КАНДУУ ЖОЛ
Кадырман окурман, кыргыздар башынан кечирген акыркы беш жылдыкта экономикабыз эңшерилип, байлыгыбыз кемигени менен кылмыштуулук гүлдөп өсүп, өлүм-житим эпсиз көбөйгөнүн билебиз. Атайылап адам өмүрүн кыйуу ачыктан-ачык аңызга айланды. Натыйжада "Кандуу жол" аттуу китеп капилет жаралып, калк ичин аралап кетти. Анда Медет Садыркулов баш болгон Кыргызстандын саясатына таасири күч көрүнүктүү ишмер адамдардын жалданма киши өлтүргүчтөрдүн кантип курмандыгы болгону жана кимдер жалдап кан күсөгөнү кеңири баяндалган. Биз ушундан тарта каралуу "Кандуу жол" китебин барактап, сандан-санга узатабыз. Эмесе, жакаңызды кармап,
үзбөй окуй бериңиз.


Ал МЧСтин бакырып, өкүргөнүн, кыйналып жалынганын көргүсү келди. Эки тизесин быркырата атканда, тиштенип кыйкырбай, онтоп жалынбай калганына ичи күйүп, жини келип калган. Ал стулга отурду да, астындагы чыныга чай куюп, кичиненден ууртап ичип күтүп калды.
- Давай батыраак сай, кандай сайыш керек билесиңби?
- Эмнеси бар экен, иши кылып тырмактын алдына ооругандай кылып сайса болду да.
- Эй, ооруй турган нерв точкалары болот, ошол жерге сайыш керек!
- Ким саят, сен айтпадыңбы?
- Сен эле сайчы, биз кармап туралы.
Жанатан бери өздөрүнүн кара күчүн МЧСтен чыгарып жаткан немелер азыр ага жабылышып, колдорун кайрып, аны тырмактын алдына ийне сайып кыйноого камданып калышты. МЧС болсо, өз тагдыры баары бир чечилип калганын, "өлсө да намысы менен өлүшү керек" экендигин ойлоп жатты. Тизелеринин ооруганы ага көп деле сезилген жок, өзү "болевой шок" болдум окшойт деп, ойлоп койду. Аңгыча, жүлүнү зырылдап жаткандай сезилди, сол колдун бармагынын алдына ийне сайа башташты, сайганда да шашпай кичинеден киргизүү менен оорунун сезимин ого бетер күчөтүүгө аракет кылышууда. МЧС тиштенип отурду, онтобогонго аракет кылды, Жакеңдин алдында өзүн паска түшүргүсү келген жок, чыдаш керек деп, өзүн-өзү үндөп жатты.
- Ох ата-а, кинодо партизандарды ушинтип кыйнашчу да, давай терең сай, энесин Үч-Коргондон көрсүн!
- Ийне ичке болуп, көп оорубай жатат окшойт. Балким, жоон эле ийне таппайлыбы, карасаң тоготкон жок, онтоп-сонтобой эле отурбайбы?
Ийнени улам бир манжанын тырмак алдына сайып жатышты. Алардын кай бири тереңдеп отуруп нервдин учуна тийгендей болот, манжалардын учунан төбөсүнө чейин зыр-зыр деп, оору чучугуна жете түшүп жатты. МЧС колун жулкуп алды эле кармап турган жигит койо бербей, бармагын кайра кайрып чыгарып салды, карс деген үн чыкты. МЧС кайра эсин жоготуп койду, башы шылк этип көкүрөгүнө түшүп калды. Эки тизеден ылдый полго кан агып жатат.
- Бул кансырап эле өлгөнү калды, токтоткула канын, тизеден өйдө жгут тартып салгыла, - Жакең жанында турган суйдаң чачка карап буйрук берди.
Суйдаң чач жаңсап койду эле, бир жигити чуркап барып, эки бөлөк шпагат жип алып келди. МЧСтин шымынын багелектерин айрып жиберишип тизеден өйдө бекем таңышты, кан токтогонсуп калды. Эки тизенин томуктары муундары менен кошо талкаланып кеткен көрүнөт, эки бут бош шалкылдайт, тизе туштан сынган сөөктүн кычыраган үнү угулат, кыймылдаткан сайын.
- Эсине келтиргилечи, муну менен мен өзүм сүйлөшөйүн - деген боюнча Жакең сыртка чыгып кетти.
Жигиттер сырттан эки чака суу алып келип, МЧСтин башынан ылдый чөмүч менен куйа башташты. Цемент, пол, кан менен сууга чыланып эле калды. Бир аз убакыттан кийин, МЧС акырын онтоп эсине келгендей болду.
13-март, күнгө жума.
Таңкы саат төрт болду.
МЧС көзүн жылчыктап ачып караса, жер кызыл ала кан, шалтактап суу. Слепко кыймылсыз дубал жакты карап, бир колу башынын алдында жаздалып, бир колу артын карай кайрылып жатат. "Өлтүрүп салышкан го" - деп ойлоду.
Өзүн болсо, эки киши эки ийинден жыкпай кармап турушат, эки тизе менен колдун манжаларынын баштары өзгөчө катуу ооруп жатат. Оң кол көтөрүлбөйт салаңдап, сол колун кичине көтөрүп караса, тырмактардын алдынан томолок баш төөнөгүч ийнелер чыгып турат, колдун учтары бүтүндөй кан. Каалга жактан кобур-собур үн угулуп, Жакең менен Суйдаң чач киши кирип келишти:
- Аа-а, эсине келген турбайбы, жакшы болбодубу? А-то убакыт аз. Булар менен эрмектешип отурганга убакыт жок. Жакең басып келип, МЧСтин маңдайына турду. Суйдаң чач ооз жакта турган эки жигитке кайрылды:
- Жерди бир аз сүртүп, кургатып койсоңор болмок экен, - деди.
Жакең полду бир карап алды да:
- Эчтеке эмес, анан деле тазалап коюшат. Үтүк барбы бул жерде? Азыр тирүүлөй бышырайын, анан көрөйүн кыйын болуп сүйлөгөнүн.
Турган жигиттердин бирөө чуркап кетип, үтүк алып келди да, МЧС отурган туштагы разеткага сайды.
- Бурап, чоңойтуп кой, тез ысысын!
- Ысыйт бат эле.
Ысыган үтүктү Жакең алды да, МЧСтин оң жак тизесине басты, бөлмөнүн ичин түтүн каптап, куйкум жыттанып кетти. МЧС тиштенген боюнча онтоп жиберди, эки көзүнөн тең жаш агып, канга жуурулушуп калды.
- Сага бийлик керекпи? Мына сага бийлик..., мына сага саясат..., мына сага ..., мына сага... (Жакең жинди болгон эмедей үтүктү туш келди басып жатты.)
(Уландысы кийинки санда)