Сактансаң Кудай сактайт
Кубанычбек ШҮКҮРБАЕВ,
Хирургия поли-травма бөлүмүнүн башчысы:

"Бир түндө 40-50гө чейин оорулуу түшөт"
"Кырсык каш кабак ортосунда". Күтүүсүз келген кырсык, ар бир жанды күйүткө салат. Ажалың жетсе айла жок, кудай амирине алса ак халатчандар өлүмдөн арачылап калышат. Чымындай жаның аман-калса, көйнөкчөн төрөлгөнүң ошо. Тез жардам автоунаасынан кокуйлап түшкөн оорулууну көргөндө сестенесиң. "Башы оорубагандын Кудай менен иши жок" деген сыңары дени-кардың куландай соо убакта ак халатчандарды көңүл сыртында, унутта калтырабыз. "Кырсык тооруп келгенде, өмүр сакчыларынын кылган кызматтары кандай?" деген суроого жооп алуу максатында Бишкектин №4 травматология, ортопедия борборуна сапар алдык. Бул жерге, колу-буту сынгандар, машине тебелеп кеткендер, уксус, дары ичип ийгендер, өрткө күйгөндөр, айтор кырсык курмандыктары аргасыз келишет. Оорукананын босогосун аттаар менен жараттары таңылуу, жалдырап жаткан жабырлануучуларга кабыласың. Башы-көзүнөн тамтык жок, кээ бир адамды көргөндө "кайсы күнөөң үчүн, алган жазаң экен?" дегендей аялуу карап өтөсүң. Аталган борбордун заңгыраган имараттарын аралай, 2-кабатта жайгашкан, хирургия поли-травма бөлүмүнүн башчысы, жогорку категориядагы врач, медицина илимдеринин кандидаты Кубанычбек Шүкүрбаев менен баарлаштым.

- Бизге ар кандай кырсыктан жабыркагандар, тез жардам аркылуу келип түшүшөт. Бөлүмдө 40 орундук бар. Учурда күтүүсүз кырсыкка кабылып, табарсыгы жарылып, заарасынын баары ичине куюлуп калган адам жатат. Бир жигит 5-кабаттагы өрттөнүп аткан батирге үйдүн сырттынан кирип, бир аялдын, бир баланын өмүрүн сактап калып, өзү жардамдашып аткан учурда ал кабаттан кулап түшкөн. Анын кабыргалары, колу, бел омурткасы сынып, дарыланып атат. Дагы бирөөнү машина уруп кетип, көк боору жарылып, ичине 2 литрге чейин кан чогулуп калган. Аны дароо операция жасадык. Боор жарылса тигилет, ал эми көк боорду тиккенге болбойт. Андыктан операция кылып, көк боорун алып салдык. Азыр абалы жакшы, басып жүрөт.
- Катуу соккудан өпкө да жарылып кетет дешет...
- Ооба, өпкө да жарылат. Өпкө жарылганда, кан, аба толуп калат. Ал учурда көкүрөктүн өйдө жагынан да, ылдый жагынан да, трубка салынат. Белгилүү бир убакта өпкө жазылып, кан, аба трубка аркылуу сыртка чыгып, өпкө өзүнө-өзү жармаша баштап, трубканын орду да акырындык менен бүтөлүп калат. Эгерде чоң тешик болсо, ал бүтөлбөйт. Анда көкүрөктү ачып, чоң операция жасап, өпкөнү тигүүгө туура келет.
- Бул бөлүмдө канча дарыгер эмгектенет?
- "Беш жарым ставка" деп коет. Бир нейрохирург, травматолог, көкүрөк хирургу, жалпы хирург жана кан тамыр хирургу болуп, беш хирург бар. Кезек-кезек менен кабыл алуу бөлүмүндө травматолог, нейрохирург, ревматолог жана күйүк бөлүмүнөн бирөө күзөттө турат. Кээ бир күндөрү бир түндө 40-50гө чейин жабырлангандар түшөт. Бирок, анын баары жатпайт, жеңил жарат алгандарга биринчи жардамдарды көрсөтүшүп анан үйлөрүнө кетиришет.
- 7-апрелде сиздердин бөлүмгө канча жарадар түш­тү?
- 7-апрелде бул борбордун башка бөлүмдөрүнө түшкөн жарадарлардын саны арбын болду. Анын ичинен биздин эле бөлүмгө, оор абалда 14 октон жабыркаган адам түштү. Көздөрү жалдырап келген жарадарларга тез арада операциялар жасалып, кудайга шүгүр баары аман-эсен үйлөрүнө, курортторго, Воронцовкадагы калыбына келтирүүчү ооруканага жиберилди. Учурда, каттоодо тургандары келип көрүнүп турушат. 7-апрелде жабыркагандардын көбү эки, үч жеринен операция болушту. Себеби, ичине кирген ок, ичегини, ашказанды тешип, өпкөсүнө тийген ок, өпкөнү аралап, акыректи талкалап кеткен учурлар болгон. Мындай оор абалдагы адамдар келгенде кайсы органы оор жаракат алганын текшерип, адам өмүрүнө коркунуч келтир, боору, көк боору жарылып, кан көп кете баштаган, ички органдарынан баштайбыз. Кийин колу-буту, башын карайбыз. Медициналык жардам көрсөтүүдө эң биринчи канды токтотуу керек. Себеби, адамда болгону 5 литр эле кан бар.


Калдыбек АКЫМБЕКОВ, аталган бөлүмдүн хируругу:
"Боорун тигип, канды токтоттук"
- Биздин бөлүм хирургия поли-травма бөлүмү болгондуктан, уруп-сабалгандар, көп кабаттуу үйлөрдөн кулап кеткендер, машинага урунгандар жана башка көптөгөн кырсыкка кабылгандар келет. Жакында Төлөнбай уулу Баатырбек деген жигитти машина уруп кетип, баш сөөгүнөн жаракакетип алган, жамбаш сөөгү сынып, боору жарылып кеткен. Убагында операция жасаганга жетишип, боорун тигип, канды токтотуп калдык. Кудай буйруса, абалы учурда жакшы, реанимациядан палатага чыгып, күндөн-күнгө ден соолугунда жакшы жылыштар бар. Кечээ компьютердик томографияга башын салып, башын дары-дармектер менен дарылап атабыз. Ал эми жамбашы калыбына келгенче, бир аз убакытка жылбай төшөктө жатуусу керек.
Дагы бир Марат аттуу жигит таяк жеп түшкөн. Катуу жеген таяктын кесепетинен көк боору жарылып кеткендиктен, анын көк боорун алып салууга туура келди. Кечээ реанимациядан чыкты, учурда Кудайга шүгүр, абалы жакшы.

Төлөнбай уулу Баатырбек:
- Ата-энем менен Беловодск айылында турчумун. Петровкага байкемдикине конокко барып, дүкөндөн бир нерсе алып жолдон өтүп баратканымда машинага урундум. Жеңил автоунаанын айдоочусу дароо эле жардамга келип ооруканага жеткирди. Башыман, жамбашыман жаракат алдым. Катуу соккудан боорум жарылып кеткен экен.

Төлөнбай КАРИМОВ, атасы:
- Уулум өзүнө келип, бизди абдан сүйүнтүп атат. Өз убагында жардамын аябай тикесинен тик туруп, уулумдун өмүрүн сактап калган Калдыбек Акымбековго ыраазымын. Колу жеңил, мындай дарыгерлер көп адамдардын өмүрүн сактап калат тура. Жамбашынан жаракка кеткендиктен, ордунан жылбай дагы 40 күн жатат. Башынан алган жаратын да дарылап атышат. Ал эми сүзүп кеткен айдоочу да ушул күнгө чейин жардамын берип чуркап жүрөт. Адамдардын арасында өтө жакшы инсандар көп эле экен.
Жогорудагы Баатырбек менен сүйлөшүп туруп, катарындагы керебетте сумсайынкы жаткан адамга кайрылдым. Ал жигит суроолорума жооп бере алган жок. Бирок, жанында отурган агасы Каныбек "инимди милициялар сабап, жыйынтыгында көк боору жарылып кеткен, көк боорун алдырды" десе, жубайы "күйөөм кече эле реанимациядан чыкты, көңүлү да жок болуп атат. Бул иш боюнча жогору жакка арыз менен кайрылам. Ооруканадан сакайып чыгып алсын, сиздерге да бул окуя боюнча интервью берет" деп редакциянын дарегин алып, бири-бирибиз менен байланыш телефондорубузду алмаштык. Бей күнөө милициялардан таяк жеп, көк боорунан айрылган Мараттын тагдырына кийинки сандарда кайрылганга аракеттенебиз.
Жазгүл КАРБОСОВА