Чыныбай ТУРСУНБЕКОВ, "Акун" ун фирмасынын директору, КСДПнын мүчөсү:
КСДП элдин турмушун көтөрүүгө аракет кылат
Ошондуктан "маселенин көзүн таап, аны чече билген, жоопкерчиликтүү адам менен иштешүүгө болот экен" деген пикирге келип, КСДПга кошулдум. Экинчиси, КСДП демократиялык партия. Бизге демократия деген керек. Бул партиянын социалдык жүзү бар. Жеке көз карашымда КСДПнын программасы эң прогрессивдүү. Мисалы, парламент башкарган өлкөлөрдө элдин деңгээли жогорку тепкичке көтөрүлгөн. Андыктан КСДП эң алгач жалпы элдин жашоо-турмушун көтөрүүгө аракет кылат. Жеке же тар чөйрөнүн кызыкчылыгына караганда элдин турмушунун кызыкчылыгы биринчи орунда турат.
- Эгер депутат болуп калсаңыз кандай маселени көтөрөсүз, дегеле Кыргызстандагы эң эле көйгөйлүү маселе кайсы?
- Айта берсек маселе өтө арбын. Эң башкы деп экономикадагы орчундуу маселелерди карайт элем. Экономика болбосо мамлекеттин да, элдин да жашоосу оңолушу кыйын. Ошондуктан экономика менен бирге ишкерликтин маселелерин да көтөрмөкмүн. Анткени, бүгүнкү күндө кыргыздын экономикасынын автоному болуп турган, Кыргызстандын экономикасынын негизин түзүп, мамлекеттин бюджетине миллиарддаган салыктарды төлөгөн бул ишкерлер. "Кыргызстан ишкерлер союзунун" президенти катары эмгектенип жүргөн кезден бери ишкерлердин көйгөйлөрүн жакшы билем. Анын баарысын системалаштырып, анан чечүү керек экендигине көз жетти. Салык кодекси же бажы кодекси болобу, айтор ушундай нерсенин баарысы экономикага терс таасирин тийгизген маселелер. Дагы кошумчалап кетчү жагдай, ишкерлердин ишинде айрым мамлекеттик чиновниктер жеке кызыкчылыктарын жогору коюп, мыйзам чыгарууда, токтомдорду кабыл алууда туура эмес кадамдарга барган учурлар кездешет. Ушуга каршы күрөшүп келгенбиз. Эми баарысын колго алып, чечүүгө туура келүүдө.
- Айрым саясат таануучулар "Кыргызстанда саясатчылардын көбү эл үчүн иштегенге эмес, бизнесин коргош үчүн, саясатка аралашышат" деген ойлорун айтууда, ушуга кошуласызбы?
- Бизнесте жүргөнүмө 13-14 жылдын жүзү болду. Буга чейин бизнесимди бийликке келбей эле, бийликке кошомат кылбастан, саясатка аралашпастан мыйзам чегинде коргогонго үйрөнгөм. Салык комитети менен да соттошуп жүргөнбүз. Эң башкысы иштин башынын баштап жогорку тепкичине жеткенге чейин баардык бийлик бутактарынын көзөмөлүнөн өтүп, текшерүүсүнө туруштук берип, бир сөз менен айтканда ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, бышып жетилгенбиз. Ошондуктан парламентке "өзүмдүн бизнесимди коргоп калайын" деп барган жокмун. Мисалы, ишканамдагы ар бир машинада кассалык аппараттар коюлган. Бул жакшы жашоодон улам эмес, каржы полициясынын, опер топтордун аңдуусунан улам коюлган. Себеби, алар машинени кармап алып тиешелүү документтерди көргөзгөнүнө карабай "счетфактураны көргөз" деп кыйнайт. Чоң фирмаларга же бир ишканаларга товар жеткирсек, счетфактура берилет, бирок көчөдөгү дүкөндөргө таратканда ар бирине счетфактура бере албайбыз да. Ошолордун баарысын кармап алып, убара кылышчу. Ачыгын айтканда жогору жактын атайын тапшырмасы менен ушундай иштер жасалчу. Кыргызстанда 16-17 кассалык аппаратты алып, иштеп аткан жалгыз менин фирмам. Мындай нерселер ишкер катары мени бышырган. Андыктан депутаттык мандатка бизнесимди коргош үчүн келүүгө кызыкдар эмесмин, ниетим да жок. Саясатка көп жыл эмгегимдин тажрыйбасын башка ишкерлер менен бөлүшөйүн деген тилекте аралашып, парламентке так ушул себеп менен барууга кадам таштап олтурам. Алмазбек Шаршенович да партияга чакырганда "Чыныбай каражаныңды жакшы эле багасың, эл үчүн, иштегенге мөөнөт жетти" деп айткан. Биздин эң башкы максатыбыз - эл үчүн эмгек кылуу.
- Карапайым эл Убактылуу өкмөткө, шайлоо таза өтөөрүнө ишеним артпагандай, партия мүчөсү катары шайлоонун өтүшүнө карата кандай пикирдесиз?
- Шайлоо таза өтүүсү зарыл. Аны таза өткөрүүгө ар бир акыл-эси бар жаран милдеттүү. Шайлоого биринчи ирет катышып аткан адам катары айтсам, агы дебей, көгү дебей баардык партия жеке кызыкчылыктарын көздөп, жанталашып ар түрдүү айла-амалдар менен шайлоодон өтүүгө аракет кылып атат. Бири элдин добушун сатып алууга аракет кылса, экинчиси коркутуп жүрөт дегендей. Үчүнчүсү ар кандай тура эмес ушак-айың таратып, элдин башын айландырууда. Айтор шайлоо учурунда түрдүү ыкмаларды колдонуп атат. Мунун баарысын кыргыз эли башынан өткөрүшү керек болчу. Мындай нерсенин баарысы өтө турган мезгил келип жетти. 29 партиянын ат салышып атышы таза шайлоого үмүт берип атат. Мисалы, азыркы бийлик деле мурункуларга окшоп бийликти бербей олтуруп алса деле болот. Булар анткен жок. Тескерисинче эл тандап, кимди шайласа ошол бийликке келсин деп мүмкүнчүлүк берүүдө.
- Люстрация мыйзамын киргизүүнү колдойсузбу?
- Кыргызстанда "эл башкарганга мүмкүнчүлүгүбүз жетет" деген адамдар өтө эле көп экен. Бүгүнкү күндө үч миңден ашык адам парламентке барабыз деп жан үрөп жүрүшөт. Ушунун баарысы эл башкарууну көздөп, парламентке же башка кызматка жетүүгө аракет кылышууда. А биз "Кыргызстанда кадр жетишпей, кадрлык таңсык бар" деп келебиз. Эл антип ойлобойт экен. Адамдар андай ойдон алыс экен. Алардын оюнча баарысы эле эл башкарганга татыктуу экен. Ошондуктан люстрация мыйзамын киргизебизби, киргизбейбизби бир жыйынтык болуусу зарыл. Мурдагы бийликтин ичинде деле адамдык абийиринен кетип, коррупциянын сазына малынгандар жүз пайыз дегенде туура эмес болуп калат. Ошол эле учурда баарысы аппак дегенге да болбойт. Бир коомдо жашап турган соң эл көрүп, билип, өздөрү баамдап атышат. Айтайын дегеним кандай болгон күндө да элдин мүлкүн жеп, ашынган коррупционерлерди камап, тиешелүү жазасын берүү абзел. Ошондо гана коррупциянын тамыры кыйылып, аз болсо да жеп-ичкендердин саны азаят.
Бурул МУСАБЕКОВА




Дамира НИЯЗАЛИЕВА, КСДПнын мүчөсү:
"Өмүрүмө коркунуч келсе да, тобокелчиликке салдым"
Андыктан, дагы көбөйтүү керек. Социалдык фонддун бюджеттинде жылдап чогулуп, резервде турган акчанын саны бир топ. Парламентте депутат болуп турган кезде акчанын саны 4 млдр. сомго жакын болчу. Ошол акчанын эсебинен пенсионерлердин акчасын "көбөйтүп берүү керек" деп күрөшүп келгем. Пенсионерлер менен катар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын да, жөлөк акчаларын көбөйтүүнү унутта калтырбай, дагы башка жеңилдиктерди бериш керек. Биздеги медициналык кызматкерлердин маянасы өтө аз болгондуктан, кадр маселеси курч туруп, бийик деңгээлдеги тажрыйбалуу адистер чет өлкөлөргө кетип калып, элибиз сапаттуу тейлөөлөргө ээ боло албай атат. Андыктан, эки жыл бою баардык деңгээлде мыйзам негизинде төлөнбөй келаткан медициналык кызматкерлердин жана мугалимдердин иштеген жылдарынын маянасын төлөп берүүсүнө чоң салымымды коштум.
Карыялар 75 жаштан кийин ооруканаларда акысыз дарыланышчу, менин демилгем менен азыр карыялар 70 жаштан баштап акысыз дарыланып атышат. Дагы бир чечилбей келаткан эң чоң маселе бул - медициналык адистердин жетишпегени. Ушул маселенин үстүнөн иштеп, медициналык окуу жайларды бүткөн жаш адистер жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен келишим түзүп ар бир бүтүрүүчүнүн 2 жыл аймакта иштеп келүүсүнө шарттарды түзүү керек. Буюрса, бул көйгөй жакында чечилгени калды, антпесе тоолуу шарттагы, кыйын аймактарда дарыгерлердин жоктугуна байланыштуу элибиздин өмүрүнө, ден-соолугуна зыян көп болууда. Дагы бир айта кетчү нерсе, оппозицияда болгонума карабастан, бир топ элимдин көйгөйүн чечкенге аракет жасап оң жыйынтыктарга жеттим. Азыр буюрса, элдик бийлик келгенде өзүмдүн жетишкендиктерим жүз эсе көбөйөт деп ишенем. Албетте, элим колдоп бийликке барсам. Чоң ишенич менен элимдин колдоосун күтөм.
- 7-апрелден кийин Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткарып, түштүктөгү окуяларда Ош, Жалал-Абадда жүрдүңүз. "Өмүрүмө коркунуч келет" деп кооптонгон жоксузбу?
- Түштүктө коогалаңдын 1-күнүнөн баштап иштедим. Ага чейинки 7-апрелдеги кандуу окуяда иштеп тажрыйба алгандыктан, Ош окуясы курч болуп атса да, биздин медиктер өздөрүн жоготушкан жок. Кырдаал мүнөт сайын көзөмөлдө болду. Күйүп, өрттөнүп аткан айылдарга, махалаларга курал-жарактары менен милиция кызматкерлери кире албаган жерлерге, биздин кесиптештер ак халатын кийип алып, жардамга муктаж адамдарды дарылап чыгып атышты. Бул дагы менин жетекчи катары туура жүргүзгөн ишимдин жыйынтыгы болсо керек. Мындай учурда бизге кыйын болуп атса да, миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калдык. Медиктер дарылап эле тим болбостон, колунда куралы жок, ооруканадагы жарадарларды да коргоого жетишишти. Андыктан, кесиптештерим менен сыймыктанам жана аларга ыраазычылык билдирем. Кыргызстандын медициналык кызматкерлери Гипократка берген антын аткарышып, антка бек турушту. Ак халатчандардын эмгегин эске алып, алардын маянасын 50 пайызга көтөрүү зарыл экенин болочок депутаттар, өкмөт эске алышы керек.
Түштүк окуяларында, элим канга бөлөнүп аткан кезде өзүмдүн өмүрүмө боло турган коркунучту ойлогон да жокмун. Ошол жерде жүргөн элдин баары "тобокелге" салып ар бири өзүнүн деңгээлинде жардам берип, кызмат кылып атышты. Корккондор үйлөрүнөн чыкпай отурушкан, эми "биз кыйратканбыз, биз эл менен" деп учурда ураан айтып жүрүшөт. Эл баарына тараза.
- Парламенттик жана президенттик башкарууга коңшу өлкөлөр каршы көз карашта болду эле, сиздин оюңуз?
- Биз эгемендүүлүктү алганыбызга 19 жыл болду. Ар бир өлкө өзүнө жараша, өзүнө жаккан багытты тандайт. Кыргыз эли "Кыргызстан парламенттик республика болушубуз керек" деген багыт алдык. Андыктан өзүбүзгө жаккан багыт менен кетишибиз зарыл. Ал эми коңшу өлкөлөр болсо биздин чечимди сыйлашы керек деп ойлойм.
Жазгүл КАРБОСОВА





Токтогул ТУМАНОВ, КСДПнын мүчөсү:
"иш-аракеттер реалдуу аткарылуусу зарыл"
- Токтогул Туманович, сизди Кыргызстандын жараны катары биринчи иретте эмне тынчсыздандырат?
- Кыргызстандын жараны катары биринчи кезекте, мамлекетибиздин оңолуу жолуна түшүп, өнүгүп-өсүүсү, элдин тынчтыкта жашоосу, тынчсыздандырат. Өлкөдө абал стабилдешип, мамлекетибиз өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирсе дейм. Ушундай бийиктиктерге жетүү үчүн, ар бир кыргыз жараны колунан келген аракетин кылып, мамлекеттин жакшы жашоосуна салымын кошуусу зарыл.
- Кыргызстанда экономиканы өнүктүрүп, социалдык маселелерди чечүүдө кандай кадамдарга баруу керек?
- Экономикабызды өнүктүрүп, социалдык маселелерди чечүүдө сөзсүз түрдө мыйзам өтө таза, туура иштеп, бүгүнкү күндүн талабына ылайык бир топ иш-аракеттер кагаз жүзүндө гана эмес, реалдуу аткарылуусу зарыл. Качан гана мамлекетте экономика өнүгүп, социалдык маселелер чечилгенде алдыга жылуу, өзгөрүү болот.
- Акыркы убактарда "Ош, Жалал-Абадда жаңжал чыгат экен" деген кептер айтылууда. Азыр, Жалал-Абадда абал кандай?
- Акыркы убактарда эл дүрбөлөң түшүп, "Ош, Жалал-Абадда жаңжал чыгат" деген кептер эл арасында айтылып жатканы чындык. Азыр Жалал-Абадда абал жакшы болгону менен "толук стабилдешти" деп айтуудан алысмын. Себеби, эл арасында кооптонуу сезимдери дагы деле тарабай, карапайым калктын ою эки аранжы болуп турат. Июнь айындагы болгон окуялардан кийин, мындай көрүнүш мыйзам ченемдүү деп ойлойм.
- Алдыдагы парламенттик шайлоо тынч, таза өтөт деп ишенесизби?
- Албетте, шайлоо алдында ар кандай үгүт иштери жүрүп, элдин назарын өзүнө бургусу келген партия лидерлери, ар кандай амал менен иш алып барууда. Ошентсе да, "эл эми алданбайт" деген ишеним күч. Эгерде, баардык жерде мыйзам негизинде шайлоо өтсө, эч кандай бурмалоолорго жол берилбесе, Кыргызстандын ар бир атуулу шайлооого барып, мамлекетибиздин кең келечеги үчүн өз добушун берсе , парламенттик шайлоо таза өтөт.
- Сизди "КСДП" партиясы чакырдыбы же өзүңүз ушул партияны тандадыңызбы? Дегеле башка партияларды эмес КСДПны тандаганыңыздын себеби эмнеде?
- Кыргызстан социал- демократтар партиясына эч кимдин чакыруусу жок эле, өзүм келдим. Бул партияга баруудан мурда бардык партиялардын программалары менен таанышып чыктым. Ошончо партиянын ичинен мага КСДПнын программасы жакты. Аталган партиянын лидери Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын келечегине кам көрүп, мамлекетти алдыга жылдыра ала турган инсан. Анын ишмердүүлүгүн айтпасам да эл билет. Ошондуктан эл үчүн, таза иштеген лидерине жана калктын жашоо-турмушун жакшыртууга үндөгөн программасына карап, КСДП партиясынын курамына кирдим.
- Бул жашоодогу эң негизги максатыңыз?
- Ар бир адамдын жашоодо эн негизги максаты болот. Албетте, азыркы учурда Кыргызстанда жашап жаткан ар бир адамдын максаты, Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө, өстүрүүгө өз салымын кошуу болсо керек. Мен да мамлекетимдин келечеги кең, экономикасы өнүккөн, элдери ынтымакта жашаган өлкө катары дүйнө жүзүнө таанылуусун каалаймын, жана максат кыламын.
Бурул МУСАБЕКОВА