кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript
  Эл бийлик

Алмазбек АТАМБАЕВ,
Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын төрагасы:
"Бийлик күчү элдин ишениминде"
Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев жана аталган партиянын айрым талапкерлери Хаятт мейманканасынын конференция залына журналисттерди чогултуп, шайлоо алдындагы партиянын негизги жоболору айтылган жыйынын өткөрдү. Анда партия төрагасы КСДПнын (СДПК) программасы менен тааныштыруу менен бирге журналисттердин суроолоруна жооп берди. Жыйынга аталган партиянын талапкерлери Чыныбай Турсунбеков, Шамил Атаханов, Алла Измалкова, Асылбек Жээнбеков жана Сабир Атаджановдор катышып, алар да өз ой-пикирлерин билдиришти. Сөз башында Алмазбек Атамбаев программа куру убадаларды эмес, иш жүзүнө аша турган күчтүү маселелер жана чоң максаттар камтылганын баса белгиледи. Алмаз Шаршеновичтин сөзүндө программа боюнча беш жылдын ичинде ИДПны көтөрүү планы каралууда. Ардагерлердин, мугалимдердин, медицина кызматкерлеринин, мамлекеттик жумушчулардын маяналарын көбөйтүп берүүнүн планы да бар. Программаны жазып атканда "көйгөйлөрдү чечүүдө каражатты кайдан табабыз, мамлекетти кантип көтөрөбүз? Эртең өкмөттү түзүүнү бизге тапшырса, өкмөт ушул программаны кантип аткарат?" деген ойлор камтылып, реалдуу программа түзүлгөн. Айрымдардын "бюджетти эмдиги жылы эле бир жарым, эки пайызга көбөйтөлү деп атыпсыңар, бул калп го" деп күмөн саноосуна Алмазбек мырза "2007-жылы Бакиев президент кезинде болгону сегиз ай премьер-министр болуп иштеп, ушул аз убакыттын ичинде уурулуктуу кыскартуунун гана эсебинен бюджетти 1,5 эсеге көбөйткөм. Буга бир мисал айтсам, ошол кездеги менден мурунку премьер-министрлердин бири Талды-Булак алтын кенинин лицензиясын 300 сомго берип коюптур. Мен баргандан кийин инвесторго дагы 20 миллион доллар төлөткөм. Ушундай уурулукту колго чапканда бюджет көбөйөт. Албетте, мага Бакиевдин бир туугандары, балдары кире алчу эмес, бирок уурулук жүрүп аткан. Азыр Акаев да, Бакиев да жок, уурулукту тизгиндесек, ушунун эсебинен эле кийинки жылга бюджетти 1,5-2 эсеге көбөйтүп беребиз" деп жооп берди. Андан сырткары, бул программаны жалаң гана партиянын лидерлери иштетпестен, атайын адистер чакырылганын да сөз кылды. "Кыргызстанды кантип көтөрүүнү, кризистен алып чыгып кетүүнүн жолун билебиз. Азыркы өкмөттүн антикризистик программасынан биздикинин бир айырмасы бар. Ал жакта "тышкы донорлорду карап эле жүрүү керек" дегендей жазылып калганы айтылууда. Ал эми биздин пикирде албетте, быйыл кыйын болот, бирок тышкы донорлор жардам берген күндө да аларды карап олтура бербестен, өзүбүздүн күчүбүзгө, Кыргызстандын потенционалына ишенүүбүз керек" деген Атамбаев Кыргызстан үчүнчү революцияны көтөрө албасын айтты. Быйыл КСДПнын (СДПК) түзүлгөнүнө 17 жыл толгонун билдирип, бул партия ушул убакка чейин оппозициянын кыймыл-аракетин уюштуруп келгенин баса белгиледи. Алмаз мырзанын пикиринде бийликтин күчү элдин ишениминде. Эгер, эл жаңы бийликке ишеним артпаса, анда бийлик кетүүгө аргасыз болот.
Аталган партия дайыма демократиялык Кыргызстандын жаралуусуна жан үрөп, таза шайлоо өтүүсү үчүн алп урушуп келгени жалпыга маалым. Албетте, эл өз келечегин өзү тандайт дечи, бирок, "тандаган тазга жолугат" болбой, ар бир атуул Кыргызстандын келечеги үчүн иштеген лидерлерди тандап алса экен деген тилек күч.
Айтмакчы, Кыргызстан Социал-демокра­тиялык партиясынын шайлоо алдындагы программасынын 36 беттен турган толук варианты партиянын интернет сайтына чыгарылмакчы. Андыктан, партиянын программасы менен таанышууну каалагандар КСДП (СДПК) сайтына кирип, кенен маалымат ала алат. Бул программага дагы жаңы идеялар, жаңы ойлор кошулуп турмакчы.
Жыйындын өзөгү аяктаган соң партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анда билим берүү жаатына кенен кайрылып, айрыкча мектеп окуучулары үчүн жетишсиз болуп келген китептерди чыгарууга, дегеле кыргыз адабиятына көңүл буруу керектигин айтып, "бир гана китеп чыгаруу эмес, билим берүү тармагына текши көңүл буруу абзел экенин айтты. Ага кошумчалай "Мисалы, Түштүк Корея билим берүү жагынан түп тамырынан башкача кылып, мектептен баштап иш орундарына чейин алып барыптыр. Бул системаны жасаган адам азыр Гарвард университеттинде иштейт. Аны менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тажрыйба алмашып, иш пландары менен таанышуунун аракетин кылып атабыз. Албетте, бул жерде реформа керек, бирок акыры келип каражатка такалат. Ошол эле китеп чыгарганга каражат таап беребиз. Учурда балдарга "китепти алганыңар үчүн төлөйсүңөр" деген сөздөр чыгып атыптыр. Андай болбошу керек. Мына түштүктө өзбек мектептеринде китеп жетишсиз деп, китептерди Өзбекстандан алып келишчү. Өзбекстандан чыккан китептерди окуган балдар кантип өздөрүн Кыргызстандын жараны катары сезет? Ошондуктан, китеп тарабына өзгөчө көңүл буруп, бул руханий маселени чечүү зарыл. Жалаң эле мектеп үчүн китептерди эмес, кыргыз адабияттын өнүктүрүү керек" деген оюн ачыкка чыгарды. Ал эми өлкөдөгү кылмыштуулук маселесине кайрылганда, Медет Садыркуловдун өлүмү сыяктуу айрым кылмыштардын бети ачылганын жана ачыла элек кылмыштардын жыйынтыгы чыгуусуна убакыт талап кылынарын белгиледи.
(Уландысы 3-бетте)



меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси

PDF формат




Яндекс.Метрика