Темир САРИЕВ,
"Акшумкар" партиясынын лидери:
"Биз аларга жок дейбиз"
- Темир Аргенбаевич, мына сиздер иштеп чыгып, жалпы эл кабыл алып берген Конституция боюнча парламенттик шайлоо болуп, анда негизинен жалаң Бакиевдин батальону жеңишке жетишти. Мындайча айтканда азыр парламентке "реваншисттер" келди. Ушул окуядан улам төмөндөгүдөй пикир жаралат. Акыркы шайлоо Убактылуу өкмөт мүчөлөрү менен президент Роза Отунбаеванын коомчулук алдында кадыр-баркы төмөн экенин далилдебейби?
- Жок, мен бул пикирге кошулбайм. Биз биринчиден, демократиялык шайлоо өткөргөнгө шарт түзүп бердик. Бул биздин артыкчылыгыбыз. Үгүт иштери ар бир партияга тең болуп, эч бирине тоскоолдук болгон жок. Бирок, шайлоо күнү мыйзам бузуулар болду.
- Каякта, кимдер тарабынан?
- Баардык шайлоо участкаларында мыйзам бузуулар болуп, айрым партиялар тарабынан атайын белги менен кирген адамдарга бюллетендер бир эмес, бир нече жолу берилип турду. Экинчиден, шайлоо участкасынын айрым өкүлдөрү акчага сатылып, эл добушун бурмалап жиберди. Биздеги маалыматтар боюнча бир добуш миң сомдон үч миң сомго чейин сатылган фактылар кездешти. Бул нерсе жалпы шайлоочулардын дагы деле болсо шайлоо маданиятынын төмөндүгү экендигинен кабар берет. Алган акчалары кыска мөөнөттүн ичинде түгөнөт, бирок өз кемчиликтерине кайдыгер карап койгондору албетте өкүнүчтүү. Ал эми ошончо акча сарптап келген адамдар кайра эле короткон каражатын кайрып алуу үчүн өкмөт казынасына колун салаары турулуу иш.
Бирок, мен ойлойм, биз өсүү жолундабыз. Шайлоого 29 партиянын катышканы да демократиянын бир көрүнүшү. Ошентсе да баса белгилеп кетчү бир жагдайды эске алсак, көп партиялар жарышка аттанып алып, добуштарды бөлүп жибердик. Натыйжада жогоруда айткандай реванштык күчтөр жеңишке жетишип, бюллетендерди мурдагыдай эле кабаттап салдырып кетишти. Эң негизгиси айрым участоктордо криминалдык элементтердин коркутуп-үркүтүүсү орун алды.
- Шайлоо бүттү. Бакиевдин жан-жөөкөрлөрү бийликке келди. Эми ошолор Конституцияны өзгөртүп, 7-апрелден бери Убактылуу өкмөт мүчөлөрү кабыл алган декреттерди жокко чыгартып, сиздерге куугунтук жасайт деген кооптонуу жокпу?
- Кооптонуу жок. Биз өзүбүздүн саясий билдирүүбүздү жасадык. Шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өткөнүнө ичибиз ачышып, жеңилүү ызаасын тартып турсак дагы биз шайлоо жыйынтыгын тааныдык. Мага азыр миңдеген адамдар "силердин эмгегиңер бар эле, парламентте болушуңар керек болчу" деп кайрылып жатат. Мен дагы айтам. Биз "Акшумкар" партиясы шайлоо өткөргөнгө бүт аракетибизди жумшадык. Биздин мүчөлөрүбүз, үгүтчүлөрүбүз да шайлоодо таза туруп беришти. Тилекке каршы жыйынтыгы биз күткөндөй болгон жок. Ошондой болсо да биз шайлоону тааныдык. Бирок, азыр парламентке келген партиялар үгүт учурунда берген убадаларын социалдык, экономикалык программаларын аткарсын деген талапты катуу койобуз. Биз парламенттик башкаруу системасына кеткенден кийин, булар коомчулукту катуу көзөмөлүндө болот. Экинчиден, алар эски бийликте жүрүп, кайрадан авторитаризм курганга аракеттенип, 7-апрелдеги элдик революцияны жокко чыгарып, Бакиевди кайра алып келебиз десе биз "ЖОК" дейбиз. Андан тышкары ошол эле эски бийликтин жолуна түшүп, бизге атаандаш болгонсуң маанисинде саясий куугунтук башталса буга да "жок" дейбиз.
- Шайлоодо сиз эле эмес, жаңы Конституциянын автору болгон "Ата Мекен" партиясы деле жеңилип калганын моюнга алышыбыз керек. Бул жеңилүүгө сырткы күчтөрдүн маалымат согушу менен каржылык буга таасир тийгизеби?
- Туура баамдагандай сырттан келген акча болду. Анткени, өлкө ичинде мындай акча жок. Муну танбаш керек. Мурда мамлекеттик чиновник болуп, жүрүп өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып кеткен акчаларын азыр кайра шайлоого салышты. Бир добушту миң сомдон сатып алуу үчүн эле канча каражат сарпталат. Андан сырткары айрым партиялар ачык эле регионализмди пайдаланышы да терс таасирин тийгизди. Анан албетте, маалыматтык согуш да бул жерде өз ролун ойнойт.
- "Акшумкар" партиясы оппозицияга кетпейби?
- Биз жаңы Конституцияны колдойбуз, активдүү саясатыбызды улантабыз.
- Жаңы өкмөт курамы түзүлүп, иштешүүгө чакырса барасызбы?
- Биринчиден жаңы өкмөт курамын кимдер түзөт, жана кайсы партия милдетине алат? Маселе ошого жараша болот.
Анан сөзүмдүн акырында мен шайлоочуларыма жана партия мүчөлөрү менен бирге эле биздин тарапташтарга терең ыраазычылык билдирип, алга карай умтула берерибизди айткым келет.
Төлөгөн СУЛАЙМАНОВ





  Ийлеп-ийлеп итке салганда

"Хотели лучше, получилось как всегда"
В. Черномырдин

Элибизде жакшы лакап бар, "той болгонунан болоту кызык" жана "той да болоор, тойдун эртеси да болоор" деген. Анысыңары бүт коомчулук дүрбөп, "шайлоо жыйынтыгы кандай болуп кетет, ким жеңет, кимиси жеңилет?" деп жатып, күтүлүп-күтүлбөгөн жыйынтыкка туш келдик. Күтүлгөнү шайлоону таза өткөрөбүз дегенибиз, күтүлбөгөнү Бакиев батальону кайрадан эки тизгин бир чылбырды колго алганга реванш алганы. Акылдын жетишинче бул эки маселени чечмелегенге аракеттенели.


Акыркы эки он жылдыктын ичиндеги тарыхта качкын эки президенттен айырмаланып, азыркы ажо айым Роза Исаковна шайлоодо орбитр болуп, агына да, көгүнө да тартпай, баарына тегиз карап, ортодо адил туруп берди. Акыйкатсыз шайлоодон тажаган эл, азыр бул канайымды алкап эле жатып калышты. Эң негизгиси элдин шайлоого деген үмүтү кайра жаралды. Маселенин башын айтканда Роза Исаковнанын бул кадамы абийир жагынан алганда деле мындайга барышы милдет эле. Анткени, 7-апрелде жүздөгөн балдардын ажалы менен ажолук такка отуруп, таза шайлоо өткөрөлү деген сөздү оозундагы келме катары айтып калса, андан тышкары эң негизгиси жаңы Конституция менен Текебаев колу, бутун жипсиз тушап, бир жарым жылдык мөөнөт менен эле өңүндө көргөн түш сымал алтын таажыны башына кийгизип койгон. Демек, келечеги чектелүү болгондон кийин аз убакыт ичинде тарых үчүн кара тамга болуп калгысы келген жок. Алдындагы эки президенттин элге-жерге батпай, башка өлкөлөрдө азап менен жашап жатканы да азыркы ажо айым үчүн чоң сабак болду көрүнөт. Ал эми маселенин практикалык өңүтүнө келсек, азыркы "оппозициябыз" деп, өпкөсүн көтөрө чаап жүргөндөр "эгер таза шайлоо болбосо, эл өзүнүн добушун коргоп калат" деп, карапайым калктын, анын ичинен өзгөчө түштүк элинин колтугуна суу бүркүп, Ормон опуза кылып жатышып, Отунбаеваны ортого таза туруп бергенге мажбурлашты. Азыркы ак сарай ичиндеги ич ара таасир талашкан күчтөр ажо айымды мага тарт, сага тарт кылганы менен ичтериндеги куру дымагы менен "мен биринчи" деген жапайы сезимин жеңе албай жатышып, күлгө чапкан өпкөдөй бозала болуп олтуруп беришти. Мындайча айтканда, ийлеп-ийлеп итке салып, оозундагы жейин деген ашын тигилерге сунгандай кеп болду. Мындан ким утулду? Албетте, азыркы бийлик. Жеңиши элдин бейпилдиги сакталып калды. Карапайым калк үчүн ак итпи, кара итпи, бары бир ит деген заманда кимиси келсе да, элге жарыгын чачууга чамасы чак экенин билип турганда, өлкө бейпилдиги баарынан жогору экенин өзгөчө түштүктөгү кандуу окуя аз убакыт мурда эле ачыктап койгон. Күтүлбөгөнү, шайлоо кодексиндеги беш пайыздык тосмодон өтпөйт, "Бакиевдердин кол бала партиялары парламентте азчылык гана добушка ээ болот" деп, көзү ачыктык кылып жатканда теңирден тескери жыйынтык болду. Мунун негизги эки себеби бар. Биринчиси, азыркы өкмөт мүчөлөрү менен Роза Отунбаеванын кадыры коомчулук алдында өтө төмөн болсо, экинчи себеби, шайлоочулардын добушун алууда Бакиевчилерге артыкчылык берип коюшту. Ал эми артыкчылык дегенибиз эле айрым түштүкчүл партиялар түштүккө барып алышып, элди ачык эле экиге бөлүп, каршылаштырганы аз келгенсип, криминалдык элементтерди пайдаланып жатышса, "көзүм көрбөсө, көчүгүмдү бөрү жесин" болуп, кайдыгер мамиле кылып коюшту. Ошол эле учурда орустардан колдоо алып, акчаны сапырып жаткан партиялар добуштарды ачык эле сатып алышты. Акыйкатта өз добушун коргоп калат деген, интеллигенция жана калаалык шайлоочулар үйлөрүндө телевизор тиктөө менен гана алек болушту. Мындайча айтканда, жөө жомок айтып, шайламак тургай бюллетендин өңүн да көргөн жок. Мына ушул кайдыгерликтер чогулуп келип, күтүлбөгөн жыйынтык менен Бакиевчил авторитаризмге реванш алып берди.
Төлөгөн СУЛАЙМАНОВ