Чолпон ОРОЗОБЕКОВА, журналист:
"Кыргызстан авторитаризм менен демократиянын ортосунда"
2008-жылы мурдагы бийликтин запкысы менен жабылган "Dе-факто" гезитинин редактору Чолпон Орозобекова "Азаттыкка" маек куруп, анда Орусиянын Кыргызстанга карата маалыматтык чабуулу, парламенттик демократиянын келечеги жана "Dе-факто" гезитинин тагдыры тууралуу айтты. Чолпон Орозобекова учурда үй-бүлөсү менен Швейцарияда жашап, Женева эл аралык университетинин магистратурасында окуйт.


Кремлдин маалыматтык чабуулу - геосаясий оюндун түрү
- Шайлоо жакындаган сайын сырттан маалыматтык чабуулдар күчөдү. Айрыкча, Орусиянын айрым каналдары тарабынан болгон чабуулду эгемен мамлекеттин ички ишине кийлигишүү катары баалайм. Орусиянын маалымат айдыңында ким "кожоюн" экени белгилүү, Кремлдин имараты жок мындай берүүлөр сыналгыга чыкпасын жакшы билебиз. Оболу бул окуялардын артында эмне турат жана Орусия эмне үчүн Кыргызстанда парламенттик шайлоого аттанган саясатчылардын ичинен Өмүрбек Текебаевди каралоону тандады деген суроо туулат.
Орус президенти Д.Медведевдин "парламенттик башкаруу Кыргызстан үчүн катастрофа" деп айтканы эсиңиздедир, бул дипломатиялык жактан алганда өтө орой айтылган сөз. Орус бийлигинин Кыргызстан элинин тандоосун сыйлабай, улам минтип сүйлөп атканы бир гана нерседен кабар берет. Демек, Орусия Апрель революциясынан кийин Кыргызстандын ичинде пландаган сценарийин ишке ашыра албай калды.
Эң башкысы, орус бийлиги Убактылуу өкмөттөн "парламентаризм" деген сюрпризди күткөн эмес болчу. Экс-президент К.Бакиев аскерий база менен орус бийлигин алдап кеткенден кийин, "бир диктаторду экинчи бир москвачыл, тил алчаак диктатор менен алмаштырабыз" деп ойлошкон. Анын үстүнө геосаясий жактан алганда, К.Бакиевдин тушунда унчукпас болуп кеткен расмий Вашингтон азыр кыргыз бийлиги менен алакасын катуу жандандырып, айрыкча президент Роза Отунбаеванын АКШ президенти Барак Обама менен жолукканы Москванын тынчын ала турган жагдай.
Чоң державалар жеке кызыкчылыгына келгенде бардык сценарийге барышы мүмкүн. Кеп Ө.Текебаевде эмес, кеп Орусия кыргызстандыктар июндагы референдумда кабыл алган Конституцияны жок кылууну көздөп атканында. Азыркы Конституция Орусия жана коңшу диктаторлор үчүн катастрофа болушу мүмкүн, бирок кыргыз элине эмес! Бул эгемен Кыргызстандын тандоосу жана муну башка мамлекеттер сыйлашы керек.

Парламенттик шайлоо: өлкө тагдырынын бурулушу
- Июнда кабыл алынган Баш мыйзам бизге өтө кымбат турду. Ал бааны Кыргызстан эли уулдарынын каны менен төлөдү. Кыргызстанда күчтүү президенттик бийлик непотизмге жана коррупцияга алып келерин соңку 20 жылдык тарых көрсөттү го. Биз эгемен мамлекет катары өз жолубузду тандадык. Эгерде азыр жаңы Конституцияны сактап калбасак, анда бизди Апрель ыңкылабында окко учкан уулдардын арбагы кечирбейт.
Так ушул маалда өлкө авторитаризм менен демократиянын ортосунда асылып турат. Эгер парламенттик башкаруудан баш тартып, кайра президенттик башкаруу болду дегиче мурдагы эки президенттен өткөн өтө коркунучтуу диктатордук бийлик орношу мүмкүн. Айрым саясий лидерлер Кремлдин оозун карап, Москвага барып жашыруун жолугушууларды өткөрүп атканы мени таң калтырат. Арасында Кыргызстанды Орусияга кошуп берели деп кыйкырып чыккан саясатчылар да жүрөт. Мамлекеттик, улуттук кызыкчылык деген каякта?
Парламенттик шайлоодо кыргыз эли добуш береби же парламенттин курамын Кремлдин жетекчиси Д.Медведев "бекитеби"? Эгер башка өлкө жетекчиси Кыргызстан элин маңкурт ойлоп аткан болсо терең жанылышат, себеби биздин эл Кремлдин сценарийине жол бербейт! Чехиянын тарыхын деле алалы, Литваны, Эстонияны караңыздар, биз дагы алардай эле парламентаризмди кура алабыз. Европа өлкөлөрүндөгүдөй классикалык үлгүдөгү болбосо дагы, Кыргызстандын парламентаризми болот.
Бул шайлоодо "Ата Мекен" жана Социал-демократтар партиясы негизги орунду алат деп ойлойм. Себеби, элдин назары ушул эки партияда. Бирок менин пикиримде, аталган эки партия лидерлери Ө.Текебаев менен А.Атамбаев бириксе жакшы болмок. Эл арасында дагы революциячыл ушул эки партия бириксе деп күткөндөр көп. Тилекке каршы, экөө бириге алган жок, кыргыз саясатчылардын трагедиясы - жеке баасынын бийиктигинен улам ортолорунда ынтымак жок.

"Dе-факто" гезити кайра чыгат
- Мурдагы бийлик тушунда ачылган кылмыш иш качан жабылат деп тынчсызданбайм, корко турган да жөнүм жок. Мага каршы сот процесси башталып жатканда сот аткаруучулар чакырып алып, пресса аркылуу Бакиевдерден кечирим сурагыла деген талапты коюшкан. Алардын оюу боюнча Жаныш Бакиевдин жан-жөкөрлөрү жазган кечирим суроону гезитке өз атыбыздан жарыя кылышыбыз керек эле. Гезит жамааты ошондо "Азаттык" үналгысы аркылуу "Dе-факто" гезити Ж.Бакиевден кечирим сурабайт" деп чыкканбыз. Андыктан, кылмыш иши акыры жабылат, мунун баары саясий заказ болгонун коомчулук жакшы билет.
Анын үстүнө, соңку кырдаалды карагылачы, уулун, атасын жоготуп канча үй-бүлө кан жутуп отурат. Ошто кырчылдаган кыш келатса канча адам чатырда жашоосун улантууда. Мамлекеттик коопсуздук кылдын учунда турса, өкмөттү мага каршы ачылган кылмыш ишти жапкыла деп шаштырганым туура болбойт. Бул убакыттын гана маселеси.
"Dе-факто" гезитинин окурмандары үчүн жакшы кабар - гезит чыгып баштайт, мурдагы чыгармачыл жамаат кайрадан топтолот. Жолдошум Жеңиш экөөбүз даярдыктарды көрүп жатабыз. Бирок, кайрадан баарын башынан баштоо оңой эмес. Гезитти кайра чыгарууга абдан көп каражат керек. Бул гезиттин аркасында бай кожоюн жок, өз демилгебизди өзүбүз ишке ашырабыз. Азыр эл аралык уюмдарга долбоор жазып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атабыз. Шайлоо алдында бир нече партия бизге кызматташууну сунуштады, бирок белгилүү себептерден улам иштешүүдөн баш тарттык.

Гүлайым АШАКЕЕВА
"Азаттык"