mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Улуттук коопсуздук кызматы өзүнүн
чабалдыгын көргөздү, сиздин көз карашыңыз?
Жаныбек ЖАНЫЗАК, журналист:
- Улуттук коопсуздук кызматы азыр эле эмес, Карабалтада болгон Алмаз Бокушевге байланыштуу окуяда эле өздөрүнүн алсыздыгын көргөзүп коюшту. Кемчиликтерин моюндарына ала билүүлөрү зарыл. Ката кетирген кишилерди жумуштан айдаш керек. УКК бизди коргой турган кишилер көрүнгөн жерде мурдуларынын суусу куюлуп турса, булар өзүнүн мундирин аташ үчүн интригага барып, дагы толгон токой калптарды айтышат. Бул көмүскө күчтөр бизге керек. Башка маселе түштүктө болгон окуяны байкабай калганы өкүнүчтүү. Бул тармакта кыргыз деп чындап келген киши керек. Башын сайып тобокелге бара турган балдар чыгабы билбейм. Июнь айында болгон окуяда өзбектер күн мурун даярданган, буларды кантип билишкен жок? УКК баарын алдын-ала билип туруштары зарыл болчу.

Клара Ажыбекова, коомдук ишмер:
- Чындыгында, чындыкты так билбейбиз. Ошол УККнын бараарын билген дагы башка күч болгон. Андыктан, үчүнчү күчтү табыш керек. Атайын "Ата-Журтка" буларды каршы чыгарып атышат. Үчүнчү күч УККны алсыратып жатышы мүмкүн. Бир эле күч бар "Ар-Намыс" партиясы. "Кадыржан Батыров жакында жакшы бийлик келет, ошондо биз да келебиз" - деген. Эгерде ой жүгүртүп көрсөк, Ош-Жалал-Абад тургундары кайсы партияга добуш берди? Менин оюмча, Кадыржан Батыров күтүп турган күч "Ар-Намыс" партиясынын күчү болуш керек. Уйгур, өзбек диаспораларынын баары ушул партияны колдошту. Июнь окуяларында К.Батыров менен иштеген киши Ф.Кулов деп эсептейм. "Ата-Журтта" үчүнчү күчтүн кишилери көп. Мүмкүн бул жакта оюн ойнолуп жатат. Бир жагынан УККны үчүнчү күчтү таппасын деп. Экинчиден, бийликке шылтап, бир жагынан алсыз кылып, мүмкүн Ташиевти атып кеткенге аракет кылышкан. Ошон үчүн мен УККнын ишине күмөндөрмүн. Муну изилдеп чыгып, жыйынтык чыгаруу зарыл.

Дастан САРЫГУЛОВ, коомдук ишмер:
- Кыргызстанда коомдук саясий абал өтө курчуп турган мезгил, алигиче шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыялана элек. Мына, ушундай абалда "Ата-Журт" партиясынын жетекчилигинин тегерегинде кандай гана шарт болбосун, Улуттук коопсуздук кызматкерлер жолобошу керек эле. Чын-чынына келгенде, байкап, этияттап иштеш керек. Элдин канын төккөн, ырыскысын тоногондор кармалбай эле келе жатпайбы? Коопсуздук ушул жерден коркунуч туудуруп атат. Кана кармаганы? Мейли Бакиевдин үй-бүлөсү кармалбасын, жөнөкөй эле Балкыбековтор кармалбай жатпайбы?

Айылчы САРЫБАЕВ, экономист:
- Эң эле туура. Көп нерсени алдын-алыштары керек эле, өзгөчө 7-апрелден кийин. Ызы-чууну токтотуп, эң активдүү башчыларына катуу чараларды көрүп, шайлоолорго мамлекеттик башкаруу системасына алардын күчөшүнө жол бербей, сыртка чыгып кеткен миллион доллардын суммасын изилдеп табуулары керек эле, анын бири да жок. Шайлоо алдында криминалдык кылмышкер адамдарды катыштырбоо зарыл болчу. Булардын алсыздыгы эмес, керек болсо ошолор менен кошо иштеп жатат деген түшүнүк бар.

Анвар АРТЫКОВ, коомдук ишмер:
- Ушундай ахыбалга түшүп калганы өкүндүрөт. Адистик деңгээлдери төмөн экен. Ар бир кызматта өзүнүн ишин мыкты билген адистер иштеши абзел. Бизде тууган-урукчулук, тааныш-билиш иштеп калган. "Башкаларды аңдып жүрүп колго түшүп калдык" деп жатышат. Ошол аңдыганы өзү эле чабалдык болуп эсептелинет. 20 жылдан бери бийликти башкарган башкалардын кызыкчылыктары үчүн иштеп келген. Булардын колунан аңдыган, телефонду уккан, ошол эле иш келет. Чыныгы Кыргызстандын душмандарын тапкан колдорунан келбейт. Позициясы башкача кишилерди аңдыйт, сактайт.
Перизат КАДЕНОВА




Кул, ар жана намыс жөнүндө
"Ар-Намыстын" лидери Феликс Шаршенбаевич Кулов урматка татыктуу инсан. Бу генералыбыз бийликте эмне мамык орун болсо, дээрлик баарына отуруп чыкты окшойт. Саясый туткун катары түрмөдө да жатты. Бир гана президенттик тактыга отурбай, өкүттө келатат. Бирок, али кеч эмес, дагы бир жыл чыдаса, ал орунга да ат салышса болот. Ага чейин, албетте, эне тилин үйрөнсө. Кулов дегенде кемпирин, небере-чөбөрөсүн таштай чуркаган таластык бир карыя ушу Феликстин кыргызча сайраганын бир угуп, өлсөм арманым жок эле дегени кулагымда калыптыр.
Бирок, "темирдей бек" генералдын өжөрлүгү суктандырат. Өлсөм да президент болом деп кассам ичкем бейм - бу парламентте көпчүлүктү алып, премьер болсом, биринчи ишим президенттик башкаруу системасын кайтаруу деп айткан имиш. Экономика, социалдык чөйрө, маданият, ата салты эмес "как" башкаруу системасы. Бирок, Куловду кыргыз шайлайбы? Же Москвадан чапкылап, ар бир кыргызды сатып алганга акча сурайбы?
Бул кишинин саясый таржымалына сереп таштап көрсөң, көбүнчө "темир калкан", "канжар", "фронт" жана башка ушул сыяктуу аскердик-милитаристтик терминдер кулакка сиңип калган экен. Диктатор болуш үчүн жаралганбы деген ойго келесиң. Шайлоо алдындагы башкы урааны - "Тартип". Тартип деген генерал түрмөлөрдү, милициянын келтегин, кишенди түшүнөбү деп калдым, жаман оюмда. Менимче, тартип дегенди милиция, генерал же президент эмес, тартипти мыйзам жана адамдар өздөрү орнотот.
ФШК Москвага барганын чоң эрдик катары жакшы эле шардана кылды. Кыргыз жеринин алкагына батпай калган, масштабдуу саясатчы катары таасир калтыргысы келгендей. Бирок, кыргыздар ага сүйүнгөн жери жок, кайра сөгүнүп отурушат. Кулов өз элин эмгиче биле элек тура. Ал эмне, бизди келесоо деп ойлойбу? 2007-жылдын 19-апрелине чейин кыргыздар "Шаршенбаевич эне тилин билбесе тек койсун, акыйкат башкаруучу болсо болду" деп, үмүт артып артынан жүрдүк. Аны колдонуп туруп, "кидайтетип" кеткен Бакиевден бийликти өткөрүп алам дегенине баарыбыз, ал тургай алчы-таасын жеген саясатчылар да ишенип алыппыз. Бирок, ошол кечте баарыбызды отко салып берип баса бергенде, жаныбыздан түңүлгөн элек. Көрсө, Кулов биз байкуш "мырктарды" Бакиевди коркутуш үчүн алып чыккан турбайбы?
Кийинчерээк Орусия менен конфедерация түзөлү деп ээлигип, ураан таштады эле, ар тараптан жаалаганда тилин тишине катып, үндөбөй калган. Бу да эчтеке эмес. Ошол опол тоодой көрүнгөн ФШК мурдагы тандемдешинин кичүү уулу Максим Бакиевден кичине ГЭСтерди сурап барганда, күйбөгөн жерибиз күл болбодубу. Ошондо мынчалык паска түшкөн Куловго кор болгон "Ар-Намыс" деген кайран гана ат деп, ээрдимди бир кырча тиштеп алганым бар.
Бу, кээ бир кишилерге айла жок, түз жерден бирдеме чыгарат. Бирөө жазып жатпайбы, "кыргыз балага жөн жерден "кул" деген ат койбойт, тегине карап ат коет, демек, генералдын чоң атасына "кул" деген ат кокустан коюлган эмес" деп. Аны эми териштирбей-сүрүштүрбөй тек коелу, бирок, орустар айтмакчы, "есть пища для размышления"
Иши кылса, бир кезде Ата мекенди сактап кала турган көзгө басар кыргыз баласы көрүнгөн ФШКдан көпчүлүктүн көңүлү сууп, "балитический утилге" чыкты деп калган элек да. Ал аңгыча парламенттик шайлоо алдында Кулов кайдан-жайдан "тирилип" келип, шаша-буша орус лидери Медведевге жете барып, кыргыздар парламенттик демократияга быша элек деген анын сөзүн жан-дили менен кубаттап, маңдайында отурду. Ал киши ойлоп жатты го, ой кандай гана кыйратып салдым деп. Ушинтсе эле эле биз - "мырктар" ага кол чабат деди окшойт жаман арында. Биздин болсо намысыбыз күйүп турду го, чиркин ошондо!
"Ар-Намыска" кимдер добуш берди? Орус, өзбек, уйгур жана башка, аз сандуу улут мекендештерибиз берди. Бул кашайып такыр кыргыз болгусу келбеген генерал бизге калкан болуп берет деп, добуш беришкенин өздөрү да жашырбайт. Кайран Чыкем (Айтматов) олуя тура, ушундай өз улутун, өз тилин чангандарды "манкурт" атап, кудай ушундайлардан сактасын деп калеми менен эмес, жүрөгүнүн каны менен жазган экен да. Анан улут эле улут деп күйүп сүйлөп, жазып жүргөн Каныбек Иманалиев, Бөдөш Мамырова, Бакир уулу лидеринин Москва алдындагы кулчулук жоругуна кантип гана түтүп турушат десең? Мен аларды чын дилимден аяп турам. Ушинтип депутат болбой эле койгулачы, бай болгурлар.
Эми Кулов бийлик башына келгенден кийин эмне болот? - деген суроого божомол жооп издейличи. Ал президенттик башкарууну кайтарып, ансыз да чарчап бүткөн элди удургутат. Ал Орусиянын кысымы менен Абхазияны жана Түштүк Осетияны таанышы мүмкүн. Ал аз сандуу улут мекендештерибизге Орусия паспортун берип, өз колтугубузда жаңы Абхазияларды жаратса эмне кылабыз? - деген суроо ойго келе калганда жүрөк кабынан чыгып кете жаздайт…
Мен ашынган улутчул эмесмин. Бирок, жүрөгүм кыргыз деп согорун жашырбайм. Башка улут мекендештериме жогортон да, төмөндөн да карабайм. Тек гана Кыргыз жерин мекеним деп санаса, анын жакшылык-жамандыгын бирдей көтөрүшсө деймин. Биздин мыкчыгер саясатчылар колдоону Кыргыз жеринен тапса тура деп эсептейм. Мен эч качан орус же өзбек, уйгур же англичан боло албайм. Кыргыз болуп туулгам, кыргыз бойдон өлөм. Кулов да орустун түшүн жоруйбу, пластикалык операция жасатабы, бары бир орус же француз, грузин же кытай боло албайт. Шаршенбаевич Кулов бойдон дүйнөдөн өтөт (көп жашасын!). Тек гана ал өзүнүн ата тегин, эл-жерин чанганы ар-намысымды күйгүзөт. Ошондуктан, мен аны лидер катары тааныгым келбейт. Ошону менен катар Кыргыз жерин, Манас атамдын ордосун Манкуртия кылышына да жол бербеймин!
Калыс СОВЕТ уулу




кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
а ­е¦Є.НҐй«