Айат-спорт

Мария ПИНИГИНА, спорттун эмгек сиңирген ишмери:
"Жеңил атлетика жылуу мамлекеттерде жакшы өнүгөт"
Мария Пинигина 1958-жылы 9-февралда Фрунзе шаарында туулган. 1977-жылы СССРдин курама командасынын негизги бөлүмүнө кирген. 1978-жылы жеңил атлетика боюнча 50 секундада 400 метр чуркап, рекорд койгон. Мария Пинигина 1988-жылы Сеулда өткөн олимпиадалык оюнда рекорд коюп, Гиннес китебине кирген. Олимпиадалык чемпион, СССРдин бир нече жолку олимпияда чемпиону жана рекордсмени, Европа чемпиону жана дүйнөлүк Кубоктун ээси Мария Пинигина менен чакан маектештик.

- Мария, өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз, азыр кайсы жердесиз, эмне менен алексиз?
- Якутиянын жеңил атлетика боюнча башкы тренери, жеңил атлетика федерациясынын биринчи вице-президентимин. Бизде, Якутияда биринчи орунда "эркин күрөш", экинчи орунда "бокс" өнүгүп жатат. Бир балабыз Пекиндеги олимпиадада коло медалынын жеңүүчүсү болуп кайткан. Үчүнчү орунда, "ок атышуу". Ал эми жеңил атлетика бизде, спорттун ханышасы аталат. Анткени, жеңил атлетика жылуу мамлекеттерде жакшы өнүгөт. Ошондуктан, атайын Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн Чолпон-Атасына сборго барабыз. Ал жерде баардык шарттар түзүлгөн. Биздин спорт чеберлерибиз ушул жерде машыгышат.
- Кыргыз кызы деп сыймыктанабыз, өзүңүз жолдошуңуз жөнүндө айтып берсеңиз.
- Кыргызстан менин элим, жерим, эч качан кетмек эмесмин. Күйөөм Олимпиадалык чемпион Павел Пинигин, азыркы маалда президенттин спорт боюнча кеңешчиси. Менин турмушка чыга электеги фамилиям Кулчунова. Атам Ат-Башыдан, апам Чүйлүк. Турмушка чыккандан кийин, жолдошумдун фамилиясын алгам, ата-энем таарынганы менен бирок, күйөөм ыраазы болгон.
- Жолдошуңуз менен качан, кантип тааныштыңыз эле?
- Биз 1980-жылкы олимпиадага даярданып жатканбыз, лидер болчумун. Өзүмдүн 400 метр аралыкта экинчи натыйжаны көрсөткөм. "Арсенал" заводунда "олимпиадалык чемпиондор менен жолугушуу болот" деп, машыктыруучумдан уруксат албай эле, тааныш спротсмендер мени болбой жетелеп кетишкен. Ага чейин бир жума мурун телевизордон мушкер жөнүндө көрсөтүүнү көргөм , ошондо үйдө эжеме "ушул спортсмен Пинигин келечекте менин күйөм болот" деп айткан элем. Сырткы келбетин атам Жумабайга абдан окшоштургам. Бир жума өтпөй көрүшүп калдык. Ал дагы бир көрүп жактырып калган экен.
- Канча балаңыз бар?
- Үч уулум бар. Эң кичүүсү Кыргызстанда төрөлгөн. Кыргызстан мен үчүн жана менин балдарым үчүн ыйык. Кыргызстанга жыл сайын келебиз, күйөөм "балабыздын үйүнө келдик" деп дайыма айтат.
- Спортко кандай келип калгансыз?
- Жаш кезимден эле лидердик сапаттарым көрүнүп, дайыма биринчи болууну көздөгөм.Он эки жашымда норматив тапшырып, сынактан өтүп кеткем. Биринчи денетарбия сабагынын мугалими мени мелдешке катышууга алып барган. Ошондо айткан сөздөрү "кызыл лентаны көргөндө чочубай, анын үстүнө чурка" дегени дайым эсимде. Ошол кезден баштап чоң спортто жүрөм.
Перизат КАДЕНОВА





Алмаз СУЛПУКАРОВ,
Кыргыз Темир жолунун коргоо бөлүмүнүн башчысы:
"Спортчуларыбыз алты антын медалга ээ болду"
Ар бир инсандын келечекке койгон максат-тилеги, үмүт-ишеними бар. Спорт чеберлеринин максаты өз элин даңазалап, атагын алыска чыгарып, алтын, күмүш, коло медалдарга ээ болуу. Жакында касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгинде болуп өткөн "Онунчу эл аралык Ысык-Көл спорт оюндарына" Кыргызстандын бир топ спорт чеберлери катышып, четтен келгендерге намысты алдырышкан жок. "Ишеним ичтен жетилет, ийгилик сыртка сезилет" демекчи, бул таймашууда Кыргыз темир жол компаниясынын спортчулары бир топ медалдарга ээ болуп, ийгиликтүү кайтышкан. 17-сентябрда аталган компаниянын башкы инженери Тупи Владимир Степанович намысты коргоп, жеңишке жетишкен жеңүүчүлөргө атайын сыйлыктарды тапшырып, Темир жолдун спортчуларына мындан ары да көбүрөөк көңүл бурулуп, машыгууга заманбап шарттар түзүлүп берилээрин белгиледи.


- 2000-жылы ачылган эл аралык Ысык-Көл спорт оюндарына биздин компания 2001-жылдан бери катышып, көп сыйлыктарга ээ болуп жүрүшөт. Быйыл 35 жашка чейинкилер жана 35 жаштан кийинкилер болуп бөлүнгөн эки топ тең барып келишти. Улуу курактагы спортчулардын арасынан, 52 жаштагы Рахим Исаров алтын медалга ээ болду. Спортчуларыбыз спорттун баардык түрү менен катышып, "гиревой" спорт боюнча 3 категория менен 3 алтын медалга, аркан тартуудан бир алтын, "амвресликтен" коло медалдарга ээ болуп кайттык. Жалпысынан 6 алтын, 2 күмүш, 2 коло медалды багындырдык. Быйылкы оюнда биздин спортчулар чоң ийгиликке жетишишти. Спортту сүйгөн кызматкерлерди компаниянын жетекчилери, колдоп, учурда эл аралык хоккей оюну үчүн "каток" куруп берип атат. 90 пайызы аяктап, 10 пайызы калды, буйруса 1-2 айдын ичинде спортчулардын колдонуусуна берилет. Ошону менен бирге Кыргыз Темир жол компаниясынын башкы директору Арген Малабаев "жаштарга заманбап дагы эки кичи футболдук зал куруп беришибиз керек" деди. Бул боюнча тендер өткөрүлүп, жакында курулуш иши башталганы турат.

Бакыт ТОЙГОНБАЕВ,
Футболдук команданын өкүлү:
- Командабыздын аты "Кыргыз Темир жолу", 11 адамдан турат. Ысык-Көл эл аралык спорт оюндарына катышып, 4-орунга ээ болдук. Беш оюнду, б.а. четтен келген, беш команданы "нөл" менен уттук. Жакында эле түзүлсөк да, мындай чоң ийгиликке жетишкенибизге таң калдык. Темир жолдун 15 филиалынан түзүлгөн кызматкерлеринин бири-бири менен ойноп жүргөн, 15 командадан тандалып чыккандар, эл аралык Ысык-Көл оюнуна барганбыз. Эмгегибиздин акы-бети кайтып, сүйүнүп турабыз.

Рахим ИСАРОВ,
Коргоо тармагынын кызматкери:
- Он жылдан бери эл аралык спорт оюндарына катышып, "гиря" боюнча чыгып атам. Көтөргөн салмагым 200дөн ашты. 10 жыл ичинде 20дай медалга ээ болдум. Спорт чеберимин. Спортко кичинемден эле кызыккандыктан, баардык түрү менен машыгам. Бул жолу 10дон ашык республикадан келген спортчуларды багынттым.

Аскар БАКТЫГУЛОВ,
Коргоо тармагынын кызматкери:
- Темир жолдо 2008-жылдан бери иштейм. 2010-жылы 11-июнда "гиревой" спорт боюнча спорт чебери болгом. Бул эл аралык оюнда "гирядан", аркан тартыштан, жана "гиревой" спорттун эстафетасынан, жалпы үч алтын медалга ээ болдум. Спорттун баардык түрү менен машыгып келип, беш жылдан бери "гиревой" спортко өттүм. Ар бир спорттун сыры бар. Ага адамдын күчү, спорттук мүнөзү жана чыдамкайлыгы керек.
Жазгүл КАРБОСОВА