mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Эзилишкен экөө эми сотто
Баа-ягы май айында аяш атасы Үсөн Сыдыков менен Искак Масалиев телефондон бийликти басып ала койсокпу деп сүйлөшө коюп, анысы утурумчуларга билинип Маскөөдөн учуп келе жатканда аэропорттун так босогосунан атайын кызмат өкүлдөрү эки колуна кишен салып жетелеп келип, УККнын жер төлөсүнө киргизип коюшкан. Жалгыз жатпасын деп Ноокатта качып бараткан аяш атасы Үсөн Сыдыковду да ал жер төлөгө алып барып, коңшу кылып койду эле, экөө тең сүйлөшүп алгансып "ден соолугубуз начар" деп Азимбек Бекназаровго арызын айтып олтуруп чыгышкан. Эми болсо баш прокуратура ал эки чабандестин ишин тергеп бүтүп, сотко өткөрдү. Фемида эмне чечим чыгарат, ал эмки номурубузда.


ФШК БШКны коркутат
Аттан түшсө да, ээрден түшпөй "орус оюндагысын кылат" демекчи, Бакиев бийлиги өлкөдөн качканы, баягы Феликс Куловдун саясий сааты кайрадан чыкылдай баштады. Кайсы жерде эл чогулса эле "дүжүр бука" болуп көнгөн эки-үч саясатчы сөрөй бар эле, эми алардын ордун бербей, жалгыз ФШК өзү "эки айылды эриктирбей, бир элди бириктирбей" жатат. Ыраматылык Рыспек Акматбаев аттуу кримавторитет пресс жыйындан "тумшугун талкалай коем" десе үйүнөн чыкпай жашынып жатчу эле, эми ал жокто "мыйзамдын темир калканы" болуп чыга келди.
Учурда "Ата Журттун" атаманы Камчыбек Ташиевдин "адвокаты" болуп иштеп жатат. Түшүнүксүз сөздөр менен кечээ "борбордо пикет өткөрөм" деди эле, бир да киши басып келбесине көзү жетип "отказ" берди. Айтор, жакынкы күндөрү саясатта Феликс Куловдун опоң-чычаң оюндары алдыда окшойт.


Үч ойрон
Кичине тирилик кылалы деген адамдар редакциянын телефонунун жаагын айрып, "бу кандай, таза бийлик келди дегенибиз менен орто звенодогу коррупционерлер дале тажатып, беш сом тапсаң, үч сомун өөнөп калып жатышат. Азыркы бийликтин Бакиевге алы жеткени менен бул үч эргулга шаасы жетпей, дале ордуларында сайран куруп, жаңы бийликти көшөгө артында сөгүп отурушат" деп күн сайын эмес, саат сайын кулактын кужурун алышат. "Кимдер экен" деп кызыгып көрсөк, үчөө үч башка, бирок кылыктары коендой окшош төмөнкүлөр экен.
Биринчиси, Чүй облустук салык башкармалыгынын орун басары Айдаров Эркин Бабашович. Каймана аты "Бабахан". Кайсы бийлик болбосун ушул орунда. Паракорлугун ушундан билиңиз, "үйдө жалгыз эшегим бар" деген кишиге, "союп, жарымын салып кел" дейт имиш. Экинчиси, Якубов Абдрашит Дүйшөбаевич. Каймана аты "Антибиотик", Бакиевдин кадры. Салыштырмалуу айтканда ак карга. Тигинин да, мунун да көңүлүн алып, эч бир начальнигине жок дебейт. Анткени, алганды да, бергенди да өтө жакшы өздөштүргөн. Учурда республиканын түндүк бажысында улук опер.
Үчүнчүсү, Ашыралиев Ислам. Бул дагы Каржы полициясында кызматкер. Каймана аты "Пакимон". Казинодон башы чыкпай жүрүп, Бакиев учурунда кызматынан айрылып, азыр Эркин Бөлөкбаев бул кызматка келгени, анын оң колу болуп алган. Өлкөнүн түштүк аймагында иштесе да, бул жакка командировкага келип алып, Финполициянын "разводиласы" болуп жүрөт. Ишкерлерге барып алып түз эле "Эркин Бөлөкбаевден келдим же сүйлөштүрүп коеюнбу?" маанисинде догурунуп калат экен. Сыягы, колдогон кожосу күчтүү окшойт.
Бул үч ойрондун үстүнөн кызматтык иликтөөбүздү баштадык. Жабыркагандар болсо редакцияга кайрылса болот.


Жегендин кусмайы бар
Акаевдин учурунда балдызы Үкөн Исаеванын шамалы менен Ысык-Көл облустук мам-мүлктө иштеп жүрүп, бийлик алмашаары менен Бакиевдин көңүлүн таап мүлк министри болгон. Анын учурунда бүтүндөй стратегиялык объектилер ит бекер сатылып кеткени аз келгенсип, экинчи ажонун үй-бүлөсүнө эле эмес, анын жакындарына чейин мамлекеттик мүлктөрдү арзан баада бадарке кылган. Учурунда борбордун чок ортосунан 600 000 долларга элиталык үй алганы эле эмнени каңкуулайт.(Турсун Турдумамбетовдун учурунда "Кыргызтелеком" "Түндүк Электро" көл жээгиндеги төрт пансионат жана башкалар сатылган).
Азыр бул кишинин эсибиздеги сол чөнтөккө солонгон акчаларды мамлекет кайра кайтара албай убара. Азыр баш прокуратура бул иштерди сотко өткөрдү. Турсун мырза эми "арыктайбы" жокпу, али белгисиз.






кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"





??.??