Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Тагдыр эй, сыздаткан

Карамат СУЛАЙМАНОВА, апасы:
"Отуз жерине бычак сайып,
өрттөп, анан сууга ыргыткан"
Тирүүлүк да, турмуш да кызык, ары оор. Кадам баскан сайын кыйналган, ыйлаган, сыздаган, боздогон тагдырга тушугасың. Жылуу сөзүңдү айтып, чекесинен сылаган менен жыргал турмуш куруп бере албаган алсыздыгың бар. Айтор, кимге эмнени айтып, кантип жубатаарыңды билбейсиң. Турмуш болсо минтип оордогондон оордоп барат. Тагдыры талкаланган, тайкы болгон адамдар көчөдө азыр миң сан. Алардын бугун, муңун угуп, акылын айтаар эч ким жоктой. Кадырлуу окурман! Келгиле, сырдашалы, ичтеги муңду айталы, ак кагаз бетин толтуруп жазалы. Окурмандардан кеңеш сурап, жардам күтөлү. "Айат" гезити мындан нары тагдыры оор адамдар менен "Тагдыр эй, сыздаткан" рубрикасы аркылуу ар жума сайын кезигишип турмакчы. Кат жазгыла, кабарлашкыла. Арманыңарды, балким, кубанычыңарды айтып, ак кагаз бетин толтуруп "Айатка" жибергиле. Биз сиздерден кат күтөбүз.
Ош коогалаңында каза болгон Базар-Коргон районунун учаскалык кызматкери, маркум Мыктыбек Сулаймановдун ата-энеси, жубайы менен болгон маек.

- Чоң көчөнүн жээгинде чакан дүкөнүм бар. Ал жерде отуруп, 10-июндан үч күн мурун эле, Өзбекстан тарапка өзбектердин балдарын, аялдарын ташып атканын көрүп, "оо Кудай, эмнеге өзбектер бала-чакасын ташып атат?" деп койгом. Кийин 11-июнда "Ошто согуш болуп атат" деп уктук. 12-июнда ал кандуу окуя бизге келди. Жолдон көрсөңөр керек, 400-500 метрдей "Кара-Үңкүр" деген көпүрөбүз бар. Ошону өзбектер жардырып, референдумду болтурбай кыргызды кырып, Өзбекстанга өткөрүүнү каалашкан экен. 2-3 ай мурун эле, бычак, темир, шиштерден бери жасатып, даярданышыптыр. Уулум 12-июнда үйдөн чыгып баратканда "балам, пистолетиң кана?" десем, "апа, коогалаң күчөп, Базар-Коргондо катуу атышуу болуп атат" деди. "Кой балам, анда барбай эле койчу" десем, "барыш керек, тынчтык жолугушуу болот. Бат эле келем" деп чыгып кетти. Эртеси саат 8де кабар келди. 1500дөй өзбекти, 10 чакты милиция көпүрөдөн тосуп сүйлөшүүгө барышкан. Мыктыбекке "20 жылдан бери иштейсиз. Өзбектердин баары тааныйт. Сизди угат" дешиптир. Балам "биз урушканы келген жокпуз, тынчтандырууга келдик" деп алдыларынан чыкканда, өзбектер кеп-сөзгө келбей, таш менен уруп, кубалашат, жаны ооругандары качат. "Койгула, токтоткула" деп турган уулумду, ичине алып кирип кетишет. Муну жетекчиси айтты.

"Өлүгүн машинага
таштап коюп..."
- Уулумдун көзү соолуп калган, колдору кесилген, катуу нерсе менен башка урган, моюндарына, денесинин 30 жерине бычак сайышкан. Акырында өрттөп, Сакыл деген кафенин жанындагы сууга ыргытып жиберишкен. Эртеси эртең менен кабар келди. Мага "апа, колуна эле ок тийиптир" деп окуяны толук айтышпайт. Көрсө, уулумдун өлүгүн беш киши Сакыл кафесинин жанынан алып келишип, РИИБнин алдына тез жардам машинасынын ичине тыштап коюшат. Кудай мындайды эч кимдин башына салбасын, өлүгү салынган тез жардамдын машинасын, кичүү уулум араң айдап келди. Ошондо эсимди жоготуптурмун.

"Уулумду өкмөт
унуткан жок"
- Өкмөткө рахмат, жардам берип атат. Баламдын элесине арнап, акимчиликтен, облусттан келип, футбол, волейвол оюндары боюнча 3 күндүк турнир өткөрүштү. Роза Отунбаева өзү келип, 50 миң сомдук жардам берип, "атамдын жолун жолдосом" деген экинчи неберемди ИИМдин Академиясына өткөрдү. Өкмөт уулумду унуткан жок. Силердин да минтип, уулума куран окутуп келгениңерге ыраазымын.

Жусуп СУЛАЙМАНОВ, атасы:

"Фашисттер да,
мындай кылган эмес"
- Уулум өтө ак көңүл эле. Чогуу барган он адам качып кетип, жалгыз калган экен. Эгер баары бирдиктүү каршылык көрсөткөндө тирүү калат беле? 5-6 жылдан бери уюшуп, чоң-чоң имараттарды алып, чайхана, дүкөндөрдү иштетип, курсактары салаңдаганча семирген өзбектер Кыргызстандын ыйык жеринде жашап атып, күнөөсүз адамдарды өлтүрүштү. Кыздарыбыздын эмчектерин кесип, ар кандай ыплас өлүмдөргө алып келишти. Илгери фашисттер да мындай кылган эмес. Ошондо да мындай мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөрдү көргөн эмеспис. Кыргыздар качан гана кырылып баратканда жооп беришти. Негизи мамлекетти башкаруу үчүн каны бузук адамдар кызматка келбеши керек. Кыргызча так сүйлөгөн, каны, жаны кыргыз, адамдар ишке келсе жакшы болмок. Кызматта турган адамдардын баарын тазалоо абзел. "Комсомольская правдага", "Базар-Коргон районунда 12-июнда кыргыздар өзбек капитанын өлтүргөн" деп жазыптыр. Пулга кызыккан журналистке, өзбектер акча бере коюп, жаздырса керек. Кийин издеп жүрүп баягы гезитти таптым. Эми ушул жалган маалыматты жазган жазуучуга чара колдонулса, "ал камалсын" дейт элем. Менин күйгөнүм Кыргызстанда жашап атып, эмне үчүн өзбектер кыргыздын жигиттерин өлтүрүшү керек? Эмнеге? Ушуга нааразымын...

Чынара БЕЧЕЛОВА, аялы:

"Көрсө, коштошкону
турбайбы"
- Мыкын экөөбүз 1990-жылы 18-июнда өзбек кыргыз согушу болуп атканда үйлөнүп, коменданттык саат болуп аткандыктан, тоюбуз саат 9да эле бүткөн. Андан бери 20 жыл өтүп, 18-июнда "20 жылдык юбилейибизди өткөрөбүз" деп атканбыз. 10-11-июнда РИИБде түнөп, 12-июнь күнү кечинде үйгө келип, жуунуп, кийимдерин которуп, тамак ичип алып кетип баратканда "барбай эле койчу, коогалаң болуп атат" десем, "Базар-Коргон тынч. Бирок, жерибизди коргошубуз керек" деди. Баткендеги, Чаткалдагы, Аксыдагы тополоңдордо деле жүргөн, ошондой күнүнкү иши го деп койгом. Машинага отурганда, колун булгалады. Өмүрүндө антип колун булгалаган эмес (буркурап...). Көрсө коштошкону турбайбы. Жөн гана күлүп, башын ийкеп чыгып кетчү. Түнү менен уктай албай, саат үчтө телефон чалып "тынчсыңарбы? Жүрөгүм негедир туйлап атат" десем, "ойлонбо, балдарды жакшылап карачы" деди. Ушул акыркы керези болду. Буга чейин минтип айтчу эмес. Айла, амал жок, төрт балам атасыз калды.

"Машинаны ачса..."
- Эртеси саат 9да "колуна ок тийди" деп чалышты. Үч кайним менен ооруканага барып издедик, жок... "РИИБге баргыла" дегенинен барсак, сыртта тез жардамдын машинасы турат. Ичине кирсем, баары эле менден качкандай, жарым саат РИИБни айланып ыйлап жүрдүм. Бир убакта, кайним тез жардам машинасын ачса "адам тааныгыс болуп жатыптыр". Айла жок, тез жардамдын машинасын кайним өзү айдап келди. Сегиз жаштагы кичүү кызым Мээрим, атасына өтө жакын эле. Атасын сагынып, куса болуп, кыйналып атат. Каалаганын алып берип, алдап жатабыз. Улуу кызым "апа, өзүңдү карачы" деп ыйлайт. Ооруп да атам. Балдарымдын жанында өзүмдү араң кармайм. Мыкын экөөбүз классташ элек, бала кезден чогуу өскөнбүз. "Комсомольский правданын" 15-июндагы санынын 12-бетине Александр Гришин деген журналист "кыргыздар өзбек капитанын өлтүргөн, андан кийин өзбектер атышкан" деп жазган. Александр Гришин өз көзү менен көргөн болсо далилдеп берсин. Атайын Бишкекке барып редакторуна кирсем, "андай макала чыккан жок" дейт. Жалган жазылган макала үчүн күрөшөм, же болбосо Александр Гришин келип кечирим сурасын.

Клара ТАТЕЕВА, Жалал-Абад обладминистрациясынын катчысы:

"Өлүктөрдүн көбү
ушул жерден табылды"
- 12-июнда мына ушул "SANPA" пахта заводдунун жанынан өткөн жолго өзбектер мазут төгүшкөн. Келаткан машина мазуттан тайгаланып четке чыкканда, эки тараптан айдоочуларга, жүргүнчүлөргө ок атылган. Токтогон автоунаанын жүргүнчүлөрүнүн айрымдарын кыйнап өлтүрүшкөн. Көп маркумдардын сөөгү ушул заводдон табылган, арасында жаш балдар да бар. Үч күндө 18 машина өрттөлүп, ичинде бирден, экиден үчтөн, төрттөн киши болгон. Иликтөөнүн алгачкы белгилеринде, алгач айдоочуларга ок атылып, анан жүргүнчүлөргө кол салынган. Бул жерден өтүп Жалал-Абадга киришкен. Базар-Коргон РИИБсынын участкалык инспектору Мыктыбек Сулаймановду 1500дөй Сузак жактан келаткан өзбектер, бир аз өйдөрөөк жактагы көпүрөдөн өлтүрүшкөн (колун жаңсай көрсөттү). Эгер өзбектер ал көпүрөнү жардырганда Бишкектен келаткан адамдар түштүккө өтө албай калмак. Алар түштүк тарапты бөлүп алууну максат кылып, түштүк менен түндүктү бириктирген жалгыз көпүрөнү жардырууну көздөшкөн.

Жумагүл ЖАМАНКУЛОВА,
жабырлануучу:

"Жети чачма ок алдырдым"
- 12-июнь саат 4 болчу. Жалал-Абаддан Кочкор Атага баратканбыз. Жолдон бир аскер кийимчен өзбек токтотуп, "куралыңар барбы?" деди "жок" десек өткөрдү. Аңгыча, бир кыргыз бала чуркап келип "артка кайткыла! деп бакырды. Биз машинаны бурганча эле, ок машинаны көздөй жаап, бетиме ок тийди. Дароо эле ооруканага барып, бетимен жети чачма ок алдырып,12 күн ооруканада жаттым. Ошондо көп машиналар токтоп турган, бир чоң машина менен жеңил автоунааны жалпайтып четке сүрүп атышкан. Куралчан жүздөн ашык өзбек бар эле. "Кандуу окуя болуп атат" деп угуп, ишенген эмеспис.

Күйөөсү:
- Аябай кыйкырык, ызы-чуу болуп аткан. Жаш бала "Кайрылгыла!" дегенде эле бурулуп, кача бергенимде бир өзбек таш менен урду, алдыңкы айнек күбүлдү. Аңгыча 2 жолу атып жиберди. Карасам, аялымдын бети канжалап атат. Коркконуман ооруканага алып жөнөдүм. Машинада, эки студент бала, мен, неберем, анан аялым бешөөбүз болчубуз. Кудай жалгап, аларга ок тийген жок.
Жазгүл КАРБОСОВА



ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования