mainkaptal

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Булбулдун үнү катпайт

Бейшенбек ИМАНАЛИЕВ,
КР Кыргыз-тил коомунун вице-президенти:
"Тилди барктабасак,
кыргыз искусствосун ким түшүнөт?"
Кыргыз тилинин көйгөйүнө, тагдырына күйгөн замандаштарыбыз саналуу. Алардын катарын "Имарат строй" курулуш компаниясынын жетекчиси, "КР ардактуу куруучусу" наамынын ээси Бейшенбек Султанович толуктайт. 23-сентябрь "Кыргыз тили" күнүн утурлай Бейшенбек мырзаны кепке тарттык.

- Бейшенбек Султанович, кыргыз тилинин бүгүнкү абалына кандай баа бересиз?
- Кыргызстан эгемендикти алып, кыргыз тилин мамлекеттик тил катары кабыл алганына жыйырма бир жыл толуп жатпайбы. Бүгүнкү күндө жалпы коомчулуктун кыргыз тилге болгон мамилеси мени канаатандырбайт. Ушул жылдын ичинде саясатчылар тарабынан болобу, адабият жаатындагы тил кызматкерлери болобу тил багытында ырааттуу кадамдар жасалбай жатат.
- Жыл сайын эле "кыргыз тил күнү" деп майрам өткөрөбүз, ушул "майрам күндөн" ары ашалбаган аракеттер менен "тил" дээңгелин кантип көтөрөбүз?
- Кыргыз тилинин кадыр-баркы, коомдогу орду, саясаттагы абалы жөнүндө биз өтө капалануу менен айтабыз. Акырындык менен кыргыз жаштары өз эне тилин чанып, (өзгөчө борбор шаарда) эне тилинде сүйлөөнү жокко чыгарып барат. Эгер, биз өткөнкү Совет курамындагы республикаларды, өзгөчө Орто Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттерди ала турган болсок, жөн эле башыбыз жерге киргендей деңгээлде турабыз.
- Себеби не деп ойлойсуз?
- Союз учурунда өтө эле орус тилине басым коюлуп, кыргыз тилинин мааниси өтө төмөндөп кеткендиги. Экинчиси, биздин саясатчылар "улут" деп эч качан күйбөгөн, көңүл бурбаган, улуттук баалуулуктарды, эне тилди, адабиятты, искусствону көтөрүү боюнча иш алып баруудагы чабалдыгы. Адабият майданында, тил илиминде башка жактарда чоң армияны коммунисттер тарап даярдап чыккан. Мына ушул адамдар тикеден тик туруп, тил маселесин көтөрүшү керек эле. Кыргыздын тил маселесин, үрп-адатын, улут катары кыргыз экенин билгизип турууга шарт түзүү зарыл. Эгер, биз кыргыз тилин билбесек, анда улуттук тилде жазылган адабияттарды ким окуйт? Тилди барктабасак, кыргыз искусствосун ким түшүнөт? Кыргыз театрына, улуттук филармонияга кимдер барат? Ошондуктан, кыргыз элин улут катарында баалай турган болсок, кыргыздын бардык руханий байлыгын көрсөтө турган иштердин эң көч башында эне тилибиз, кыргыз тили турсун.
- Ушул нерселерди колго алып, элге сиңирүү үчүн кандай чечкиндүү кадамдар жасалса дейсиз?
- Намысыбызга келишибиз керек. Жыйырма бир жылдан бери улуттук идеология тил маселесине көңүл бурбай келгени жашыруун эмес. Биз, жакында өтчү шайлоо босогосундабыз. Жаңы бийликтин толтура милдети, жоопкерчилиги бар. Экономика, өндүрүш жааты, инвестиция маселеси, ички тышкы саясаттагы көйгөйлөрү дегендей. Бирок, жаңы бийлик сөзсүз түрдө ириде улуттук идеологияга кайрылып, кыргыз тилин көтөрүп, керектүү каражаттарды бөлүп, шарт түзөттүр. Керек болсо, тил комиссиясын өкмөттүн алдындагы агентствого айлантуу керек. Кыргыздар сан жагынан аз улут болгондуктан, бул жаатында баардыгыбыз жапа тырмак аракет кылбасак болбойт. Менин кесибим куруучу. Тил көйгөйүнө кайрылбасам деле болмок, бирок, мамлекетибизде, коомчулукта тилге болгон мамиленин өтө кайдыгерлигинен өзүм күйүп-бышып, тил маселесине көп кайрылып жүрөм. Колдон келген жардамым болсо аябайм. Кыргыз тилине күйгөн бир катар адамдардын катарына кошулуп, мен да тилибиздин баркын, кадырын жакын арада көтөрүп чыгуу жагына киришип жатам.
- Акыркы окуяларга байланыштуу саясий кырдаал Россия тараптан көбүрөөк жардам күтүп, эгемендүүлүгүбүздөн кол жууп калчудай коркунуч туруп жаткансыйт. Кыргыз тил тагдыры сизди кооптондурбайбы?
- Кыргыз кичинекей мамлекет болгондон кийин АКШ, Россия сыяктуу ири мамлекеттерге көз каранды боло беребиз. Бирок, мамлекеттик саясатчылар, ишмерлер абдан билгичтик, көрөгөчтүк менен саясат жүргүзсө, биз дагы эгемендүүлүктү жоготпой, өлкөбүздү өстүрүп-өндүрүп, алдыңкы мамлекеттердин сабына кошо алабыз. Бардыгы өзүбүздөн Орус мамлекети деле "өз тилиңерди унуткула" деп эч убакта айтпайт да.
- Мектеп программасындагы кемчиликтер, окуу куралдардын тартыштыгы, мугалимдердин жетишпестиги да, эне тилди өксүтүүгө өбөлгө берет деп ойлойсузбу?
- Албетте, эне тилибизге болгон мамилени мамлекеттик деңгээлде оңдоо талапка ылайык. Борбор шаардагы орус тилиндеги бала бакчаларга, мектептерге кыргыз тили сабагын күчтөнтүп берүү зарыл. Ал эми айыл жеринде тескерисинче орус тилин көтөрүүгө болот.
- Эгемендүүлүк алган жылдарда тилге көңүл буруу ар тараптан алгылыктуу башталган, кыргыз армиясы да кыргызчаланганын билебиз. Азыр солгундап тургандай. Мындан кийинки иштер кандай болот?
- Кыргыз тилинин азыркы тагдырына кабыргасы кайышып, кейип жүргөн адамдар илим жаатында же башка тармакта иш алып барган, айылда жашаган билимдүү-илимдүү атуулдар көп. Ошолордун көчүн улап, жаңы келе турган парламентте болобу, өкмөттө болобу Исмаил Исаков же Ашырбек Бакаев сыяктуу инсандар сөзсүз келет. Биз баардыгыбыз демилге менен киришсек, өтөөсү неге болбосун?! Болот. Мерчемдүү мезгил өткөн соң кыргыз тили сонун деңгээлге келет. Тилди көтөрүү үчүн ар бир адам "мекеним" деп турушу шарт. Элита чөйрөсүндөгүлөр патриоттук бийик дух менен чечкиндүү тил маселесин көтөрбөсө, ийгиликтен кечиккенибиз кечиккен.
Азамат КЫЯЗОВ




"Кырсык каш кабак ортосунда"
Күтүүсүз келген кырсык, ар бир жанды күйүткө салат. Ажалың жетсе айла жок, Кудай амирине алса ак халатчандар өлүмдөн арачылап калышат. Чымындай жаның аман калса, көйнөкчөн төрөлгөнүң ошо. Тез жардам автоунаасынан кокуйлап түшкөн оорулууну көргөндө сестенесиң. "Башы оорубагандын Кудай менен иши жок" деген сыңары дени-кардың куландай соо убакта ак халатчандарды көңүл сыртында, унутта калтырабыз. "Кырсык тооруп келгенде, өмүр сакчыларынын кылган кызматтары кандай?" деген сурообузга жооп алуу үчүн бу жолу КРнын Улуттук госпиталынын алдындагы Ахунбаев клиникасынын пластикалык микрохирургия жана манжа хирургия бөлүмүнө баш багып, жаш адистер Максут Кадыров жана Султан Тукешовдор менен маектештик.

Султан ТУКЕШОВ,
врач-микрохирург:
"Микрохирургияны көптөр
билбейт"
- Бул бөлүм 1985-жылы алгач кан тамыр хирургиясы болуп ачылган. Эки жылдан кийин Москвадан тажрыйба алып келген врачтардын эмгеги менен микрохирургия болуп өзгөргөн. Ошондон бери күнү-түнү эл үчүн кызмат кылат. Колун станокко алдыргандар, авто аварияга кабылгандар ж.б. ар кандай чоң травма алгандардын жараттарын микроскоптун жардамы менен тигебиз. Бөлүм 25 орундук, төрт багытта иштейт. 1-багыт микрохирургиялык травма, экинчиси күйүктөн калган тырыктарга пластикалык хирургия жолу менен операция жасап, калыбына келтиребиз. Үчүнчүсү реконструкциялык хирургия. Бул көп жыл мурун колун же буттун кестирип алып, аны туура эмес тиктирип алгандыктан, колу же буту иштебей, жабыркап жүргөн оорулуулардын кайрадан операция болушу. Аларга ар кандай реконструкциялык операцияларды жасап, иштебей калган кол-бут манжаларын иштетүүгө аракеттенебиз. 4-пластикалык, эстетикалык хирургия деп аталат. Мындай жеке клиникалар учурда көп ачылып атат.
- Сиздер кайсы багытка басым жасайсыздар?
- Негизинен кол манжа хирургиясына басым жасайбыз. Себеби, кырсыкка кабылгандар, травма алып, өздөрүнүн жашаган жерине эле кайрылышып, ал жерден туура эмес тиктиргендиктен, колу-буттары иштебей калганча жүрө берет. Андай операцияларды кайра жасаш оор. Башка ооруканада операция болбой туруп, түз эле бизге жиберилсе, убагында жасасак, жакшы натыйжа болмок. Көп адам микрохирургия бөлүмү бар экенин билбейт. "Буга чейин эмнеге билген жокпус? Эмне үчүн, бул бөлүм жөнүндө ММКлар аркылуу элге айтпайсыңар?" деп нааразы болушат. Бирок, кыймылдабай калган манжалар, кыймылга келип, ыраазы болгондор өтө көп.

Максут КАДЫРОВ, врач-микрохирург:
"Нерв тарамышын
бууганда дартты табабыз"
- Бул бөлүмдө беш жылдан бери эмгектенем. Микрохирургия деп атында эле айтылгандай, мындай операцияны жасоодо өтө кылдаттык талап кылынат. Микрохирургиялык техника менен жасалган операцияда кан анча кетпейт. Өз ыкмабыз менен алгач канды токтотуп, андан кийин кесилген нерв, тарамыштарды тигебиз. Нерв тарамыштар өтө ичке болгондуктан канды токтоткондо, каналдагы сууну бууп, ичинен жоготкон нерсени тапкандай, оорулуунун нервтеги, тарамыштагы дартын табабыз. Курманбек уулу Дамир аттуу жигит 4 жыл мурун колун сындырып алып, 2 жолу райондук ооруканадан салдырган. Колундагы нерв сөөккө кыпчылып, сөөктүн сыныгынан нерви кесилип калган. 4 жыл ичинде булчуңдары арыктап, нерв жабыркап колу тартылып, 4-5-манжасы ачылбай калыптыр. Бул бөлүмгө өз убактысында келсе, буга жеткирбейт элек. Азыр нервин тиктик. Мурда колу үшүп турчу, азыр жылуу, эми акырындап сезим пайда болот.

Мамытбек уулу Турат, жабырлануучу:
- Билегимдин тамырларын, тарамыштарын машинанын "фарасынын" айнеги кыйып кеткен. Нарын шаарындагы ооруканага кайрылсам, алар канды токтотушуп, тамырларды бууп, "тарамышты тиккен колубуздан келбейт. Бишкектеги микрохирургияга барыңыз" дешти. Нарындан оор абалда, Бишкекке түнү келдим. Келип эле бул бөлүмгө кайрылсам, түн уйкуларына карабай, түндөп эле операция жасашты. Операцияны эртеси жасайт го деп ойлогом. Алла ыраазы болсун, абдан дарыгерлерге ыраазымын. Азыр Кудайга шүгүр, манжаларым кыймылга келе баштады. Врачтардын эмгегин өкмөт билбесе да, бизге окшогондор билип атат.
Жазгүл КАРБОСОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"





??.??