Айлакер айым 2
ТОБОЛ ӨРӨМКАН
Сериал
"Айлакер айым-2" сериалы уламдан-улам ого бетер бүйүр кызыктырат. Заринанын баласы кимден, Канат Темирбекович экөөнүн тагдыры кандай болот, Салыйка жалдаган детектив кызга кол салабы, төрөт залдан уулун уурдаткан Зарина кандай кадамдарга барат жана Заринаны апасынын оор тагдыры ж.б. ж.б. жөнүндө билип, сериалдын кызыгына баткыңыз келсе, анда "Айат" гезитинин бир да санын калтырбай окуңуз.

(Башталышы өткөн санда)
Паспорт жагдайын тууралаган чоңубуз Канат Темирбековичтин жардамчысы эшиктен киргенде эле ордунан атып турду.
- Оуу, кайсы шамал? Кандай жумуш, айта салыңыз, дароо тууралай салалы.
- Ой, шефтин көрөр көзү бар, ошо ойсокеге жаңы паспорт керек болуп атат, кыязы фамилия, аты-жөнүн өзгөртөт окшойт. Өтө проблема эмеспи?
- Ой, кудай, анын эмнеси проблема? Канат Темирбековичтин сулуусу үчүн керек болсо, асмандагы айды алып берип салбайбызбы. Керек болсо негрге деле "кыргыз" деп паспорт берип жатабыз. Атасынын көрү "пулуң болсо, кулуңмун" деген заман азыр.
- Эмне көп пул болуп кетеби? Шеф укса жиндейт го… Эгер көбүрөөк болуп кетсе.
- Ал пулду мен алмак белем, мамлекеттик архивге беребиз, ал биринчи документти тууралаш керек, анан тиги-бу деп отуруп, бир 2 миң долларды чапчыйт го. Биздин кызмат болсо бекер.
- Бирок, паспорт эки күндө даяр болсун. Тиги жеңекемди ээрчитип келе албайм өзүңүз бүтүрөсүз.
- Хоп, келе акчаны мына өзүм жөнөдүм, жиним келсе, бүгүн деле даяр болот.
Айтор, Заринанын паспорту эки күндө колго тийди. Атын калтырган менен фамилиясын, ата-тегин таптакыр бөлөк кылган кыз документин көтөрүп алып, Сапар экөөнүн үйүнө келди.
- Мына, кечке эле паспортумду сурайсыз эле сурайсыз. Мага бу үйдүн деле кереги жок эле, жанымды койбогонуңуздан улам алып келдим. Оформить кылам дедиңиз беле.
- Ооба да, ушу үйдү атайы сага арнап алгам да. Бүгүн эле өзүңө жаздыра салам. Бирок менин көрүнгөнүм болбойт, бардык документтерди юристим тууралап берет, мен ага звандап коем.
Кечке жуук Зарина дагы бир үйлүү болду. Сапар үйдүн урматына деп дасторконду келтире жасаган экен, экөө таң аткыча арактын да сазайын колго берип, секстин да түрү менен бир-биринин шайын оодарганга үлгүрүштү.
Экөө тең таң эрте ойгонуп, эриндер канагыча өбүшө эки жакка кетишти. Себеби Сапардын да "командировкасы" бүтүп, Канат Темирбековичтин да Америкадан келе турган күнү эле да.
Зарина түз эле нотариуска жөнөдү да, Сапар берген үйдү өзүнүн чыныгы паспорту менен өзүнө которду. Эми эр болсо, Сапар аны издеп таап көрсүн! Анан үйгө келди да, реклама аркылуу плотник таап, ага брон эшиктин сыртындагы кулпуну алмаштырып, ага да кошумча кулпу тактырды да, үйүн көздөй жөнөдү. Мага демектен Сапар болгон чачын жулсун, мындай эркектерге убал жок дегенсип өзүнүн жасаган ишине эрдемсий үйүн көздөй жөнөдү. Канат Темирбековичин ардактап күтүш керек да.
Канча күндөн бери үйгө түнөбөгөнгө үйүн чаң басып, тамак-аш эскирип, нан көгөрүп, айтор кунары кача түшүптүр. Түшкө чейин шымалана үйүн жыйнап, тамак-аш алып келип коюп, гинекологго жөнөдү. Учетко туруп, УЗИге түшүп, анысын сүйгөнүнүн алдына жайыш керек да. Жеке клиникага барган, курсагындагы наристеге төрт ай болуптур.
- Өзүңүз арык болгондуктанбы аябай кичинекей көтөрөт экенсиз, бирок суук тийгенби же дагы бир балээ болгонбу сиз срочно дарыланбасаңыз түйүлдүккө зыян болгудай. Инфекция көп. Ийне сайдырып, витамин ичип дегендей, анан азырынча жыныстык катнаштан алыс болуп турганыңыз оң эле... Эгер ден соолугу чың бала төрөйм десеңиз.
Зарина унчукпай гана башын ийкеди, анан эмне кылат, ушу баланы төрөш үчүн миң алакеттен өтүп жүрбөйбү. Келечегинин баары ушу балага байланыштуу да, демек тезирээк дарыланышы керек.
Жумагүл болсо, Зарина жашаган үйдү айланчыктап жүрүп, караңгы кирген маалда ал үйгө Канат Темирбековичтин кирип баратканын көрүп, бир топко ачкан оозун жаба албай эси ооду. Таанып кое тургансып, бактын далдаасына жашына да калды. Демек кудай буйурса амалкөйлүк менен бир жуманын бер жак, ар жагы менен Салыйканын күнүлөшүн колго түшүрөт. Иши кылса, ал жаш неменин башын айлантып, ишенимине кириши абдан зарыл.
Канат Темирбекович Заринаны кучагынан кое бербей, көпкө чейин жыттагылап, өпкүлөп, сагынычын тарката албай убара. Кыз да жөн турабы кылыктанып, сагындымын миң кайталап, ыйлаганычы. Министр бул көз жашты көрүп, "бу да мендей катуу сүйөт, демек жамандыкка кыйбайт" деп ичинен элжиреп турду. Залга кирип Америкадан ала келген белектерин биринин артынан бирин жайды. Баары кымбат, баары атак-даңкы чыккан фирманын көз тайгылткан кийимдери. Аларды кийгенде Зарина ого бетер чырайына чыгып, Канаттын сезимдерин кытыгылап, эңсөөсүн арттырды.
(Уландысы кийинки санда)