mainkaptal
Пользовательский поиск
Иса ӨМҮРКУЛОВ, Бишкек шаарынын мэри:
"Таза иштегем, бүгүн да таза иштеп атам"
Дамира, Бишкек:
- Иса Шейшенкулович, мен Ак Ордо жаңы конушунан чалып атам. Биздин жолдорду качан толугу менен оңдоп бересиздер?
- Ак Ордо жаңы конушу, эл көп отурукташкан конуш. Ал жерде суу маселеси каралып атат. Чынында суу жетишсиз. Буюрса, кийинки жылы суу киргизип, жалпы батыш жагын толук суу менен камсыз кылабыз. "АРИС" программасы менен 35 пайызын мэрия каржылайт. Ал эми жолдор боюнча айтсам, аталган конуштагы жолдордун баарысы жасалат.
Айша Абыраманова, Бишкек:
- Ак Өргөө конушундагы башкы план боюнча балдар бакчасына, балдар аянтчасына, мектептерге бөлүнгөн жер мыйзамсыз 45 кишиге сатылып кеткен. Ушул боюнча чечим чыгарып, конушка тиешелүү жерлерди кайтарып берсеңиз…
- Бул жердин маселесин билем. Ак Өргөгө барып, эл менен жолугуп ушул маселени сүйлөшкөнбүз. Бул жерлер мага чейин сатылып кеткен экен. Чынында ал жакта маданият үйлөрүн кура турганга да жер калбай калган. Себеби, сатып алгандардын көбүнүн кызыл китептери бар экен. Ошолорду дагы бир жолу аныктап атабыз. Балдар аянтчаларын, бала бакчаларды, мектеп курганга, жер алып калууга аракет кылып атабыз. Бул иш жеке көзөмөлүмдө.
- Ак Өргөнүн айыл өкмөтү Бакыт Акматовду иштен алдыңыздар эле, кайра келип иштеп атканына эмне дей аласыз?
- Ал киши ошол чечимдер кабыл алынган кезде ооруканада экен. Ооруканадан чыккандан кийин, биз кетирдик.
- Чоңдордун сотто да, прокуратурада да тааныштары бар экен. Алар бири-биринин артын тазалап, билмексен болуп коюушууда. Биз бул жерлерди кайтарып алмайынча жөн жатпайбыз…
- Эже, мен сиздер тараптамын. Мунун баарысы мыйзамдуу түрдө кеткен болсо, соттун гана чечимин күтөбүз. Мунун баарысын кандай болгон күндө да, аны жарыкка чыгарганга аракет кылам.
Муратбек Алиаскаров, Бишкек:
- Шаардын жаңы башкы планы иштелип чыкты беле?
- Беш чоң план бар, андан сырткары ПДП деп коет ошонун үстүндө иштеп атабыз. Шаар боюнча, ар бир кварталдын өзүнчө планы болуусу зарыл. Анан башкы планды да кеңейтип атабыз. Көп нерселер четте калып, келечектүү план жок. Жаңы конуштар киргенден кийин, пландын баары бузулган.
- Жаңы конуштардын ордуна көп кабаттуу үйлөрдү салууга болот беле?
- Эмне үчүн болбойт, болот.
- Азыркы отурукташып калган конуштарга жашоочулар менен сүйлөшүп туруп, кайра көп кабаттуу үйлөрдү салууга болобу?
- Бул аябай чоң программа болуусу керек. Ал программага каражат керек. Конуштардан мурун, шаардын борбор көчөлөрүн оңдоп алалычы. Токтогул, Киев, Жибек-Жолу көчөлөрү, "Дружба" ресторанынын артындагы имараттардын кебетелерин көрдүңөр беле? Ошолордун баарысын оңдош керек. Бул боюнча мэриянын алдында атайын комиссия түзүлдү. Комиссия аныктап, мэрия сатып алып туруп, кайрадан көп кабаттуу үйлөрдү салабыз. Ушундай имараттарды сатып алууга каражат табабыз.
Акылбек Болотбеков, Бишкек:
- Көп кабаттуу үйлөр бала бакчалардын тушуна, парктарга түшүп калып атканын кандай түшүнсөк болот? Кандай чара көрүп атасыз?
- Тилекке каршы, мунун баары мага чейин түшкөн. Курулуп калгандан кийин аны кайра бузууга болбойт. Мунун баарын бүгүнкү күндө "мен акмын, тазамын" деген кишилер кылган. Андан сырткары скверлерди талкалаган. Бүгүн мыйзамсыз берилгендин баарысын тең кайтарып атабыз. БНКнын жарымын улутташтырдык. Жеке өзүм, андай иштерге уруксат берген жокмун.
- Филармониянын артына мыйзамсыз үй куруу боюнча план түзүлдү эле…
- Эми, ал жер да сатылган экен. Ал тургай мэриянын артына да шаардык кеңешке имарат салыш керек эле. Ошол жер сатылып кетиптир. "Жаштар аллеясы" деп, университетке кеткен парктын оң жагындагы филармониянын артындагы жер сатылып кеткен. Канча жолу соттошуп, Жогорку соттун чечими бар үчүн, эч нерсе кыла алган жокпуз. Ал эми аллеянын сол тарабындагы 2-мектептин жанындагы эстелик турган 10 сотук жер да сатылган, аны кайтардык. Бүт баары сатылган, бир да жер калган эмес. Кийинки жылдарда 71 объект сатылыптыр.
Шүкүрбек Кучкачов, Бишкек:
- Мен КРнын майыптар коомунан чалып атам. Иса, сиз жакшы иштерди жасап атасыз, аныңызга ыраазыбыз. Айтайын дегеним, биздин иштеген жерибизди кыймылсыз мүлккө киргизип коюшкан. Эми кыймылсыз мүлккө салык төлөшүбүз керек экен. Коммуналдык салыктарды төлөбөйбүз. Ушул маселени чечип бере аласызбы?
- Колдогонуңуздарга чоң рахмат. Өткөндө мэриянын кызматкерлерине жыйын өткөрүп, майыптарга жасаган мамиле, аларга шарт түзүү боюнча талкуу жүрдү. Дегеле коомдук жерлердеги, жолдогу, ажатканалардагы маселелерди бүгүнкү күндө көңүлүмдүн төрүнө коюудамын. Кыймылсыз мүлккө салык коюу боюнча маселени чынында парламент чечет. Мен сиздерди колдойм. Майыптардын абалын жакшы түшүнүп турам. Депутат кезде бул маселелерди өкмөттүн алдына коюп келгем. Жардам берүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Жыргалбек Абдымаматов, Бишкек:
- Мындан 4-5 жыл мурда Кытай компаниялары келип жолду оңдошкон. Ошол жолдор азыр кайра бузулууда. Алардын гарантиясы канча жылга болгон?
- Түштүк магистралды, жалпы шаардагы жолдорду оңдоо боюнча эсеп палатасы текшерип, аныкташты. Түштүк магистралды курууда 112 миллион сом, шаардагы жолдор боюнча 78 миллион сомго ашык сарпталган. Кошкондо өткөн шаар бийлиги 190 миллионго мамлекетти олтургузган. Албетте уурдалгандан кийин, бийик баа менен койгондон кийин, 10 сантиметр асфальт менен болсо, каяктан кыскартат. Албетте, жолдордон жеди да, анан жол сапатсыз болуп атпайбы. Менимче былтыркы салынган жолдор деле бир жылдан кийин жараксыз болуп калат.
- Булар гарантия боюнча жолдор бузулса, кайра оңдоп берүүгө тийиштүү болсо керек?
- Жанагы түштүк магистралы боюнча "Ак бата" деген фирма иштептир. Азыр "Ак бата" эмес, жиги да жок. Акчаны алган да, каалагандай жумшап туруп жок болуп кеткен. Буга мурдагы мэр жооп бериши керек.
Жаркынай Карагулова, Бишкек:
- Ак Ордо жаңы конушунун жолдору оңдолуп атканы менен бир айдан бери оптималка төгүлүп турат, иштеген эч ким жок. Анан транспорт жагынан кыйналып атабыз. №275, 262 маршруттук каттамдары бар эле, аларды да кыскартып салышты. Ушул конушту транспорт менен камсыз кылып берсеңиздер.
- Жол жасалса, транспорт маселеси чечилет, туурабы? Мунун баарысын чечип беребиз. Азыр борбор калаа боюнча "АРИС" программасы менен 21,5 километр жерди асфальттайбыз. Бул жеңил иш эмес. Мурда эл "жер берип койгула" десе, отурукташып алгандан кийин талаптарды кабелтең кое башташты. Кийинки жер басып алууда бир да жер берген жокмун. Жалгыз төшүмдү тосуп бердим.
Тургунбек Серкебаев, Бишкек:
- Ак Өргөдө мектеп качан бүтөт, жолдору да талкаланып бүттү. Мисалы, жаңы курулуп аткан мектептин алдындагы жол айласыз болуп калды. Качан оңдолот?
- Мектеп жакында ишке кирет. Ал эми жол боюнча иштер аткарылып атат. Жакында оңдолот. Ушундай көйгөйлөрдүн баарысын "мен кыйраттым" деген мурдагы бийликтин кызматкерлери, азыр да "эл үчүн" деп кыйкырып жүрүшөт. Ушундай ыплас иштердин баарысын ошондой уятсыздар жасаган да. Жерлерди мыйзамсыз сатышкан.
Саламат Орозбеков, Бишкек:
- Ош базардын тегерегин тазалаганга болбойбу? Мурда бир тазаланды эле, азыр кайра башаламандык күч алууда.
- Биз бул боюнча иштеп атабыз. Буюрса жакынкы арада базардын тегерегин тазалатып беребиз. Чынында базардын тазалыгы чоң маселе болууда.
Айтурган Керимова, Бишкек:
- Бийлик канча алмашкан күндө деле бийликтегилерин тааныш-билиштери чоң кызматтарга келип, депутат болушат. Эмнеге карапайым эл арасынан шайланбайт?
- Саясий суроо болду. Азыр парламентке шайлоо партиялык тизме менен болууда. Эгер сиздер чогулуп, өзүңүздөрдүн талапкерди чыгарып, каалаган партияга кошсоңуздар, ал ошол партиянын тизмесине акчасы жок эле кирмек. Анан шайлоодо утуп чыкса, депутат болмок да. Азыр бир аз кечигип калдык.
- Ак Өргөгө чындап ушул жердин эли үчүн иштеп бере турган адамды жетекчиси кылып шайлап берсеңиздер.
- Республикага президент шайлаган менен сиздерге жетекчи шайлаш бирдей эле болуп калды. Эми шайлоолор бүтсө ошол жерге барып шайлоо өткөрүп берейинчи.
Акматбек Бердигулов, Бишкек:
- Иса мырза, базарлар тууралуу сурайын дегем. Дыйкан базары туура эмес салынган, ушуну алып салып же башка жерге которууга болобу?
- Дыйкан базары негизи жаба турган базар. Бүт жагынан туура келбейт. Бир сөз менен айтканда шаардын "аппендицити". Шаардын мэри катары эмес, жашоочусу катары айтсам "Дордой" ачкан Дыйкан базары абдан туура, кенен жолдо салынган. А бул шаардагы Дыйкан базарында өрт өчүргүч кире турган, жол жок. Бир жагы заправка бар. Таптакыр орунсуз салынган.
- Шаардын ичине жаңы парк куруу каралганбы?
- Андан көрө "сквер калдыбы?" деп сурасаңыз. Сквер деген жок. 6-кичи район менен Беш-Күңгөйдүн ортосун түштүк БЧК деп атпайбызбы, ошол жерди жасайбыз. Ата Түрк паркын өнүктүрүү керек. Токомбаева көчөсүндө жайгашкан паркты өздөштүрүш керек. Кудай буюрса атайын долбоорлорду даярдап атабыз.
Алтынбек Иманкулов, Бишкек:
- Иса Шейшенкулович, 7-апрелдин алдында көп саясатчылар менен бирге өткөн бийлик сизди да камабадыбы, ошондо биринчи кандай ойдо болдуңуз?
- Депутаттыгыма карабай, Конституциялык укугума карабай алып барып камаган. Суракка алганда да аябай коркутуу жолу менен болгон. Түнкү экилерде "бийлик элдин шору экен" деген ойго келдим. Так ошондо оппозиция лидерлеринин баарысы камалганын уктум. "Сыртта эч ким калбай калды, эми эл чыкпай калат го" деген ойдо болдум. "Чын эле ушинтип бүтүп калабы?" дедим. Ошондогу мага көргөзгөн куугунтукту эч кимге каалабайм.
- Темир жолдо иштеген кезиңиз тууралуу ар кандай сөздөр айтылууда. Ал жерде кандай иштедиңиз эле?
- Эгерде ошол жерде иштегенде ичип-жеген болсом, Бакиев менен кантип кармашмак элем? Таза эмес болсом, ишенимим болбосо тегеректегилер "куда рыпается" деп айтат да. Мисалы, Акаев учурунда таза эмес иштегендер, кийинки бийликтин этегине жармаша калган. А мен андай кылган жокмун. Текшерди, эч нерсе чыккан жок. Таза иштегем, бүгүн да таза иштеп атам. Темир жолду 100 миллион киреше менен калтырып кеткем. Салыктардан, соц. фондго бир да карызыбыз жок болчу. Кадрларды өстүргөм. Бир да тууганымды алып барган эмесмин. Кызматтан тигинин тууганы же башка деп кетиргенге болбойт. Эгер кызматынан туура эмес иш кылса, анда башка кеп.
(Уландысы кийинки санда)
Бурул МУСАБЕКОВА







кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"