Ийне жоголду
Айрым маалымат сайттар менен узун кулак гезиттердин беттерине өкмөттүн вице-премьер министри, "Ата Журт"партиясынын ана башчыларынын бири Мыктыбек Абдылдаевдин карачечекей кудасы "Азимбек Бекназаров ың-жыңсыз жоголуп, чет жакка чыгып кетти" деп жазышат. Угушубузга караганда жеке менчикке таандык ишкана-мекемелерди улутташтырууда алардын ээлерине туура эмес мамиле кылган имиш. Андан тышкары крим чөйрө өкүлдөрү да, "ар кимден сындырган акчаңан бөлүш" деп, артынан түшүп, тынчтык бербей койгон дешет. Ал ортодо баш прокурор Кубатбек Байболов менен да тиреше түшкөнү ачыкка чыкты. Азикеге телефон каксак "абонент тейленбейт" дейт. Сыягы чын окшойт. Жакшы эле баатыр көрүндү эле...


"Коен" баатырдан сак болгула!
Атамбаевдин арты менен саясатка келип, СДПК партиясынан депутат болгон Кубанычбек Кадыров алгач күч органдарында жөнөкөй эле опер болуп иштеп, анча-мынча акчалууларды бөйрөккө ныкып, акча тапканын айланасындагылар ачык эле айтышат. 7-апрелдеги элдик революцияда аялдардан өөдө үй-бүлөлүк бийликке каршы туруп, салгылашып атса, жаны ширин Кубаныч мырза коендон айырмасы жок куйругун түйө качканы жалпыга маалым. Анан революция аяктап, Бакиев бийлигин тактан кулагандан кийин бети кызарбай-этпей келип, ИИМдин орун басары боло калган. Иши канааттандырарлык болбогону аз келгенсип, көп адамдардын айласын кетиргендигин коомчулук жакшы билет. Айтор, саясаттын казанына "чала" кайнаган Кубаныч "баатыр" азыр Сариевдин этегине жармашып жүрөт. Атамбаевди сатып кеткен бу жигитке Сариевди сатып кетүү текейден арзан эмеспи, аттиң…


Орус менен "ойнобо"
Шайлоого ат салышкан партия өкүлдөрү ар кайсы облуста эл менен жолугуп, "май көл, сүт көл" туурасында жомоктогудай убадаларды айтышып, чабагандап жүргөн учуру. Алардын арасында "Мама Журт" партиясынын талапкери Нариман Түлеев да улам бир жерге барып, эл чогулбай койсо маршруткалар менен ар кай жерден эл топтоп, бал шилекейин чачып, опол тоодой куру убадаларды урдуруп жүрү. Маселен, өткөн аптада Ак-Өргө конушуна барып, эл чогулбай койсо, бир да орус жашабаган аймакка орус улутундагы аз-маз адамдарды ташып барып, жыйын курду. Нариман мырза Ак-Өргөдө жалаң кыргыздар жашаарын билбегени кызык.


"Атанын кызы" деп Ассолду айтабызбы?
КТРде музыкалык көңүл ачуу студиясын бир топ жыл жетектеп, Москванын теле берүүлөрүн кадимкисиндей көчүрүп алып, ага автор болгон теле алып баруучу Ассоль Молдокматова эми саясатка кадам таштап, "Ата Мекен" партиясына чоң суммадагы акча менен кирип, алдыңкы тизмесинде парламетке ат салышууда. Парламентке ушундай адамдар келсе, анда жыргаптырбыз… Ассоль айым депутат болуп, кыргыздардын көйгөйлүү маселелерин чечкенден мурун кыргызча тыңыраак сүйлөгөндү үйрөнүп алса болмок… Журналисттерге берген маегинин дээрлик көбүндө "Кыргызстандын патриотумун" деп, жар салганы менен эмдигиче кыргыз тилин билбейт экен да...
Ал эми үлкөн жазуучу, кыргыздын кыйын чыгааны Чынгыз Айтматовдун кызы Ширин да кыргыз тилден ныпым экени белгилүү. Экөө алгач эне тилин билбей туруп, парламенте эшек такалашабы? дейм.


"Эр" болбосоң кое кал…
Батышта башын катып жүрүп, "аш бышканда" Кыргызстанга жетип келген Эдил Байсалов "Айкөл эл" партиясын түзө калып, шайлоого ат салыша баштаган эле. Көчөлөрдө илген жарнактарында тазалыкты, эркиндикти жар салып, элди эр жүрөк болууга үндөйт. "Эр" болбосоң кое кал… Бакиевдин каарынан качып, башка элде башын катып жашынып жүргөн кезин унуткарып койгон окшобойбу? Деги жарнакты көргөн эл аргасыздан мыйыгынан күлүүдө. 2007-жылдагы шайлоодо бюллетендерди сүрөткө тартып, интернет сайттарга чыгарып ийгени үчүн камалып кетээрде куйругун түйө качкан кайран "эр".


Камчыкең өзбекче "гяпурганда"
"Жалолобад тонги" ( 22.09.2010) гезитине берген интервьюсунда "Ата Журт" партиясынын дагы бир чоң муштуму Камчы Ташиев мындай дептир: "Парламент депутати булиб турган вактимда янги Конститутцияни кабул килишганда факат мен карши чикканимни бутун эл-юрт билади…"
Ооба, Камчы мырза, "позор, позор!" деп кыйкырып турганыңызды да эл билет. Анан да "Чунки мен калк томанида булганман…" депсиз. Оббо, элдик болсоңуз кыргыздын байыркы керемети - Каркыра, бермети - Ысык-Көл жээгиндеги пансионаттар, телеком, северэлектро ж.б. эл байлыктары Бакиев акаңиздин аамири менен сатылып атканда неге "балык" болуп турдуңуз экен аа?..