Чимириле бийлейм дейби? Бегимай Эсенгулова окуусунан сырткары Бакыт Байсариевдин бий студиясына барып, бий үйрөнүүдө. Андан сырткары жаңы ырларды жаздырды. Алдыда жаңы чыгармаларына клиптерди тарттырып, ыр сүйүүчүлөрүнүн назарына салууга даярдыктарды көрүүдө. Салима кырк жылкылуу Дүйнөдө "үч кызды тарбиялап өстүргөн эне, бейишке чыгат" деген сөз бар эмеспи. Демек, ырчы айым Салима Балтаева бейишке чыгат десек болот экен. Себеби, ырчы үчүнчү кызын көз жарып, кырк жылкылуу болду. Учурда эне-баланын ден соолугу жакшы. Жаңы төрөлгөн наристеге ырчынын улуу кызы Сабина аттуу ысым ыйгарууну туура көрүүдө. Сабинанын бешик боосу бек, өмүрү узун, келечеги кең болсун дейли. Мирбектин эмгеги бааланды Мирбек Атабеков шайлоонун үгүт иштери башталгандан бери "Республика" партиясына да иштеп, күйөрмандарынан ушул партияга добуш берүүсүн суранып телеге да чыгып атты эле. Ырчынын эмгеги талаага кетпептир, аталган партия Мирбекке 26 миң доллар төлөп бериптир деп уктук. Акчасын суудай агызган бул партия таланттуу ырчы жигитке мындан да көп сумма төлөсө ашыкча болмок эмес деп турубуз. Чолпонай ырчыларда мейманда Жаш ырчы кыз Чолпонай эми теле алып баруучу болду. Учурда "Супер ТВ" телеканалында "Жылдыздуу үй" деген долбоорду эфирге чыгара баштады. Бул долбоорду ишке ашырууда алгач өзүнүн үйүн тарткан Чолпонай беш-алты ырчынын үйүндө конокто болуп, кесиптештеринин да үйлөрүн тартып кетти. Эскерте кетсек, мындай долбоор алгач Улуттук каналдан көрсөтүлгөн эле. Бегимай орустарга кетет Жаш ырчы кыз Бегимай Бекбоева, шайлоодо эч бир партия менен иштешкен жок. Учурда Нарын, Талас облустарына гастролго чыгууга кызуу даярданууда. Андан соң Россияга сапар алат. "Орусия жергесинде жашаган боордошторго ыр арнап, концерт берип келсемби" деп тилек кылып, Россиянын бир канча шаарларын кыдырып, үй-бүлөлүк концерт берүүгө камынууда. Омардын "Кош жүрөгү" 4500 доллар Омар Америкада окуп эле тим болбостон, "Кош жүрөк" аттуу ырына клип тарттырган. Клипке сарпталган каражат 4500 долларды түзгөн. Америкадагы кадрларды "Cinema Max" студиясы, ал эми Бишкектеги кадрларды "Cinemart" студиясы тарткан. Бул жолу Омар башка клиптеринен өзгөчөлөнтүп, баш каарманга кыргыз кызын тартты. Буга ырчынын күйөрмандарынын "Омар дайыма клиптерине башка улуттун кыздарын тартат" деген сын пикири себеп болгон. Аталган клип учурда ыр сүйүүчүлөрүнүн назарына салынды. Айдиндин тушоосу кесилет Тасма талаасынан колу бошогон жаш ырчы Айдин Шер эми тушоо кесүү концертин берүүгө камынууда. Концерт буюрса 10-11-ноябрда өтөт. Ырчы жигит учурда жаңы ырларды жаздырып, жаңы сүрөттөргө түшүп, клиптерди тарттыруу менен алек. Арууке АСЫЛЗАТ |