mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Шырылдаң

"Ала Тоо периси" кайра келет
КРнын эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева 1990-жылы "Ала-Тоо периси" конкурсунун жеңүүчүсү болгону жалпыга маалым. Айчүрөк айым ошол салтты улантып, декабрь айында аталган конкурсту өткөргөнү турат. Бул конкурс башкалардан айырмаланып, жалаң кыргыздын каада-салтына, үрп-адатына, тилине басым жасап, кыргыз кыздарынын ички жана сырткы сулуулугунун гармониясын көрсөтөт. Андан соң ырчы уулу, кызы жана өзүнүн туулган күнүн утурлап, январда жеке концертин тартууламакчы. Концерт жалаң жаңы идеяларга бай болорунан шек жок.
Айчүрөк айым кечээ эле "Алымкан" аттуу ырына клип тарттырды. Буюрса кийинки аптада ыр сүйүүчүлөрүнүн назарына салынып, теледен көрсөтүлө баштайт. Режиссеру Сагын Ниязалиева. Ырчы клипке кеткен каражатты ачык айтпастан, "Ар бир эмгектин артында чоң түйшүк бар. Айрыкча улуттук темага кайрылуу өтө чоң жоопкерчиликти талап кылып, түйшүгү бир топ эле болду. Ошентсе да, жакшы чыгарма, мыкты эмгек эч кандай акча менен чектелбейт. Ошондуктан "клибиме мынча каражат жумшалды" деп айтуудан алысмын. Чыгарманын кандай болгонун монтаждалып, көрүүчүлөрдүн назарына салынгандан кийин баа берилет" деген оюн билдирди.

Эр ортону элүү жаш
Композитор, Кыргызстан жаштар сыйлыгынын лауреаты, "Дастаркон" ырынын автору Аскар Карыбаев эр ортону элүүгө толуп, юбилейин "Сайран" ресторанында өткөрдү. Тойго кесиптештери Курмангазы Азыкбаев, Юрий Бобков, Гүлнур Сатылганова, Мерген Турган, Алина Жетигенова баш болгон бир топ коноктор келип, Аскар мырзага жакшы тилектерин арнап кайтышты.


Султан билек түрүндү
Султан Садыралиев үй-бүлөлүк очокко түтүн булатып үйлөнгөндөн кийин бир аз эс алууда эле. Эми билекти түрүнө чыгармачылыкка киришип, күйөрмандарын кубантып жаңы ырларды жаздыруунун үстүндө. Буюрса, ырлар жазылган соң, клиптерди тарттырып, жеке концертине даярдык көрөт. Концерт салт болгондой сүйүү күнүнө белгиленип калышы да мүмкүн.


Айконун тушоосу кесилет
"Айчүрөк" эстрада театрынын ырчысы Айко декабрь айында тушоо кесүү концертин берет. Учурда тунгуч концертине даярдануу менен бирге Атайбек Бөдөшовдун сөзүнө жазылган "Кыргызстаным" аттуу патриоттук ырына клип тарттырып, күйөрмандарына сунуштады.


Жаңы ырдын тасмасы
Жанетта Бобкова шайлоонун үгүт иштеринен колу бошогон соң жаңы ырларды жаздырды. Эми түштүк окуясына байланыштуу уюштурулуп аткан "Тынчтык жана ынтымак үчүн" аттуу концертке катышкандан кийин жаңы чыгармаларына клиптерди тарттырмакчы. Жакында Жанеттанын күйөрмандары ырчынын жаңы эмгегине күбө болорунан шек жок.


Ненадан клип альбом
Нена жалаң клиптерди тарттыруунун үстүндө иштөөдө. "Кыргыз элим" аттуу ырына клип тарттырган соң, дароо эле "Суранам" деген ырын тасмага түшүрдү. Клиптерди биринин артынан бирин тарттырып атканынын себеби, жалаң клиптери менен ырлар жыйнагын чыгарсам деген тилеги күч. Айтылган ырлар жыйнагы чыгарылгандан кийин ырчы күйөрмандарын кубантып, жеке концертин берет.





Кумир менен чайлашуу!
Россиянын "Минута славы" конкурсунун катуушучусу Атай Өмүрзаков май айында Москвада өткөн Бүткүл дүйнөлүк бий Олимпиадасында "Европа чемпиону" наамын жеңип алган. Өткөн саныбызда бийчинин күйөрмандарына суроо узатып, биринчилерден болуп туура жооп берген күйөрмандар Атай менен чай үстүндө баарлашып, кызыккан суроолоруна жооп аларын билдирген элек. Атайдын күйөрмандары өтө көп экен. Алардын арасынан биринчилерден болуп туура жооп берген Равшан кызы Сонун, Бактыбек кызы Наргиза жана Айжан аттуу кыздар кумири Атай Өмүрзаков менен жолугуп, "Айаттын" кеңсесинен чайлашууга мүмкүнчүлүк алды.
Бийчи Атай Өмүрзаков 28-октябрь күнү саат 13:00дөн 14:00гө чейин күйөрмандарынын кызыккан суроолоруна жооп берип, чай үстүндө баарлашат.
Байланыш телефондор:
(0 312) 32 38 38,
0772 02 31 00.

Арууке АСЫЛЗАТ




кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"





??.??