Көтөрүп чапты жапанды

"Дүйнөнү дүңгүрөткүм келет"
Мындан туура он эки жыл мурун андагы "Асабанын" босогосун аттап Данияр Көбөнов деген элеттик өспүрүм келген. "Эмне максатың бар?" десем "дүйнөнү дүңгүрөткүм келет" дегенинен астейдил ичимен "максатыңа жет" маанисинде тилек кылгам. Кудайдын парманы дейбизби же теңирим жаштын тилегин бердиби, айтор, бүгүн ошо кездеги өспүрүм бүтүндөй дүйнөнү дүңгүрөтүп, элимдин желегин желбиретип, намысын колдон чыгарбады. Азия чемпионатында биринчи алтын медалды төшүнө тагып, баарыбыздын кубанчыбызды кучагыбызга баткырбай көзгө жаш алдырды. "Азамат, Данияр!" деп бул жакта өз жеңишимдей сүйүнүп турам. Сага окшогон азаматтар бар үчүн эл туткасы кармалып, баатырлар жаралып жатат. Бул сенин эле эмес жалпы элиңдин ийгилиги. Жеңишиң биринчи да акыркысы да болбосун баатыр! Төмөндө ошо качанкы бир жең үзүндүсүндөй жазган макаламды бүгүн жарыялап коюу удулу турат азис окурман.
"Алдыда чоң-чоң максаттарым бар, дүйнөнүн грек-рим күрөшү боюнча чемпиону болуп, кыргыздын атын, даңкын алыска угузгум келет"- дейт Данияр Көбөнов. Ошентип, спорт майданында келечектен көптү үмүттөндүргөн дагы бир жылдыз пайда болду. Али борбую толуп, бели ката элек болгон менен Данияр алдыдагы жеңишине бекем ишенет.
Данияр Көбөнов Жети-Өгүздүн Саруу айылынан, 16 гана жашта. Атасы Өмүрбек Көбөнов шахмат боюнча машыктыргыч болгондуктан, Данияр үчүн спорт чоочун эмес эле. Кенедейинен балдар менен шымалана күрөшүп жүрүп, мектепте агайы Аскар Сартов чыныгы майданга даярдады. 8-классты аяктаганда "айылда жүргөндөн көрө, өзүмдү чоң спортто сынап көрөйүн" деп олимпиадалык резервдеги спорт мектебине келип кирди. Бул жерде Даниярды грек-рим күрөшүнө Раатбек Мамбетов машыктырды. Ар бир эмгектин кайтарган акыбети болуш керек да, анын сыңары Данияр Таласта, Бишкекте, Көлдө өткөрүлгөн мелдештердин баарында биринчиликти бербей келген. Анан Москвага олимпиадага ("Всемирные юношеские игры") тандоо болуп, мелдеште биринчиликти алып, Кыргызстандын курама командасы менен Москвага барып келди. "48 кг. салмактагы 6 бала менен күрөшүп, бешөөнү жеңдим. 1-орунду Россия, 2-орунду Казакстан, 3-орунду мен алдым. Негизи 2-орунга беттешип жаткам. Казакстандын балбаны Айдин Сарсикеев дүйнөнүн чемпиону экен, утулуп калдым. Мейли, эмкиде сөзсүз утам. Биз эки медаль менен келдик: күмүш жана коло. Аэропорттон өтө жогору сыймык менен тосуп алышты" дейт толкунданган Данияр. Эмесе Данияр, ак жол сага. Өзүң айткандай кыргыздын атын чыгарган мыкты уулдардан бол.
Жылдыз МУСАБЕКОВА
"Асаба", 31.07.1998.




Температура жакшыбы?
"Түбөлүк революционер" атка конгон Топчукенин жаны жай алгыдай эмес. "Борбор калаабыздын атын Манас деп которуш керек" "айгайын" салып чыкты. Албетте, анысына макулбуз, бирок ошо Манаста калмактар "кыргыз укум-тукуму менен кырылып, түндүгүн катыны көтөрүп калсын" деп каргаган деп айтылат. Демек, борбордун атын нары жылдыра туруп сиз ошо аянтта түндүк көтөрүп турган канатчан аялды тойус, элди ушул кургуйга түрткөн Майрам Акаеваны алдырып жок кылсаңыз чоң иш кылган болот элеңиз. Анан да сөз удулу келгенде айта кетпесек болбос. Адам карыганда, анан башы кичине салмактанганда бүбү-бакшыга көбүрөөк ишенип, улуу баяныбыз Манастын атын ой келди айтып калчу эле. Кичине сагыраак болуп саламаттыгыңызга кам көрө жүрүңүзчү Топчуке.


Исмаил мырза ортомчубу?
Былтыркы август айында болуп өткөн президенттик ат чабышта Чүйдүн эки лөкү аталган Алмаз Атамбаев менен Темир Сариев бири-биринин огородуна таш ыргытып жатышып, натыйжасында көшөгө артында оттору күйүшпөй эки жакка бөлүнүшкөн. Андан кийинки апрель окуяларынан улам экөө бири-бирине ачык атырылбаганы менен мамилелери оңолгон эмес. Азыр Темикең шайлоодогу жеңилүү ызасынан кийин офисинен чыкпай отурса, Алмаз Атамбаевдин атынан Исмакең ортомчу болуп экөөнүн ортосунда жүрөт. Сыягы Темир Аргенбаевич жаңы өкмөткө кирейин деген ою бар окшойт.