mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Бешик боосу бек болсун!
Алыскы Ат-Башы районунда 2010-жылы 17-сентябрында Эрмек Исраиловдун үй-бүлөсүндө уул төрөлдү. Кичүү уулу Жеңишбектин баласынын жарык дүйнөгө келгенине кубанган чоң атасы Эрмек, чоң энеси Асылкан небересинин ысымын СДПК төрагасы Алмазбек Атамбаевдей "Кыргызстандын келечеги үчүн күйүп, кыргыз элинин уулу болсун!" деп ырымдап, атын Алмазбек аташты.
СДПК төрагасы Алмазбек Шаршеновичтин туулган күнүндө төрөлгөн наристеге узун өмүр, кең келечек каалайбыз. Чоң ата, чоң энеси тилегендей Алмазбек Атамбаевге окшогон, кыргыз эли, жери үчүн күйгөн азаматтардан болуп чоңойсун. Алмазбектин бешик боосу бек болсун!

Алгачкы элчи Абдыракман
Кечээ Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Орусия Илимдер академиясынын кол жазмалар институтунда 18-кылымдын этегинде түндүк кыргызстандык сарбагыш уруусунун бийи Атаке баатыр Орусияга аттандырган элчиликтин 225 жылдыгына арналган илимий жыйын өттү. Жыйынды Орусия Илимдер академиясынын кол жазмалар институту менен Бишкектеги Кыргыз-Орус (Славян) университети биргелешип уюштурууда. Ага Кыргызстандан, Орусиядан жана Борбордук Европадан келген окумуштуулар катышмакчы.
Абдыракман Кучак уулу жетектеген алгачкы кыргыз элчилиги 1785-жылы Чүй боорунан чыгып, оболу Омбу (Омск) шаарына жеткен. Андан соң кыргыз элчиси Санкт-Петербургка келип, 1786-жылы каныша Екатерина Экинчи аны кабыл алган.
Кийинчерээк жалган маалыматтан улам Абдыракман Кучак уулу Сибирде сый туткун катары кармалып, эл-жеринен алыс жүрүп каза болгон.
Бул элчиликтин акыры ошентип кайгылуу аяктаганы менен, ал топ кыргыздын бир бөлүгүнүн Орусия падышасына жиберген туңгуч элчилик тобу катары тарыхта калды.

Коалиция түзүлдүбү?
СДПК жана "Республика" партияларынын коалиция түзөөрү тууралуу кеп чыкканы эл ичи уу-дуу. Сыягы көпчүлүк ушуну эле күтүп олтурган окшойт. Неси болсо да, таза саясий күчтөрдүн бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарууга ниеттенип жатканы жакшы саамалык. Булардын колунан да, тилинен да келерин элибиз жакшы билип калбадыбы. Анын үстүнө аталган эки партияда өндүрүштүн майын чыгарган, экономиканын эсебин мыкты билген, рынок шартынын өйдө-ылдыйын жакшы түшүнгөндөр арбын экендиги маалым. Биз бул боюнча "Республика" партиясына кайрылганыбызда, алар "Ооба, алдын ала сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биздин партиянын лидери Ө.Бабанов "бизге негизги принциптери туура келген жана биздин экономикалык программаны колдогон партия менен коалиция түзөбүз" деп билдирген. Бул жагынан СДПК партиясы менен биздин көз караштарыбыз бир. БШК парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын расмий жарыялап, Жогорку Кеңеш иштеп баштагандан кийин коалициялар түзүлөт" деп билдиришти. Эми "Республика" менен СДПК үчүнчү партияны ак, көк дебей туура тандап алышса экен деп турубуз.

АКШ жардамы четке кагылабы?
АКШнын эл аралык өнүктүрүү агентствосу америкалык "Девелопмент альтернативс" компаниясы менен келишим түзүп, Кыргызстандын парламенттик бийликти бекемдетүүгө жардам катары 3,25 миллион доллар берерин билдирди. Америкалыктар таасир этүүгө ээ болуу үчүн жана Кыргызстандагы эффективдүү демократиянын туруктуу өнүгүүсүнө салымын кошуу максатында ушундай кадамга барууда. Бирок, Кыргызстандын партия лидерлери бул жардамды кабыл алары али белгисиз.
"Девелопмент альтернативс" 60 өлкөдө 87 долбоорду жетектейт.

Айтматовго арналган "Көчмөндөр"
Киев шаарында кыргызстандык белгилүү сүрөтчү Юристанбек Шыгаевдин "Көчмөндөр" аттуу көргөзмөсү уланууда. Көргөзмө залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Көргөзмөгө сүрөтчүнүн "Манас" эпосуна, этникалык темаларга, Ысык-Көлгө, Ч.Айтматовго жана дүйнөдөгү элдерде кездешкен уламыштарга арналган эмгектери коюлган. 22-октябрда ачылган көргөзмөгө Украинанын белгилүү мамлекеттик, маданий жана коомдук ишмерлери чакырылып, Кыргызстандын Украинадагы элчиси Эркин Мамкулов да катышты. Көргөзмө 30-октябрга чейин уланмакчы.

Митингчилер бийликти колдойт
Кечээ Аксы районунун Кара-Жыгач айылында танапташ жайгашкан беш айылдын тургундары катышкан митинг өттү. Акциянын демилгечилеринин билдирүүсүнө караганда, ага 2000 чамалуу адам катышты. Алар 7-апрелде тынч митингдин катышуучуларына каршы ок чыгарууга буйрук берген бийлик адамдарына, аскердик "Альфа" бөлүгүнүн кызматкерлерине козголгон кылмыш иштери туура экендигин билдиришти. Ошондой эле алар мурдагы бийликтин өкүлдөрү 7-апрелде митинг катышуучуларына каршы ок чыгаргандарды коргоо комитеттерин түзүп алышканын, Бишкекте маал-маалы менен митинг уюштуруп келатышканын, муну менен алар бийликке кысым көрсөтүп атышканын билдиришти.

Иштери аягына чыгабы?
Башкы прокуратура мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарына кырк кылмыш ишин козгоп, 68 адамды жоопкерчиликке тартууга сотко жолдомо жөнөттү. Алар Сапарбек Балкыбеков, Турсун Турдумамбетов, Игорь Чудинов, Нурлан Сулайманов, Ильяс Давыдов жана Искендер Гаипкулов кылмыш жоопкерчилигине тартылганы жатса, Максим Бакиев, Алексей Елисеев, Евгений Гуревич, Михаиль Надель жана Алексей Ширшовго сыртынан айып коюлганы турат.




Көз жүгүртүп коёсузбу
Борбордук шайлоо комиссиясы ушул тапта шайлоо протоколдорун салыштырып кароону аяктоо алдында турат. БШК шайлоо протоколдорун салыштыруудан тышкары келип түшкөн арыздарды кароосу керек. Бул иштер ушул аптада жыйынтыкталып калса, келерки аптага чейин шайлоонун жыйынтыктары чыгып калышы мүмкүн.
Кечээ Адилет министрлигинин, Жаштар иштери боюнча министрликтин, Билим берүү министрлигинин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, адистер, студенттер катышуусунда "Бишкек пресс-клубунда" "Кыргызстандын жаштарынын укуктук билимин жогорулатууда мамлекеттик мекемелердин орду" аттуу талкуу өттү. Бул иш-чара Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги борборунун колдоосунда уюштурулду.
Украина гуманитардык жардам катары Ош жана Жалал-Абад облустарына жиберген 41 тонналык жүк Ош шаарына келип түштү. Ош шаардык аба майданга конгон ИЛ-76 учагы ташып келген жүктүн 27 тоннасы медициналык каражаттар, ал эми калганы 18 миң даана жууркан-төшөктөр.
Акыйкатчы Турсунбек Акун өзүнүн Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Алима Амановага Акыйкатчы институтунун негизги принциптерин жана этикасын бузгандыгы үчүн эскертүү берди.
Билим берүү жана илим министри Канат Садыков бүгүн Ош, Жалал-Абад облустарында июнь айында жабыркаган аймактардагы мугалимдер, мектеп директорлору жана билим берүү кызматкерлери менен жолугушту. Иш-чараны Билим берүү министрлиги жана "Билим берүү мекемелеринин кеңеши" бирикмеси ЮНЕСКОнун колдоосу алдында уюштурууда. 23-октябрдан бери июнь окуяларында жабыркаган мугалимдерге көмөк көрсөтүү максатында иштей баштаган бул долбоор - "Кыргызстандын жабыркаган аймактарындагы мугалимдерге социалдык-психологиялык жана профессионалдык жактан колдоо көрсөтүү" деп аталат.
"Тынч жыйындар жөнүндө" мыйзам долбоору Венеция комиссиясына жиберилди.
Акыйкат министрлиги аталган мыйзам долбоорун 8-сентябрда коомчулуктун кеңири талкуусуна койгон болчу. Талкуунун жүрүшүндө айтылган сунуш-пикирлер, сындар эске алынып кайрадан иштелип чыкты. Долбоорго ылайык, күч колдонбой, куралсыз, адам укуктарына каршы келбеген бардык жыйындар тынч чогулуулар деп аталат. Мындай жыйындарды жаш курагына, жынысына карабай бардык адамдар каалаган мөөнөтүндө, каалаган жерде өткөрө алат.
"Ар-Намыс" партиясы президент Р. Отунбаеванын өтүнүчүн эске алып, 27-октябрда митинг өткөрүү ниетинен баш тартты. "Ата-Журт" дагы өз тарапкерлерин митингке чыкпоого үндөдү.
Сузак райондук соту милициянын ардагер подполковниги мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуяны териштирүүдө.
Милициянын ардагер подполковниги Амангелди Мырзаканов 14-июнь күнү өлтүрүлгөн.







кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"





??.??