mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Айлакер айым 2
ТОБОЛ ӨРӨМКАН
Сериал
"Айлакер айым-2" сериалы уламдан-улам ого бетер бүйүр кызыктырат. Заринанын баласы кимден, Канат Темирбекович экөөнүн тагдыры кандай болот, Салыйка жалдаган детектив кызга кол салабы, төрөт залдан уулун уурдаткан Зарина кандай кадамдарга барат жана Заринанын апасынын оор тагдыры ж.б. ж.б. жөнүндө билип, сериалдын кызыгына баткыңыз келсе, анда "Айат" гезитинин бир да санын калтырбай окуңуз.

(Башталышы өткөн санда)
Канат Темирбекович кабагына кар жаай саунадан чыгып, капкара Мерске отурду да айдоочуга "аэропортко" деп бурк этти. Ичинен өзүн-өзү жектеп, жемелеп баратты. Жанына отурган кошоматчылар да жолдо катар лам деп ооз ачпады.
"Ушу кээде башым иштебейт, министр болуп туруп кутургандын балакетин аламбы? Балким бул кошоматчылар баарын атайын уюштуруп аткандыр. Өткөндө тиги белгилүү оппозиционердин сырдуу жашоосу коомчулукка чыгып кетип, эл караган бети жер карабады беле. Ошону баарыбыз шыпшына видиктен көрүп, жийиркендик эле го. Мен түндө андан ашсам аштым, асты кем калбадым. Тиги кыздар оорукчан болсо өлдүм да. Түүй, иттики, алдыраарда жаздыраар болбой, экинчи ушинтип чочкодой ичип, акыл-эстен ажырагыча аңкилдик атканды токтотуш керек. Непадам менин төшөк оюндарымды булар да тартып алып, коомчулукка тарап кетсе өлдүм да. Өткөндө эле бир министрдин эс алып жүргөнүн тартып алышып, шефке көргөзүштү деп уктум эле. Бирок, аныкы сойку эмес көптөн бери арзып жүргөн жаш токолу экен да. Шеф ал министрди кабинетине чакырып, кассетаны көргөзүп, эскертүү берди деп атышпады беле. Кудай уруп мен да шерменде болбоюн. Кой мындан нары командировка, оюн-зоокту токтотуп, баш көтөрбөй иштеп, ичкиликтен алыс болбосом, ит кейпин кийгидеймин. Заринам эле жетет мага, алтыным десе, мен аны кандай сүйөм, мени сагынып, кусаланып жатса керек. Эстегенде телефон чалып коеюнчу, эки күндөн бери такыр дайнын сурабай жоголдум. Сарсанаа болуп аткандыр". Сан ойлордон алаксый министр чөнтөк телефонун алып, кыздын номерин терди. Зарина бул маалда душтан чыгып, үй-жайын жыйыштырып, тамак ичип, телевизор көрмөккө жаңы эле диванга кыйшайган.
- Жаным, кандай? Ден соолугуң жакшы элеби? Иштерчи?
- Баары жакшы, баары жайында. Болгону бир эле проблема бар. Айта берейинби, же көңүлүңүздү чөктүрбөйүнбү?
- Ой, тынччылык элеби? Айт, айта сал. Илибой проблемаңды чечем. Главный сен эчтеке ойлонбосоң болду.
- Проблема эле ушу, сизди иттей сагындым.
- Өх, ушу элеби, менин да жүрөгүм түшүп кетсечи. Кудай буюрса бүгүн барам, сагынычыңды жазам.
- Билбейм, айтор сизсиз жашоо мага абдан кыйын экен. Сиз кеткени уктай албай кыйналдым. Сизди кызгандым. А балким түштүктө менден да ашкан сулуусу болуп, ошонун койнунда жатса керек деп ойлондум, жинди болдум. Айтыңызчы сизде менден бөлөк эч ким жокпу? Чындап сүйөсүзбү мени?
- Жинди болбочу, сенден бөлөк эч ким. Ишен жаным, давай капа болбо барып калам. Азыр жанымда кишилер бар, көпкө сүйлөшө албайм.
Министрдин звоногунан кийин Зарина өзүнүн ойлоп тапкычтыгына маашырлана диванга чалкалай жатты да, билинер-билинбес болуп чоңоюп келаткан курсагын сылады. Ойлору он сан. Айлакерлигине өзү да кубанып, сүйүнүчү чексиз. Бирок "бүгүнтөн баштап жашоо смирно! Эч кандай гулянка, мулянка, жигит, пигит оозумдан отуз эки жолу айлансын, все баланы жакшылап төрөп алайын да, биротоло мунун башын байлайын" дегенди ойлогондо кабагы чытылып, ооздору чурмуйуп, кашын серпип алды.
Камчы ойгонсо кунарсыз төшөгүнөн Зарина небак туруп, куйругун түйүптүр. Башы тим эле кеңгирейт. Кир шейшебине кыздын атыры сиңген экен, аны шуу-шуу жыттап, кумарланды. Акыркы мезгилде мынчалык да жыргай элек болчу. Бирок жашаган үйүнүн кир, шалтагын көрүп "эми Зарина мага экинчи жолу келбейт, анын алдында мен эмне бир байкушмун да, теңине алмак беле" деп бир кемсинсе, "каап, эптеп телефонун алып калбай же жашаган үйүнүн дарегин, шантаж кылсам да жашоомду оңдоп, акыры өзүн алып тынат элем" деп өкүнгөнгө үлгүрдү. "Энеңдурайын, көп эле кыздарды алып келебиз кыңшылатып, бири да үй жыйнап койгонго жарабайт. Ичип, жеп, итибизди чыгара үстүбүзгө чыгып желип, үйдү үч көтөрө онтоп алып жоголушат. Бекер тамак, бекер секске жедеп көнүштү, буларды иштетиш керек" деп ичинен сөгүнө, чогуу жашаган досторунун бирине телефон чалды.
- Адыл, салам? Делдиреп кайда жүрөсүң? Дагы бир кыздын башын айлантып дароо койнуна жата калдыңбы?
- Эй, айтасың да досум... кыздар өзү моюнга асылып атса жатпаганда эмне? Пока бойдок кезде жыргап алалы да. Кечөө паркта сейилдеп жүрүп бир кызды кылтакка илгем. Башында "кызмын" дегендей кылып кылыктанып аткан, арак ичкенден кийин эле талтайып жатып берди. Кирсем кыздык турмак балээ жок. Мага чейин эле бир нечеси тейлеп кеткен көрүнөт.
- Аа, ал эми турулуу да, сен экөөбүз эле канча кыздын убалына калдык. Андан көрү давай балдарга айтчы, типо сүйлөшүп жүргөн кыздарын чогултсун.
- Аларды эмне кыласың?
- Эмне кылмак элем, субботник өткөрөбүз, үйдү актатып, тазалатып, кир-кокту жуудуруп алалычы. А то жашообуз бомждордукунан айырмасы болбой калды окшойт.
(Уландысы кийинки санда)




кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
а ­е¦Є.НҐй«