Трансформатор отун сактоочу жайбы?
Жараткан пендем десе ата-энеге баласынын кайгы, азап-тозогун көрсөтпөсүн. Эне, бала дегенде кубанычка толуп, тогуз ай көтөрүп, "аман-эсен көз жарып алсам" деп тилек кылат. Балалуу болгон соң, күнү-түнү уйку көрбөй, чүрпөсүнүн амандыгын, ден соолугун жараткандан тилеп, кайрылып, жардам сурайт. Ар бир ата-эне баласынын бактылуу балалыгы үчүн келечегин ойлоп, кам көрүүгө милдеттүү. Бирок, "кырсык каш кабактын ортосунда" деп бекеринен айтпаса керек. Үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде Каракол шаарынын тургуну Оболбековдун үй-бүлөсүндө каргашалуу окуя болду. Алты жашар уулу Казакбаев Баймырза достору менен жашынмак ойноп жүрүп, жогорку чыңалуудагы трансформатордун эшиги ачык болгондуктан, баланы 50-60см аралыкта ток урган. Ошол учурда, трансформатордон катуу үн чыгып, 200 метр аралыкта линияда зым үзүлүп, жерге түшүп, чөптөр өрттөнгөн. Трансформатор ток менен камсыз кылган Жакыпов көчөсүнүн № 46, 48 көп кабаттуу үйлөрүнүн электр жарыгы үзгүлтүккө учураган. Бала оор абалда Ысык-Көл облустук ооруканага реанимация бөлүмүнө жеткирилип, дарыгерлер тарабынан биринчи тез жардам көргөзүлгөн. Эртеси Бишкек шаардык № 4 оорукананын күйүктөр бөлүмүнө алынып келинген соң, эки жолу комага түшүп, клиникалык өлүмгө дуушар болсо да, дарыгерлердин күчү менен аман калган. Дарыгерлердин айтуусу боюнча, баланын эки колун кесүү керектиги айтылат. Алдыда дагы 5-6 жолу кайра калыбына келтирүү аракетинде операциялар күтүлүүдө. Баймырзанын ахыбалын сурап, ата-энеси менен маектештик.


- Айзада, уулуңуздун ахыбалы кандай?
- Операция ийгиликтүү болду. Сол колунун манжаларын кайра калыбына келтирүүчү операция эле. Колдору тырышып калбас үчүн курсагынан алып тигишти. Оң колунун сөөгү көрүнүп, эти тартылып калган, ал сөөгү да сынып калды. Биринчи балабыздын өмүрү үчүн күрөштүк эле, эми колдору сакталып калса деп, кудайдан тилеп жатабыз. № 4 ооруканадан "баланын эки колун кеспесе болбойт" дешкен. Ал жердеги дарыгерлерге ыраазыбыз. Өз учурунда жардам көрсөтүштү бирок, туура кеңеш бербейт экен. Багыбызга жараша Улуттук госпиталдын микрохирургия бөлүмүндө эмгектенген профессор Матеев Мырзабек Асыпбековичке жолугуп, кеңеш алып дарыландык. Учурдан пайдаланып, ушул адамдарга чоң ыраазычылыгымды билдирем. Балабыздын температурасы жогору. Колдору ириңдеп, абалы өтө оор эле. Ошонун баарын бирден тазалап, дарылап абдан жакшы карашты. Матеев Мырзабек, Тукешов Султан, Осмоналиева Сайра эжеге чоң ыраазычылыгымды билдирем. Алла ыраазы болсун!
- Жеңиш, сиз бул иш боюнча сот, прокуратурага кайрылдыңызбы? Учурда кандай чара көрүлүүдө?
- Иш боюнча барбаган, жазбаган жерлерибиз калган жок. Бири-бирине шылтап алигиче күнөөлүү тарап тактала элек. Прокуратура, сот органдары бир күнөөлүү адамды таап, соттойт экен. Алардын козгогон статьясынын бизге пайдасы жок. Биздин оюбуз бирөөнү соттотуп жазалоо эмес, бир гана балабыздын дары-дармектерине, колуна протез алганга жардам берсе, деп сурайбыз. Кырсык да, болор иш болду. Өкүнүчтүүсү учурда мыйзамдуу түрдө эч ким иштебейт. Эгерде, биз туш болгон окуяга бир чоң кызматта иштеген адамдын баласы туш болсо, жок эле дегенде ошол трансформатордун эшигин бекитип, чара колдонулмак. Муну биз айла жок күйгөнүбүздөн айтып жатабыз.
- РЭСтин кызматкерлери тараптан ачык турган трансформатор кайсы бөлүмгө тиешелүү экенин аныкталып, натыйжа болдубу?
- Каракол шаардык электр тармактарынын кайсы бөлүмүнө трансформатор таандык экени эмдигиче аныкталбай келет. "К-226 трансформатору биздин балансыбызда катталган эмес, мындайлар толтура биз жооп бербейбиз" деген жооп алдык. Каракол шаардык РЭСнин жетекчисинин орун басары Апышев Мурат, "Если докажете, я буду рад приветствую!" деп шылдың кылды. Ушул тармактын башкы директору Турдубаев Кубан Апышевичтин айтуусунда "жогорку чыңалуудагы 10 000 КВТ биз тейлебейбиз" деп жооп берди. Техникалык директор Соодонбеков Шамза болсо, "биздин күнөөбүз жок" деп орой жооп берген. Кыскасы, бул ишти карагылары келген жок. Баланын өмүрү менен эч ким эсептешкиси келбейт. Ошол күнү электр жарыгы өчүп калганда, ошол эле РЭСтин кишилери келип байланыштырып, электр жарыгын берип кетишкен. Колдонулган электр кубаты үчүн деле акчаны ошол жерге төлөйбүз. РЭС менен абоненттин ортосунда өз ара макулдашылган келишим бар. Окуя болгон учурда "Востокэлектро" Максим Бакиевге таандык болгондуктан, алар эч нерседен коркушкан эмес. Ким жооп берет, билбейбиз.
- Трансформатордун эшигинин ачык экенин ушул окуяга чейин шаар тургундары билди беле?
- Каракол шаар мэриясында тегерек үстөл уюштуруп, катышканбыз. РЭСтин жетекчисинин орун басары келип, "10 000 КВТ өйдө бизге карайт" деди. "Менин баламды 10 000 КВТ ток урду" десем, "сенин балаң столбанын үстүнө чыктыбы?" деп шылдыңдайт. Бул үчүн ким жооп берет? Трансформатордун жанында Мурат Апышевдин мончосу, цехи бар экен. Ал жерге отун сакташчу. Муну жергиликтүү элдин баары эле билет. Мурда эле ачык эле, чара колдонуп, жок дегенде элүү сомдук кулпу алып бекитип койгонго жарашкан жок. Кошуналар чогулуп, эшигин таш менен тиреп жаап койдук.
- Каражат маселеси кандай, колдоо көргөзгөндөр болдубу?
- Учурдан пайдалып, Каракол аэропортунун директору Б.Г. Досалиевге, ОЦСМдин директору Акунова Жаңылга, туугандарыбызга абдан чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Дагы операция болот, протезге тыйыныбыз жок. Европада жасалат, 15000 евро турат экен. Мамлекет тарабынан жок дегенде ушуга жардам берсе, жакшы болот эле. Жада калса компенсация төлөнгөн жок. Балабыз майып болуп калды, колдорун карап алып ыйлайт. "Ата мен учкуч болом, өрт өчүргүч болом" деп атасынын жанын койчу эмес. Ага кошулуп, биз чогуу ыйлайбыз арга жок. Жараткан пендем десе энеге баланын мындай азабын көргөзбөсүн. Колдорун караңызчы? (Көз жашын токтото албай эненин буркурап боздогону зээнди кейитти) Бала бакчага алып барабыз деп, жакшы ой тилектерибиз бар эле, эми минтип, ал тилектин бири кудайга жетпей майып болуп олтурабыз.
Кандай болгон күндө да ата-эненин зар какшаган үнүн бийлик башчылары атка минер жигиттерибиз Баймырзанын тагдырына көңүл кош карабаган атуулдарыбыз өз салымдарын кошоор, угаар деген үмүттөбүз. "Кайгысы көптүн касы көп, кайгысы жоктун - уйкусу көп" дегендей Каракол шаарынын РЭСинин кызматкерлерине ишти кайрадан козгоп, кимдин күнөөсү болсо да, мыйзам чегинде жоопко тартылсын, демекчибиз.

Перизат КАДЕНОВА