кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
п»ї

  Биздин күндүн алдында

Жума каарман
Аптанын алдыңкы адамы болуп үтүктөн бери сүйлөп, элдин баарын өзүнө тиктетип, бирок өзү элди көз айнеги аркылуу караган Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев болду. Береги сүрөттөгү кол кысышып турган Курманбек Бакиев бийликке келээр күнү бир күн ИИМдин министри болуп, эртеси креслодон жылмышып калган. Кызматын майлаганга да үлгүртүшпөй, гүл кармаган төңкөрүшчүлөр эки жүз метр басып, андагы бийликти Кеңешбек Асанбековичке кошуп төңкөрүп жиберишкен. Кызмат ызасына чыдабаган экс-атка минерлер менен кеминдиктер биригип партия түзүп, ал учурдагы оппозиция короосунда шынаарлап калышчу. Алар салкын мамиле кылган күнү, тактап айтканда былтыр август айындагы Бакиевге кайра таажы кийгизебиз деп дүжүрлөр шайлоо алдында жүгүрүп жүргөн мезгилдеринде "Чүйдүн чүйгүндөрүбүз" деп Сары-Өзөндүн аттуу-баштуулары андагы ажого кирип, мына минтип колдорун кысышып, ак баталарып берип, Атамбаевден сиз түзүк маанисинде баштарын үкүчө силкилдетишти эле. Тагдырдын тамашасын караңыз, жыл айланбай Бакиев бийлиги кулап, алар менен биринчи күрөшчү адамга айланды. Болгондо да андагы оппозиция көрбөгөн кордуктарды көрүп жүргөндө Кеңешбек мырза жылуу үйдө сыналгыдан жаңылык көрүп олтурса керек эле. Азырчы, азыр? "Бакиев эле эмес, анын батальонуна согуш ачтым" дейт. Мурдагы Бакиевчилерге карата өз иш-аракетин көрөт. Байболовго окшогон чыныгы адистерге акаарат айтат. Тилекке каршы, бул адамдын акыркы кадамы анын чабалдыгынан кабар берип, бүтүндөй бир мекеменин азаматтарын жалгыз Камчыбек Ташиев алдында уят кылды…








PDF формат









??.??