mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Кубатбек КОЖОНАЛИЕВ, генерал, экс-аскер прокурору, эксперт:
"Алдын-ала даярдалган окуя болушу мүмкүн"
- Кубатбек мырза, бизде күч органдарында бири-бирин кайталаган структуралар абдан көп, ошолордун бири Мамлекеттик Улуттук коопсуздук кызматы. Бүгүн бул чоң реформага муктаж экени билинип калды...
- Кыргызда "бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" деген жакшы кеп бар. Ошондуктан өзгөчө күч органдарына, анын ичинен МУККга тигил же бул партиянын өкүлү, кайсы бир кландын жактоочусу эмес, профессионал адам келиши керек. Мисалы эң жогорку деңгээлдеги саясий кызматка президент, парламент бекиткен адам келсе мейли дейли, бирок андан төмөнкүлөрүн бүтүндөй профессионал адамдар түзүлүшү зарыл. Бул баардык тармакка тиешелүү десем да болот. Ал эми МУККга келсек, мен айрым эскперттердин ушунча жылдан бери бул тармакка бир да өзүнүн өкүлү келген жок деген сөздөрүнө кошулса болот. Анткени, бул жакка кимдер гана келген жок. Бажыканадан, мугалимдиктен, милициядан бул өзгөчө тармакка жетекчилер келе берип, ар кимиси өз көмөчүнө күл тартып жатып боткосун чыгарып жиберишти. Андыктан, алар кадрдык чехардаларга жол бере беришип, МУККны алсыратып коюшту.
- Маселен бул өзгөчө органга Айтбаев, Кулов, Жанузаковдор милициядан барышып, тегерегине мурда чогуу иштешкендерин топтоп алганын билебиз. Башкача айтканда, алардын профессионалдуулугуна эмес ишенимдүүлүгүнө карата мамиле кылышты окшойт.
- Чынын айтканда ал учурдагы УКК ИИМдин бир филиалындай эле болуп калганын танбаш керек. Жалпы көз караш менен караганда МУККнын аткара турган функциялары такыр башка. Чалгын, контр чалгын жана терроризм. Булар өзгөчө кызматтын тикелей иши. Мындайча айтканда бизге каршы иштей турган сырткы күчтөрдүн бетин ачыш керек болчу. Алардын иш аракеттерин алдын-ала алып, чара колдонуу негизги милдеттери. Мисалы, июнь айындагы Ош коогалаңында өзбек президенти Ислам Каримов "буга сырткы күчтөрдүн катыштыгы бар" деп бекер жеринен айткан жок. Анткени, ал кишиде бул боюнча толук маалымат болгон. Ал эми биздин атайын кызматтар ал каргашанын бетин али күнгө чейин ачканга кудуреттери жетпей жатат. Ооба, Ош окуясында эле эмес, Маевка, андан мурунку Петровка, Искра жаңжалдарында сырткы күчтөрдүн изи болгон. Аны танбашыбыз керек. Тилекке каршы биздин ишенген органдарыбыз бул окуяларды учурунда токтотуп кала алган жок. Бирок, менин оюмча бул маселени жакшылап иштеш үчүн алгач МУККнын максаттарын белгилеп, функцияларын тактап алыштары зарыл. Жогоруда айткандай, чалгын контр - чалгын, терроризм, уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияга каршы деп, ар биринин өз милдеттерин так бөлүштүрсөк гана иш алга жылат. Керек болсо МУКК башка күч структураларынын үстүнөн иш алып барып, кимиси коррупцияга батып жатат, кайсы орган кызматкерлери мамлекеттик сырды ачыкка чыгарып, сатып жаткандарын белгилеп алдын-ала чараларды көрсө гана бул тармак оңолуу жолуна түшөт.
- Бизде күч органдары жарандын коопсуздугунбу же улут - мамлекеттин коопсуздугун биринчи сакташ керекпи?
- Конституцияда жазылып тургандай мамлекет жаранды да жарандык коомдун да коопсуздугун сакташы керек. Ошондуктан, биз карапайым жарандар чөнтөгүбүздөн салык төлөп аларды багып жаткандан кийин күч структуралары биздин коопсуздугубузду камсыз кылганга милдеттүү. Мындайда жалгыз жарандын коопсуздугунан жалпы мамлекетин коопсуздугу жогору турат. Ал эми биздикилер болсо, болоору болуп боесу кангандан кийин алаканын шак коюп, "кап, ушундай болуп калды" деп, бармак тиштеп отуруп калышууда.
- Укмуш бийлиги күчтөндү, баласы УККда жооптуу кызматта деген Бакиев бийлигин апрель окуясы астында атайын кызматтар анын алдын-ала албай койду го?
- Бул жерде окуя такыр башка. Легитимдүүлүк деген термин бар. Ал элдин ишеними деген түшүнүктү билдирет. Карапайым калктын басымдуу бөлүгү бийликти колдоп турса, ал легитимдүү бийлик деген сөз. Бакиевдер болсо элдин ишенимине эмес кара күчкө ишенип алып, легитимдүүлүк аттуу түшүнүктөн айрылып калышкан. Мына азыр "Альфанын" жоокерлери "биз буйрукту аткардык" деп актанып жатышат. Буйруктун да мыйзамдуу жана мыйзамдуу эмеси болуп бөлүнөт. Жөнөкөй тил менен айтканда легитимсиз бийликтин мыйзамсыз буйругун аткарып тынч митингке келе жаткан адамдарды аткылап жатышат. Эгерде, Жаныш Бакиев башында турган Мамлекеттик күзөт кызматы жана "Альфачылар" президентти коргой турган болсо, Ак үйдү тосушмак. Тилекке каршы алар башка жерге туруп алышып элге ок чыгарышты. Алар ок чыгарардын алдында кимди коргоп жатканын ойлонуп коюшса болмок.
- Кубатбек мырза, Камчыбек Ташиевге байланышкан акыркы инцидент боюнча айтып кетсеңиз?
- Орустар "лучший способ защиты, атака" деп коет эмеспи. Анысы сыңары Камчыбек Ташиевдин бул кылыгы ошондой болуп калды окшойт. Бирок мен бул жерден тергөө бүтө элегине байланыштуу бир нерсе айтышым кыйын. Тергөөдө баары ачык болот деп ойлойм. Ошентсе да, Камчыбек мырза үйүнө спортсмендерди жыйып алып, жанында беш жашар баласынан башка бүт үй-бүлөсүн башка жакка жиберип анан МУККнын кызматкерлерин үйүнө сүйрөп кирип сабаткандары, кызматтык күбөлүгүн көргөзгөн офицердин күбөлүгүн тартып алып, ага кошуп коллегасын бошотобуз деп, барган башка кызматкерлердин табелдик куралын алып койгондору негизи мыйзамсыз. Таң калыштуусу ошол ишемби күнү иштебеген интернет сайттар бүт иштеп, журналисттерге кошулуп укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованын ал жерде болуп калышы да шек жаратып, бул алдын-ала даярдалган инцидентпи деген да ой келет.
Перизат КАДЕНОВА




Улут коопсуздугу коркунучта
(Башталышы өткөн санда)
Улуттук Коопсуздук системасы түпкүлүгүндө саясий илимдин изилдөө объектиси жана маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.
Ага ылайык Улуттук коопсуздук - бул душмандык аракеттердин же жөн гана окуялардын жүрүшүндө мамлекеттин негизги баалуулуктарына терс таасирин тийгизе турган абалда коопсуздукту сактоо.
Арийне бул аныктама менен анын көп кырдуу табиятына толук мүнөздөмө берүү мүмкүн эмес. Же болбосо коопсуздук коркунучу ар дайым бар, өзгөчө азыркы шартта коопсуздукту камсыз кылуунун деңгээли өзүнүн максималдык чегине жете албайт. Демек, Улуттук коопсуздук бул жөн гана түшүнүк эмес, азыркы учурдун реалдуу жана потенциалдуу чакырыктарына субъектилердин туруктуулук көргөзө алышы жана ошондой эле бул багыттагы зарылчылыктарды, маалыматтарды кайра-кайра текшерүү, аныктоо, тең салмактоо жана талдоо.
Салттуу Улуттук коопсуздук алгач тышкы күчтөрдүн куралдуу кол салуусунан сактануу абалы катары каралса, мындай түшүнүк кийинчерээк өтө эле чектелүү экендиги ачыкка чыгып, системанын алдында жаңыча ар-тараптуу ыкчам аракет көрүү максаттарын койгон.
Саясат изилдөөчү окумуштуулар Улуттук коопсуздук түшүнүгүнө комплекстүү мамиле кылуу менен анын бир нече багыттарын аскердик, саясий, экономикалык, экологиялык-техногендик, рухий, криминалдык, демографиялык, маалыматтык, азык-түлүктүк, социалдык жана жеке инсандык деп бөлүп көргөзүшкөн.
Эми келиңиздер булардын ар-бирине токтолуп кыскача мүнөздөмө берип, жогорудагы коопсуздуктун түрлөрүнүн кайсынысы боюнча коопсузбуз, кайсыларына келгенде алсызбыз талдап көрөлү.
Аскердик коопсуздук - бул мамлекеттердин ортосундагы басып алуучулук жана коргонуу күчүнүн жана коркунучтарды аскердик аракет менен кабыл алуунун өз ара көз карандылыгынын абалы. Армиябыздын саны чектелүү, сапаты күмөн туудурат, бул тармакка генерал И.Исаков келгени биттеп, командирлердин үй жумуштарында, талаачылыгында кулга айланып калган кыргыз армиясы бир баш көтөрүп сергип алды эле, ал кеткенден кийинки абал анчалык жакшы эмес. Кошуналарга, сырткы душмандарга эле кудай ыйман берип кудайдын көзү түз болбосо, сырттан кол салуу болсо кыргыз армиясынын мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин аскер адистери өздөрү моюнга алып жүрүшөт.
Саясий коопсуздук - бул мамлекеттик жана өкмөттүк институттардын легитимдүүлүгү жана өлкөдөгү стабилдүүлүк менен бааланат. Беш жылда эки жолу бийлик революциялык жол менен алмашканын эске алсак, мамлекеттик бийликтин легитимдүүлүгү жана коомдогу стабилдүүлүк жөнүндө сөз кылуу азырынча эртелик кылат.
Экономикалык коопсуздук - бул ресурстарга жана финансы булактарына ээлик кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу менен инсандын жеке жашоосун бакубаттулукка жеткирүү жана ал аркылуу коомдун стабилдүүлүгүн камсыз кылуу. Тилекке каршы бул нерсе да кыргыз коому үчүн дээрлик 20 жылдан бери "көздөн учкан көк жээк" болуп келет. Себеби, биздин өлкөдө экономикалык эркиндик болгон менен экономикалык акыйкаттык жок жана мамлекет бул багытта натыйжалуу, ырааттуу координация, реформа кыла албай келет.
Экологиялык-техногендик коопсуздук жергиликтүү о.э глобалдык биосфераны, жаратылыш системаларын коргоо жана алардын бүтүндүгүн, турмуштук функцияларын коомдун туруктуу өнүгүшү үчүн колдонуу менен жашоонун сапатын, калктын ден соолугун жана демографиялык абалды жакшыртуу. Союздан мураска калган Майлы-Суу, Миң-Куш, Каджысай сыяктуу уулу заттардын ири химиялык калдыктары көмүлгөн өлкөдө экологиялык коопсуздук жөнүндө кеп кылуу жөн гана баелук. Кудай анын бетин ары кылсын табигый же башка кырсыктар болуп кетип алар ачылып кетсе, Кыргызстан эле эмес бүт Фергана өрөөнүн жашоого жараксыз абалга алып келчү факторлор бар. Баса 90-жылдардын аягында 2000-жылдардын башында Акаев кызматтан кызматка көтөрүп бөпөлөгөн Бишкек мэри, 1-вице кызматтарын аркалаган, Кыргызстандан өлсөм кетпейм деп жүргөн Б.Силаев биздеги бир облустун бийик тоолуу аймагына 84 бочка уулу заттардын калдыктарын көмүү боюнча чет элдиктер менен чоң суммага түзгөн жашыруун келишими ачыкка чыгып калып Орусияга шуу койгон жайы бар.
Бул багытта азыр деле абал адам суктанаарлык эмес. Азыркы бийликке бул боюнча ири мамлекеттик программа иштеп чыгып, ишке киргизгенге орустар айтмакчы "ни до этого".
Рухий коопсуздук - ар кандай диний-экстремистик идеологиялардын, кыймылдардын жана тынчтыкты сүйгөн диндерге салыштырмалуу ультра фундаменталдык топтордун коркунучунан жеке адамдардын жашоосун эле эмес, мамлекеттик түзүлүштү да сактоо. Ансыз да көйгөйлөрү башынан ашкан, күч түзүмдөрү алсыз, тартип коргоо органдары сатылма, Ал-Каида, Хизбут-Тахрир жойлогон Кыргызстан үчүн коопсуздуктун бул түрү да талылуу маселелерден.
Криминалдык коопсуздук - уюмдашкан кылмыштуу топтордун жана жарым жартылай криминалдашкан демек, мамлекеттик органдар менен жалгашкан, саясий-экономикалык элитанын таасирдүү өкүлдөрү аралашкан Кыргызстанда Криминалдык коопсуздукту камсыз кылуу жыл өткөн сайын мүмкүн болбой баратат. Албетте, мында мамлекеттик органдардагы коррупциянын салымы чоң.
Демографиялык коопсуздук - бул төрөлүүнүн кескин төмөндөшү улуу муун менен кичүү муундун ортосундагы, улуу муундун пайдасына оогон дисбаланс. Бүгүнкү күндө биздин өлкөнүн демографиялык коопсуздугуна төрөлүүнүн төмөндөшү эле эмес ички жана тышкы миграциянын негизиндеги калктын жумушка жарамдуу, "болуп толуп турган курактагы бөлүгүнүн" чет өлкөлөрдөн массалык түрдө бакыт издеп кетүүсү кошул ташыл болууда. Эң эле кооптуусу социологиялык сурамжылоонун жыйынтыгы көргөзгөндөй алардын дээрлик көпчүлүгү мүмкүн болсо эле ошол өлкөлөрдүн граждандыгын алып калууну көздөшкөндүгүндө.
Энергетикалык коопсуздук - өлкөдө энергоресурстардын болушу же мамлекеттин тыштан алынуучу энергоресурстарга көз карандылыгынын деңгээли. Тилекке каршы биздин жалгыз артыкчылыгыбыз аймактагы көзүрүбүз болгон бул тармакты ийгиликтүү, натыйжалуу колдоно алган жокпуз. Нысапсыздар бул тармакка да суук тумшуктарын салып каалагандай калчагылары келди эле, керек болсо ушул фактор алардын түбүнө жетип тынды.
Маалыматтык коопсуздук - өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарынын маалымат айдыныда корголушунун деңгээли. Бул процесс ар кандай PR акцияларды уюштуруу менен дүйнөлүк коомчулукка жана өлкө ичинде мамлекеттин он имиджин калыптандыруу аркылуу ишке ашырылат. Эркин маалымат каражаттары башкаларга салыштырмалуу жетиштүү, оперативдүү аракеттенет деп төш какканыбыз менен түштүктөгү июнь окуяларында биздин маалымат каражаттарыбыз чет өлкөлүктөргө уттурду. Деги эле глобализациянын, маалымат кылымынын шарттарында өлкөнүн массалык маалымат каражаттары өзгөчөлөнгөн керек учурда тышкы дүйнөдөн изоляцияланган режимге өтүүчү маалымат саясатын иштеп чыгуу зарылчылыгы бышып жетилди. Болбосо Эл аралык уюмдар, чет элдик фонддор тарабынан каржыланган маалымат каражаттары үчүн Кыргыз мамлекеттинин кызыкчылыгы маанилүү эмес.
Социалдык коопсуздук - Улуттун тилдик, маданий, диний чөйрөлөрдө улуттук өзгөчөлүктү сактоо жөндөмдүүлүгү жана ага ылайыктуу прогресске жеткирүүчү социалдык мейкиндиктин камсыздалышы.
Батышта "Социалдык коопсуздук" түшүнүгүнүн пайда болушу калкты социалдык-турмуштук тобокелчиликтерден калкалоочу шарттын мамлекет тарабынан кепилдениши менен түшүндүрүлөт.
Өткөөл мезгилдеги биздей өлкөлөрдүн бир кемчилиги да дал ушул социалдык тармакка артыкчылык берип, ички дүң продуктунун маанилүү бөлүгүн бул тармактын пайдасына көбүрөөк оодарып, социалдык өнүгүүнү оң жолго сала албагандыгында. Кыргызстанда да бул багыттагы иштер, демилгелер кагаз жүзүндө гана калууда.
Азык-түлүк коопсуздугу - мамлекетте өзгөчө кырдаалдарда же жай турмушта деле кескин түрдө азык-түлүк коопсуздугуна кептелүү же кептелбөө мүмкүнчүлүгүнүн деңгээли. Биз агрардык өлкө болгонубуз менен мындан бир топ жыл мурун эле либерализмдин, жапайы базар экономикасынын эйфориясына берилип кетип өкмөттүн баа саясатын көзөмөлдөө функциясын алсыратып алганбыз. Бул албетте азык-түлүк тармагына да тиешелүү, бекеринен антимонополдук комитет ундун баасын түшүрө албай алдастап жаткан жок.
Инсандын жеке коопсуздугу - инсандын жеке турмуштук кызыкчылыктарынын мамлекет тарабынан сакталышы, адам укуктарынын, эркиндиктеринин камсыз болушу социалдык коргоонун жана коопсуздукту камсыз кылынышынын кепилдениши. Коопсуздуктун бул түрү анын жогорудагы башка түрлөрү менен тыгыз байланышта. Коопсуздуктун башкаларын камсыз кылбай туруп, жеке инсандын коопсуздугу жөнүндө кеп кылуу мүмкүн эмес. Албетте, бул биз үчүн мүнөздүү көрүнүш.

Өткөн 19 жыл аралыгында УКК жаатында эмне болду? Экс-ажо аталган кызмат жетекчилигине Ф.Кулов, Б.Жанузаков сыяктуу ж.б чыныгы адис эмес милиционерлерди коюп алсыратса, алар өз кезегинде УККнын сезилээрлик бөлүгүн "менттештиришкен". Кийинки өлкө жетекчилиги андан ашып түшүп, зөөкүр чалыш дагы бир милиция генералын койду эле ал өзүнүн ким экенин 7-апрелде көргөздү.
Эрке уул Максим болсо, (Улут коопсуздугун эмес) атасынын жана өзүнүн бийлигин бекемдеш үчүн УККга эң күчтүү заманбап аппаратураларды алып келип, саясий оппоненттердин "Сары изине чөп салгысы келди эле" тыйылбаган напсисинин, нысапсыздыгынын айынан "Сагызган сактыгынан өлбөйт, суктугунан өлөт" болду.
Демек, ушунун баары азыркы өлкө жетекчилигине сабак болушу керек.
Демек, УКК кординалдуу реформаларга муктаж о.э бул тармакта улутчулдук духтун болушу өзгөчө маанилүү факторлордон экенин турмуш чындыгы далилдеп келет.
Ага биздин бийликтин эрки жетеби бул чоң суроо.
Чолпонбек СЫДЫКБАЕВ




кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
а ­е¦Є.НҐй«