mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Алма сунсам колуңа…
Дүйнө саясатында "саясий нике" деген кыйгыл түшүнүк бар. Жалпак тилге салып түшүндүргөндө кандайдыр бир кызыкчылык үчүн убактылуу саясий келишим түзүлүп, максаттарына жеткен соң "ажырашышат". Анысы сыңары парламентте көпчүлүк орунду ээлөө үчүн СДПК жана "Республика" партиялары биригүү алдында туруп, эки жакты кылчактап турган "Ата Мекен" партиясынын көз ымдоосун күтүп жатышканын саясий чөйрө айтып чыкты. "Ата Мекендин" тарткынчыктоосун айрым серепчилер тышкы саясатка байланыштырса, айрымдары парт лидер Ө.Текебаев өзүнө ылайык кызмат сунушталбай жатканын айтышат. Өмүке ыкка көнөбү же көнгөн оппозициясына кетеби анын жандырмагы жакында жандырылат.

Абалы жакшы эмес айым ажо
Ушундай татаал күндө өткөөл мезгилдин президенти болгон Роза Отунбаеванын азыркы абалына эч бир суктанып кереги жок. Азыркыдай кырдаал түзүлөөрүн алдын-ала көзү-ачыктык кылган кыргыз саясатчылары баары тең жоопкерчиликтен качып, бир аялдын этегине башын катып беришти. Алардын кыраакылыгы ушунда окшобойбу.
Азыр болсо шайлоодон кийин тынчыйт деген өлкөдөгү кырдаал кайрадан чыңалуунун үстүндө болуп, беш пайыздык барерден өттүк деген беш партия ажо айым Роза Исаковнаны беш жеринен тытмалап жатышат. Анын бир мисалын айтсак ажо айым 26-октябрь күнү кечинде төрт партиянын лидерлерин чогултуп алып, "пикет уюштурабыз" дегендеринин алдынан өтүп, "токтото тургулачы, ансыз деле өлкө стабилдүү болбой жатат. Шайлоонун жыйынтыгын жума күнгө чейин чыгарганга аракеттенели" маанисинде алардан суранып жиберди.

Жаныш кишенделди дейби?
Мындан эки күн мурун Белоруссиянын Минск шаарынан экс-президенттин иниси Жаныш Бакиевди аталган өлкөнүн атайын кызматтары Россия мамлекетинин Федералдык коопсуздук кызматына өткөрүп беришти деген кабарды ишенимдүү маалымат булактарынан маалымдашты. Биз дагы өлкөбүздүн коопсуздук кызматкерлерине кайрылып, "ушул маалыматты тактап бересиздерби?" деген өтүнүчүбүздү алар четке кагып, азырынча андай маалыматты таратууга негиз жок экенин билдиришти. Бирок, баарыбызга белгилүү болгондой, буга чейин экс - президенттин иниси Минск шаарында баш калкалап, орус ФСБсынан жашырынып жүргөнү белгилүү.


Байболовго чалгынчылык керекпи?
Өлкөнүн баш прокурору Кубатбек Байболов республикалык бир басылмага интервью берип жатып, "мен азыр Мамлекеттик Улуттук коопсуздук кызматына барайын деген оюм жок. Аны кызганбай эле коюшсун. Ал жерге барып алып кайсы бир саясий партиянын же кландын камчысын чаап, саясий аңдуулар менен шугулдангым келбейт" маанисинде маек айтты. Бул маектин чыгыш башатына келсек, "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү, белгилүү журналист маркум Геннадий Павлюктун эстелигин баш калаадагы ачылышында Кубатбек Калыбекович азыркы УККны "бир топтун кызыкчылыгын көздөп, саясий киллерлик менен шугулданып калган" сыпатында сүрөттөгөн. Ал эми аталган органдын басма сөз катчылыгы "былжырайт" дегенсиген билдирүү тараткан. Бирок Кубатбек мырза чалгындык жана контр чалгындыкты жетектеп бергенге даярмын дегендей пикир кыйытыптыр.


Алың ушубу Алымбек?
Кубанычбек Кадыров деген бар. СДПКнын аркасы менен киши болуп жүрүп "сыйырды сыйласаң акырына чычат" дегендей, Алмазбек Атамбаевге кыр көргөзө коюп, партиядан куулуп калган. Апрель окуяларынан кийин ИИМге орун басар боло калып, ишкерлерди муунта коем деп, ыштанын жаман жеринен айрып алган да жайы бар. "Ыйлаар бала атасынын сакалы менен ойнойт" болуп, иштеген кызматында жөн иштебей, экс-жетекчиси Кубатбек Байболовго сөйкөнө коюп, кайыш креслосунан кайыктын калагындай эле ыргып кеткен. Ойлоп көрсөңөр Байболов ким да, Кадыров ким? Аппетитине тим эле күлкүң келет… Акыркы шайлоодо "Акшумкар" партиясына барып, "мен СДПКга көлдөн бир да добуш бердирбейм, баардыгын "Акшумкар" алат" деди эле, убада берген партиясы акыркы болуп марага келип, Ысык-Көл аймагынан СДПК партиясы биринчи орунда жеңишти алышты. Ал эми жоон билек балдарды жанына топтоп, асмандагы айды алып берчү Кубанычбек Кадыров мырза азыр дайын дарегин билгизбей, саясатчымын дегендерден дыргаяктап качууда. "Алың ушубу Алымбек" деп аны тааныгандар көл өрөөнүндө лакап кылып жүрүшөт.






кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
а ­е¦Є.НҐй«