Атактуулар диетасынан
Айымдар сулуу болуу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонуп, ар түркүн диеталарды кармап, ал тургай акчалуулар пластикалык операцияларды да жасатууда. Биз бүгүн дүйнө атактуу айымдарынын сулуулук сырларын ачып, ким кандай ыкма менен чырайлуу болгонун сиздерге сунуштайбыз.


Бабкина эт ордуна алма жейт
Надежда Бабкина көптөн бери жер-жемиш менен азыктанып, жыйынтыгында 20 килограммга арыктаган. Ырчы өзүнүн арыктоо сырын "эттин ордуна алма жегенге болот. Себеби, алмада көп витаминдер бар. Жер-жемиш менен азыктануудан жумасына беш килограммга арыктай алат" деп билдирген. Бабкинанын рецебинде кургатылган жемиштерди, бууга бышкан жашылчаларды жеп, суу гана ичүү зарыл. Чай, кофе, картошка, сахар, нан жебөө керек.


Тузу жок күрүч жеген Ротару
Орустун бул ырчысынын диетасы тогуз күнгө созулат. Биринчи үч күнүндө туз кошулбаган күрүч жеш керек. Экинчи үч күнүндө баардык жашылчаларды тузу жок кылып бышырып колдонуу зарыл. Акыркы үч күнүндө жалаң жер-жемиш менен азыктануу абзел. Суусундукка газы жок минералдык сууларын ичүү керек.


Сүт ичип арыктаган Анжелина
Голливуд актрисасы Анжелина Джоли ашыкча салмактан арылуу үчүн балык жана уй этинен жасалган тамак-аш менен азыктанат. Кум шекерди таптакыр колдонбойт. Ал эми суусундуктун ордуна таза сүт ичет. Эгиздерин төрөгөндөн кийин балыкты мурдагыдан да көп колдонуп, жашылча салаттарына басым жасай баштаган.


Жанна Фрискенин арыктоо сыры
Россия эстрадасынын чырайлуу айымы Жанна Фриске эффективдүү көнүгүүлөрдү гана эмес жаңы диетаны сунуш кылган тренер тапты. Анын сунуш кылган диетасы алты күндүк. Алгачкы беш күнү белоктуу тамак-аш менен углеводдуу азыктарды бир убакта колдонбой, жеңил тамак-аш менен азыктануу зарыл. Кечки саат алтыдан кийин таптакыр эч нерсе жебей, көк чай же минералдуу суу ичип коюуга болот. Таттуу, спирт ичимдиктерин, чай, кофе ичүүгө уруксат берилбейт. Ал эми алтынчы күнү тазалануу үчүн тамактануудан сактанып, суу гана ичүү керек.


Айымдарга кеп-кеңеш
Лак
Сулуу болууну эңсеген айым дайыма бут кийиминен тарта тырмагынын учуна чейин көңүл буруусу абзел. Андыктан быйылкы күзгө дизайнерлер өзгөчө ачык түстөргө басым жасабастан, мала көк жана агыш боекторду тандашты. Ошентсе да кара жана сыя көк өңдөгү лактар модадан түшө электигин айтышты. Ал эми ачык кызыл түстүү лактар быйылкы жылга төп келбесин билдирүүдө.

Помада
Быйылкы жылга ооз боектордун ачык түстүүлөрү сунушталууда. Андыктан оозду жалтылдатып, өзгөчө көрк бере турган малина, алча жана кара өрүктүн өңүндөй помадаларды тандаңыз.


Дженнифер диета кармагандарга таң берет
Ырчы, актриса Дженнифер Лопес эч убакта диета кармабайт. Жада калса диета кармап, таттуу тамактардан баш тартып, сүт азыктарын колдонбогондорго таң берет. Өзү формасын бир калыпта сактоо үчүн аздан жана тез-тезден тамактанат.


Бейонсе нан жебейт
Дайыма сулуу болуу үчүн Бейонсе алкогол ичимдиктерин ичпейт. Эт жана нан таптакыр жебейт. Грилде бышкан тоок эти менен гана азыктанган ырчы айым татуудан да алыс.


Синди Кроуфорд жалаң йогурт ичет
Америкалык топ-модель Синди Кроуфорд дүйнөгө мода аркылуу гана эмес диета кармап тез-тез арыктоо жагынан да абдан белгилүү.


Анегдоттор
Өтө толук айым профессордон сурап атат:
- Доктор айтсаңыз, арыктаганга кандай ыкмаларды колдонууга болот?
- Мен сизге башыңызды бат-баттан оңго, солго чайкап турууну сунуш кылам.
- Кечиресиз, мындай ыкманы качан жасап туруум керек?
- Дайыма, сизге бирөөлөр тамак алып берген кезде…
***
Эки дос сүйлөшүүдө:
- Аялым курорттон телефон чалды, эки килограмга арыктаптыр
- Жакшы болгон турбайбы
- Ооба, анын эки килограмм жоготкону, "Мерседестен" эки доллар скидка кылган менен барабар
***
Аябай толук айым үй эмеректери сатылган дүкөндүн сатуучусунан сурап атат:
- Бул дүкөндүн эмеректери жакшы элеби, деги ишенсем болобу?
- Ооба, бул өтө жакшы фирманын эмеректери. Алар жаңы чыгарган эмеректерин биринчи зоопарктагы чоң жаныбарларды үстүнө чыгарып текшеришет. Бирок, сиздин жагдайда этият болууңузду сунуштайм.

Синдинин диетасы 7 күндүк. 1-күнү:
150 грамм майлуулугу аз йогурт, капуста шорпо жана жашылча
2- күнү:
150 грамм майлуулугу аз йогурт, капуста шорпо жана жер-жемиш
3-күнү:
150 грамм майлуулугу аз йогур, капуста шорпо, жашылча жана жер-жемиш.
4-күнү:
Кайнатылган тоок эти жана капуста шорпо
5-күнү:
Кайнатылган уй эти жана капуста шорпо
6-күнү:
150 грамм йогурт, капуста шорпо жана жашылчаны чеги жок жесеңиз болот.
7-күнү:
150 грамм йогурт, капуста шорпо, жашылчаларды, жер-жемиштерди колдонуу керек.
Бул диета менен бир аптада 4-5 килограммга арыктоого мүмкүн.