mainkaptal

КИТЕПТЕР

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Андигидот

Оорулуу авто кырсыктан соң эсине келип, врачка кайрылат:
- Доктур, мен мурдагыга караганда өзүмдү жеңил сезип атам. Мурда абдан толук болгондуктан оорлошо берчүмүн.
Доктур кардарына кайгылуу карап:
- Мурда колуңуз анан бутуңуз бар болчу да…

***
Аялы таразага түшүп, салмагын текшерип атат. Аны көргөн күйөөсү:
- Сенин салмагыңа жараша боюң канча болушу керектигин айтайынбы?
- Ии, канча болушу керек экен?
- Беш жарым метр…

***
Военкоматтын алдында ыйлап отурган сулуудан часовой:
- Эмне, сүйгөн жигитиңди аскерге алыштыбы?
- Ооба, болгондо да бешөөнү тең!

***
Мугалим окуучудан:
- Окуучу мектепке эмнеге келет?
Окуучусу:
- Ал мектепке барбаса, мектеп окуучуга келмек беле?

***
Кичинекей кызынын кум менен ылайдан бир нерсе жасап жатканын көргөн милиционер:
- Эмне кылып атасың?.
- "Мент" жасап атам.
Атасы жинденип бузуп салат. Аздан кийин караса, кызы кумдан эле киши жасап жатат.
- Мунуң ким?
- Өрт өчүргүч.
- А эмне ылайды кошкон жоксуң?
- Анда "мент" болуп калып атпайбы!

***
Аябай толук айым арыктатуучу фирмага телефон чалат:
- Сиздердин фирмада чын эле кыска мөөнөттө көп салмактан арылтабы?
- Ооба, арылтат.
- Себеби, мага күйөөм туулган күнүмө жакшы белек берди. Бирок, мен ага батпай атам...
- Капа болбоңуз, биздин фирмага кайрылсаңыз, эки айдан кийин көйнөгүңүздү кийип каласыз.
- Каяктагы көйнөк, күйөөм мага машина сатып берген...

***
Дүкөнгө кирген мырза сатуучуга кайрылып:
- Мага 999 грамм колбаса тартып бериңизчи?
- Балким, бир килограмм тартам?
- Эмне, сиз мени абжора ойлоп атасызбы?...

***
Гүлбакта отургучта бир кыз торт жеп атат. Бешинчисин түгөткөн соң, жанында олтурган айым айтат:
- Мынча көп торт жеген зыян. Тез семирип, фигураң бузулат.
- Менин чоң атам 105 жашка чыкканча жашаган.
- Ал эмне тортту көп жечү беле?
- Жок, ал бирөөлөрдүн ишине кийлигишчү эмес...







кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
а ­е¦Є.НҐй«