mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

 "Аккан арыктан суу агат"

Атанын баласы
"Атанын баласы" деген түшүнүк кыргыздарга ата канынан, "үйдүн ээси", "тукум улоочу" деген байыртан калыптанган нарк-насил, жан дүйнө көрөңгөсүнөн башат алган мураскерликти орундоо озуйпасыдыр. Кыргызга кыйла кызмат кылган, канча бир инсан ошол жөнөкөй, бирок сыйымдуу түшүнүккө арзыбай кетти. Арзыса арзыгандыр, бирок өзүнүн элге кылган кызматы атасыныкынан алда-канча зор болгондон, ал жөнүндө айтып калайын дегендерге уулунун инсандык баркы басып кеткенден же парда болуп чүмбөттөп калгандан, "атанын баласы" деп айттырууга шаасын келтирбей койгондон болгондур. Ошондо да ата кургур "уулум сен менден кыйын болсоң гана атымды чыгарасың" деп насаат кылат да, ошонун өтөсүнө чыгыш үчүн болгон дареметтин жумшайт. Эгер, уулунун инсандык баркынын башаты ата канынан башталса, анда ал жөнүндө кеп кылгандар "аккан арыктан суу агат" деп айтууга акысы бар. Ушул уңгулуу ылакапта атасынын ким болгонун кыйыткан ырастама жатат. "Ырыс жугушат" дейбиз, ошону жуктурган - ата каны, эне сүтү, анан, албетте, топурагы алтын болгон тууган жер.

Өмүрбекте ошонун баары - инсан болуп калыптануунун баштапкы рухий күлазыгы - чарбасын союздук деңгээлге чейин көтөргөн атасы Токтогулдун каны менен жаны, "курама темирди курч кылган" апасы, түрк кызы Анипа экөөнө таалим-тарбиясы, анан, албетте, жаштайынан жан дүйнөсүнө патриоттуктун, мекенчилдиктин үрөөнүн сээп келген Чолпонбай жердешинин эрдигинин, ааламды жалындуу сөзү жана акылы менен багындырган Айтматовдой акесинин бир саамга да аң сезиминен алыстабас үлгүсү. Мындай башат, мындай бакыт баарынын эле багына туш келеберген эмес. Анан ошонун баарынан "атанын баласы" деп айтарлык майнап чыгарган - Өмүрбектин өзүнүн ички даремети, жан дүйнөсүнүн байлыгы, акылынын зиректиги, уюштуруучулук жана чыгармачылык жөндөмү. Отуз тогуз жашында Өкмөттүн экинчи жетекчиси болгонунун өзү эле анын ушул сапаттарын айныксыз айгинелеп турат.
Мен "чыгармачылык" дегенди жөн эле кыстара койгон жокмун. Биз, адатта "чыгармачылык" десе эле көркөм өнөрдү түшүнөбүз. Жогорудагы сапаттарынын баарынын башын коштуруп, ийге келтирген, ийкемге салган ошол сезимталдык касиет болгону үчүн, ал көп жыл алдыдагы иштерди илгиртпей билип, учурдагы маселенин майын бир заматта чыгарып ийет. Эгер, Өмүрбектин сезими сенек болуп катып калган болсо, каккан казыктай кычыраган, сыдыргыга салгандай зымпыйган, качан болсо кабагынан кар жаап турган те илгерки "советтик жетекчилердин" бири болмок. Анын "Гагариндикиндей жылмайган" жылдыздуу жүзүн көчөдөн көрсөң, аны мамлекет баштыгы деп эзели айтпайсың. Болбосо ошо мамлекет баштыгы болор бала 2006-жылы берки оппозициялаш достору менен жаңы аянтта жашынып калбай, эски аянтта элди баштап барып, башын ташбараңга тособу? Эмне, эски "карышкырларга" окшоп, окопто жатабербей, Чолпонбай акесинче көкүрөгүн окко тоскону эрдикке жатпайбы! Ошол эрдик жүрөк чакырыгы менен алгачкылардан болуп, согушка аттанган чоң атасы Бабандан, Карабуурадагы "Россия" колхозун миллионер кылгыча тыпырап жаны тынбаган атасы Токтогулдан, алты кыз, бир бала төрөп, баарына эне мээримин төгүп, оокаттуу адам кылып, бутуна тургузган апасы Анипадан жугуп, Чолпонбай акесинен оошкондур. Баса, Өмүрбектин: "Үйдө атамдын балдарды эркелетип отурганы эсимде жок" - деп айтканы бар. Ошо отурбай, күндөп-түндөп талаалап жүргөнү үчүн чарбасын миллионер кылып отурат да. Анан жети баланы төрөгөндүн өзү эрдик десек, аларды кыргыздын чыгаан адамдары кылып тарбиялаштын өзү ага тете эрдик эмес бекен!? Эгер балдары начар чыгып калса, кыргыздар канына сиңген өнөкөтү менен "апасынын жатыны жаман да" деп, күнөөнүн баарын апасына оодармак. Көрбөйсүңбү, "жоону жеңсе, Алманбет жеңди, атагы калды Манаска" болуп, "курама темирди курч кылган" түрк апасынын аты айтылбай, "атанын баласы" деп, "күрүчтүн арты менен күрмөк суу ичирген" атак-даңкынын баары атасына алперген апасы Анипа "аял жакшы - эр жакшы" болуп, үйдүн куту бойдон калып жатат. Бул мыйзам ченемдүү: ал - кыргыздын гана канына сиңген патриархалдык сынам. Ошон үчүн, бардык түйшүктү мойнуна алып чоңойткон татар кызы Нагима да Чыңгызды ааламга таанылган даражага жеткирди. Кыргыздын алгачкы карлыгачтарынын эң билимдүүсү, орусча абдан сабаттуусу Төрөкул деле жаш кетип, Чыңгызга кыйратып таалим берген жок. Бирок каны менен, карааны менен кыргыздын кыраан жигити катары Чыңгыздын чынар тереги болуп, "атанын баласы" деген атагын алып берди.
Өмүрбектин мисалы деле ошондой: союз маалында, маселен, мыкты чабанга баатыр наамын берип коюш оңой көнүмүш эле, ал эми райкомдун катчысына, колхоздун башкармасына баатырлык бериш коммунисттик идеологиянын "жумурткадан кыр издеген" сараңдыгы болчу. Антпесе "Россия" колхозун миллионер кылган, СССР Жогорку Кеңешине бир жолку, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине бир нече жолку депутат, Ленин орденинин ээси болгон. Бүткүлсоюздук колхоздор кеңешинин башкарма мүчөсү, Республикалык колхоздор кеңешинин тең төрагасы Токтогул Бабановго, баатырлык берер кез келди деген кептер тараган ошо маалда. Ошо совет кезинде деле козуларды кошуп жазган бир топ чабан, чарбанын көрсөтмөсүн "көптүрүп" жазган колхоз башкармасы кантип баатыр болгону ошо кезде "Кыргызстан айыл чарбасы" журналында иштеген мага маалым болчу. Мен Токтогул Бабанов өзүнүн Чымген совхозунун экономикасын көтөрүп, айылга Чолпонбайдын эстелигин жана үй-мемориалын курганын тасмага жазган жайым бар эле. Эми ойлосом, "ак жүрөктүн аты арыбайт" дегендей, Токтогул ашкере актыгынан, жүрөгүнүн тазалыгынан жана карандай кадыры үчүн куйтулукка барбагынан "башкаларга бербеген куруттан аны курутуп" отурушпайбы.
"Коммунизм курабыз" деп опурулуп аткан совет доору ташыркап таптакыр баспай, көрсөтмөлөрдү көбүртүп жазган чоңдордун айынан чабандар "жел саңдардын" жеми болуп, ишке мойну жар бербей, малдын ээси болбой, "чыгашаны чарба жабат" деп кайдыгер мамиле кылып калганда, 60 миңдей кою бар "Россия" Талас облустунда биринчи болуп, ички чарбалык эсепке өтүп, жыл сайын 42-44 миңдеп төл алып, мамлекетке өткөндөн калган 5-6 миң кой пайда көрүп, чабандарга 22 үлгүлүү үйдү жеңилдетилген, узак мөөнөттүү насыя менен куруу жана аларды сыйлоо демилгесин баштаган "кераяк" башкарма анан кантип айрым атка минерлерге жаксын. "Каракол" колхозун типтүү үйлөр менен ажарына чыгарып, миллионер чарба кылган Рыспек Айдаралиев деле кыйла запкы жеген. Токтогул Бабанов дагы бир жолу РАПОнун чоңдорунун "уруксаты жок" Ташкенге чаап барып келип, "Өзбекгипрогаз" институтту менен келишим түзүп, облустта жалгыз газ бөлүштүргүч бекет орнотсо, ага алы жетпесин билген чоңдор прокурорго доо арыз берип жатпайбы. "Россиянын" бир бригадасы болгон "Шекер" айылына Төрөкул Айтматовдун музейи менен маданий борборун, мектебин курду. Бирок, ал киши мунун баарын мансап үчүн эмес, элдин экономикалык-социалдык, маданий жыргалчылыгы үчүн иштеген экен. Эми эл ошонун үзүрүн көрүп жатат.
Өмүрбекке атасынын ушул сапаты жукканы үчүн, экономиканы тейлеген биринчи вице-премьерлигине Курманбек Бакиев, Максимин ЦАРИИси менен мингизип койгондо, "кечтим байдын кызынан" деп, маарага жакындап калган мансабын майкандап туруп баса берди. Эми деле ээрден эчак эңшерилсе да, Отунбаеванын этегине эрмешип, мансап талашып жүргөн "Курманбектин куйруктары" бар. Аларга караганда депутаттык ордун Отунбаевага оодарып берген Өмүрбек экономиканын эсеп-чоттун жакшы билген адис-башкаруучу катары мурунку ордуна барса, "ырыстуу иттин мурдунан бок кетпейт" дегендей, мурда деле кыйратпаган Муралиевге караганда, Кыргызстанга 380 млн. доллар киреше апкеле турган Торугарт аркылуу Түркмөнстанга, Иранга, андан ары Европага чыгарчу темир жолдун курулушун илгерилеткенге билек түрө киришмек. Ага кошула Усубалиев ашар жолу менен баштап коюп, коңулда калып калган Балыкчы-Каракече-Ош темир жолу бүтмөк, Карабуурада курган Токтогул Бабанов атындагы жатак-лицейден Кыргызстандын дагы 44 районуна өз жанынан курулмак. Ошо болочок муундун камын көргөнү үчүн 2008-жылы абройлуу Эл аралык "The Rotary Foundation of Rotary International" уюмунун демөөрчүлүк (меценатство) үчүн медалы менен сыйланган. Мындай сыйга Кыргызстандагы эң бай бардык эле жүз киши татыктуу болоберген эмес. Дээриндеги эл үчүн, "РЕСПУБЛИКА" үчүн, өлкө үчүн деген бийик тилек канына биротоло сиңип калган Өмүрбек ким экенин мурда бир көргөздү эле, эми аны толук орундатууга ооматы келип турат. Каражаттан каржалып, кыргын-чапкындан чарчаган элге, азыр жүрөгүндө жалыны бар Өмүрбектей жетекчи жигит керек. Анткени, "атанын баласы" айтканын аткарат, элин кор кылбай башкарат. Ага элдин көзү жетип турат.
Бөкөнбай БОРКЕЕВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер




кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"





??.??