Темир БИРНАЗАРОВ, кинорежиссер:
"Эл тааныбаган эл артисттери көп"
Акыркы учурларда кино тармагы жанданып, кыргыз тасмалары чет жерлерде өткөн кино фестивалдарга катышып, ийгиликтерге жетишүүдө. Биз да Темир Бирназаров менен кино тармагынын күңгөй-тескейи, мамекеттик сыйлыктар жана жаштар тууралуу баарлаштык.

- Темир мырза, акыркы жылдары эки ыр ырдаган ырчы деле эмгек сиңирген артист болууда. Чыныгы таланттар көмүскөдө калып атканына кандай карайсыз?
- Негизи бизде наам алуунун эрежелери таптакыр туура эмес. Өзүңөр билесиңер, бизде эл тааныбаган эл артисттери көп. Алардын эмгегин эл деле тааныбайт, бирок эл артистти болуп алышкан. Союз кулагандан кийин мамлекеттик наамдар кызылдай эле сатылып калган. Бул жөнүндө өткөндө маданият министри да айтып өттү. Ардак грамота миң доллар, эмгек сиңирген наам бир жарым миң доллар, эл артистти үч миң доллардан жогору болуп, соодага айланып калган. Баарын айтпайм бирок, көпчүлүгү ушундай жол менен алып, чыныгы элдик таланттар унутта калышкан. Мисалы, Күмөндөр Абыловду, Асылбек Өзүбековдой таланттарды тааныбаган кыргыз жок. Бири акча бербегендиги үчүн, бири оппозицияда жүргөндүгү үчүн наам ыйгарылган эмес. Бул койгой ар бир чыгармачылык коллективдерде бар. Ким жогору жактын ырын ырдап, ким акча берсе, наам сый ошолордо болуп келген. Анан дагы президенттин ардак грамотасын алмайын эч кандай наам ыйгарылбайт. Бул эми президентке жага турган чыгарма жарата алмайын наамдан айлан деген кеп да.
Учурда мыйзам боюнча Бакиевдин ардак грамотасын алган адамдар кана ардактуу наамга көрсөтүлүүгө татыктуу болуп, азыркы бийликтин колунан наам алышат экен. Бул эми абсурд. Мурунку бийликти кулатып, бирок алардын кылганын улантат экенбиз. Кантип алышкан, кайсы кызмат үчүн алган аны талдаган адам жок. Ансыз да далай чыгармачыл адамдарыбыз мурунку президент менен кийинки президент жөнүндө жерге сууга тийгизбей макташып, алардын жакындары тууралуу кино тартып, ыр жазып эптеп-септеп наамга, креслого жетиш үчүн эки жүздүү кошоматчыларга айланып калган.
Чыгармачыл адамдарда мындан башка стимул жок болгондуктан, айла жок ошондой жолго барышууда.
Акаевдин убагында мамлекеттик катчы "Майрам Акаева жана "Мээрим" фонду тууралуу мактап кино тартсаң, сага квартира, наам беребиз" деген. Ошол кезде азыркыга чейин эле квартира боюнча чуркап жүргөндүктөн, мага квартира сунушташкан. Мен баш тарткам. Ал эми Акаеваны мактап фильм тарткандар наамын да, квартирасын да алышты.
- Мамлекеттин сыйлык тапшыруу бөлүмүнүн жетекчилиги менен сүйлөшүп, сунуштарыңызды айттыңызбы?
- Жакында эле Бүбүкан Досалиева менен сүйлөшсөм, абал мурдагыдан да жаман болуп калыптыр. Эженин айтуусунда, мамлекеттик наамга чыгармачыл адамдар өздөрүнө тиешелүү Союздардан көрсөтүлсө кана болот экен. Союздун мүчөлүгүнө кирбеген жазуучулар, сүрөтчүлөр, артисттер, режиссерлор кандай кылышат?
Алар жасаган эмгеги үчүн сыйлык алууга аракет кылса сөзсүз союзга кирүүсү керекпи? Мурда сыйлыкка союзу жок эле башка уюмдар, керек болсо гезиттер деле көрсөтө берчү. Азыр болсо чыгармачыл союздар наамга көрсөтүү укугун, "монополизировать" этип алышыптыр. Мен өзүм деле союздун мүчөсүмүн, бирок бул абдан туура эмес. Анткени, мындай мамиле союздардын ичинде чыр чыгып, майдаланып бөлүнүп кетүүгө түрткү берет. Мыйзам боюнча чыгармачыл адамдардан үчөө-төртөө биригип, уюм ачканга укугу бар. Мындай болсо бир эки жылдан кийин чыгармачылык союздар козу карындай жайнап чыгат. Ал эми ар бир чыгармачылык союз өзүлөрүнүн гана мүчөлөрүнүн кызыкчылыгын коргойт жана ошондой максат менен түзүлөт. Муну мен Бүбүкан эжеге айтсам, түшүнө албай койду. Анан жогоруда айтпадымбы, эл билбеген эл артисттери бар деп. Киночулар уюмунун мурунку наамга көргөзүлгөн адамдардын документтерин карасаң, баары жасалма. Мындай нерсе бир эле киночуларда эмес, жазуучуларда, сүрөтчүлөрдө деле толуп атса керек? Менимче сыйлыкка татыктуу адамдарды гезит беттерине жарыялап, коомчулуктун элдин сынына койсо, татыктуусун эл өзү иргеп, чыныгы элдик деген наамга ошондо татыктуу болушмак. Мисалы, бизде оозу толтура сүйлөгөн эл артистти болгон режиссерлор толтура, бирок тилекке каршы аларды эл билбейт. Бул маселе жеке эле кинодо эмес театрларды, эстрада да деле орчундуу болууда.
- Учурда "Кыргыз фильм" киностудиясында абал кандай?
- Абалыбыз өтө начар. Каражат жетишсиз. Өлкөдө кырдаал оор болуп турганда бизге акча деле бөлүнбөйт көрүнөт. Бөлүнсө деле ал акчага кино студияга керектүү жабдыктарды алабыз.
Жакында Ат-Башыга барып келдим. Райондун кино театрынын абалы өтө оор экен. Чатыры талкаланып, үстүнөн суу агып, керектен чыгып калыптыр. Мындай абалдан чыгуунун бир гана жолу, Ат-Башыдан чыккан ишкерлердин бирине кинотеатрды берүү керек. Кинотеатрды сактап калса, район эли үчүн жакшы иш болот эле. Антпесе, мамлекет кинотеатрларды оңдогонго акча бөлбөйт. Ал эми жер-жерлердеги кинотеатрлар биздин карамагыбызда болгондон кийин, биз карашыбыз керек. Ошондуктан, азыр жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө, райондун жетекчилерине кайрылып, ушундай маселелердин үстүндө сунуштарыбызды айталы деп турабыз.
- "Кыргыз фильм" киностудиясына директор бекитилдиби?
- Азырынча бекитиле элек. Учурда директорубуз иш отчетун берүүгө даярданып жүрөт окшойт.
Киностудиянын структурасын учурга ылайыктап өзгөртүп, баардыгын жаңылабаса, ишибиз такыр оңолбойт. Анткени, киностудияда мурдагы Союз убагындагыдай система калып калган. Кереги жок кадрлар келет, айлык алат, эмне үчүн иштеп атат билбейсиң? Ошондуктан, ишти билген жакшы жетекчи шайлап алууга барабыз го деген ойдомун.
- "Кыргызстан кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү" долбоору боюнча жаш режиссерлор жалаң кыска метраждуу фильмдерди тартууда. Муну көпчүлүк "кыргыз киночулары жалаң кыска метраждуу тасма тартса, өнүгүү кыйын болот го, толук метраждуу тасмалар тартылбай калабы?" деген кооптонуу менен кабыл алышууда. Буга кандай пикирдесиз?
- Кыска метраждуу көркөм фильмдерди тартуу да жакшы демилге. Менин окуучум Асел кечээ Самарадан фестивалга катышып келди. Ал жерден кыска метраждуу фильм­дердин фестивалында Гран прини Кыргызстандан Алижан Насыров "Кыштоо" деген тасмасы менен жеңип алды. Бүт мамлекеттен чогулган жерде жалаң Кыргызстандын кыска метраждуу фильмдери үчүн тост көтөрүп, майрам уюшулуптур. Ушунчалык жакшы тасмаларды көрдүк деп аябай ыраазы болушуптур. Кыска метраждуу фильм тартуу, бул абдан жакшы жөрөлгө. Ал эми толук метраждуу тасма тартканга бизде каражат тартыш. Мына мен толук метраждуу фильм тартам деп, бир жарым жылдан бери каражат жагынан кыйналып атам. Буюрса эми студиянын аппараттарын колдонуп, "Кыргыз фильм" менен бирге тартам деп турам. Анткени, буларда акча жоктугунан каражат албасам да техника жагынан колдоо алам го деген ойдомун. Ал эми Э. Абдыжапаровго, Актанга, мага окшогондор жеке студияларында өздөрү каражат таап, толук метраждуу тасмаларды тарта берет. Мисалы, Актан быйыл француздардын каржылоосу менен толук метраждуу фильм тартып, жакшы ийгиликтерге жетишти. Мунун баарысы режиссерлордун өзүнүн аркетине жараша болот. Биздин окуучуларыбыз жакшы ийгиликтерге жетишүүдө. Чынында мамлекет жасабаган нерселерди жасап атабыз. Мына мен беш баланы окуттум. Алардын тарткан тасмаларына да өзүм каражат таап берип, колдоп келатам. Улуу катары мындай иштерди жасап туруу өтө зарыл.
Бурул МУСАБЕКОВА




Көп жаша!
Өзү жазбаганы менен баарыбызды багып, ай сайын "акыйтып" отуруп айлык берип, казынабыздын кожейкеси болгон бир кызыбыз бар. Редакцияга келген чалы да, жашы да "канчада" деп кызыга берген бул кызыбыздын аты Бермет. Ошол так текедей ойун салып, баарын кызыктырган бул сулуубуз өмүрдүн күлгүн курагына келди. Жашын албетте, айтпайбыз. Бермет сулуу, дайым азыркыдай жаш болуп, көргөндүн көзүн күйгүзүп, бала бакыраң анан өмүрлүк жарың менен аман бол! Көп жаша.
Кесиптештериң