Айлакер айым 2
ТОБОЛ ӨРӨМКАН

"Айлакер айым-2" сериалы уламдан-улам ого бетер бүйүр кызыктырат. Заринанын баласы кимден, Канат Темирбекович экөөнүн тагдыры кандай болот, Салыйка жалдаган детектив кызга кол салабы, төрөт залдан уулун уурдаткан Зарина кандай кадамдарга барат жана Заринаны апасынын оор тагдыры ж.б. ж.б. жөнүндө билип, сериалдын кызыгына баткыңыз келсе, анда "Айат" гезитинин бир да санын калтырбай окуңуз.

(Башталышы өткөн санда)
Киргенде эле шыбоо менен кирдин каңырсыган жыты каңылжарды жарып, боюнда бар Заринанын жүрөгүн айлантып жиберди. Кускусу келип, жүрөгү айланып, оозун жапканга үлгүрдү. Үйдүн чачыгынан, сасыгынан жанагы арактын күчү менен келген эңсөө, кумарынын заматта тыптыйпылы чыкканын айт. Маанайы чөгө түштү. Аракка ала-гүү болгон Камчы эч нерсени сезбестен эле, айласы кетип турган Заринаны аймалап өпкүлөп, көкүрөгүн эзгилеп, кумардын кучагын көздөй сүйрөдү. Көңүлү жок болуп турган кыз жигитти көкүрөккө түрттү.
- Эмне, чыртыйасың? Жактырбай турасыңбы? Жакпасам эмнеге келдиң темселеп...
- Жагып эле, просто үйүңдүн кебетесинен жүрөгүм айланып турат.
- Сага окшогон сулууну алпара турган саунам, элитный квартирам жок болсо эмне кылайын же сен алып бересиңби?
- Жинге тийбечи, сага үй алып бергидей мен эмне атаң же агаң белем. Көп башты оорутпа, кой андан көрө мен кетейин.
- Эй, кой, мен эмне колго түшкөн коенду кое бергидей келесоо эмесмин. Көзүңдөн көрүп турам, сага менин жан жерим керек болуп туру. Давай, өзүң үйдү иретте, төшөк сал, анан таң аткыча жаныңды койбойм. Мага тим эле ыраазы болосуң. Рахматыңды айтып эртең кайра келесиң.
Зарина ичинен кейип, сызып, өкүнүп айласы кетти. Камчыны дос кылайын деген. Кез-кезде арыз-арманын айтып, көкүрөгүнө башын жөлөп, чаңкаганда чаңкоосун кандырууну каалаган. Ал оюнан кайтты, бул түндү эптеп өткөрсө экинчи жанына жолобос. Бирок, таң атаары менен Камчынын артынан эрмешип ээрчип, көп өтпөй үй жай алып берип, жанынан чыгарбай, жалынып калаарын сезген, билген да жок. Кумар деген көрсө кыйын тура.
Көптөн бери кыз көрбөй буулугуп турган Камчы Заринанын түк жанын койбой, бир нече жолу бел ашты да, анан уйкуга кетти. Кыз болсо уктай алсачы, жаны жыргап көлкүлдөп турса да жууркан-төшөктүн жытынан кускусу келип, такыр көз ирмей албады. Саатын улам-улам карайт же таң атсачы...
Канат Темирбекович болсо түштүктү кыдырып, сыйдан-сый көрүп, арактан көзү ачылбайт. Кошоматчылар ичип-жээр ашты жайнатып, саунаны даярдап, эми шумдук. Бир сыйра сууга чайынып чыгып, дасторконго отурар менен сырттан келбети биринен-бири келишкен кыздар кирди шаңкылдап. "Ушулардын ичинен каалаганыңызды тандаңыз" дегендей ишарат кылды жанындагылар. Жинди сууга жинигип турган министр ар бир кызды көздөн сыдырды. Издегени Зарина.
- Араңарда Зарина барбы?
Кыздар эч нерсени түшүнбөй бир-бирин карады. Министрди жандаган кошоматчылар да айласы кетти. Аңгыча, кыздардын ичинен шартылдаган бирөө "агатай, Зарина мен" деп, шыңкылдай министрдин тизесине отура башынан кучактап, чачын салаалай тарап, бетинен аймалады. Эки-үч күндөн бери Заринасын сагынган министр сойку кыздын эркелетүүсүнө эреркеп, тизесинен түшүргүсү келбеди.
- Мага бир кыз аздык кылат го - деп ыктытты.
- Албетте, сиз үчүн бул кыздын баары кызмат кылат, болгону ишарат эле кылып коюңуз, баарылап бейиштин төрүнө чыгарат. Эч кам санабаңыз.
- Давай, жайнатчуңду жайнатып, бейишке бир эмес беш миң жолу чыгаргыла.
Тамактан соң Канат Темирбекович каалгый басып төшөк салынган бөлмөгө кирди. Аны ээрчий шагыраган кыздар да артынан калбады.
Министр бактысына ыраазы боло чалкасынан жатты. Мындайдын далайын көргөн кыздар демилгени колго ала, Канат Темирбековичтин эч нерсесин калтырбай, өпкүлөп, балкыган министр ордунан да тургусу келбей жатты. Кыздар кезек-кезек менен өпкүлөсүн бүтүргөн соң, алмак-салмак министрдин үстүнө чыкты.
- Ошенткиле, бир келген өмүрдө жыргайын, мен эч нерсе кылгым келген жок, үстүмө чыккыла, баарыңа үлгүрөм, баарыңа жетишем деп кыйкырып да, онтоп да кумарланды.
(Уландысы кийинки санда)