Дүйшөн МАМАТОВ,
"Ак-Жолтой" акционердик коомунун профсоюздук комитеттин мүчөсү:
"Революция максатына
жеткен жок"
- Дүйшөн мырза, Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин 7-апрелдеги революция максатына жеттиби?
- Жеке көз карашымда парламенттик шайлоодон кийин революция эч кандай максатына жеткен жок. Себеби, 6-апрелде Бакиев бийлиги оппозициянын баардык лидерлерин камап салган. Ошондо кыргыз калкы асмандан нөшөрлөп төгүп турган жаанга карабай, Бакиевдин ак үйдөн мөндүрдөй болуп атылган огуна карабай бийликти кулатышып, Убактылуу өкмөткө алып беришкен. Булар эң чоң ката кетирди. Кырчындай балдардын каны төгүлүп, бийликти канча адамдын көз жашынын артында ак үйдү колго алгандан кийин, биринчи өздөрү Бакиевдей болуп эле бийликке бекип алып, мамлекетти турукташтырып туруп, анан шайлоо кылышса болмок. Булар антпестен "алты айдан кийин кетебиз, биз Убактылуу өкмөтпүз" деп койгон сөздөрүнө туруп, кетип калышты. Экинчи катасы, ушундай кадамга барган соң революцияда каза болгон 87 эр жүрөк жигиттерибиздин арбактарын сыйлап туруп, жеке "мен, мен" деген амбицияларынан баш тартып, жок дегенде "Ата Мекен" партиясы менен СДПК бириккенде жакшы болмок. Ошондо булар шайлоодон жеңип чыгып, революция максатына жетмек. Булар, амбицияларынан алыс кете албай койгону үчүн "Ата- Журт" партиясы булардын бөлүнгөнүн көрүп алып жакшы пайдаланышты да, жеңишке жетишти. СДПК менен "Ата Мекен" түндүктүн добуштарын бөлүп коюшту. Дагы бир катачылыктары, булар Убактылуу өкмөткө келери менен карапайым элдерден оолактап, революцияга чейин бирге жүргөн адамдар менен сүйлөшүүдөн качып, мобилдик телефондорун алмаштырып же жардамчыларын сүйлөштүрүп, айтор алыстап кетишти. Элдин сөзүн угушкан жок. Бир гана Алмаз Шаршенович эл менен байланышып, убактысы болбой калганда кечирим сурап, өзүнүн сөзү менен көңүлдөрүн жубатып, элдин көз алдында турду. Калган лидерлер эл менен жолугуп, алдыдагы иш пландарын айтып кеңешип тургандын ордуна бир-эки айга жетпей бири-биринин кылыктарын айтып, былыктарын чукуй башташты. Муну эл гезит, теле аркылуу көрүп, билип эле атышты. Ушул жагдайдан кийин Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнөн элдин көөнү кайтып, ишеними жоголо баштады. Элдин ишеним артпай калганынын дагы бир себеби, булар мурдагы бийликтин кадрларынын 80 пайызын кызмат ордунда калтырып коюшканы болду. Буга бир мисал, биздин урматтуу мэрибиз Иса Өмүркулов Шейшенкулович Наримандын төрт вице-мэрин ордунда калтырып койгон. Жакында гана бир вице-мэрин кетирди. Анысы да шайлоого катышкан үчүн кетти көрүнөт. Ал эми калгандары бүгүнкү күнгө чейин эле кызматта олтурушат. Керек болсо ЖКга шайлоо болуп атканда илгери Бакиевге добуш алып берип келген ошолордун өкүлдөрү иштеп атышты. Ушундай катачылыктарынын айынан элдин ишениминен ажырады десек жаңылышпайбыз.
- Демек, парламенттик шайлоодо революционер партиялар ушундай катачылыгынан улам жеңишке ээ болбой калган турбайбы? Дегеле сиздин пикирде булар эмнеге утушка ээ боло албай калышты?
- Буга бир эле себеп, "Ата Мекен" менен "Акшумкарды" айтайын. "Акшумкарда" Темир Аргенбаевич жакшы иштеген жок. Элдер менен да аралаша албады. Стадиондорго көп эл чогулуп аткандарына эле кубанышып, "бизге ушунча эл келет экен" деп жүрүштү. Түштүк тарап буларды абдан алдады. Темир мырза агитаторлорун да жакшылап көзөмөлдөй албады. Агитаторлорунан сурасам акча да алышпаптыр, анан кантип иштешмек эле. Ушул жерден бул жигит аксады. Ал эми Өмүрбек Чиркешович таптаза эле элден качып, өзүн төбөсү көккө жетип калгандай сезип калган. Партиялар арасынан биринчилерден болуп Спартак стадионуна чогулуш өткөрүп, ошол жерде кишинин батпай калганынан өздөрүн көкөлөтүп алышкан. Ал жерге жалаң "Ата Мекендин" эле адамдары эмес, көрөлү, программасын угалы деген көрүүчүлөр да көп болгон. Стадиондо шоро, балмуздак бекер таратылган, акысыз концерт коюлган үчүн жаштар ошого агылып барды. Ошентип, элдин саны көп болсо, булар ошого кубанып жүрө беришкен. "Ата Мекендин" экинчи катасы, үгүт иштеринин учурунда бүт шаардагы, айылдагы бак-дарактарга кызыл чүпөрөк байлап, мазарга айлантышып, элдин кыжырына тийгени болду. Менимче, "Ата Мекен" ЖКга келбей да калышы мүмкүн болчу. Себеби, элдин көңүлү "Ата Мекенден" абдан калган. Ал эми келип калганынын себеби, биринчиден, Таластын кулуну Болот Шер бар эле. Экинчиден, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматова болгон үчүн Чыңгыз аганын арбагын сыйлап, Талас эли колдоду. Чүйдөн Туратбек Мадылбеков деген жигит бар болгондугуна байланыштуу Чүй эли да салымын кошуп, булар марага эптеп-септеп келди.
СДПК төрагасы Алмаз Шаршенович элдерден колун үзбөй, кабар алып турду. Анан Алмаз мырза партиясына талапкерлерди туура тандап алган үчүн экинчи орунга келди. СДПК башка партияларга салыштырмалуу уюшкандыкта иштешти. Ошон үчүн СДПК экинчи орунду алышты. Эгерде жогоруда айткандай, биригип алганда биринчиликти бермек эмес. Бир чети бирикпегени өздөрү үчүн жакшы болду, себеби эл алдында "Мен, мен" деп төшүн каккандар кимдин кадыр-баркы канчалык экенин өздөрү сезишти.
- "Ата-Журт" алдыңкы орунду алганына көпчүлүк эл нааразы, ал тургай айрым жерлерде митингдер да өткөрүлүүдө. Мындай көрүнүштөрдүн артында үчүнчү революцияга жол ачылып кетүү коркунучу жокпу?
- "Ата-Журттагы" талапкерлердин дээрлик көбү мурда Бакиевдин оң колу болуп иштеп келгендер. Ошондуктан, буга элдер каршы болууда. Эл алданганын эми билип атат. Эгер утулган партиялар жолдорду тосуп, эл чогултуп ызы-чуу кыла берсе, албетте, үчүнчү революцияга жол ачылып кетүү коркунучу бар. Ошондуктан, биз айла жок болсо да "Ата-Журт" партиясын таанышыбыз керек.
- Бирок, "Ата-Журт" партиясынын лидерлери шайлоонун эртеси эле телеге чыгып, "биз башынан эле парламенттик республикага каршы болгонбуз" дегендей пикирин билдиришти. Булар, Жогорку Кеңеште иш башталса эле президенттик республикага ыктап, кайра референдум өткөрөт деген кептер айтылууда. Сиз ушуга кошуласызбы?
- Бул "Ата-Журт" партиясынын эле демилгеси эмес, "Ар-Намыс" партиясы деле үгүт иштеринин учурунда парламенттик рес­публикага каршы экенин айтып келишкен. Менин оюмча, бул маселени булар өздөрү чече албайт. Конституцияны бузуш үчүн, референдум жолу менен бузуу зарыл. Референдумга эл келеби же келбейби, кеп ошондо. Кайра президенттик түзүлүш курабыз деп эл референдумга келбейт. Эл келбесе, бул партиялардын күнү бүтөт.
Бурул МУСАБЕКОВА




Коалициялык өкмөттү беш партия биригип түзө алабы?
Бекташ КЫЛЫЧБЕКОВ, эксперт
- Эгерде өздөрү макулдашса, толук мүмкүнчүлүктөрү бар. Булар, азыр Крыловтун тамсилиндей болуп жатышат. Элдин камын ойлосо, биригиши керек. Көптөн бери өкмөт жалаң саясат менен алп урушуп отуруп, экономиканы таштап коюшту. Экономика болуп көрбөгөндөй кыйын абалга туш келди. Чет элдик донорлор, посолдор "27-июнда карыз жардам беребиз" деп убада кылбады беле. Парламент бир жаңсыл болуп, түптөлмөйүн алар бергенден коркуп турушат. Булар кечиккен сайын бизге зыян. Элди ойлосо коалицияга биригишсе жакшы болмок. Тезинен иштеш керек. Премьерликке республиканын эл чарбасын терең түшүнгөн, мыкты профессионал калыс киши керек, мотордой иштеген. Парламенттин башына кыргыз тилине күйгөн, алп урушуп тил маселесин көтөрүп чыккан, адис керек. Биринчи күндөн баштап мыйзамдын баарын кыргыз тилине ылайыкташтырып жазып, кыргыз тилинде жүз пайызга так сүйлөөсү зарыл. Ушуну башкара билген, кыргыз элинин тарыхын, үрп-адатын жакшы билген инсан керек. Менин оюмча Ө.Текебаев татыктуу болот ко деп ойлойм. Өкмөт азыр кудуретсиз болуп турат. Тез арада биригиштери керек.

Кусеин ИСАЕВ, социолог
- Менин оюмча булар биригише алышпайт. Биринчиден жеке амбиция күчтүү экинчиден, үстүбүздөгү жылдын 6-7-апрелинде элдик социалдык ыңкылап, "Бүтүн Кыргызстан", "Ар-Намыс" партиясынын ичиндеги көпчүлүк адамдарга каршы көтөрүлүшкөн. Булардын уяттары жок экен. Ойлонуп элдин алдынан кечирим сураганга жарашкан жок. Тескерисинче, 27-июнда кабыл алынган Конституциянын негизги жоболоруна каршы чыгышты. Алар кичине уялып, арыдан бери болушпаса, бул жакшылыкка алып барбайт. Эл кайра көтөрүлөт. Азаттыка чыкканга 20 жыл болду, эки президент элге берген убадасын актабай, жеке керт баштары, тууган уруктары үчүн кызмат кылды. Элди бүлүндүрдү, элдин байлыгын талап алышты. Жумушсуздук, жакырчылык күчөдү. Мына ушуларды ойлоп ар-намысына, акыл-эсине келип, элден кечирим сурап, аракет кылабыз дегендин ордуна жулунуп атышат. Буларды эл кечирбейт, ошон үчүн социалдык маселелерди чече турган СДПК, "Ата Мекен" бириксе. "Республика" партиясынын лидери Бабанов эсине келип, элге тартышы керек. "Ата-Журтка" жакшы маселелерди айтты эле. Ошол позициясында болсо, эл колдоп кетет.

Жыпар ЖЕКШЕЕВ, коомдук ишмер
- Беш партия биригип, коалиция түзгөндүн эч кандай кажети жок. Эгерде биригишип бири-бирин түшүнүшсө, тил табышып бир команда болуп иштеп кетишсе. Бирок, буга менин көзүм жетпей турат. Максаттары, идеологиялык платформалары туура келбеген партиялар болуп атпайбы? Бул жакшы вариант болмок. Элдин кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, бириккен өкмөттүн курамын түзүп, иштеп кетишсе жакшы болмок. Бирок, буга чейинки партиялардын бири-бирине койгон айыптары жолтоо болот ко деген ойдомун. Бир тил табышканга, саясий эрктери жетпейби? - деп күмөн санап жатам.

Перизат КАДЕНОВА