Булбулдун үнү катпайт

Съездбек Искеналиев, ырчы:
"Акылдууну доо албайт"
Уйку
Элибизде "уйку төшөк тандабайт" деген лакап бар. Уйкуга абдан жакшымын. Мышыктай болуп көп уктайм. Жумушум көп болгон учурда, уйку өзү эле азаят. Негизи үй-бүлөдө бири уйкучу болсо, бири сергек болот экен, ошондуктан бактыма жараша жубайым өтө сергек адам.
Достук
"Досу көптү жоо албайт, акылдууну доо албайт" демекчи, чыныгы достукка абдан бекеммин. Достун көп түрү болот акча дос, арак дос, ж.б көптөнгөн достор болот. "Дос жакшысы бир жамандык жакшылыкта билинет" экен. Ташың өйдө көтөрүлүп турганда сен өйдөсүң, ташың ылдый болсо сени таштап кеткен, бул достукка жатпайт. Башыңа мүшкүл иш түшкөн учурда сага жөлөк-таяк болуп турган адам, чыныгы дос болуп эсептелинет. Баарына дос боло бербейм бирок, достуктун чынжырын бекем кармайм.
Жалгыздык
Бул сөздүн мааниси өзү жакпайт "жалгыз деген - жалгыз". Адамда негизи көөдөндө, жан-дүйнөдө жалгыздык боло берет. Ал эми жакын адамдарым ар дайым жанымда болгондуктан, эч убакта жалгыз болбойм. Жалгызсыраганга жол беришпейт. Ошондуктан бактылуумун.
Ашканада
Тамакты укмуш жасайм деп мактанбайм, келинчегимдин ар бир тамагы даамдуу. Колдон келген жеңил тамактарды жасайм, албетте келинчегим үйрөткөн. Айрыкча "ассорти" салатын жакшы жасайм. Студент кезде айылга барганда, апам сүрсүгөн эт менен колго камыр жайып жаркөп жасап берчү. Азыр апам мен барганда эле, ушу тамакты жасай баштайт. Кийиктин этин абдан жакшы көрөм.
Спортто
Спорттун фанаты эмесмин атайын спорттун бир тармагы менен машыкпайм тренажердук залдарга барып, ден соолукту чыңап турам, теннис жагат. Кээ бильярд ойноп калганда ой келди ата берем, анда-санда түшүп калат. Адамдын ден соолугунун чың болушу ар бир адамдын өз колунда болот. Ошондуктан, сөзсүз түрдө тренажердук залдарга барбай эле эртең менен турганда, бир аз денени түзөп чоюп, гимнастика жасап койсо ашыкча болбойт.
Опера - Балет
Бул тармак жагат. Студент кезде абдан көп барчумун. Азыр убакыт тартыш болуп, көп бара албай калам. Негизи чыгармачыл адам катары баалайм. Шаңдуу ырларга караганда, операдан адамдар кадимкидей эс алат. Ар бир инсан эс алуу үчүн операга барыштары керек деп ойлойм.
Саясат
Заманыбызга байланыштуу жаңы тили чыккан бала деле "саясат" деп чыгып калды окшойт. Өзгөчө акыркы беш жылда. Эки адамдын башы бириксе эле саясат. Чынын айтсам саясаттан тажап бүттүм. Баарыбыз эле саясатчы болуп кеттик. Келечекте да аралашпайм. Элибиз, заманыбыз тынч болсо деп тилек кылам.
Китеп
Кыргыз жазуучуларынын бардыгын сыйлайм, урматтайм, жакшы-жаман деп сын-пикир айтуудан алысмын. Кызыгып китептин артынан түшүп окубайм, кээде кызыктырып айтып берип окуп калбасам эле.
Тасмада
Акыркы мезгилде ырчылык менен кошо кино тармагына да аралашып, өзүмдү ушул тармактада сынап жүрөм. Кино тармагына чек жок. Ырчылардын өзүнүн бир мөөнөтү бар. Чыгармачылык пастап калган учур болот, ал эми актерлукта чек жок. Келечекте ушул кесипти да аркалсам деген тилегим зор.
Перизат КАДЕНОВА





Муңдууга муңдуу муюшат
"Миң койлууга карышкыр тийсе, бир койлуу бычак ала чуркайт" демекчи, 7-апрелде ызырынган эл, Максим Бакиевдин үйүнө өрт коюп, өрттөн урап төбөсү түшкөн үйдү башпаанек кылып турууга жаш майыптар кирип алган. 30-октябрда Кожомкул атындагы Спорт ордосуна бул "Жаш майыптар коому" кайрымдуулук концерттин уюштуруп атканын угуп, аны менен катар чатыры жок үйдө жашап аткандардын абалдары менен таанышуу максатында босогосун аттап, бир топ адамдардын ой-пикирлерин угуп кайттык. Учурда, 50дөй адам жашайт экен. Алгач кайрымдуулук концерттери туурасында эле маалымат бере тургандыктан, бул жердеги жашап жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын тагдырын кийинки санда толук чагылдырабыз.

Эрнис МЫКТЫБЕК уулу, Жаш майыптар коомунун төрагасы
- Тагдырлар бар бул жашоодо ар кандай,
Таң калбагын колго жасап алгандай.
Ар бир адам жашаш керек татыктуу.
Тээ бийиктен чолпон жылдыз жангандай - деп өзүбүз жазганбыз.

Бул коом 2005-жылы түзүлгөн. Жалпы 530 майып кыздар-балдарыбыз бар. 200 балабыз ордунан туруп, баса алышпайт. 90 пайызы жасалма бут, кол менен жүрүшөт. 7-апрелде дагы коомубузга мүчө болуп, жарадар болгон майыптар кошулушту. Апрель коогалаңында бутунан ажырап, Ачакеев деген милициянын кызматкери ооруканда жатканда эки буту, колу жок он чакты балабыз абалын сурап барганда өтө ыраазы болгон. Майыпты майып адам гана түшүнбөсө, дени карды соо адамдын түшүнүшү кыйын. Өз көмөчүбүзгө өзүбүз гүл тартып, 30-октябрда кайрымдуулук концерт уюштуруп атабыз. Ал концертке конок катары кыргыз эстрада ырчыларынан Ю.Бобков, Г.Сатылганова, А.Жетигенова, Н. Абдырахманов, А.Иманалиева, Р.Аманова, А.Турдалиева, Г.Тойгонбаева, Б.Мамаев, А.Чалова, Даниель, Ф.Карбосова, К.Раймалиева, У.Үсөнов, Неля, Д. Акулова, Д.Кангелдиева, З.Арыкбаев, Ж.Бобкова, С.Искеналиев жана башкалар катышышат. Андан сырткары жаш майыптардын арасындагы ыр-бийге шыктуу таланттуу балдар-кыздарыбыз өздөрү жазган ырларын ырдап чыгып, өз өнөрлөрүн тартуулашат. Концерттин билеттерин өзүбүз эле, тигүү цехтерди, базарларды, окуу жайларды кыдырып сатып атабыз. Бизди колдоп "Ар-Намыс" партиясы 250 билет, "Билайн" компаниясы 100 билет сатып алышты. "Ушул үйдү жаш майыптарга чечип берсеңиздер" деп, өкмөт мүчөлөрүнүн ар бирине үч сыйрадан кат жөнөткөнбүз чечиле элек. Эгер чечилип калса, бул жер жатакана болбойт. Майыптарды иш менен камсыз кыла турган борбор кылалы дегенбиз. Учурда таланып-тонолуп кетпесин деп коруп, убактылуу жашап жатабыз. Жаан жааган күндөрү үстүбүздөн суу тамып, үшүйбүз. Күн ачылса бактылуубуз. Кыштан аман-эсен чыгышты көздөп, концерттен түшкөн акчаны бул үйдү оңдоп-түзөө иштерине жумшайбыз деген тилектебиз. Ушул себептен борбордо жашаган кайрымдуу кыргыз элин, кайрымдуулук концертибизге чакырабыз.
Жазгүл КАРБОСОВА