Айлакер айым 2
ТОБОЛ ӨРӨМКАН

Сериал


"Айлакер айым-2" сериалы уламдан-улам ого бетер бүйүр кызыктырат. Заринанын баласы кимден, Канат Темирбекович экөөнүн тагдыры кандай болот, Салыйка жалдаган детектив кызга кол салабы, төрөт залдан уулун уурдаткан Зарина кандай кадамдарга барат жана Заринаны апасынын оор тагдыры ж.б. ж.б. жөнүндө билип, сериалдын кызыгына баткыңыз келсе, анда "Айат" гезитинин бир да санын калтырбай окуңуз.



(Башталышы өткөн санда)
Килейген эле министрдин башын айлантып, каалаганын жасатып, чалчактап атканына бактысы түгөл болгон Зарина ичинен боору эзиле күлүп жатты. Анан Сапарды эстеди, жашы өтүп калса да төшөктө көргөзгөн оюндарын сыдыргыга сала да бир жылмайды. Эми эптеп айлакерлигин карматып, алдамчы торун жайып Канат Темирбековичин аялы менен ажыраштырыш керек да эрге тийүүсү зарыл.
Антпесе бактысы толук түгөл болбой калгыдай, сулуулугу менен ушул деңгээлге өсүп жеткен мындан нары токтоп калса да болбойт да. Же алчусун алып, жечүсүн жеген соң министрине "мени ал же кое бер" деген талап коюшу керек.
Аярлай басып Камчы келип калбаганда Зарина дагы көп пландарды түзмөк. Сыйкырчыдай алдында пайда болгон жигит саал коомайлана турду. Эми Заринанын сулуулугу менен келишкен келбетинин алдында Камчы тоодон түшкөн чабанды элестетип, кызды мыйыгынан жылмайтты. Убагында баатыр боло сүйлөп, ушу алдында турган кызды далай жолу уйпаланган жигит кийген кийминен, кебетесинен уяла кымырынды. Аны байкаган Зарина сыр бербей ордунан тура кала, жигиттин колун бекем кыса бетинен өптү да, "кел отур, чай ичели, сүйлөшөлү" деп сөз баштады. Калдастаган Камчы столго отуруп отура электе эле суктануусун жашырбады.
- Өлө чырайыңа чыгып кетипсиң, жүрөгүм солк этти да. Сагынтып кайда жүрөсүң? Далай жолу түшүмө кирип, алты айламды кетирдиң го...
- Каякка качмак элем, ушу эле шаардамын. Болгону өз бактым үчүн күрөштүм.
- Сени сүйөм, сенсиз жашай албайм дечү элең го.
- Курсагың ач, киймиң жыртык болуп турса кайдагы сүйүү. Сезим менен жашагандан көрө, мен бай турмушту тандадым.
- Акын "бир байга тийди" деп калчу эле.
- Укмуш бай деп айта албайм, мен таанышканда депутат эле азыр министр. Президентке жакын адам. Кудайга шүгүр, "турмушум жаман" деп арыздансам кудайга да жакпастыр. Мени коюп өзүң айтчы не кылып жүрөсүң?
- Не кылмак элем, баягы эле курулуш иши да, квартирадан квартирага салпактап, тапкан акчама курсакты тойгузуп, кийим кийип, арак ичип баягы эле турмуш. Болгону сени такыр унута албадым, катуу сүйүпмүн. Теңине албай кетпедиңби. Же мага деген сезимиң өчө элекпи?
- Сүйүүнү эмне кылам? "Сүйдүм, күйдүм" деп сага тийсем экөөбүз өлбөгөн турмушта жашоо кечирмекпиз, өзүң билесиң мага андай жашоо жакпайт. Мен бу турмушта эмне көксөсөм ошого жеттим. Бактыма ыраазымын, бирок сенин жолдон тороп, ар кайсыны сүйлөп, эскини эстеткениңди каалабайм. Кел, андан көрө тамакка кара. Заказ бер эмне каалаайсың?
- "Бөдөнөнүн сүтүн ичем" десең не кыласың?
- Ошо да кеппи, таптырам. Министрдин жаш сулуусу үчүн бөдөнөнүн сүтү да кеппи!
- Кыргыздар бекеринен "күрүчтүн арты менен күрмөк суу ичет" деп айтпагандыр. Сенин артың менен мен да бир жыргап алайын.
- Эгер тилиңди тишиңе катып жүрсөң, сени далай жолу жыргатам.
- Эмне дедиң?
- Ладно, ал жөнүндө шашпай сүйлөшөлү.
Экөө дасторкон үстүндө далай сырларды төгүштү. Анын үстүнө ичимдик аралашкан соң, сөз да түгөнбөйт эмеспи. Далай жолу кафелеп ээрчишип, далай жолу түндү бирге өткөргөн экөө үчүн убакыт да өтпөй, турмуш токтоп калгансыды. Кызып калган Камчы да карап турабы "сагындым, мен сени каалап атам, сенден кийин далай эле кыздын койнуна жаттым, бири да сага жетпеди. Сени убагында сөгүп-сагып баркыңды билбеген менен чын эле кыйналдым. Издедим, эңседим, сагындым. Эми бүгүн колдон чыгаргым келбейт, сен мендиксиң. Жок дегенде эскини эстетип бүгүн менин кумарымды кандырчы" деп шыпылдап Заринага жакындай көкүрөк башынан кармалай, мойнунан жыттай калып, балтырларын эзди.
Кумарга көзү катып турган Зарина да жигитти жайына койду, өзүнүн да эңсөөсү ашып-ташып, ушу кафенин ичинде эле кумарлана өбүшүп, тизгинди кое бере төшөк оюнунун түркүн түсүн көргөзгүсү келгенин айт. Аңгыча Камчы да карап турабы, демилгени колго алды.
- Чынын айтайын кафени төлөй албайм, төлө да жүр, кеттик менин квартирама, бүгүн балдар келбейт. Мен такси тосо берейин. Зарина үн катпады, жигиттин эркине көндү. Арткы орундукта отура, бир-бирин эми көргөнсүп, эриндерин канат сорушкан кыз-жигитти салган такси "Дордой" жаңы конушун аралай, Камчы жашаган кунарсыз үйдүн эшик алдына келип токтоду.
(Уландысы кийинки санда)