Кулачын жайган
Сары-Өзөн
"Ата Мекен" Сары-Өзөнгө болгон сапарын Кант шаарынан баштап, аталган калаада 6000дин тегерегинде эл чогулду. Баш "атамекенчи" алгач Кант шаарынын тургундарына эски режим менен болгон күрөшкө кошкон салымы үчүн ыраазылык билдирип, өзү жетектеген партиянын программасы менен тааныштырууга өттү. Кант шаарында өткөн жолугушууда сөз алган талапкер Жусуп ТАШИРОВ "Ата Мекен" партиясынын биринчи жеңиши - 7-апрель, ал эми экинчи утушу - парламенттик башкаруу формасын шарттаган Конституция экенин белгилөө менен, бул жеңиштер үчүнчү кадам - парламенттик шайлоодо жеңип чыгуу менен бекемделерин билдирди.


Ал эми Токмок шаарындагы жолугушууга 13-14 миңдин айланасында эл жыйналып, "атамекенчилердин" программасын тыңдады. Аталган шаардагы жыйында Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын ички рыногун кеңейтип, жеңил өнөр жайын колдоого алып жана тигүү өнөр жайын бардык салык жыйымдарынан бошотууга убада берди.


Сокулукта "атамекенчилер" коррупцияны түп тамырынан кыркуу керектигин белгилөө менен, "атамекенчилер" өлкөнүн уурдалган байлыгын - акчасын да, алтынын да кайра кайтаруунун жолун так билээрин, ага реалдуу механизмдер бар экенин белгилешти. Кара-Балта, Жайыл жана Панфилов райондорунун 10 миңден ашуун тургундары менен болгон жолугушууда Өмүрбек Текебаев аталган аймактардын көңүл өйүткөн көйгөйлөрүн чечүү жолдоруна токтолду. Маселен, Кара-Балтадагы спирт чыгаруу заводу казакстандык буудайды пайдаланат да, жергиликтүү дыйкандар көңүлдөн тыш калат. "Ата Мекен" буга мындайга жол бербестен, өлкөнүн ички рыногун колдоого ниеткер.
Бакыт МОЛДАЛИЕВ