Ак ийилиет, бирок сынбайт
Омурбек Суваналиев
"Жакшы эр эли менен, жакшы жер кени менен" дегендей, эл менен бирге азаптуу күндөрдү баштан кечирип, калк кайгысына кайдыгер карабаган кыргыздын мырзалары саналуу гана. Алардын бири "Содружество" саясий партиясынын лидери, генерал-майор Өмүрбек Суваналиев. Бийлик бар жерде үстөмдүк өкүм сүрөрүн эч ким тана албайт. Акаев бийлигинин учурунда Өмүрбек мырзага ар тараптуу кысымдар жасалып, "жумурткадан кыр издегендер" четтен чыккан. Ал тургай чуулгандуу материалдарды даярдап, генералдын жүзүн карарткысы келгендер да болгон. Бирок, чыркыраган чындык жеңип, Суваналиевдин атына көө жапкан кара пиар материалдар табылган эмес. 1992-жылы Суваналиевди Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын милициясынын начальниги болуп турганда жалган жалаа менен каматып, он ай темир тор артында олтурган. Бир канча ирет сот ишти карап, кылмыш иши жок болуп чыкканда "Каттаниге" эркиндик беришкен. Демек, генерал Суваналиев башкаларга окшоп илинчек илиндирбей, таза жүргөн адам. "Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн" Суваналиевге бекеринен "Комисcар Каттани" деген ысым берилбесе керек? Өмүрбек мырзанын башкалардан артыкчылыгы - мезгил алдыга койгон талаптарды туура түшүнүп, бийлик менен коюн колтук алышып, башкалар сыяктуу көшөгөгө жашынбай, кемчиликтерге каршы ачык күрөшкө чыккандыгы. Мыйзам чегинде карап көрсөк, күч структурасында катаал тартип-бийликтин буйругун "кыңк" дебей аткаруу зарылдыгы белгиленет. Ал эми Өмүрбек Суваналиев мындай стереотипке каршы турган, өз кызыкчылыгынан өлкөнүн кызыкчылыгын жогору коюп, карьерасын курмандыкка чалганы анын каармандыгын, өз принцибине бекем тургандыгын даңазалайт. Учурда айрым саясий күчтөр "Суваналиев радикалдуу оппозициянер болгон эмес. Өткөн эки бийликке тең кызмат кылган" деген пикирлерди айтып, көралбастык кылгандар өздөрүнүн түркөйлүгүн көрсөтүп жаткандай. Менимче азыркы саясатта сар-мерден айтышып, парламентке ат салышып аткан партия лидерлеринин дээрлик көбү мурдагы эки бийлик менен тең кызматташып, алакалаш болгондор. Кечээки бийлик болобу, бүгүнкү бийлик болобу, адам эл үчүн эмгек кылса болду эмеспи. Бакиев учурунда Өмүрбек Суваналиев ИИМнин орун басары, Нарын облусунун губернатору болуп эмгектенгени менен, эл үчүн бир топ иштерди жасаганы маалым. Мисалы, 2006-2007-жылдары бийлик менен оппозициянын катуу тирешүүсү башталып, кан төгүлүп кетүү коркунучу турганда Ички иштер министринин орун басары болуп дайындалып, тартип сакчыларына катуу талап коюп, карапайым калкка катаал мамиле жасоого тыюу салып, тартип сакчылар бул көргөзмөнү так аткарганы үй-бүлөлүк бийликтин купулуна толгон эмес. Ошондуктан, генералды ээлеген кызматынан бошотуп, Нарын облусуна губернатор кылышкан. Эсиңиздерде болсо, так ошол маалда Жетим-Тоо темир кенин Кытайга иштетүгө өткөрүү маселеси курчуп турган кез эле. Генералдын алдында ары оор, ары чечкиндүү милдет турган. Жети-Өгүз районунун акими Т. Чекиев өзүнө тиешеси жок Нарын облусуна караштуу Жетим-Тоодогу темир кенин Кытайга иштетүүүгө бергендиги тууралуу ар кандай сөздөр айтылат. Ошол эле учурда Торугарт бажыканасы Нарындын түпкүрүнө атайын база түздүрмөк болот. Бул максат ишке ашса, Арпа жана Ак-Сай багытына кытайлардын эркин өтүүсүнө шарт түзүлмөк. Буга жетекчилик кылган Бакиевдин иниси Акмат менен баласы Максим болгон деген сөздөргө таянсак, Суваналиев жерибиздин бүтүндүгү үчүн өз өмүрүн да тобокелге салууга мажбур болгонун моюнга алуу зарыл. Ал жогоруда айтылган иш боюнча бийлик күтпөгөндөй тыянак чыгарып, Т. Чекиевдин кытайлыктар менен болгон келишимин жокко чыгарып, Жетим-Тоону мамллекеттик корукка айландырууга жетишкен. Ал эми үстүбүздөгү жылдын июнь айындагы Ош, Жалал-Абаддагы кандуу коогалаңдарда Убактылуу өкмөт элдик генералга ишеним көргөзүп, анын иштиктүү натыйжасында Ош облусундагы эки элдин араздашуусуна бөгөт коюлганы элдин эсинде. Өмүрбек Суваналиевдин эл үчүн жасаган жакшы иштерин айта берсек кагаз бети жетпес. Жогоруда келтирилген мисалдар анын кандай адам экенин, адал эмгегин аныктап турат.
Бүгүнкү күндө өзүнүн бүткүл республиканын масштабында тартипти орнотуу планынан баш тартпаган генерал Өмүрбек Суваналиев кайрадан парламенттик шайлоого ат салышууда. Анын алгач "Ата Журт", кийин "Содружество" партияларынын атынан депутаттыкка чыгып атканын айрым каршылаштары элге тескери маанайда түшүндүрүп, бетине көө жабуунун аракетин кылууда. Бирок, генералдын өлкө үчүн жасаган эмгегин эл унутпайт. Ал эми ким кайсы партияны тандайт, ал адамдын өз эрки. Андыктан, бүгүн карапайым калк элдин эртеңи үчүн өз өмүрүн тобокелге салган генерал Өмүрбек Суваналиевдин шайлоодо жеңишке жетишип, алдыда дагы бир топ жакшы иштерди жасашынан үмүтү чоң.

"Содружество" татыктуу жашоону тандайт
Өмүрбек Суваналиев тең төрөга болгон "Содружество" саясий партиясы 2006-жылы негизделген. Кыргызстандагы баардык улуттагы жарандардын таламдарын коргоочу саясий партия бир жарым жылдык өмүрүндө өзүнүн туусунун алдына жүз миңден ашуун мүчөнү топтой алган. Бирок, 2007-жылы бийликтин кысымынын астында партия жоюулууга аргасыз болгон. 7-апрелдеги элдик революциядан кийин үй-бүлөлүк бийликтин гүлү күбүлүп, сабагы соолуган соң 2010-жылы май айында "Содружество" партиясы кайрадан жаралды. Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн аталган партиянын программасынан бир аз кыстырма кылып кетсек.
"Содружество" партиясынын негизги принциптери: Аталган партия адам жана жаран укуктарын жогорулугун тааныйт. Эч ким теги, жынысы, улуту, тили, дин тутушу, саясий ынанымдары же кандайдыр бир башка шарттары жана жагдайлары боюнча басмырланбоого, укугу жана эркиндиги кысымга алынбоого тийиш. Партия экономикалык максатка ылайык жана социалдык жактан шартталган чөйрөлөрдө муниципиалдык жана мамлекеттик менчикти сактоону жана өнүктүрүүнү жактайт.
"Содружество" - өнүгүүнүн эволюциялык жолун тааныган партия болуу менен бирге бийликтин мыйзамдуу шайланган өкүлдөрүн кызматтан алуунун күч колдонгон усулдарын кабыл албайт. Агрессияны, ички жана тышкы көйгөйлөрдү күч колдонуп, мажбурлап чечүүнү колдобойт. Коом өзүнүн баардык жарандарына бирдей шарттарды түзүүгө милдеттүү деп эсептейт. Ар ким өзүнүн жөндөмүнө жараша билим, социалдык абалына карабастан укуктук корголууга, өзүнө жана үй-бүлөсүнө татыктуу жашоо деңгээлин камсыз кылгыдай эмгектене алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.
Коррупцияга, кызмат орундарынын соодасына жана уурдоого каршы ишенимдүү тоскоол коюу аркылуу гана Кыргызстанга чет өлкөлүк инвестицияны тартууга болот. Демек, бул жаңы өндүрүштөрдү, жаңы жумуш орундарын, баардык деңгээлдеги бюджеттерге киреше түшүүнүн, социалдык программалардын ишке ашырылышын айгинелейт. Инвесторлордун Кыргызстанга келиши, экономикабыздын ийгиликтүү өнүгүшүн, өлкөдө тынчтык жана тартип өкүм сүрүүсүнө өбөлгө түзөт. Андыктан, бийлик улуттар аралык тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого тийиш.
"Содружество" партиясы жигердүү социалдык саясатты жүргүзүүгө, мамлекеттик бийлик органдары менен да, республикада социалдык чыңалууну басаңдатууга көмөктөшө алган жарандык коом түзүмдөрү менен да иштешүүгө ниеттенет. Партия жарандардын жашоо-тиричилик сапатын мамлекеттик максаттуу социалдык саясатты жүргүзүү аркылуу жогорулатууну жактайт.
Террорчулукка, кылмыштуулукка, диний ашынуучулукка каршы майнаптуу туруу үчүн комплекстүү мамиле зарыл. Атап айтканда, жумушсуздук жана жакырчылык менен күрөшүү, жаштар менен иштөө, үй-бүлөнү чыңдоо, рухий аң-сезимди жана маданий салттарды кайра жаралтуу, билим берүү тармагын жакшыртуу абзел.
"Содружество" партиясы мамлекеттеги көптөгөн көйгөйлөрдү чечүү менен бирге Кыргыз Республикасы учурдагы ар кандай ашынууларга жана коркунучтарга каршы тура алган өлкө болуп калышына умтулат.
"Коммиссар Каттани" аталган Өмүрбек Суваналиев башында турган "Содружество" саясий партиясынын программасынын негизги өзөгү ушундай.
Аталган партия өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдөн, тартипти бекем сактоодон, жаштарга билим берүү жана карапайым калктын жашоо-шарттын жакшыртуудан башка да толгон токой проблемаларды чечүүнү максат кылууда. Ошондуктан Кыргызстан кимге кымбат болсо, Ата-Мекен үчүн кызмат кылууга жана кандай гана көйгөй болбосун жоопкерчиликтүү чечүүгө умтулган жарандарды партиянын туусунун алдына чакырып, кызматташууну сунуштайт.
Бурул МУСАБЕКОВА