mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Тасма талаасында

Асел ЖУРАЕВА, кинорежиссер:
"Фестивалдан сабак алдым"
Темир Бирназаровдун окутуучусу, жаш кинорежиссер Асел Жураева жакында эле Египетте өткөн 14-Исмайилдик эл аралык кино фестивалга катышып кайтты. Фестиваль тууралуу Асел менен кыскача ой бөлүштүк.
- Асел, Египетте өткөн фестиваль тууралуу айтсаң, кайсы тасмаң менен катыштың?
- Бул 14-Исмаилдик эл аралык кино фестиваль он төрт жылдан бери өткөрүлүп келсе да, Кыргызстандан биринчилерден болуп быйыл менин "Өмүр бешиги" аттуу даректүү тасмам сынактан өтүп, фестивалга жолдомо алгам. Мындай чоң фестивалдарга барарда албетте, толкундануулар болбой койбойт экен. Барганда дүйнөнүн төрт бурчунан келген киночулар менин тасмамды "кандай кабыл алышар экен, эмгегим бааланар бекен" - деп түркүн ойго чөмүлдүм. Жеңишке жетишип, сыйлык албасам да, эл аралык чоң фестивалга катышуунун өзү эле жеңиш болду.
- Фестивалда кандай темадагы тасмалар көрсөтүлдү?
- Тасмалар кыска метраждуу, даректүү, эксперименттүү жана анализдүү болуп төрткө бөлүнүп, дүйнөнүн булуң-бурчунан келген киночулардын жетимиштен ашуун тасмасы көрсөтүлдү. Фильмдер көрсөтүлгөн соң, ар бир тасманы бир сааттай талкуулап, киночулар бири-бирибиз менен тажрыйба алмаштык. Ар бир улуттун киночуларынын оюн угуп, тажрыйбасын көрүп, бир топ сабак алдым десем болот.
- "Өмүр бешиги" тасмаң кайсы жылы тартылды эле?
- "Өмүр бешиги" тасмасы 2009-жылы тартыла баштагам. Толук тартып бүтүп, монтаждалганча бир жыл убакыт талап кылып, быйыл даяр болду. Эми буюрса, кино сүйүүчүлөрүнүн назарына салынат.






Айшвария Рай
Киного окшош тагдыр
Өз аты Айшвария Кришнарадж Рай. Актриса 1973-жылы 1-ноябрда Индиянын Мангалор шаарында жарык дүйнөгө келген. Рай бала кезинде архитектор болууну эңсеп, университеттин архитектура жагына тапшырат. Аны аягына чыга электе актрисалык жолду аркалап, 1994-жылы дүйнөлүк сулуулар сынагына катышып, "дүйнө сулуусу" аталган.
Айшвариянын жашоосу бүтүндөй детективи да, мелодрамасы да бар киного окшош. Актриса 1999-жылы индиянын белгилүү актеру Салман Кхан менен "Кылымдарга сендикмин" аттуу тасмага тартылып атканда таанышып, экөөнүн ортосунда махабат сезимдери алоолонот. Кинодо жароокер жигиттин образын жараткан актер жашоодо орой жана өзүмчүл экенин анда Рай баамдаган эмес. Кызганычтын айынан Кхандын ур-токмогуна кабылып, көзү көгөрүп, көчөгө чыга албай калган күндөрү да болгон. Кызганычтын айынан Салман Райга бир топ эле кордук көргөзгөн. Акыры апасынын айтуусу менен чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгон Айшвария Лондонго сапар тартат.
Күндөлүк менен
сырдашкан күндөр
Рай капа болгондо же кубанганда ички сезимин дайыма ак кагазга жазар эле. Салман менен ажырашып, жаңы жашоо баштаар алдында да күндөлүккө сырын төгүп, "мен дүйнөдөгү эң бактысыз адаммын. Бирок, баарысын жакшы жагына өзгөрткүм келет. Жакшылыктан үмүт үзбөй жашайм" деп жаңы күндөлүктү баштаган. Күндөгү болгон окуясын күндөлүк бетине түшүргөндү адат кылып алган актриса "дүйнө сулуусу" конкурсуна катышып атканда сырдашы болгон күндөлүгүн уурдатып жиберет. Эки апта өткөндөн кийин баягы күндөлүктөгү актрисанын сырлары гезит беттерине чыгып, ага конкурстун жетекчиси Ричард Стейнметц ойнош болуусун сунуштаганын, Рай мындай сунушка каршы болгону коомчулукка тарап кеткен. Ошондон кийин Айшвария күндөлүк менен сырдашууну токтоткон.
Голливудду багындырган
индия актрисасы
Лондонго келгенде режиссер Гуриндер Чадха Айшварияга "Невеста и предрассудки" тасмасына тартылууну сунуштайт. Аталган фильмден кийин Рай голливудга таанылган. Голливуддун тасмасына түшүүнү самаган Айш убактысынын жоктугунан сүйүктүү актеру Роберт Де Ниронун тасмасына тартылуу сунушунан баш тарткан. Бирок "жакшылыктын эрте кечи жок" демекчи, актриса голливудга кадам таштап, алгач Жерар Депардье жана Ален Делон менен "Остерикс жана Обеликс" тасмасына тартылган. Ошону менен Айштын голливуддагы карьерасына даңгыр жол ачылган.
Кинонун артындагы
кыйноолор
Болливуддун падышасы Шах Рук Кхан менен тартылган "Девдас" фильминде актриса машинанын алдында калып, бир ай ооруканада жаткан. Ошентсе да иштен качпай, "тоскоолсуздук жана кыйынчылыксыз ийгиликке жетүүгө мүмкүн эмес" деп ишин уланткан. Айтмакчы, индиянын Ромео менен Джулиеттасын сүрөттөгөн "Девдас" тасмасы Канн фестивалына чыккан биринчи фильм болгон. Аталган фестивалда Айшвария Рай сари кийип, килем төшөлгөн жолдо баратканда голливуддун айчырайлуу актрисасы Джулия Робертс Райды "дүйнөдөгү эң сулуу айым" деп белгилеген. Айшвария быйыл да Канн фестивалынын көркүн ачып, күйөөсү Абхишек менен тартылган "Злодей" тасмасын көрсөттү.
Жеке жашоосунда
жолу болбой…
Ишинде ийгилик биринин артынан бир келген менен Райдын жеке жашоосунда эч кандай өзгөрүү болбостон, жалгыздыкка моюн сунуп жашай берет. Кесиптеши Вивек Оберой менен мамиле түзүп, жаңыдан кыз-жигит болуп жетелешип калганда Салман Кхан кийлигишип, Вивекти коркутуу жолу менен Рай экөөнү ажыратат. Сүйүүдөн жолу болбогон актриса таптакыр жигит менен сүйлөшпөөнү чечет. Бирок, тагдыр тамашасы тез эле башкача бурулуш жасайт.
Дүйнөдөгү эң сулуу
айымга арзуу
Айшвария Абхишек Баччан менен 1999-жылы "Спасение в любви" тасмасына тартылганда таанышкан. Анда кесиптештер бири-бирине өтө маани берген эмес. Актриса ал кезде Салмандын сүйүктүүсү болсо, Баччан Каришма Капурду жактырып жүрчү. Абхишек менен Рай улам бир тасмага тартылып жүрүп, акыры жакшы достордон болуп калышат. Достуктун артында өчпөс сүйүү тутанып, акыры Баччан дүйнөдөгү эң сулуу айымга арзуусун билдирип, колун сураганда Абхишекти жанынан чыгаргысы келбеген Айш "Салман экөөбүздү да ажыратып койсо кантем?" деп кооптонот. Бирок, булардын махабатына Салман эмес, Абхишектин ата-энеси каршы чыгат. Райдын күнөөсү "Байкери-2" тасмасына тартылганда баш каармандын образын жараткан Ритик Рошан менен өбүшкөнү болгон. Экөөнүн сүйүүсү баардык тоскоолдуктарга туруштук берип, 2007-жылы Айшвария менен Абхишек баш кошот. Үлпөт той үч күнгө созулуп, Баччандардын хан сарайына конок батпай, эки жашка бакыт тилегендер көп болгон. Үч жылдан бери эне болуу бактысын самап келген Рай учурда кош бойлуу. Жолдошу Абхишек экөө балалуу болуу күндү күтүп келишет.
Бурул МУСАБЕКОВА




"Белгисиз маршрут"
тасмасынан сүртүмдөр
Ар бир эмгектин артында түмөн түйшүк жатаары бештен белгилүү. Анын сыңары, кино режиссер Темир Бирназаров да "Белгисиз маршрутту" тартып атканда далай кыйынчылыкты башынан кечирип, өзү гана түйшөлбөстөн, артисттер да арбын азапка баткан. Бирок, тасма тартылып бүтүп, кино сүйүүчүлөргө тартууланган соң анын баарысы артта калып, түйшүктүн баарысы кызыктуу окуяларга бай болуп чыга келген. Мисалы, автобустун ичинде эки-экиден мушташып, ызы-чуу болгон эпизодун тартып атканда КРнын эмгек сиңирген артисти Асылбек Өзүбековдун оң бетинде чапталып турган калы түшүп кетип, шашкан Асылбек мырза жерде жаткан калды ала салып, бетине чаптап кайра ишин улантат. Бир маалда режиссер караса, оң беттеги кал сол бетке чапталып, жарымысына чейин тартылып калган эпизод жарактан чыгып, кайра башынан тартууга туура келген. Тасмада көпчүлүк артист имиджин өзгөртүп, образдарды мыкты жараткан.
Биз да "Белгисиз маршрутту" тартуу учурдагы сүрөттөрдү сүйлөтүүнү туура көрдүк.




кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
а ­е¦Є.НҐй«