mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Энекемди эскерип
Түйшүк тартып, мени багып чоңойтуп,
Тогуз айы көтөрүп сиз толготуп,
Жаныңдан да артык көрдүң балаңды
Түн ичинде ыйлап калсам ойгонуп,
Күн-түн дебей бапестедиң уулуңду
Мээрим төгүп, бал сүтүңө сооротуп.

Мен кечиксем түркүн ойго батып сиз,
Мен үчүн деп күн кечирип келипсиз.
Түйшүгүңдү мен ошондо сезбепмин,
Капа кылсам апакебай кечириңиз.

Эми отурам, өткөндү эстеп өкүнүп,
Кайбар экем, сөз укпаган, көшөрүп.
Мына эми эс тартканда жоктодум,
Энеке деп, ичтен сызып өкүрүп.

Тартып жүрүп өттүңүз го убайым,
Маңдайымда эне неге турбадың?
Аттиң, дүйнө таш боор белең ушунча,
Эне сизге бейиш берсин кудайым.

Кан кечкен азаматтарга
Жалын болуп от чачырап алдымдан,
Окко учту адамдар да жанымдан.
Кадимкидей кан майданда жүргөнсүп,
Жүрөк болк деп, кеттим өңдөн, алымдан.

Эстесем, ошол күндү эскерип,
Алгым келет ыйлап-ыйлап эчкирип.
Жаш кетти го чогуу жүргөн замандаш,
Бир заматта калды жерге тепселип.

Ач кыйкырык, "апа" деген жаңырык,
Кулагымда дале турат жаңырып.
Элестелет көз алдыма дагы да,
Алдымдагы жан бергендер аптыгып.

Чуркап элди үгүттөгөн бир байке,
Жаның барсын жаннат болуп бейишке
Элиң үчүн турдуң октон жалтанбай,
Элди сүрөп, каргыш тийген жеңишке.

Жаным ачты, көрүп ошол абалды,
Оң колуна ок тийген ал адамды.
Кезиктирдим кечээ жакын арада,
Көргөн көзүм элестетип, жаш алды.

Кошоматчы эмесмин
Мен кошомат айтпайм эч бир адамга,
Баргым келбейт, түк бир мындай кадамга
Шайлоо келсе шаңыраңдап чуркаган,
Саткын болбойм кур убада, акчага

Кечээ эле "эл" дебеген адамдар,
Пайда болду эл билбеген жаңылар
"Биз болбосок, анда ким?" деп төш каккан
Бийлик тийсе элге айтканын утутар

Мен таң калам, оозу кантип барышат?
"Мен минтем" деп кыйраткансып жарышат.
Кечээ эле "Бакиев" деп жүргөндөр
Бүгүн кайра бийликке ат салышат.

7-апрель, эл чогулду аянтка
Коррупцияга белчесинен батканда,
Үй-бүлөнү кубалашып, кан төгүп,
Партиялар кайда эле ок атканда?

Эл алдында эч ким жокто ошондо,
"Республика", "Замандашың" кайда эле?
"Ата Журттун", "Айкөл элдин" караанын,
Ким көрдү эле, кимиси басып барды эле?

Чогулалы, чачыранды болбойлу,
Бүгүндү эмес, эртеңкини ойлойлу.
Ошондуктан Атамбаев Алмаздын,
СДПК партиясын колдойлу.
Ардакбек уулу КАНЫБЕК
Ат-Башы району


Унутпайлы
Адам деген атты бийик карайлычы,
Калыс болуп, калкка бүлүк салбайлычы.
Ар бирибиз ыйман менен сугарылып,
Биримдикке жаштарды баштайлычы.
Түндүк-түштүк экиге бөлүнбөйлү,
Кыргыз эли биз жаман көрүнбөйлү.
Байлыкка, бийликке мас болгондор,
Ак караны калыстап көрүшпөйбү.
Канча азамат окко учту, окко учту,
Кайгырып жоктоп турат калың журту.
Аталап ыйлап турат наристелер,
Үмүт менен күтүп жатат эрдин уулу.
Эл алдында тирүү, өлбөйт арбагыңар
Сыймыктансын артыңарда калганыңар.
Эл жер үчүн төшүн тосуп кете берген,
Ала-Тоодой силердин салмагыңар.
Чылпакова Бүбүсара,
ардагер мугалим,
Ысык-Көл району, Бостери айылы.





Сыйкыр сан
Урматтуу окурман, "Сыйкыр сан" рубрикабыз жакшыны ашырып, кубанычыбызды керектүү жерге жеткизип, сиз менен байланыштын бир булагы боло алат деген үмүттөбүз. Андыктан, эч тартынбай (0312) 32-38-38 телефонун бураңыз дагы куттуктоо болобу, дубай саламбы, көкөй кескен көкүрөктөгү оюңузбу же баарыбызды жылмайткан тамашабы, айтып калыңыз. Эң башкысы, ар бир жолкуда редакция кеңешип үч номерди алдын - ала белгилеп коет. Сиз эгер ошол номерге туш келип калсаңыз, анда 100 сом утасыз. "Сыйкыр саныбыздын" алгачкы сыйкыр сандары 007, 015, 021. "Сыйкыр санга" ар аптанын жума күнү саат 10.00дөн 12.00гө чейин (0312) 32 38 38 номерине байланышыңыз. Айта кетчү нерсе, шаардык телефондон гана эмес уюлдук телефондон дагы SMS билдирүү жиберсеңиз болот. SMS үчүн байланыш телефон 0772 703775 бул номерге чалууга болбойт,бир гана SMS жөнөтөсүздөр. Эки-үч гана SMSке гезит бетинен орун беребиз.
"Сыйкыр сандын"
алып баруучусу
Перизат КАДЕНОВА


193. Кыргызымдын кымча белдүү, кыргыз элин, жерин сыйлаган, ата-эненин кадырын билген сулуу кыздар менен таанышам. Оштун сулуулары болсо, абдан жакшы болот. 0777 03 01 85 Улар.
194. Сүйүү, сүйүү деп коет, сүйүүнүн кадырын зарлап сүйгөн жан билет. Арзып сүйгөн жанды издейм. 0701 21 21 63 Акыйкат.
195. Бийлик башындагылар элди ойлогон күндөрү болобу? "Таза шайлоо болду" деп мактанышат. Бирок, качан парламент куралат? Качан өлкөбүз турукташып, өкмөт иштей баштайт? Кыргызстандын келечеги деги кандай болот? Партиялар акчаларын самандай чачышты, элдин келечегин ойлогон жан жок. Баарына бийлик, байлык керек! Такка отургандан кийин, кантип келгендерин унутуп калышат. Чынара 0773 00 45 **
195. "Ата-Журт", "Ар-Намыс", "Бүтүн Кыргызстан" партияларына добуш бергендер кудайдын кулдары эмес, азгырма шайтандын, арам акчанын, арактын, жердешчиликтин, эки жүздүүлүктүн, кара ниеттүүлүктүн кулдары экенин көрсөтүштү. Бей-бечералардын убалы аларга тийсин! Фатима Иса кызы.
196. Бакиевдин бөлтүрүктөрү! Силердин бир жак толорсугуңар 7-апрелде жулунуп, карышкыр болуудан калганыңарды билээр күнүңөр болобу? Бирок, ага силердин "компьютерлериңер" жетпейт болуш керек! Талант.
197. 7-апрелде революция кылып, биз акжолчуларды кетирип, бийликке "Ата-Журтту" алып келдик. Эл эмнеге көтөрүлүп, эмнеге 87 адамдын кырчындай өмүрлөрү кыйылды. Дамира апа, ардагер.
198. Урматтуу "Айат" гезитинин жалпы жамааты, сиздердин иштериңерге ийгилик каалап, ыраазычылык билдиребиз. Калия апа.
199. Кыргыз элин ойлогон жан барбы? Шайлоо 10-октябрдан бери канча күн өттү, жыйынтыгы чыга элек. Партия лидерлери Орусияда эмне издеп жүрүшөт бир чечимге келе албай? Тентигенди коюп, биримдикке келишип, мамлекетти ойлошсо боло? Гүлжан, Нарын.
200. Атым Руслан, иштеген ишим бар, чүйлүк кыздар менен таанышам. 0771 40 15 37.
201. Кыргыз эстрадасына салымын кошуп келе жаткан Камиляга ысык салам. Иштерине ийгилик каалайбыз. Чолпонай, Айтеңир.
202. Кылым карыткан Улуу Кыргыз элим! Жөөттөр өзүлөрүнүн кызыкчылыгы үчүн тарбиялап өстүргөн Эдил Байсалов деген жараныбыз, өзү билип туруп, атайын жасаган ишинин шылтоосу менен чет өлкөгө качып кетти эле, саясый упай топтош үчүн. Кыргызстанга келип алып, теле менен гезиттердин бетинен түшпөйт. Чет мамлекетте кайсы каражаты менен жашап жүрдү экен бечара? Жөөттөрдүн жетеги менен жүргөн Байсалов, кыргыз улутуна зор салымын кошот деп ишенебиз. Эгерде жөөттөрдөн үйрөнгөн өнөрүн, саясый аферасын кыргыз элинин кызыкчылыгына жумшаса, ийгилик каалайбыз Эдилге. Эгерде кыргызга болушуп, "кошерный" лепешкасынан кур калам десең, телефонуңду жазып жибер, чогуу бизнес кылабыз. Элибиз Ай көл, кыргыздын таламын талашсак талаада калбайбыз. Дагы бир фокус көргөзө коюп, өз элиңден качаарда айтып койчу, биз деле чет мамлекетке жөөттөрдүн эсебинен "бекер" барып келели. Улутман, Бишкек.
203. Кыргызымдын кымча белдүү сулуу кыздары менен таанышам. Чүйлүк, көлдүк кыздар болсо эң сонун болот. Данияр 0779 49 89 29
204. Жөөттөр бизге жол болду,/ Жол көргөзүп колдоду./ Демократияны таңуулап,/ Геноцид кылды, кордоду./ Канга тойбой канкорлор,/ Кан жуткузду тойбоду./ Нур төгүлгөн кыргызды,/ Улуу Теңир колдоду. Мукаш Ырсалиев.
205. Мамлекет! Мамиле - деген жакшы сөз. Кет - дегеничи... Ушул сөздү калмак лингвистери киргизген жок беле биздин сөздүккө? Кыргыз окумуштуу тилчилерибиз кайдасыңар? Же жөөттөрдүн лепешкасы менен алексиңерби? Бейит, беймаза, бейбечара, бейконок, бейтааныш, бейөкмөт деген сөздөрдүн катарына бейпил деген сөзгө кандай карайсыңар лингвистер? Гимндеги бейкут деген ыплас сөзгөчү? Улуу Кыргыз элибиздин куту - бул биздин ынтымагыбыз! Ай көлдүгүбүз акылыбызда, Манасыбыз жүрөгүбүздө болуш керек! Улутман.
206. Жеңип чыккан беш партия качан биригип коалиция түзүшөт? Кыргыздарды ойлогон бир да бычакка сап лидер жок окшойт. Ганди 0773 10 34 **
207. "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевке ишине ийгилик каалап, кыргыз эли ар дайым колдоорун билдиришет. Өмүрбек аке, сиз Кыргызстан үчүн керек адамсыз. Шайлоонун жыйынтыгына маанайыңыз чөкпөсүн, биз сиз менен. 0551 14 76 **
208. Шайлоо өткөндөн бери, аянттан эл тарабады. Улам бир партия адамдарды чыгарып, пикеттен тажашпады. Качан эл тынчыйт? 0779 45 76 **






кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"





??.??