mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Уулунун жансыз денесине зар болгон эне
Ар бир эне тогуз ай көтөрүп, омурткасы сыздап жүрүп төрөгөн баласынын жамандыгын көрүүнү каалабайт. Бирок, тагдырдын ачуу сепкини баланы энеден, энени баладан айрып коет. "Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт" демекчи, июнь айында Ош коогалаңында кырчындай уулдарынан ажыраган энелердин күйүтү баардык энелердин жүрөгү менен өткөн. Ошол энелердин арасынан өтө оор күйүткө кабылган Токтогул районунун тургуну Көчкөнова Дилбар апанын уулунун башы жок, жансыз денесин жерге бере албай, сыздап жүргөн тагдырын августта "Баламдын башын тапсам эле болду" деген темада жазып чыккан элек.
Эсиңиздерге салсак 1979-жылы туулган Алмаз Аскаров бир үйдүн көзгө басар, карачечекей уулу болгон. 16-июнда үйдөн чыккан боюнча үйүнө кайткан эмес. "Бир күн мурун 15-июнда 31 жашка толгон. Туулган күнүндө шаан-шөкөттөнбөй, эл үчүн кайгырып үйдө болгон. 16-июнда "Кыргыз, өзбек, аралашып калды. Тынчыды. Бүгүн эскерүү, элдешүү күнү экен. "Роза Отунбаева өзү келет" дейт. Сырттан көрүп эле келейин" деп жуунуп-таранып, аппак кийинип алып, "Ноокат" деген өзбектердин айылынан жалгыз өтүп баратканын коңшу таксист бала көрүп, машинасы толтура болгондуктан өтүп кетет да, элди таштап коюп, кайра келип таппай калат. 20-июнда жансыз денеси Кара-Суунун Шарк айылындагы суудан табылат. Биз билбейбиз. 23-июнда ДНКларын алып, башы жок көмүп салышат. Бири "22-июнда Сулайман тоонун этегине коюлган" десе, экинчиси "23-июнда "Учарга" 32 жигиттин сөөгү көмүлгөн" деп 83-номерди берди. Издөө бөлүмүнүн кызматкерлери "эже, бул жакка жалаң башы бар, балдар коюлган. Башы жок милиция менен сиздин балаңыз тиги жакка коюлган" дешти. Ошол боюнча белгисиз. Тополоңду сүйбөгөн, оор басырыктуу, шайкелеңди жактырбаган, ак көңүл, боорукер, күйүмдүү жан эле. Бапестеген, жалгызым, уулумдун денесин жазбай таанучумун. Бир жак колунда татуировка менен "КЛОТ" деп, анын астында "СЕР" деген жазуусу бар. Жамбашынын булчуң этинде үч манжа кирчүдөй жаранын ордунан калган чуңкуру бар. Сөөгү колума тийе элек. Сөөгүн алып кетүү үчүн саргайып жүрөм. Эми каяктан казып чыгышат билбейм. Кыргыз сөөктү улук көрөт. "Там бер, үй бер, акча бер" дебейм. Баламдын сөөгүн таптырып эле берсеңиз. Бир өзүнө жетпесем да, сөөгүнө жетейин" деп Роза Отунбаевага да билдиргем. Бакса да, көмсө да, ушунум бар дечү элек" деген Дилбар апа. Күйүтү күчтүү Дилбар апаны бул сапарымда да жолуктуруп калдым. Мурдагыдан да, үрөй учурган жансыз денесинин сүрөттөрүн көтөрүп алыптыр. Жүзүн жашка жууп "кызым, баламдын кандай өлгөнү жөнүндө жакшы билесиң. Мыкаачылар 14 жерине бычак сайган башы жулунуп кеткенче сүйрөткөн. Эки колун билектен кесип ыргытышкан. Ушундай аеосуз өлтүрүлгөн баламдын денесинин сүрөттүн көтөрүп жүрүп жанымды койгонго жер таппай кетем. Бул жолу ДНК жөнүндө айтайын дегем. Моргтон баламдын канынан текшерткенге ДНК алып кетишкен экен. Кийин менден да, эжесинен да, атасынан да, кан алды. Ошол боюнча ДНКнын жыйынтыгы келе элек. ДНКнын Россияга кеткенине ишенбейм. Көзүм жетпейт. Россия союз убагында Кыргызстанга жакшы карачу эле го. Россиядан ДНК чыгып келип калышы керек болчу. "ДНКсы келсе мүрзөсүн таап денесин да, башын да таап беребиз дешкен. Мен бул боюнча калбайм. Атасы экөөбүздү бага турган да, көмө турган да кулунум менден мурун өлүп калып өрттөнүп атам. Беш айдан бери күтүп тажап бүттүм. Жакында соту болду. Сотторго да нааразымын. Алмазды өлтүргөн деп бир чычкандай кичинекей кыргыз баланы кармап алышыптыр. Ал бечера "көргөн эмесмин" деп буркурайт. Коңшулардын көрсөтмөсү менен балам16-июнда үйдөн чыккан. Ал эми тиги байкуш 12-июнда көчөгө чыккан экен. Ага жөндөн-жөн эле жалаа жаап, эптеп менден кутулмайдын гана амалын жасап атышат. Дагы деле сөөгү кайсы жерде экени белгисиз. Мен 55 ке, атасы 63 кө чыкты. Уулумдун өлүмүнөн кийин жашоого да тойдук. Ар бир адамдын башында бир өлүм. Акыркы үмүтүбүз болгон ДНКдан да үмүтүбүздү үзүп баратабыз. Июндан бери сагалап ушул жерде жүрөбүз, өкмөттөн да эч кандай жардам жок" деп даттанып алды.
Жазгүл КАРБОСОВА





КАНДУУ ЖОЛ
(Детектив аңгеме)
Кадырман окурман, кыргыздар башынан кечирген акыркы беш жылдыкта экономикабыз эңшерилип, байлыгыбыз кемигени менен кылмыштуулук гүлдөп өсүп, өлүм-житим эпсиз көбөйгөнүн билебиз. Атайылап адам өмүрүн кыйуу ачыктан-ачык аңызга айланды. Натыйжада "Кандуу жол" аттуу китеп капилет жаралып, калк ичин аралап кетти. Анда Медет Садыркулов баш болгон Кыргызстандын саясатына таасири күч көрүнүктүү ишмер адамдардын жалданма киши өлтүргүчтөрдүн кантип курмандыгы болгону жана кимдер жалдап кан күсөгөнү кеңири баяндалган. Биз ушундан тарта каралуу "Кандуу жол" китебин барактап, сандан-санга узатабыз. Эмесе, жакаңызды кармап, үзбөй окуй бериңиз.

Бирок, анын жигиттери:
- Садырбеков чек арада бир эле машине менен турат, жанында бир орус киши анан шопур эле бар, тосуп барчу жан сакчыларын шаардан чыгарбай кармап калууга үлгүрдүк, бардыгынын телефондору блокто, эч ким менен сүйлөшө алышпайт - дешип айтышкандан кийин планды кескин өзгөртүп, "Садырбековду чек арадан өтөрү менен кармагыла, мүмкүн болушунча чуусу жок, күбөсү жок болсун" - деп команда берген.
Өзү күнөөлүү ушундай чоң ишке киришип жаткандан кийин өз башынын камын көрбөйбү, өзүнүн коопсуздугун камсыз кылып албайбы? Алсыз кишинин тагдыры ушундай, алдууга жеңилет, чындык дайыма күчтүү жакта болот - деп, өзүн-өзү жооткотууга аракет кылган Жакен мындан аркы кылчу иштерин ойлонууга киришти.
Эртең менен шашылыш түрдө депутаттар менен сүйлөшүп чыгуу керек, айрыкча Садырбеков аркылуу Жогорку Кеңешке келгендерди көзөмөлгө алып, коркутчусун коркутуп, сатып алчусун сатып алуу зарыл, башкысы алар чуулдап чыкпаса болду. Экинчи маселе, анын жердештери. Алардын ичинде баш болуп чыкчу кимиси бар экен? - такташ керек. Эң коркунучтуу жак Казакстан, ал жактан чуу чыгып, кысым боло баштаса, кандай аракет кылууну азырынча билбейт. Ал эми жалпы эл деле көтөрүлүп кетпейт, андай деңгээлде уюшкандыкка оппозиция жете элек, неси болсо да шашылыш чара көрүү туура болду окшойт. Балдар буларды бир жаңсыл кылса, анан эрте барып президентке айтуу керек. Ал нааразы болот, бирок айласы жок, болгон ишти кайра артка кайтара албайсың да. Ушул жерде өзүнүн бир тууган агасы, өлкөнүн президенти жөнүндө да ойлонду, анын байкуш, бечара экендигин, болгону кошоматчылыгы менен, элге билинбей жүргөн тымпыгыйлыгы менен ушул даражага жеткенин ойлоду. Азыр өзү бардык иштерди көзөмөлгө алып турбаганда, ал бечара (агасын ушинтип бечара - деп айта турган) бийлигин кармап тура албай, чимкиригин агызып, биринчи эле чыккан оппозицияга алдырып жиберерин ойлоду да сөгүнүп алды. Эсине эки жыл мурдагы ноябрь митингдери келди. Ошондо жок жерден бийлик колдон тайып кетерине аз эле калган. Президент агасы калтырап коркуп арак ичип жатып алганда, иниси Вадим экөө барып "эгерде чечкиндүүрөөк кадамдарды жасабай турган болсоң, биз өз кишилерибизди чыгарып ошол жердеги митингке чыккандар менен мушташабыз, керек болсо атышабыз, биз бийликти жөн эле аларга бере койбойбуз" деп айтышкан. Агасы жалдырап:
- Койо тургула, айласын өзүм табам, мына премьер-министр Курнамысов менен Жогорку Кеңештин төрагасы Ултанов экөө иштеп жатышат, бир амал табабыз дешти, силер чатакка киришпегиле, анда таптакыр жок болобуз, элге каршы чыга тургандай бизде кадыр-барк жок, андай деңгээлдеги саясий ресурс жок - деп, ыйлап да жиберген.
Анда эптеп ыгы табылган жаңы Конституция кабыл алынды деп, президент кол коюп митингке чыккан элди алдап таратып жиберип, андан бир ай өтүп-өтпөй оппозициянын лидерлерин бирден чакырып жатып ичинен ыдыратып, ыркын кетирип, депутаттарга акча берип, сатып алып кайра дагы жаңы Конституция кабыл алышкан, мурдагы кол коюлган вариантты жокко чыгарышкан. Ошону менен ал жолу бийликти сактап калууга мүмкүнчүлүк болгон.
Андан кийин оппозиция кайра биригип келип, агасын муунтуп киргенде дагы бир амал табылган. Алардын шартына көнүмүш болуп, премьер-министрликти алгыла, өзүңөр каалагандай Конституциялык реформа жасагыла, бардыгына макулбуз деген саясатты ишке ашырып, алардын лидерин өкмөт башчылыгына дайындашкан эле. Ошол эле мезгилде генерал Курнамысовко эки жарым миллион доллар акча берип, аны калп эле оппозиция кыла коюшуп, оппозициялык күчтөрдүн бир тобун анын тегерегине чогултуп, апрелде Кибаевдин бийлигин кулатабыз деген ураан менен митингдерди уюштурууга жетишишкен. Мына ошондо оппозиция экиге бөлүнүп, бири-бири менен тирешип калган. Курнамысовдун ошол провакациясынан кийин, аянтка чыккан элди сабап таратып, экинчи келбегендей кылып жалкыткандай болду эле, андан бери эки жыл өтүп, эл ичи кайра тынч эмес. Эгерде, азыр тополоң чыкса абалды кармап калуу өтө эле оор, аны Жакен жакшы билет, ошол үчүн өзү башында туруп, Садырбековдун көзүн тазалоого туура келип жатат. Жакендин оюу боюнча башка арга жок, азыр тизеден кан кечсе дагы бийликти кармап туруу керек.
13-март, күнгө жума.
Таңкы саат төрттөн
жыйырма эки мүнөт өттү.
Жакен чыгып кеткенден кийин суйдаң чач анын артынан чыгып, бат эле кайра келди, колуна кичинекей кагаз коробка менен полиэтилен баштык кармап алып. Үстөлдүн үстүндөгү кулактарды колунун учу менен кармап, коробкага салып бекитти да аны целлофан баштыктын ичине салды. Анан жерде жаткан МЧС менен Слепкону ээги менен жаңсап көрсөтүп:
- Буларды эшикке кантип алып чыгабыз, жердин бары булганат го, - деди.
- Азыр полду бир сыйра сүрүп коелу, анан полиэтилен пленкага ороп эле алып чыгабыз.
- Давай, бат баттан кыймылдагыла! - деди да суйдаң чач эшикке чыкты.
Короодо Жакен турган. Суйдаң чач анын жанына барып, колундагы пакетти көрсөттү:
(Уландысы кийинки санда)







кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
а ­е¦Є.НҐй«