Капчык жетпейт го
Ош-Жалал-Абадды кайра калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын директорунун орун басары К. Бактыгулов эл аралык донорлор жана Кытай банк өкүлдөрү менен жолугушууда өлкөнүн түштүгүн кайра калыбына келтириш үчүн бир миллиард доллар талап кылынаарын айтып, адатыбызча "акча бербесеңер болбойт" деп алаканын сунду.


Оо, Ташбоо аке кайдасыз?
Кечээ жакында мамлекеттик тил күнү майрамдалды. Ачыгын айтсак , эч жерде майрамдык салтанаттын дымак-деми сезилген жок. Элдир-селдир иш чаралар өткөнсүдү. Ошондо мамлекеттик деңгээл тургай, көчө маршруткалардын ичинде колдонуудан чыгып бараткан кайран эне-тилибиздин маселесин тикелеп, бак-таалайын жаркыратаар бир жетик инсан тийиштүү тил комиссиясынын башына келээр бекен деп жараткандан жана президенттен аргасыз тиледик…
Тиледик да, Ташбоо аке Жумагуловду эстедик. Бакиев бийлик жалаасы менен байкалбай кеткен Ташбоо мырзанын учурунда кантсе да аталган мекеменин дабышы тарсылдап угулуп турчу. Көрсө, кадрдын кадыры да өз учурунда билинет тура…

Паспорт кана?
Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков облустук коллегияда адамдар паспорту жок же жоготуп жиберип ала албай жүрүп, шайлоого добуш берүү үчүн катышпай калышса, ошол аймактын паспорт стол начальниги токтоосуз түрдө кызматтан кетээрин айтып, столду тарс муштады. Илең-салаң иштеп жүргөндөр эми эстерине келишеби, аны бир кудай билет.


Арызыңды башкага айт
Бишкек көчөлөрүн обой кылып өз сүрөт, афиша, жарнактарын жайнатып жиберишкен саясий партияларга нааразы болгон эл редакциянын телефонун ысытып, "мындан көрө мектеп окуучуларынын китеп, калемсабына, дептерине жардам беришсе болмок" деп, тимеле биз илдирип жаткансып, кулактын кужурун алып жиберишти. Айланайын партиялар тез үгүт жарнактарыңарды жыйыштырбасаңар, биз төө бастыга калмай болдук.


200 миң доллар энеңдин ойнубу?
Жаңы президенттин жарлыгы менен жаңы дайындалган Саламаттык сактоо министри С.Абдикаримов тууралуу айрым басылмаларда, "Ак үйдөгү кайсы бир чиновнике 200 миң доллар берип министр болуптур... Бакиевдин шилекей алышкан көздөй кадры... Текебаевге жан тартып атат" ж.б.у.с. "өрдөктөр" калдаңдап эле учуп чыгып атат эй. Башкасын койгондо да, 200 миң (!) доллар деген факт (эгер чын болсо!) энеңдин ойуну эмес да, туурабы? Бул цифраны гезитке жарыялагандан эмес айткандан чочулайсың. "Айтылган сөз атылган ок" деген элибизде накыл сөз бар. Эсеби маселен, гезит менчигиң болгон менен ага жарыяланган ар бир сөз элдик мааниге ээ болорун эсиңе ал, калемдеш. Арийне биз да "200 миң доллар парага" бүйрүбүз кызып, министрдин өзүнө телефон чалып көргөнүбүздө Сабиржан мырза буйдалбастан дароо жооп берди: "Эми мындай ушактарга канчалаган жылдардан бери бышы кулак болуп бүттүк. Гезиттерибиз ажылдаган абысындардын деңгээлине түшүп кеткени өкүнтөт. Албетте, мамлекттик чиновник болгондон кийин массалык сындын бутасындасың да. Бирок, сын акыйкат, далилдүү болушу керек. Баягы "бир айттың унчукпадым, эки айттың унчукпадым, эми үчүнчүсүнө чыдабадым..." деген азил кептей, арга жок, эми өзүлөрүнө да кат аркылуу кайрылып көрөлү, болбосо ким, кимибиз болсок да мыйзам алдында жооп берели... Алар ар кимдин "заказы"менен ар кайсыны жазып жаткандай, "Ата Журт" же "Ата-Мекен" ж.б. партияларга эмес кыргыз элиме, мамлекетке кызмат кылсам деген ак тилек, аракетте жүрөм"
Министрдин өмүр таржымалын кыска айтсак, Сабиржан Токтосунович катардагы врачтан республиканын башкы санитардык врачына чейинки жолдун тепкичтерин ырааттуу басып келген. Ачык айкын, жөнөкөй, принципиалдуу мүнөз. Акаев, Бакиев доорунда да бир эле кесиптик кызматта иштеген. Ноокаттык, Адигине уруусунан Баргы уругунун урпагы. Бир уул, эки кыздын атасы, үч неберелүү. Илимдин кандидаты.




Көз жүгүртүп коёсузбу
Айрым партиялар депутаттык мандатты тизме кезегине эмес, талапкерлердин добуштарды чогултуу дараметине жараша бөлүштүрүүгө белсенип жатышат. Бирок, БШК аны мыйзамсыз деп эсептеп, партиялардын болушунча көп добуш алууга жасаган саясий технологиясы катары мүнөздөдү.
Шайлоодо жеңилген партиялар чатак чыгарат деп, кооптонгондор көп. Мындай маалыматты "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын жетекчиси Динара Ошуракунова билдирди. Мындай чочулоо үгүт маалындагы кырдаалга мониторинг жүргүзүү учурунда байкалган.
4-октябрга пландалган кичи автобустардын айдоочуларынын нааразычылык акциясы шайлоодон кийинкиге жылдырылды. Нааразычылык акциясынын уюштуруучусу, "Эр айдоочу" коомдук бирикмесинин жетекчиси Качкын Булатовдун айтуусунда шайлоо алдында нааразычылык акцияларын, пикеттерди өткөрүү кооптуу болуп турат жана алардын акцияларын башка саясий күчтөр колдонуп кетүү коркунучу бар.
Быйыл 1 миллион 700 миң окуу китеби чыгарылат. Отуз сегиз наамда чыга турган бул сандагы китептерди басуу боюнча үч басмакана иштеп жатат. Бирок, мындай көлөмдөгү китептер Кыргызстандагы билим берүү жайларын толук китеп менен камсыз кылууга жетпейт. Өлкөдөгү мектептердин толук китеп менен камсыз болушу үчүн жылына кеминде 2,5-3 миллион нускада 60-80 наамда китеп басылып чыгышы керек. Буга кеминде 200 миллион сом талап кылынат.
Азия өнүктүрүү банкынан Кыргызстанга 100 миллион доллар бөлүнөт. Бул каражаттын 51,5 миллион доллары грант түрүндө болсо, 48,5 миллиону 40 жылга кредит түрүндө берилет. Каражат берилген соң 10 жыл аралыгында кредиттин пайыздык өлчөмү бир, андан кийин бир жарым пайыз болмокчу.
Президенттин саясий иштер боюнча кеңешчиси Топчубек Тургуналиев Кыргызстандагы түпкүлүктүү улутка байланыштуу мыйзам долбоорлорун сунуштоодо. Сунушталып аткан биринчи мыйзам долбоору "Түпкүлүктүү улуттун макамы жөнүндө" деп аталат. Анда мамлекеттин ээси, түзүүчүсү, түптөөчүсү түпкүлүктүү улут экендиги көрсөтүлөт.
Экинчи мыйзам долбоору "Улуттук топтор, диаспоралардын, азчылыктардын макамы жөнүндө" деп аталып, анда Кыргызстандагы улуттук азчылыктарга эч кандай автономия берилбестиги баса белгиленет.
Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнүнүн белгиленишине байланыштуу кытайлык тараптын демилгеси менен 1-октябрдан 10-октябрга чейин "Торугарт" жана "Эркечтам" өтмө бекеттери жабылат. Буга байланыштуу жарандарга жол сапарларын алдын-ала пландоо сунушталат.
Казакстанда иштеп жаткан кыргызстандыктардын балдарын мектепке киргизүү маселеси дале болсо чечилбей, Алматыда эле кеминде 400гө жакын окуучу мектепке барбай калды. Бул маселе боюнча президент Роза Отунбаеванын атынан Казакстандын президентине кат жөнөтүлүп, Тышкы иштер министрлиги Казакстан тарапка нота жиберген. Бирок, эч кандай жооп келе элек.
Күлүйпа Кондучалованын 90 жылдыгы белгиленет. Бул иш-чара 1-октябрда Бишкектеги Улуттук опера жана балет театрында өткөрүлөт. Маданият жана маалымат министрлигинен билдиришкендей, мааракеге карата коомдук ишмердин жашоосу жана ишмердүүлүгү тууралуу даректүү тасма тартылып, көргөзмө ачылган.