"Макс - 2"
же кыйраган "кыялдар"
Кыргыз элинин кылымдардан бери келе жаткан ыйык мурасы - кол өнөрчүлүгү менен нукура бай маданиятын сактап жана өнүктүрүү максатында 1969-жылы КР Совет министрлигинин токтому менен Элдик көркөм өнөрчүлүк Бирикмеси "КЫЯЛ" түзүлөт. Бул идея кыргыз этнографиясынын энесиндей болуп калган Клавдия Ивановна Антипинадан жаралып, алдыңкы интеллегенция жана өнөр адамдары тарабынан колдоого алынат. 1982-жылы өкмөт андан аркы колдоосун улантып, "Кыял" Бирикмесинин өз имарат жайы үчүн шаардын чок ортосунан жер бөлүп берет. Курулуш иштери башталаарда ошол "Кыял" үчүн бөлүнгөн Чүй, Бейшеналиева, Киев жана Кулиев көчөлөрүнүн чегинде жайгашкан 48 үй бузулуп, 71 үй-бүлө үчүн: 24 бир бөлмөлүү, 23 эки бөлмөлүү, 15 үч бөлмөлүү жана 9 төрт бөлмөлүү квартиралар жергиликтүү өнөр жай министрлиги тарабынан сатылып берилет. Ошентип, 1986-жылы борборубузда өз учурундагы эң бир кооз, шаңкайган, өзгөчө архитектуралык стилде салынган өнөрчүлөрдүн "Кыял" аттуу храмы пайда болуп, ага мүчө болгон 2500дөн ашык чеберлер маңдайы жарыла кубанып, чоң ой-максаттар менен келечекке ишенимдүү карап, ишке киришкен.
Ошол кезде белгилүү өнөр адамдарынын демилгеси, талабы жана өкмөттүн эбегейсиз каражаты менен бүткөн имарат да, имаратка тиешелүү тегерегиндеги ар бир укум жер да, "Кыял" көркөм өнөрчүлүк Бирикмесинин өзү да-баары биригип, бир гана Султанбек Макашевдин жеке үй-бүлөлүк байлыгын арттырууга кызмат кылып калат деп эч ким ойлобосо керек. 1994-жылы Өкмөттүн №623 токтому менен "Кыял" Бирикмеси КР өнөр жай жана соода министрлигинин башкаруусунан чыгып, баш-оту менен Султанбек Макашев жетектеген Элдик кол өнөрчүлөр союзуна өтөт. Ошентип, ошо күндөн бу күнгө 16 жылдан бери "эки тизгин, бир чылбыры" колунда Султан мырза - түшпөс хан.

Деги Султанбек Макашев деген ким?
"Кыз кезинде баары жакшы…" дегендей тың, чыйрак, шайдоот көрүнгөн жигитти адегенде башкы сүрөтчү, андан соң директор кылып, өнөрчүлөр өздөрү шайлап алган. Бирок директорлук креслого отургандан баштап С. Макашев сатса да, чачса да кемибес кенчтин үстүндө олтурганын бат эле түшүнөт. Ал кенч, биринчиден, жылдан -жылга баа жеткис болуп, баркы көтөрүлүп бараткан Элдик кол өнөрчүлүктүн продукциясы. Ак үй, Көк үй, ЖК, чоң мекеме-уюмдар, бизнесмендерден тартып жай адамдарга чейин кыргыздын улуттук буюмдары, сувенирлери, ювелирдик шөкөттөрү эл аралык да, жеке пендечилик мамилелерде да аба-суудай керек болуп калбадыбы. Ошондо баарынын урунаар жери "Кыялдын" чоңу С. Макашев экени талашсыз. "Жаман атка жал бүтсө, жанына торсук байлатпайт" деп, чындап эле жанына үзөнгүлөш чыгып келаткан өнөрчү кесиптештеринин бирин жолотпой, кандай заказ болсо да өзүнө гана тиешелүү жерге жасатып, монополист болуп алган.
Экинчиден, "Кыял" бир кезде кол өнөрчүлүктүн, чыгармачылыктын эле борбору болбосо, бүгүн анын өзү да, ага тиешелүү аянттын ар бир метр жери да ар күнү алтын агып кирип турган Базар -"Кыялга" айланган.
Баягы күү-шаа болуп иштеп турган жер жайнаган цехтер да, цехтерде иштеген жер жайнаган адистер да бүгүн жок. Фактыга таянсак, 2009-жылдагы кадрдык көрсөткүчү төмөнкүчө: металды көркөм иштетүү цехинде эсепте 26 киши, чынында анда 12 эле киши иштейт. Жумшак сувенирлер цехинде эсепте 12 киши, иштегени үч киши, булгары цехинде эсепте 6 киши, иштегени 3 киши, ж.б цехтердин баарында абал ушундай. С. Макашев ушунча жылдан бери өнөрчүлүк өндүрүшүн жетектеп жүрсө, балким чеберлердин кадыр-баркына жетип, кам көрүп келаткан чыгар деген үмүт менен ал жагына да үңүлүп көрдүк. Аттиң.., кыргыздын оймосуна жан киргизген Садыбакасов аксакал өз эмгегине өзү ээ боло албай, нааразы болуп жүрүп дүйнөдөн өтүп кетти. Себеби, "Оймолор жомогу" деген китебин С. Макашев өзүнүкү сыяктантып чыгарып алып, автор сокур тыйын да көргөн эмес. Же дагы бир мисал, кечээки эле совет доорунда СССРдин атынан М. С. Горбачев АКШнын президенти Р. Рейганга жогорку чеберчиликте жасалган күмүш ээр токум тартуулайт. Ал өтө кымбат, асыл буюмдун автору Жылкычы Шаршембиев экенин "унутуп" С. Макашев өзүн гана белгилеген. Мындай мисалдар да сансыз экен, кагаз түтө турган эмес.
Ал эми финансылык мыйзам бузуулары көнүмүшкө айланып, түктүү колу түркүн айла-амал менен табылган акчаны шилеп алып жатканы эч кимге жашыруун деле болбой калды. "Кыял" базарында канча соода түйүнү бар? Ким билет? Билсе бир кана С. Макашев билет, анан соода түйүндөрүнөн акча чогулткан админстратору билет. Бизге жеткен айрым бир маалыматтарга таянсак, 2500дөн ашык соода түйүндөрү бар. А бирок, мамлекеттик салык инспекциясына үч эсе аз орун көрсөтүлүп, үч эсе аз салык төлөнөт. Ортосундагы эсепсиз акча ушунча жылдан бери кайда кетип жатат? (кайда кетип жатканын статьянын артына тиркелген тизмеден окуп аласыздар). Мындан сырткары көптөгөн Элдик Союздун башчысы, баарынын жетекчиси өзү болгондуктан, бир колу менен которот, экинчи колу менен алат. Мисалы, 29-декабрь 2009-жылы №71 счет-фактура боюнча өзү биринчи вице-президент болуп жүргөн КР соода-өнөр жай Палатасынын 550000 сомду (беш жүз элүү миң) өзү жетектеген КР Элдик кол өнөрчүлөр Союзуна которгон. Эмне үчүн которгон дебейсиздерби? Шанхайдагы өзү Башкы комиссар болуп дайындалган Бүткүл дүйнөлүк "ЭКСПО-2010" көргөзмөсүнүн Кыргызстанга тиешелүү павильонуна алты айга өзүнүн үч метрлик боз үйүн арендага бергени үчүн. "Эбин тапкан эки ичет" болбосоң кое кал! Андан да кызык факт, ушул эле 2009-жылдын 29-декабрында №78 счет-фактура боюнча Шанхайда өтчү "ЭКСПО-2010" көргөзмөсүнө сувенирлерди сатып алуу үчүн КР соода-өнөр жай Палатасы (өзү бул Палатанын 1-вице-президенти) 292700 сомду Элдик өнөрчүлүк Союзуна (өзү бул Союздун президенти) которот. Анысы аз келгенсип, өзүнүн кызы жетектеген "Тумардын" сувенирлерин алат. Жогорудагы чоң сумманы жөнөткөн колу менен тосуп алган колун уялбай эле коюптур. Документтерин тиркеп койдук. С. Макашев тарабынан канчалаган мыйзам бузуулар үстөккө-босток болуп жатканына көз жумуп кое албаган өнөрчүлөр адилеттик издеп канча жылдан бери кайда кана урунбады, бечералардын үнү жеткен жер азырынча боло элек.
Кайсы бийликке туш келбесин Султанбек мырза чалманы узун ыргытып, аласаак колу берешен-март болуп, анын арты менен кызматын сактап, жер жайнаган чиндердин, наамдардын ээси болду.
Эрикпей атасак, "Кыял" Элдик көркөм өнөрчүлүгүнүн Улуттук Бирикмесинин директору, "Кыял" Элдик көркөм өнөрчүлүгүнүн Улуттук Бирикмесинин башкы сүрөтчүсү, КР Элдик кол өнөрчүлөр Союзунун төрагасы, КР Элдик көркөм өнөрчүлүк Союзунун Президенти, КР соода-өнөр жай Палатасынын Биринчи вице-президенти, Шанхайда өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк "ЭКСПО-2010" көргөзмөсүнүн Башкы (генералный) комиссары. Мындан сырткары КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Эл сүрөтчүсү. Эң кызыгы Кыргыз Эл сүрөтчүсү деген наамды алганын ошо кездеги наамдарды элегинен өткөрүп бере турган Маданият министри (ошо кездеги) өзү да эл катары радиодон укканын айтып таң калган дешет. Бир жылда бир бериле турган бул ардактуу наамга чындап эле татыктуулар бар экенин саймедиреп сүрөтчүлөр союзу ушу күнгө чейин нааразы.
Эл-журтуна кайрымсыз өзү жана үй-бүлөсүнөн башканы ойлобогон эки президент калкынын кусуру уруп, артын карабай качты. Ошолордун эле кичирээк үлгүсү, өзүнүн чйрөсүндө "МАКС-2" (тойбогон деген кыязда) атка конгон Султанбек Макашевдин "сөгүш" алды дегенин уга элекпиз. Бир эле мисал: КР эсеп палатасынын текшерүүсүндө 428000 сом бюджеттин каражаты ашык сарпталганы далилденет да, эчтеке болбогонсуп "тынчып" калат. (2009-жыл). Буга окшогон мисалдар көп. Немецтердин өнөрчүлүккө берген грантынан, Шанхайдагы "ЭКСПО-2010" көргөзмөсүнөн жана башка одоно иш-аракеттеринен чыккан чыр-чатактардын аягына чекит коюла элек.
Жеп-ичкендерден арылып, мыйзам ченемдүү мамлекет куру үчүн кан төгүлдү, шаарыбыз өрттөндү. Жаңы бийлик жаңыча мамиле кылып, компетенттүү органдар өз ишин таза аткарса чындык жеңип, адилеттик орноору анык эмеспи.
Айтемир БЕКМАТОВ

P.S: Бул материал Президентке, жалпы элге кайрылуу болуп келгендиктен гезит бетинен орун бердик.
Эгер, экинчи тараптын да айта турган жообу болсо, гезитибизге
жазуудан баш тартпайбыз.