mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Айат спорт

Суучул
Кыргызстандык жаш суучул Никита Пауков сууда сүзүү боюнча Казакстандын ачык биринчилигинде 5 алтын медаль жеңип алды.

Баскетбол
Ош шаарында ноябрь айында "Достук, ынтымак, бирдиктүү Кыргызстан" аттуу баскетбол боюнча турнир өтөт. Аталган турнир Кыргызстанда спортту өнүктүрүү долбоорунун алкагында өткөрүлүп, АКШ элчилиги демөөрчү болот. Ага өлкөнүн баскетбол боюнча улуттук курама команданын оюнчулары, машыктыруучулар, калыстар катышат. Иш-чаранын алкагында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын кыдыруу планы бар. Анда баскетбол коомчулугу менен жолугушуулар, чеберлер класстары, сергек жашоону жайылтуу боюнча маектешүүлөр болот.

Шахмат
Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун демилгеси менен Гуанжоудо өтө турган 16-Азия оюндарына катышуу үчүн өлкөнүн шахматчыларына каражат бөлүндү.
Ноябрда Кытайдын Гуанжоу шаарында боло турган 16-Азия оюндарынын программасына тарыхта биринчи ирет шахмат оюну да кирип, акыл таймашуусу болгону турат. Өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин колдоосу менен Кыргызстанды Азияга тааныткан Семетей Төлөгөн тегин, Алгис Шүкүралиев, Насыр Акылбеков жана Александра Самаганова Азия оюндарында өлкө намысын коргойт.

Футбол
Кытайдын Гуанжоу шаарында ноябрда боло турган 16-Азия оюндарында футбол боюнча Кыргызстандын тандалма командасы дагы мөрөй талашат.
Кыргызстандын тандалма командасы талаа ээлери кытайлык, жапондук жана малазиялык футболчулар менен күч сынашмакчы болду. Кыргызстан курамына кирген "А" тобундагы футболдук мөрөй талашуу 7-ноябрда башталат. Ага чейин биздин командабыз 10 күнгө Кувейт өлкөсүнүн тандалма командасы менен бирге машыгуу өткөрүп, ошол жактан түз эле Гуанжоуга барышат.

Теннис
Кыргызстандын борборунда 31-октябрдан 7-ноябрга чейин теннис боюнча турнир болорун Чынара Теңизбаева маалымдады. Республикалык мелдеш Бишкек шаарынын 4-кичирайонунда өтөт. Турнирге 32 адам катышат.

Ат чабыш
Кыргызстандын спортчулары Түштүк Кореянын Сеул шаарында өтө турган университеттер арасындагы ат чабыш боюнча, 12-спорттук мелдешке сапар алышты. Мелдеш эртең башталып, 2-ноябрда жыйынтыкталат. Кыргызстандын ЖОЖдорунун студенттери Екатерина Карковцева, Мырза Токтобеков жана Дмитрий Горбаченко кыргыз желегин желбиретип келишмекчи.




Дүйнөнүн күрөө тамыры
НАТОнун ноябрда Лиссабондо өтө турган саммитин утурлай, Анкара менен Вашингтондун ортосундагы талкуулар күч алды.
Ракетадан коргонуу системасын Түркиянын аймагында жайгаштыруу тууралуу АКШнын планын Анкара өз кызыкчылыктарынын өңүтүнөн электен өткөрүп жатат.
НАТОнун саммити 19-20-ноябрь күндөрү Лиссабон калаасында өтөт. Анда уюмдун жаңы коргонуу концепциясын калыптандыруу планынын чегинде Иран өңдүү өлкөлөрдөн келиши ыктымал ракеталык чабуулдарга каршы ракетадан коргонуу системасы кайсы өлкөгө жайгаштырылары башкы тема болору күтүлүүдө.
2010-жылкы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта атагы чыккан төлгөчү-октопус же сегизаяк деңиз жандыгы өз ажалы менен каза тапты. Сегизаяк Пауль Германиянын командасынын жети оюнунун эсебин жана Испания финалда Нидерландияны жеңип, дүйнө чемпиону болорун так айтып берген. Ал Германиянын Оберхаузен шаарындагы океанариумда жашачу. Төлгөчү октопустун мураскери табылды. Анын да аты Пауль.
Россиянын "Мекен үчүн" партиясынын лидери Игорь Медведев-Бочарников камалды. Ал 51 жаштагы жубайы Тамара Медведева-Бочарникованы кабинетине чакырып, 17 жаштагы жансакчысы экөө бирге күчкө салып зордуктап, биринин-колунан бирине өткөрүп, сегиз саат бою туткунга алып, аябай кыйнашкан.
Окуя болгондон бир апта мурун Тамара Медведева Игорь менен ажырашууга арызын жазган. Борачников жубайын элдешүү тууралуу сүйлөшүү максатында жумушуна чакырып, зөөкүрлүк ишке барган. Бул боюнча милиция кызматкерлери тергөө иштерин баштады. Эгер, Борочниковдун күнөөсү такталса, алты жылга эркинен ажыратылмакчы.
Москванын экс-мэри Юрий Лужков президенттин ишениминен кеткени үчүн кызматтан айдалган соң Лондондогу россиялыктардын жоон тобуна кошулуп, Орусия бийлигин сынга алууну көздөөдө. ММКлардын жазганына караганда Лужков өткөн аптада Улуубританияга кетүү үчүн визага документтерин тапшырган. Юрий Михайловичтин шаштысы кеткенинин чоң себеби бар. Ал өзүнө карата кылмыш иши козголуп, эркинен ажырап калуусунан кам санап, алапайы кетип турган чагы. Ошондуктан эртелеп из жашырып кетип калуунун камында. Ал эми жубайы Елена Батурина Англияда экени маалым болду.
Индонезиядагы цунами менен жанар тоонун кесепетинен 179 адам жабыркады. 154 адам цунамини алып келген жер титирөөдөн каза тапса, 400 адам дайынсыз жоголууда. Андан сырткары 25 адам Джокьякарт шаарына жакын жайгашкан Ява аралындагы жанар тоодон набыт болсо, 14 адам оор жаракат алган.
Кырсык болгон жерде бир канча турак-жай жарактан чыгып, талкаланган. Учурда Индонезиянын бийлик өкүлдөрү жабыркаган 11 миң адамды жанар тоодон 10 километр алыс аралыкта жайгашкан жерлерге көчүрүүдө.
АКШда Ирандын Бушер АЭСи боюнча маселе жок. Бул тууралуу Вашингтондогу маалымат жыйыны учурунда мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон билдирди. Бирок Клинтон кошумчалагандай, Вашингтон Ирандын Натанз, Ком жана башка жерлердеги жашыруун өзөктүк жайларынан тынчсызданат. АКШ бийликтеринин ишениминде, Иран андай жайларында өзөктүк программасына жамынып алып, өзөктүк курал жасап жатышы мүмкүн. Мунун алдында кечээ Иран Орусиянын жардамы менен курулган Бушер АЭСинин реакторуна өзөктүк отун жүктөй баштаганын жарыялаган эле. Бул АЭСти өзөктүк отун же байытылган уран менен да Орусия камсыздайт жана ал иштетилгенден кийин кайра алып кетет. Иран өкмөтү өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөрүн айтып келүүдө.


Маданият майданында
Театр эшигин ачты
Токтоболот Абдымомунов атындагы Улуттук кыргыз драма театрынын ремонт иштери толугу менен аяктабаса да, кичи залында спектаклдер көрсөтүлүүдө. Өткөн аптада кыргыз театры 84-сезонун акын жана драматург Алтынай Темированын "Сынык асман" спектакли менен ачкан.
Бул спектаклде азиздер жана дүлөйлөр коомунун жетекчиси Калык Мамбетакуновдун татаал тагдыры, эки көзү көрбөй калгандан кийин жашоого болгон умтулуусу, турмуштагы карама-каршылыктары чагылдырылган.
Аталган театрды бүгүн Көчкөн Сактановдун "Бүттү, быйыл күйөөгө чыгам" комедиясы, 28-октябрда "Кымбатым" мелодрамасы, 29-октябрда Султан Раевдин "Дубал", 30-октябрда улуу акын Алыкул Осмоновдун өмүр таржымалын камтыган "Табият жана музыка" драмасы көрсөтүлөт.

Миң уккандан, бир көргөн...
Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Карамолдо Орозов атындагы Мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин концерти болот. Концерттин программасы Карамолдо Орозов, Шекербек Шеркулов, Муса Баетов, Шаршен Термечиков, Насыр Давлесов, Сардарбек Жумалиевдин чыгармаларынан турат. Ошондой эле дүйнөлүк классикадан Ию Брамстын, Ж.Бизенин, В.Моцарттын чыгармалары аткарылып, Кыргыз Эл артисти Анарбек Ибраев баштаган белгилүү ырчылар жагымдуу ырларын тартуулашат.

Турмушка үндөш спектакль
30-октябрда Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында "Малиновкадагы үйлөнүү" аттуу музыкалык спектаклдин бет ачары болот. Спектаклдин сүрөтчүсү Шарип Жайлообаев. Бул спектакль "Свадьба в Малиновке" деген тасманын негизинде даярдалган. Комедия жанрындагы чыгарма Кыргызстанда бүгүн болуп жаткан окуяларга абдан үндөш. Бүгүнкү коомубуздагы болуп жаткан окуяларды орус драма театрынын артисттери гротеск менен көргөзүшмөкчү.

Сүрөттөр сүйлөйт
Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде белгилүү театр өнөрүн изилдөөчү, сүрөтчү, маркум Сарман Асанбековдун 75 жылдык мааракесине байланыштуу анын чыгармаларынан турган көргөзмө уюштурулса, тарых музейинде 26-октябрда "Өчүр, күйгүз" деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Асанкан Жумакматовго эстелик
Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында 30-октябрда Жузеппе Вердинин "Травиатта" операсы, 31-октябрда "Юнона жана Авось" балети көрсөтүлөт.
Ал эми атактуу дирижер, СССРдин эл артисти Асанкан Жумакматовго эстелик тургузуу үчүн президенттин фондунан 350 миң сом бөлүү тууралуу президент Роза Отунбаева буйрукка кол койду. Эстелик тургузуу ишин Маданият жана маалымат министрлиги уюштурууда. Эскерте кетсек, Кыргыз эл баатыры, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Мюнхендеги бүткүл дүйнөлүк музыка академиясынын академиги Асанкан Жумакматов 2008-жылдын 21-июлунда ооруканада дүйнө салган.

Бирөө өлүп, үчөө жаракат алды
Кечээ Бишкекте "Ауди-80" жана "Ауди-100" маркасындагы автоунаалар кагылышып, жыйынтыгында "Ауди-80" маркасындагы автоунаанын шопуру 32 жаштагы Жоломан Тезекбаев жан берген. Анын жүргүнчүлөрү 23 жаштагы М. Жуманалиев жана 20 жаштагы Б. Аламанов оор жаракат менен ооруканага жеткирилген. Ал эми "Ауди-100" маркасындагы автоунаанын шопуру 37 жаштагы Азат Орозбаков да оор абалда ооруканада.

Аял мыкаачы
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 31 жаштагы айым кармалды. Ал 24-апрелде Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунун тургуну 37 жаштагы М. Аны ийинге бычак менен сайып өлтүргөн.

Кылмышкердин изи суубай…
71 жаштагы карыя милиция кызматкерлерине кайрылып, чаламандын чак түшүндө үйүнүн жанынан белгисиз бирөө күч колдонуп, колундагы сумкасын жулуп кеткенин арызданган. Сумкада 9409 сом жана керектүү буюмдар бар экени айтылган. Катуу иликтөөнүн артынан Беш-Күңгөй айылынын жашоочусу К. М колго түштү. Анын жанынан карыяга тиешелүү буюмдар жана акча табылган.

Секелек кызды зордуктап…
Тогуз -Торо районунун жыйырма жаштагы тургуну камалды. Ага "өзүнүн жердешинин бойго жетелек кызын күчкө салып зордуктаган" деген айып тагылууда. Бул боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Бычак мизинен ажал тапты
Ош облусунун Ноокат районунун базарларынын биринде 29 жаштагы жашоочусу 25 жаштагы жердеши менен уруша кетип, бычак менен сайып салган. Жаракат алган К. А ооруканага жетпей жан берген. Бул боюнча иш тергөөдө.

Курал кайтарылды
Сокулук районунун Белек айылынын тургуну 12 мм. калибрлүү ТОЗ-16 мылтыгын өз ыктыяры менен милиция кызматкерлерине кайтарып берди. Бул куралды Сокулуктагы арыктагы суунун жээгинен таап алган.






кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"





??.??