мамилеси анын канчалык деңгээлдеги элдик адам экенин даана аныктап койду.
Ал эми токмоктон бети-башы көгала койдой союлган генералдан көбүрөөк Талас коогалаңына жоопкер А. Жапаров тууралуу эл арасында шумдуктуудай сөз аралады. Аны саймедиреп бир баштан айтып отуруунун кажети деле жок. Анткени ай арадан суубай жатып Акыбайдын жалтырак, эч бир жери айрылбаган жүзү саясый партиялардын эшигин каккылап жүрдү. Эч жерден жылчык табалбаган экс биринчи вице-премьер акыры эски темир генерал байкесинин жүрөгүн эритип, шайлоо маалында анын ар намысын алга сүйрөп, калай атка конгон генералды калкандуу кылып, арнамысчылардын арына тийбестен, хипикчи өнөктөшүнүн "тандемдеши" болуп ЖКнын депутаттыгына жеткендегиси.
Акылбек Жапаров бул басыгында тез эле Камбар-Ата 1 ГЭСи ишке кирген маалда: "Улуу урматтуу менин канайым президентим, же балким төрагам, не премьер- министрим" деп кашын чимире отчет берип, дагы бир үлкөн мансапка көчүк коёр күн деле алыс эместей. Буга мисал - шайлоо өнөктөгөндө эски демократтар, азыркы бийликтин бюрократтарынын эл арасындагы кадыр-барк пайызы канчалык экени дааналанып калбадыбы, кызыталактыкы. Кызматта жок кездеги демократтар колуна кызыл папке тийген соң бүдүр иш жасабаганы, анын ордуна ээн-эркин кажылдашып көнгөн ыркы жок немелер... шайлоодо "бөлтүрүктөр" менен "темир тор калканчыларга" анык утулганын да, элдин алиге чейин шайлоого даяр эместигинен көрүп, балээнин баары өз пейилдеринде экенин моюндгысы жок. Ал тууралуу да кезинде сөз болор.
Макаланы тамамдар алдында айта кетели - жүз жашка аяк баскан кадырлуу аксакал Турдакун Усубалиевдин кыргыз эли үчүн өтөгөн өтөгөлүү өмүрү кийинки муундар үчүн, эч кыйыр мааниси жок, чыныгы өлгө, узун сабак дарс окулса түгөнбөгөн баян. Ал эми анын эки жердеш балдарынын өлкө үчүн кандай "ат көтөргүс" эмгектерди сиңиргенин жогоруда айттык. Тамаша иретинде коюлган "Кочкордон чыккан үч "койчунун" кыскача икаясы да ушул.

Абдылда КАНАЙ