Айгерим РАСУЛ кызы, ырчы:
"Бирөөнү гана сүйөм"
Ийгиликтен пейлиңди тартпа
Уйкучу эмесмин. Дайыма таң эрте тургандыктан, ар бир күнүм ийгиликтүү болот. Эрте туруп, бир ишке эрте даярданганда сөзсүз ийгилик коштойт. Өзүм да жаңы иш баштарда төлгө кылып, эрте туруп камынам.


Сүйүүнү даңазалаган Индия
Буга чейин гастролдоп Кытай, Казакстан, Россия мамлекеттерине баргам. Европа өлкөлөрүн кыдырып, ал жактын да турмушу менен таанышкым келет. Бирок, эңсеп, самап баргым келген өлкө Индия. Буюрса барып келем деген ишеничтемин. Ошентсе да баардык өлкөдөн Кыргызстаным артык. Кай жерге барбайын бир аптадан ашык жүрө албайм.


Таттуудан такыр кача албайм
Майлуу тамак-аштар менен азыктана албайм. Ошондуктан, Ош тарапка барганда тамак-аштан абдан кыйналам. Себеби, ал жакта тамактардын баарысы майлуу. Мага сүт азыктары жана кондитер азыктары жагат. Торт, йогурт дегенде кыя өтпөйм.


Эх сүйүү, сүйүү
Жашоодо чыныгы махабат, таза сүйүү бар экенине ишенем. Өзүм бирди гана сүйгөн адамдардын катарын толуктагандыктан, оңой менен бирөөнү жактыра бербейм. Мени жактырып, сүйүүсүн арнагандарды да жаныма жолото берүүнү жактырбайм.


Кыйналсам да кыя өтпөйм
Дүкөндөрдөн көйнөккө караганда туфли сатып алгандан тажабайм. Бир формадагы туфли жагып калса, көйнөктөрүмө түстөш болуусу үчүн анын баардык өңүн сатып алам.


Теминген темир тулпарым
Буга чейин атам белек кылган "Lexuz" айдачумун. Учурда спорттук үлгүдөгү "Mercedes-SLK" автоунаасын минип жүрөм. Негизинен машина шашылыш учурда жумуш бүткөргөнгө абдан ыңгайлуу.


Гүл болбосо багыңда, булбул кайдан сайрасын
Камелия гүлүн өзгөчө жактырам. Келбети коңгуроо сыяктуу болуп, жыты да башкача. Түсү да өзгөчө көрк берип турат. Бир жагынан гүл гороскобу боюнча мага камелия гүлү туш келет. Ошол себептен камелия гүлүн эле жактырбастан, "Камелия" фирмасынын кийимдерин да кийем.


Айтчы күзгүм,
бул дүйнөдө ким сулуу?
Сулуулук үчүн өтө кам көрбөйм.
Сахнага чыгарда эле "Pupa" фирмасынын косметикасын колдонбосом, үйдө таптакыр боенбойм. Түнкүсүн гана уктаар алдында бетимди тоник менен тазалап коем.


Берчи мага
жарым кашык музыка
Латын Америка ырчыларынан Беонсе менен Бритни Спирстин талантын, ырларын жактырам. Ал эми өзүбүздүн эстрададан атам Расулдун талантын жогору баалайм.


Голливудду багындырган
индия тасмалары
Акыркы кезде "Аватарды" көрдүм, жакшы тартылыптыр. Өзүм Америка же Франция тасмаларына караганда индия тасмаларын көп көрөм. Болливуд жылдыздарынын сүйүүнү даңазалап, чыныгы махабат үчүн күрөшкөн маңыздагы тасмалары аябай жагат. Азыр индия тасмалары "Оскар" сыйлыгына татыктуу болуп калышты.


Чаңкаганда чай
ичкин деп сен мага
Чай ичмейинче жүрө албайм. Ал эми суусундуктардан алча ширесинен башканы ичпейм. Газдалган суусундуктарды жактырбайм.


Досу көптү жоо албайт
Достукка бекеммин. Жашоодо чыныгы достор саналуу гана болот. Өзүм балдар менен эмес, жалаң кыздар менен достошом. Кайгымды бирге тартып, кубанычымды тең бөлүшкөн чыныгы досторум аз эле.


Үй-бүлөм - кичи мекеним
Эжем Жанна турмушка чыгып, өз алдынча очор-бачар турмуш куруп калган. Ал эми иним Руслан сахнага чыгам деп ырларды жаздырып, даярдык көрүүдө. Сиңдим Аяна мектеп окуучусу болсо да сахнага чыгууну максат кылып, ырчы болууну самайт. Ата-энебиз бизди колдоп, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп келишет.


Бурул МУСАБЕКОВА