![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Уй боор санаалаштар "Замандаш" - жаңы муун, жаңы дүбүрт Коомчулукта "илимдүү-билимдүү, идиректүү жаштардын көбү чет өлкөлөргө кетти" деген пикирлер арбын. Чынында ошол. Азырынча кайткандары аз. Бирок, ошолор аз да болсо эл көзүнө көрүнүп калды. Негизинен Орусия, Казакстанда оокат кылган кыргыз диаспораларынын башын бириктирген эл аралык "Замандаш" ассоциациясы соңку беш жылдан бери саясат айдыңына да аралашып, анын дээрлик көпчүлүк мүчөсү "Замандаш" партиясын негиздегени дайын. Бул партиянын башкалардан негизги өзгөчөлүгү - таарынычтуулардын партиясы эмес. Таарынычтуулар дегеним, учурда парламенттик шайлоого аттангандардын бири калбай мурда башка партиялардын катарындагылар. Мейли, алар өздөрүн жаштардын өкүлүбүз же "мурда депутат, министр болбогондордун партиясыбыз" сыяктуу ураанды бетке кармап атышат. Курамына көз жүгүртсөңүз, арасындагылардын көбү мурда башка партиялардын жаштар канатында жүргөндөр менен шайлоо бюллетенинин баракчаларын интернетке жарыялап жибергени үчүн "сүйүктүү" партиясынын катарынан чыгып калгандар. Айтор, бири-бирине таарынгандан улам бөлүнүп кетип, кийин өздөрүнчө "короого" айлангандар. "Баланын үйү, бапанын алачыгы" дейбизби? Айтор,биринин төрүн бири тепсеген партиялардын көптүгүн көрүп атасыз, шайлоочу. Алардын башын бириктирген "магниттик талаа эмне деген балээ, билбейбиз. Билгенибиз - мансапка жеткиси келгендер шайлоо тизмеси такталып атканда тизменин алдыңкыларына кошулбай калганына мурчуйгандан өз "кемесин" таштап, башка партиялардын босогосун сагаалап, тизменин алдынкыларына илингендер. Негизинен капчыгы калыңдардын көбү партияларды түрө кыдырып жүрүп, кайсынысынан алдыңкы тизмеге илинсе, ошол партия менен шайлоого камчы салды. Ал эми, бул жагына келгенде, биз сөз кылар "Замандаш" партиясынын курамындагылардын арасынан бир дагы таарынычтуулар көзгө урунбайт. 2007-жылы болуп өткөн парламенттик шайлоодогу тизме боюнча, кимдер жарышка аттанса, бу жолу да ошолор. Демек, туруктуулукту сактаган бул партия келечегинде саясый атаандаштыкты чындап жаратаар күчкө айланат. "Кайталангандан келме бузулбайт" демекчи, өткөндө "Замандаш" лидери Мухтар Өмүракуновдун "Аргумент. kg" гезитине берген маегинде партия жаш болсо да, өзүнүн калыптануу жолундагы түз жолун мындайча чечмелейт: "…биз шайлоочуларыбызды жипкиртпес үчүн 2007-жылкы парламенттик шайлоодогу тизмебиз кандай түзүлсө, так ошол бойдон өзгөрткөнүбүз жок. БШК жокко чыгарбайт. Себеби, бүгүн саясый туруктуулук калыптанбаган үчүн топташтай чачыраган мурдагы "Алга, Кыргызстан", кийинки "Ак Жол" партиясынын мүчөлөрү бүгүн көрүнгөн партиянын алдыңкы сабында жүргөнүн көрүп атпайбызбы. Жеке адамдын принцибиндей эле ар бир партиянын принциби бекем болмоюн, эч качан саясый элитада кан алмашуу жүрбөйт. Биз канткенде коомду өзгөртө алабыз? Бир принцип, бир идеянын тегерегинде башы бириккендер турмуштун жана саясаттын ар кандай сыноолоруна туруштук бергенде. Сымаптай кылтыңдап, бүгүн башка партиянын туусу астында, эртең башка партиянын туусу астында, саясый максат көздөгөндөр. Демек, элдин эмес өзүнүн жеке мүдөөсүн гана көздөгөндөр. Алар, саясый аренадан айланып кете албаган үчүн, кандай жол менен болбосун депутаттык мандатка жеткенден башканы көздөбөйт" дейт. Мына, ташка-тамга баскандай эң жөнөкөй принцип кандай экени. Канткен менен М.Өмүракунов убагында мекенинен алыс жүрдү. Орусия, Казакстандагы өз мекендештери бөтөн эл, бөтөн жерде уй боор болуп, кокту-колот, түндүк-түштүк деген бөлүнүп, жарылуудан алыс болгондуктандыр, партия ынтымагы бекем үчүн санаалаш, тилектештердин арасында ажырым жогу байкалган бирден бир партия экенин баамдаса болот. Ошол себептен булардын ичинде саясый интрига болгонун да көрө элекпиз. Тизмелеринде албетте, элге төбөсү көрүнүп калгандары аз, "Замандаштын" бир өзгөчөлүгү да ушул. Демек, саясый айдыңга жаңы муун, жаңы күч, жаңы дүбүрт, жаңы ысымдар келатканын ушундан түшүнсөк болот. Мындай жаңы генерациядагы жаш муундун ынтымагы - чачыранды болуп көнгөн кыргызга үлгү болчу жөрөлгө. Башка партиялар андан-мындан азган-тозгондордон куралган болсо, жалгыз "Замандаш" партиясы эволюциялык табигый жолу менен саясый күчкө айланган. Себеби, ага тарыхый шарттар себеп болду. Жумушсуздуктун кесепетинен чет өлкөлөргө кетүүгө мажбур болгон мигранттарыбыз бөтөн элдердин арасында трайбалисттик оорудан арылып, кыргыз диаспоралары баштарын бириктиргенден тарта тыңыды. Мамлекет аларды куру дегенде укуктук жактан коргоого алалбагандан улам, мигранттар "жетим өз киндигин өзү кесет" болуп, бара-бара муңдаш-зарлаш мекендештерибиз эл аралык "Замандаш" ассоциациясынын түндүгү астында чоң күчкө айланып чыга келишти. Алыста жүрүп уй боор болуп калган. Алар партия ичинде да бир муштумдай ажырабай, курамындагылардын эч бири азырынча саясаттын ыплас оюнуна аралаша электер. Учурда башка саясатчылардын шайлоо алдындагы элге берген убадаларын уксаң, баары эле элдин тагдырын ойлоп, кам көрүп келаткандыктан, кекиртегенинен тамак өтпөгөндөр. "Элди жумуш менен камсыз кылабыз, байгер турмушка жеткиребиз" деген башкалар буга чейин элдин социалдык турмушу менен иши жок эле, эми мекенге, элге жапакеч болуп чыга келишти. "Замандаш" партиясы партия болгонго чейин эле эл аралык ассоциация катары социалдык турмуштун күнгөй-тескейин чалып, элдин кайнаган турмушуна аралашып келгени белгилүү. Айталы, Кыргызстандын жеңил өнөр жайын бутуна тургузуп, өлкөдөгү тигүү тармагынын ирденишине бирден бир "локомотив" саналган ишкана. Анда 300 миңден ашуун адам эмгектенет. Өндүргөн товарларынын 90 пайызга жакыны Орусия, Казакстан, Европага чейин экспортко жөнөтүлүп, жылына мамлекет казынасына 3,5 млд. сомдон ашуун киреше алып келип атканына "Замандаш" партиясынын курамындагы "жеңил өнөр жайынын" директору Сапар Асанов "мен эле, мен" деп эл астында сүйлөгөнүн көрө элекпиз. Себеби, экономикасы эң эле чабал Кыргызстан үчүн мындай кирешенин жыл сайын келиши өлкөнүн күрөө тамырындай нерсе. Эгерде, Кыргызстандын экономикасын көтөрүп кете турган жеңил өнөр жайын замандашчылар көлөкөдөн чыгарбаганда, тигүү цехтеринин өндүргөн продукциясы өлкөбүздөн алыс чыкпай, жумушсуздардын калың катмары мындан да катуу өсмөк. Бул жактан өндүрүлгөн товарлар учурда Орусиянын 17 ири шаарына жеткирилип, ошол жактагы эмгек мигранттарыбыз аркылуу базарга чыгарылат. Ага удаалаш "Биек-cargo" мекемесинде миңдеген жаштар нан таап жеп оокат кылары дайын. Биз билгенден ушул тапта "Замандаш" ассоциациясы Орусиянын 27, Казакстандын 11, шаарындагы кыргыз диаспораларынын, алардан сырткары Туркия, Германия, АКШ, Түштүк Кореядагы кыргызстандыктардын бир нече улуттук-маданий борборлорунун көпүрөсү болуп, башын бириктирип турат. Алар Нооруз жана Кыргызстандын эгемендигин бул жакка келип, майрамдай алышпагандыктан, атайы майрамдык иш-чараларды чогуу өткөрүү саамалыгын жыл сайын улантышат. Атүгүл, Орусия жана Казакстанда отурукташып калган улутташтарыбыз өз эне тилин унутпас үчүн атайы жумалык мектептер ачылып, ал жерде Манас тилин үйрөнүп, мекен тарыхы окутулат. Керек болсо, Орусиянын айрым шаарларында көбүрөк отурукташып калган кыргыздар үчүн атайы бала бакчалар ачылганы кубандырат. Ушул тапта диаспоралардын арты менен 230 миң кыргызстандык мигрант Орусиянын ар кайсы региондорунда эмгектенип, бул жактагы мекенин да, үй-бүлөлөрүн да багууда. Эмгек мигранттарыбыздын арасынан мыкты усталар чыккан үчүн, быйыл Сочи шаарындагы олимпиядалык объектилерди курууга тартылгандары сыймыктандырат. Айтор, "Замандаш" курамындагылардын чет өлкөлөрдө жана бул жакта жараткан ийгиликтерин санай берсе, бүтпөйт.
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист...
Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||