mainkaptal
Пользовательский поиск
Кыргызстандагы саясий партиялардын
лидерлерине кайрылуу
"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров:
"Таза депутаттарды шайлоо-элдин укугу"
"Мейли мен айткан сөз,
анчалык акылдуу болбосо да,
мени угуш сиздердин акылмандуулугуңуздар"
Расул Гамзатов
Кесиптештер, партия лидерлери, санаалаштар жана шайлоо алдында шайлоочулардын добушун алууга жардам берүүчүлөр. Өлкөнүн Жогорку Кеңешине шайлануу укугуна ээ болуу үчүн, түз жана мыйзамдуу негизде үгүт иштерин баштоого уруксат берилип олтурат. Албетте, бардык партиялар жеңүүчү болуш үчүн, буга чейин эле бир топ иштерди жасоого үлгүрүштү. Бирок, кандай негизде? Буга жооп, жадакалса чакырык бирөө гана: келгиле мамлекетибиздин 20 жылдык жаңы демократиялык тарыхында биринчи жолу, элибизге 10-октябрда Жогорку Кеңешке татыктуу адамдарды тандап алуусуна колубуздан келген бардык шарттарды түзүп берели. Анан дагы шайлоо алдындагы күрөш учурунда, өлкөбүздө буга чейин болуп өткөн оор сыноолорду, жан кейиткен кайгылуу окуяларды эсибизден чыгарбайлы. Мына ушул окуялар шайлоо алдындагы саясий күрөштүн ар бир катышуучусунун өзгөчө жарандык жоопкерчилигин пайда кылышы керек. Албетте, бул жерде ооздон чыккан сөзүңдүн, жасаган ишиңдин, кылган аракетиңдин жоопкерчилиги өтө маанилүү. Анткени, эл бүгүнкү күнү шайлоо алдында талапкерлердин куру сөз берүүлөрүнөн, кагаз жүзүндөгү баш айланткан кооз программаларынан жадап бүттү. Андыктан шайлоочуларды саясий кызыкчылык үчүн гана пайдаланбай, алар менен түз, таза сүйлөшүп, бүгүнкү күндөгү кыйынчылыктарын чечүүнүн так жолун аныктоо өтө маанилүү. Шайлоо алдындагы биздин ар бир кыймылыбыз сөзүбүз, жасаган аракеттерибиз элибизди аймак-аймакка, уруу-урууга, көчө-көчөгө бөлүп жарганга эмес, тескерисинче көп улуттуу эгемен мамлекетибиздеги жашоочуларды "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ички биримдикке, ынтымакка" чакырууга багытталышы зарыл. Биздин эң негизги байлыгыбыз бул - элибиз. Биздин бир гана Кыргызстан деген мамлекетибиз бар. Аны болбогон саясий кызыкчылык үчүн, майдалап бөлүп жарууга эч кимибиздин укугубуз, акыбыз да жок. Бирок, кылымдар бою ата-бабаларыбыздан мурас катары келе жаткан улуттук дөөлөттөрүбүздү, наркыбызды сактап, элдин бүтүндүгүн камсыз кылуу, ар бирибиздин милдетибиз болууга тийиш. Бул үчүн өз ара ынтымакка келип, бири-бирибиз жөнүндө болбогон ушак айыңдарды таратуудан, эптеп эле жалган жалаа менен упай топтоодон баш тартышыбыз керек. Биздин эл алдында берген убадаларыбыз, пландарыбыз бардыгы жөн эле ооздун жели болбой же кагаз жүзүндө калбай келечекте чындап аткарыла турган болсо гана элибиз өзүнүн татыктуу тандоосун жасап алат деген ишеничтемин. Ошондо гана "депутат болуучулар эптеп эле шайлоо алдында бал тилге салып элди алдап, шайлоо бүткөн соң баарын унутат" деген эл арасындагы ишенбөөчүлүктөр өзүнөн өзү жоюлмак.
Мындан тышкары шайлоо алдындагы ар кандай бетме-бет баарлашууларда, массалык-маалымат каражаттарындагы жолугушууларда бири-бирибизди ыгы жок эле жамандап, жерден алып көргө, көрдөн алып жерге таштай берүүлөр дагы, биз үчүн эл алдында абийир алып келбейт. Акыркы жыйырма жыл аралыгында мына дал ушундай багыт менен келе берип, эч кандай деле майнап чыкпагандыгына көзүбүз жетип турат. Келгиле андан көрө бири-бирибизден кичине да болсо жылуу сөзүбүздү, мамилебизди аябайлы. Эгерде эртеңки күнү эл тагдырын чечүүгө көмөгүбүздү көрсөтөбүз, мамлекеттин келечеги чындап тынчсыздандырат деп саясий күрөшкө аттанып олтурган биздин арабызда пикир келишүүчүлүк болбосо, анда карапайым элдин, мамлекеттин бүтүндүгү жөнүндө кантип сөз кылмак элек.
"Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат" деп, элибиз бул жалган дүйнөдө бардык нерсенин убактылуу экендигине өзүнүн таамай баасын берген. Шайлоонун алдындагы убакыт да өтөт. Мүмкүн келечектеги парламентте эл үчүн, мамлекеттин бүтүндүгүнө чогуу кызмат кылаарбыз. Эгерде, бул жолу дагы элдин башын айландырып, ар кимибиз оюбузга келгенди жасап, бузуку технологияларды ишке ашырууга аракеттенип, шайлоочулардын эркин тандоосун камсыз кылбасак анда келечекте кайра эле жагымсыз окуялар күтүшү айдан ачык. Мындай окуялар кайтып эле эгемен өлкөбүздүн башка биз менен достук мамилелери бар мамлекеттердин алдындагы абийиринин көтөрүлүүсүнө өтө тоскоолдук кыларын убакыт өзү эле далилдеп олтурат. Демек, эл ишенимин актоо менен ак кызмат кылуу үчүн, алдыдагы шайлоо өнөктүгүндө элдин таза тандоосун уюштуруу, ага тийиштүү шарттарды түзүп берүү, бүгүнкү оор саясий кырдаалда негизги маселе катары каралышы зарыл болуп турат. Бир гана чыныгы таза шайлоо Жогорку Кеңешке жоопкерчиликтүү, сапаттуу, эл ишеничин актай турган жарандардын келүүсүн камсыз кыла алат. Жогорку Кеңешке татыктуу депутаттарды алып келүү менен, биз Кыргызстандын бакубатуу келечегине эшик ачабыз.
Таза шайлоо элдин укугу экенин унутпай, алардын эркин тандоо менен добуш берүүсүнө шарт түзүп берели.




"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондунан каржыланды.
Сокулук районунун Күнтуу айылынын жашоочуларынан
Кыргыз Республикасынын Президенти Р. И. Отунбаевага

Кайрылуу
Урматтуу Роза Исаковна! Кайрылуу катын саламдап жаткан жашоочулар алыскы Ат-Башыдан же Алайдан эмес, Бишкек шаарынан 15 км аралыкта турган Күнтуу айылынын тургундары айлабыз кетип, чыдамыбыз түгөнгөндө сизге ачык кат жолдоп жатабыз. СССР тарагандан кийин Союздан калган эл мүлктөрү жалпы республикада талоонго түшкөндөй, биздин айыл да куру калган жок. Чарбаны башкарган актив сөрөйлөр колуна тийген байлыкты талап-тоноп, "улак тартыштын" не бир тири шумдуктарын көрсөтүшүп, айласы кеткенде суу түтүктөрү орнотулган колонкалардан бери тоноп кетишти. Быйыл 16 жыл болот. 1994-жылы суу түтүктөрү орнотулган колонкалар иштебей калгандан бери айылдын жарымы ичкенге сууну айылдын четинде жайгашкан (мурунку винзавод, азыркы айыл-чарба азыктарын чыгаруучу "Голден Сан" ААКсы) заводунан ташып ичебиз. "Голден Сан" ААКсы дагы 2009-жылдан бери иштеп, элдин сообуна калып келет. Айылдын эли колоктоп, жумуш жок, көчө таптап калган жаштар иштеп, айлык алышып, үй-бүлөсүн багып жатышат. "Голден Сан" ААКсынын жетекчилигине айыл эли ыраазы. Эки жыл мурун айылдын эли АБРдин линиясы менен келген "таза суу" программасына кирип калалы деп 5 пайыздык акча чогултуп, 170 миң сом топтогон. Ал акчаны мурунку СООПВнын төрагасы Токтоналиев Амантай чайнабай эле сугунуп койгон. Анын атынан "Таза суу" программасына Күнтуу айылы кирбей калды. Бүгүнкү күндө чогулган акчадан же суу түтүктөрүндө таза суу жок. Унаасы барлар Бишкектен ташып, уй байлаарга жиби жоктор "чычкан аке суу берчи" деп заводдун эшигинде жалдырап турабыз. Тиешелүү күч структураларына кайрылып, акчабызды жеген А. Токтоналиевди жоопко тартуу тууралуу кайрылдык эле, эч кандай жооп жок. А. Токтоналиевдин "кол тийбестик" укуктары бар го деп айыл эли аң-таң. Болбосо үчүнчү жолу райакимге, райондук прокурорго, милициянын башчысына кайрылсак деле жооп болбой келет. Күнтуу айылынын жашоочуларынын ышкырыгы таш жарып, кимге кайрылаарын биле албай, акыркы үмүт сизде деген тилек менен кайрылып жатабыз. Айылдагы дагы бир социалдык маселелердин бири 1960-жылдары тартылган электр линияларынын зым карагайларын алмаштырбаса, адамдарды басып калуу коркунучу турат. Жүрөк ооруткан ушул эки маселебизди чечип берүүңүздү суранып, терең ишенимде турабыз.
Күнтуу айылынын
6791 жашоочусунун атынан
Кеңешбек ЖАКЫПОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
Яндекс.Метрика