mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Бакыт БУКАЕВ, шоумен:
"Сулуулуксуз жашай албайм"
Эч нерсеге алмаштыргыc максым
Көлдүн көбүргөн максымына эч бир суусундукту теңебейм. Апам казанга, отко жасаган балалыктагы даамды азыр да эч жерден таппай келем.


Комуздун коштоосундагы
мукам үн
Күнүгө үйгө келатканда биринчи кабаттан эле иним менен карындашым койгон рэп кулактын кужурун алчу. "Башка музыка укпайсыңарбы?" деп жүрүп тажадым. Туулган күнүмдө Кенже Кубатова келип, "Алымканы" менен "Күйдүм чогун" созду дейсиң?!...
Эки-үч күн өтүп-өтпөй үйгө келатсам, Кенже белекке таштаган кассетадан анын ырлары жаңырып жатыптыр. Рэптен
башка укпаган иним
менен карындашымдын табитин 180
градуска бурган
Кенже Кубатова
менин да сүйүктүү
ырчым.

Эмгегим
Журналистикадан шоу дүйнөгө кантип келип калганымды өзүм деле сезбей калдым. Көп жылдар чогуу иштеген Айчүрөк ырчы жөнүндө китеп жазгам. Ал эми экинчи китебим "Толкундуу Көлдө - Темирим" деп аталат. Бул китепте айылымдан чыккан инсандардын бейнелерине боек сүртүүгө аракет кылдым.


Китеп билим булагы
6-класста дүйнөлүк драматургия алпы В. Шекспир менен тааныштым. Өзгөчө "Гамлети" жагат. "Быть или не быть" дегеничи… Китеп текчемде каз-катар тизилген китептердин эң башында мукабасы мени карап Шекспир турат.


Японияга сапар
Жүрөгүмдүн, жаштыгымдын, күжүрмөн аскердик милдетимдин бир үзүмү калган Белоруссияга кайра бир барып, кайыңдарын аралап келсем дейм… Анан бир сапарым Японияда болсо дейм.


Мен сүйгөн тасма
Мүмкүн, мен консерватор
адаммын. Мага азыр
зордук-зомбулук, кан-жини көп тасмалардан көрө постсоветтик фильмдер жүрөгүмө жакын. Алар өтө эле ошол кездин идеологиясына чүмбөттөлсө да, ошолор менен чоңойбодукпу. Айрыкча "Революциянын жаралышы", "Жаздын 17- көз ирмеми" сыяктуу тасмаларды көрүүдөн тажабайм.


Гардероб
Айымдарга караганда мырзаларга жеңил эмеспи. Костюм-шым, классикалык көйнөктөр менен галстуктарды салтанаттуу иш-чаралар менен ишкер кездешүүлөргө эле кийбесем, жай турмушта улуттук стилде жүргөнүм өзүмө гана эмес, жакындарыма да жагат. Менин гардеробумдун жарымынан көбү кыргыз кутюрьеси Татьяна Воротникованын колунан жаралган.


Таберик
7-класста окуп жүргөндө балалык чоң дараметим менен алууга арзыган Бүткүл Союздук "Пионерская правда" газетасынын "Юный корреспондент" (юнкор) деген күбөлүгү менин таберигим. Мен аны керек болсо Улуттук университеттен алган дипломуман да артык көрөм.


Сук арттырган сүрөттөр
Ван Гог менин дүйнөмө жакын. Жөнөкөй да, улуу да, түшүнүктүү да, ойго салган да не деген керемет картиналар.


Сыймык болгон сыйлыктар
Пионер кезде алган ВЛКСМ БКнын Ардак громатасынан тартып, бүгүнкү күнгө шаардык, райондук, облусттук бийликтин диплом, баракчалары өздүк архивимде. Элдин таануусу, ызааты, жакшы сөзү - эң башкы сыйлык.


Сулуулук үчүн жан курман
Сулуулук - бул менин жашоомо, ишиме айланды. Айтылуу Альберт Камю "менин башкалардан чабалдыгым, сулуулуксуз жашай албайм" деп белгилегендей, мен да сулуулуксуз жашай албайт окшойм. Капчык толо акча түшпөсө деле, карыз болсом дагы сулуулук конкурстарын жасай берем.


Бурул МУСАБЕКОВА









кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"





??.??