Шырылдаң

Айнура жөн жаткан жок...
Ташы өйдө кулаган артисттердин көбү, учурда ар кайсы партиялар менен иштешип, үгүт иштеринде жүрүшөт. Белгилүү куудул Абдылда Иманкулов баш болгон Максат Тасмаев, Бакыт Капаров, Каныбек Мамбетов, Айнура Салахидинова, Санжар Бердибековдор төш болгон топ "Республика" партиясын колдоп, түштүк тарапта Ноокатта жүрүшөт. Орто муун аралашкан топтун жаш ырчы кызы А.Салахидинова "Руслан Нарынбаевдин обонуна таандык, М.Осмоновдун сөзүнө жазылган "Кусалык" аттуу ырды жаңы жаздырдым. Бишкекке бараарым менен бул кайгылуу ырга клип тарттырам. Андыктан, бул жакта да, жөн жатпай, сценарийди толуктай турган, жакшы идеаларды да ойлонуп атам" деген оюн билдирди.


Кыз-Бурак эмне менен алек?
Кымча белдүү, булбул үндүү "Кыз-Бурактын" кыздары, учурда Бишкек калаасында жаңы ырларды жаздырып, жаңы сүрөт тасмаларына түшүп, чыгармачылык менен алектенип жүрүшөт. Элибизге патриоттук ырлар сиңе баштагандыктан "Эл баатыры" деген ырды жаздырышты. Ал эми "Тынчтык керек" деген ырын кайрадан иштеп чыкты. Ырларын оранжировка кылган, Оштогу музыканттары Ташкентке кетип калгандыктан, Бишкекке келип жаздырууга туура келген. Аны менен катар үч клип тарттырганы турат. Жаңы тартылган клиптерди жакында элдин сынына коюу ниетинде, топ жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова башка ырчыларга окшоп, партиялар менен иштешпестен, саясаттан алыс эле болуп, чыгармачылыктын чыйыр жолу менен гана алектенүүнү туура көрдү.


Назми кызын клипке тарттырабы?
Күйөрмандарын сагынтып, бала жытына кумарланып, кызын багып үйдө отурган Назми "Кызым, жолдошум Таланттын өзү, күндөн-күнгө кылыгы чыгып атат". Айбек Карымов жолдошум менен дос. Достук милдетин аткарып, Таланттын суранычы менен "Кызыма" деген ыр жазып берип, аны жаздырдым. Эми, Кудай буйруса "кызым эмгектеп, жөргөлөп калганча клип тарттыра калалы" деп атабыз. Ошондой эле Роза Шакирова экөөбүз "Жар-жар" аттуу ырды дует кылып, жаздырдык" дейт, чыгармачылыкты унутта калтырбаган Назми.


"Рахатка" кимдер куда түштү?
"Эшигин көрүп, төрүнө өт" демекчи, эскилиги жетип, эңшериле баштаган "Жаштар театрынын" имаратынын маңдайын "Рахат" бий ансамбли өз каражаты менен оңдоп алды. Аталган ансамблдин жетекчиси Камчыбек Асанов, бул оңдоо ишине 40 миң сом каражат кеткени менен "бийлейм" деп келген бөбөктөр жана ата-энелер үчүн имаратыбыз жагымдуу көрүнүп калды. Шайлоо алдында иштешели деген "Ата-Журт" партиясына макулдугубузду берген жокпуз. "Республика" партиясы "биз менен Ошко барып келгиле" деген, андан да баш тартууга туура келди. Себеби, партиялар менен иштешип кетсек, бий үйрөнүп аткан бөбөктөрүбүздүн сабагы үзгүлтүккө учурап калат" деп маалымдады.


Акын эмес продюсер
Акын Сейит Жээнбаев продюсерлик кесипти аркалоого өттү. Ал ырчы Мухтар Атаналиев уюштурган "Эл ырчысын эл тандайт" конкурсунан жеңишке жетишкен жаш ырчы жигиттер Абаз Муратов менен Эдил Маматовго продюсерлик кылып, ыр дүйнөсүнө даярдап, жаңы ырларды жаздырып берүү менен алек.


Куш бооңор бек болсун!
"Отурган кыз орун табат" демекчи, ырчылардан сыпаа-сылыктыгы менен айырмаланган Азиза турмушка чыкты. Буга чейин "Республика" партиясы менен келишим түзүп, иштөөгө даярданып аткан. Эми маңдайына жазылган тагдырга баш ийип, жолдошун сыйлап, жашоону жаңы кадамдар менен баштоону ниеттенип, жашай турган үйүн оңдоп-түзөп, үй тиричилиги менен алектенип аткан кези.


Жаш акындар ким менен...
Жаш төкмө акындар Жеңишбек Токтобеков, Азамат Болгонбаев, Аалы Туткучев партияларды колдоп, эстрада ырчыларынан кем калбастан, "Мекен Ынтымагы" партиясы менен иштешүүдө. Талас, Чүй өрөөндөрүн түрө кыдырган бул партиянын үгүт сапары, эми Нарын менен Ысык-Көлдө уланмакчы.


Жазгүл КАРБОСОВА