Гүлнара КАХАРОВА, ырчы:
"Атактуу болгон жакшы, бирок..."
Гүлнара айымды көргөндө, баатыр энени көргөндөй болосуң. Чыгармачылык деп эле ыр дүйнөсүнө сүңгүп кирбестен, алты баланын (үч кыз, үч уул) мээримдүү энеси, үйдө өмүрлүк жолдошунун сүйүктүү жары болуп, ошол эле учурда күйөрмандарына да жакшы ырларды тартуулап келет. Бүгүн, биз Гүлнара айымды төрүбүзгө чакырып, жеке турмушу, чыгармачылыгы, алдыдагы пландары тууралуу баарлаштык.

- Гүлнара эже, жаш кезиңиздеги мүнөзүңүз дале ошондойбу же турмуштун агымы өзгөрттүбү?
- Адам баласы жаралганда тукумуна, канына, генетикасына жараша өң-түс, кулк-мүнөз берет. Бала кездеги, жаш чактагы мүнөз менен азыркы кыял-жоругумдун айырмасы асман менен жердей. "Жашоо чоң мугалим" демекчи, ата-энеге эркелеп чоңойгон бала кыялың, жаңыдан сахнанын босогосун аттап чыккан жаш күнүңдөгү мүнөзүң жоголот экен. Мурда бала болсоң, азыр эне болдуң дегендей, токтоо тартып, турмушка терең көз караш менен карап каласың.
- Чыгармачыл адамдар кыялкеч болот эмеспи, кыялыңызда эмне бар?
- Кыялымда көп нерсе бар. Бала кездеги кыял менен азыркыны салыштырып болбойт. Бала кезде сахнага чыгууну эңсеп, ырчы болгум келсе, эми өлкөдө тынчтык орносо, элдин мүдөөсүн түшүнгөн, эл деп иштеген бийлик келсе, жашоодо жетишкендиктер көп болсо дейм. Эң башкысы балдарымдын бактылуу энеси болгум келет.
- Ыр чөйрөсүндө көрө албастык, бут тосуу деген күн санап күч алып келатканын байкайбыз, ушундай нерселер менен кантип күрөшөсүз?
- Көрө албастык кылып же чыгармачылыгымда бут тоскусу келгендер менен ажылдашып урушкандан алысмын. Кээде жай сөз менен түшүнүшүп алабыз. Түшүнбөгөн адамга кесе жооп айтууга туура келет. Айтор, баардык нерсени акыл менен жеңгенге аракет кылам. Чогуу жүрүп эле артыңдан жаман сөз айткандар болот. Алардын деңгээли ошондой болсо, арга канча. Ошондуктан билсем да билмексен болуп, ушактарды териштирип, жамандагандар менен жаман айтышпайм деле.
- Атак-даңктын пайдасы көппү же зыяныбы?
- Атактуу болгон жакшы, бирок кээде ыңгайсыз жактары да болот. Андай учурларды зыян деп айтуудан алысмын. Жакшы жагы - сени эл тааныйт, дайыма сый-урматтын үстүндө жүрөсүң. Сахнада ырларыңды сүйүп уккан күйөрмандарың, чыгармачылыгыңды сыйлаган элиң бар. Көп жерден атың таанылган үчүн кыйын иштер болсо да жеңил бүтүп, жолуң ачык болот.
- Дайыма жаш, сулуу бойдон жүрөсүз, сиздеги сулуулуктун сыры…
- Аялзаты келбетине көңүл буруп, сулуулук үчүн кам көрбөсө болбойт. Шайыр мүнөзүм болгондуктан, дайыма күлүп жүрөм. Сулуулуктун сакталганынын бир сыры жайдары мүнөзүмөн да болсо керек. Ал эми атайын сулуулукка кам көрүүдө көп жылдан бери "Mary kei" фирмасынын косметика каражаттарын колдоном. Кээде үйдөн өзүм маскаларды жасайм. Анан тамактанууда да ден соолукка пайдалуу азыктарды колдонуп, ашыкча тамактануудан сактанам.
- Сулуулук сакташ үчүн спорт жайларына барасызбы?
- Спорт клубдарга, атайын машыгуучу жайларга барууга таптакыр убактым жок. Үйдөгү тиричилигим өзүнчө эле спорт.
- Бир жылы диета кармап, көп салмактан арылдыңыз эле, азыр деле диета кармап жүрөсүзбү?
- Улам жаш өткөн сайын, ашыкча салмак кошула берет экен. Анан эл көзүндө жүргөн адам болгондон кийин келбетти караш керек да. Ошондуктан, диета кармаганды улантып, дайыма бир салмакты кармап жүрүүгө аракет кылуудамын.
- Айрым адамдар чыгармачылыктан сырткары, сүрөт тартып же сайма саят экен, сиз эмне кыласыз?
- Чыгармачылыктан сырткары үйдө балдар менен болуп, сайма сайып же шырдак жасаганга убактым деле болбойт. Айылда жүргөн кезде апаларыбызга жардам берип кийиз жасашып, үй тиричилигиндеги жумуштарды жасап калчумун.
- Сизди ашкана жаатында чебер дешет, сүйүп жасаган тамагыңыз...
- Ашкана деле өзүнчө чоң чыгармачылык. Ар бир тамакты өзгөчө даамдуу кылуу үчүн фантазияң болуусу абзел. Ашканага баш баккан соң, кандай тамак болбосун сүйүп жасайм. Чын көңүлүң менен, фанатазияңды кошуп жасаган тамактын баарысы таттуу болот.
- Алдыдагы пландарыңыз..
- Алдыда шайлоо жакшы өтүп, элибизде тынчтык болсо экен деп турам. Эл да шайлоодо эл үчүн, ак кызмат кыла турган лидерлерди шайлап алса, деген тилегим күч. Ал эми жеке пландарым тууралуу айтсам, чыгармачылыгымда жаңы ырлар жыйнагымды даярдап койдум. Буюрса, күздүн аягы менен концерт берсемби деп атам. Негизгиси элде ынтымак, тынчтык болсо, көп жакшы нерселер алдыда деп ойлойм.
- Жайды кандай өткөрдүңүз?
- Жай аптабынын дээрлик көпчүлүгүн көлдө өткөрдүк. Эс алуу менен бирге чыгармачылык иштер менен алек болдум. Ырларды жаздырып, алдыдагы концертке даярдыктар көрүлдү.
Бурул МУСАБЕКОВА





Акжол БЕКБОЛОТОВ, кинорежиссер:
"Актерлук билимим аз"
Заман алмашып, кыргыз киносу аксап турган учурда бир да кыргыз тасма тартылбай, режиссерлор эптеп жан багып калган эле. Акыркы беш жылдан бери акырындап кыргыз фильмине жан кирип, аздан болсо да жаңы тасмалар тартылып, режиссерлор бир топ ийгиликтерге жетишип келатат. Алардын катарында жаш режиссер Акжол Бекболотов да бар. Жаш болсо да, киного өзгөчө мамиле жасап, мыкты тасмаларды тартып, кино сүйүүчүлөрүнүн назарына салууда.

- Акжол, кино жаатында кандай жаңылыктар бар, эмне менен алектенип атасың?
- Кино жаатында жаңылыктар мол. Учурда "Кыргызстан кыскаметраждуу фильмдердин өлкөсү" долбоорунун координаттору Улук Муратбековго жардамчы болуп иштеп жатам. Бул долбоордун негизинде, буюрса беш тасма тартылды. Анын үчөө даярдалып, кино сүйүүчүлөрүнүн назарына салынган, калган эки тасма монтаждалууда. Андан сырткары октябрь айында Швейцарияда боло турган Винтентур эл аралык кино фестивалында "Кыргызстан кыскаметраждуу фильмдердин өлкөсү" программасы көрсөтүлөт. Аталган сынакка фестивалдын уюштуруучулары тандап алган беш тасма катышат. Анын ичинде менин "У нас все хорошо" фильмим менен бирге Садык Шер-Нияздын "Аян", Тынчтыкбек Акималивдин "Месть", Айдос Токтобаевдин "Путишествие в цивилизацию", Гулира Үркүмбаеванын "Там, где ты" тасмалары да бар.
- Жогоруда айтылган беш тасма кандай темада, эмне ойлорду камтыйт?
- Сүйүү темасындагы тасмалар бар. Ошондой эле коомдогу болуп жаткан проблемалар, адамдардын бири-бирине болгон мамилеси… Айтор, бүгүнкү күндүн турмушу менен байланышы бар темалар камтылды десек болот.
- Бир ирет маектешкенибизде толук метраждуу тасма тартуу оюң бар экенин айттың эле. Тартууга качан киришесиң?
- Ооба, тарткым келип жүрөт. Бирок, "ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңет" дегендей, каражат маселесин чече албай жатам. Сценарийим да толугу менен жазылып бүтө элек.
- Айрым режиссерлор көчө фильмдерин тартканы аз келгенсип, таланттуу актерлорду эмес, жөнөкөй адамдарды же ырчыларды тартып атканын кандай баалайсың? Булар кыргыз киносунун беделин түшүргөн жокпу?
- Менимче, бул табигий процесс, башкача айтканда жүрүп-жүрүп сандан сапатка өтөбүз. Көрүүчүлөр да өздөрү тандап көрүп калат. Азыр болсо, кыргыздын киносу десе эле, суусап калган эл анын сапатына, маанисине өтө олуттуу көңүл бурбастан барып көрүп жатпайбы. Буга пираттардын күчү да себеп болуп жатат. Албетте, айрым фильмдердин деңгээли маани жагынан да, техникалык жактан да өтө эле төмөн. Ошон үчүн, кино чөйрөсүндө "Көркөм кеңеш " түзүлүп, прокат болчу фильм ошолордун чечими менен көрсөтүлүшү керек. Ошондо гана сапатка маани бере баштайбыз.
- Мамлекетибизде кырдаал өзгөрүп, башка тармактарга да өзгөртүүлөрдү киргизишүүдө. Дегеле, кино жаатына кандай өзгөртүүлөрдү киргизсе дейсиң?
- Жогоруда айтып кеткендей прокат болчу фильмдер үчүн "Көркөм кеңеш" түзүлсө, жакшы болмок. Мамлекет тарабынан кино үчүн бюджеттин көбөйтсө, же "Кыргызстан кыскаметраждуу фильмдердин өлкөсү" сыяктуу долбоорлорду материялдык жактан колдоп берсе, жакшы эле болмок. Бул долбоор түзүлгөнүнө аз убакыт болгонуна карабай учурда өз жемишин бере баштады десек болот.
- Режиссерлук милдет менен бирге тасмага түшүп, актерлук чеберчилигиңди өркүндөтүү максатың барбы?
- Актер болуу да оңой иш эмес экенин көрдүм. Бекеринен беш жыл окубайт экен да. Ошон үчүн өзүмдү актер катары санабайм. Себеби, актерлук билимим өтө эле аз. Кинодогу бирден-бир максатым кинооператор болуу.
Бурул МУСАБЕКОВА