Көк асабаны көкөлөткөн кимдер?
Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын X съездине өлкөнүн бардык аймактарынан 800 делегат катышып, СДПКнын Жогорку Кеңешке талапкерлер тизмесин бекитти. Башка айрым атаандаштардыкынан айырмаланып, бул тизмени капчыгы калың байлар же эстрада жылдыздары ээлеп алган эмес. Мындагылардын баары - татыктуу инсандар.

Көч башында - партиянын жетекчиси, таанымал саясатчы Алмазбек Атамбаев менен элдик генерал Исмаил Исаков. Мурдагы коргоо министри эски бийликтин тушунда катуу кысымга кабылганына карабастан, адилеттик үчүн күрөштөн баш тартпаган. Ишкерлер союзунун төрагасы Чыныбай Турсунбеков - ири өндүрүшчү, чакан жана орто бизнестин укуктарын жактаган, Кыргызстанда ишкердикти өнүктүрүүгө жагымдуу шарт түзүү үчүн, күрөшкөндүгү менен белгилүү. Төртүнчү номурда партиянын мыкты ишмерлеринин бири Ирина Карамушкина, кесиби мугалим.
Тизме тууралуу сандардын тили менен айткандан өтөрү жок. Коомдук-саясый турмуштагы ишмердиги менен таанылган 37 аял кошулган. Карамушкинадан тышкары, бул катарда Баткен облусунан көрсөтүлгөн Карамат Орозова, түрмөгө камалса да көз карашынан баш тартпаган Гүлнара Жамгырчиева (2009-жылы президенттик шайлоодогу бурмалоого каршы чыккандыгы үчүн, ал санаалаш 17 киши менен бирге камакка алынган эле). Кандан, бектен кайра тартпаган, чындык үчүн чыркырап күйгөн белгилүү журналист Жылдыз Мусабекова, "Азаттыктын" мурдагы кабарчысы Рита Борбукеева сыяктуу инсандар бар.
КСДПнын талапкерлеринин ичинде башка улут өкүлдөрүнө да жетиштүү орун берилген. Тизмеге алты орус, эки уйгур, дунган, жети өзбек мекендешибиз кирген. Өзбек туугандардан спортту өнүктүрүүгө жана жаш муунду тарбиялоого жыйырма жылдай өмүрүн арнаган Бахтияр Кадыров (№29 гимназиянын директору) да бар. Ал "Боинг" учагы кыйраганда, жанындагы жүргүнчүлөрдү куткарып, эрдик көрсөткөнү баарыбыздын эсибизде.
Татыктуу талапкерлер өлкөнүн ар кайсы аймактарынан тандалды. Мисалы, Оштун мурдагы губернатору С.Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков тизмеге алтынчы номур менен кирди. Оштун коменданты болуп турганда түштүк коогалаңын басууга баа жеткис салым кошкон Курсан Асанов - он үчүнчү талапкер.
КСДП жаштарга 25 орун берип жатканы бекеринен эмес. Партиянын негизги милдеттеринин бири - эскилердин катасын кайталабас жаш саясатчылардын муунун тарбиялап өстүрүү. Тизмедеги онунчу талапкер 29 жаштагы Данияр Тербишалиев апрелде борбор калаада ыктыярдуулардын "Патриот" кошуунун уюштурган. Бул кошуундун жигиттери мекендештеринин мүлкүн эле эмес, өмүрүн да сактап калган. "Силер келип калбасаңар, кан төгүлөт болчу" деп бул азаматтарга алкыш айткандар көп.
Социал-демократтар 7-апрелде элдин азаттыгы үчүн курман болгондордун туугандарын жана ошол кандуу окуяда жаракат алгандарды бириктирген "Мекен шейиттери" коомдук кыймылынан да парламентте өкүл болушун жактайт. Алар - Талантбек Давлетбаев жана Абдраим Касымов. Талапкерлердин катарында Ак үйдүн үстүнөн ок жаадырган көзгө атар бандиттер менен бир нече саат аткылашкан Эмилболот Кыштообаев да бар. Ал болбосо, дагы далай жигиттерибиз окко учмак. Снайперлердин бирин атып, жок кылган да ушул Эмилболот эмес беле! Түштүктө коогалаң башталганда ал өзүнүн жигиттери менен Ошко барып, кан күйгөн жерлерди аралап, барымтада калгандарды куткарууга, өрттү басууга катышкан.
Ооба, партиялык тизмедеги ар бир адам өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Арасында элге кадыры өтпөгөн бир дагы киши жок. Алар жөнүндө гезиттин келерки сандарында да жазабыз. Азырынча дагы бир азамат тууралуу айта кетели. Доктурбай Төгөрөкбаев бир буту жоктугуна карабастан, көп жылдан бери партиянын катарында күрөшкө жигердүү катышып келатат. 7-апрелде жакындарым сарсанаа болбосун деп, үйдөн чыккандагы максатын жашырып койгон экен. Бирок, телевизордон көрүнүп калбаспы. Өлкө келечегине ар бир азамат ушундай күйсө кана!





ӨткӨндҮ унутуу келечекке кайдыгерлик
Мурдагы эки президенттин кемчилиги элдин, мамлекеттин кызыкчылыгынан керт башынын кызыкчылыгын жогору койгонун эске алсак, көр пендечиликтен өйдө боло албаган өздөрүнө тийиштүү кыял-жоругу деп билсек, мындай илдеттен азыр кайсы партиянын лидери арылган деп айта алабыз? Кечээ президенттер кызмат орундарын сатып келсе, бүгүн деле аттуу-баштуу партиялар депутаттык орун үчүн олчойгон сумма талап кылып жатышканы жашыруун эмес. Демек, баягы эле ичип-жеп көнгөн, байлык, мансап үчүн баарын сатканга даяр эргулдар парламентти ээлеп отуруп калары турган нерсе. Анан утулганы оппозицияга өтөт. Бийлик менен опозициянын ортосунда элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн атаандаштык болбой эле, жеке кызыкчылыктын, дымактын кармашы болуп келгенин жана мындай эрегишүүнүн тамырын азыктандырган элдин жердешчилик, урук-туугандык сезими менен шайлоону соодага айлантып, добуштарын арзыбаган тыйынга сатып, "жолубузду оңдоп бер, суу чыгарып, балдар аянтчасын салып бер" деген өңдүү күнүмдүк тиричиликке айырбаштаганы болуп жатпайбы. Бирок өз кызыкчылыгыңарды, укугуңарды коргой албайсыңар деп элге күнөө артканыбыз акыйкаттыкка жатабы? Же чындык, акыйкаттык үчүн карапайым элдин төккөн каны аздык кылабы? 90-жылдардын башында Акаевдин элине иштеп берем деген жигерине, ниетинин тазалыгына ишенбедик беле... Акаевди улуттук лидер катары көрбөдүк беле. Элин алдап, ырыскысын уурдап, адам катары көрбөй калган бийликти эки жолу кубалаган ким бар экен? Эки жолку төңкөрүштүн келип чыгуу себебине кандайдыр бир деңгээлде биримдиктин, тилектештиктин жоктугу таасирин тийгизген чыгар, бирок калыстык үчүн айтып коюшубуз керек, 7-апрелде кырчындай өмүрлөр Бакиевди "түштүктүксүң" деп кыйылбаганы, эли-жеринин тагдыры, келечеги үчүн курман болушканы, элине "биримдиктүү болгула, алданбагыла, адашпагыла" - деп чакырык таштап кеткендей. "Кеткин"! - деп саясий талаптарды гана койбой, айлык акыны көтөр, жумуш менен камсыз кыл, жерибиздин бир карыш жерин бербейбиз дегендей социалдык-экономикалык талаптарды да көтөргөндү үйрөнсөк, бийликтин милдет-жоопкерчилигин эсине салып турсак, жагдайыбыз башкача болот беле…
Эгемендик күнүндө, 7-апрелде курман болгондордун мемориалдык тактасын ачып жатып, президент Роза Отунбаеванын жашын тыялбай ыйлаганына эмне себеп болду экен?... Балким, энелик жүрөгү чыдабадыбы, же 2005-жылы Бакиевди бийликке алып келишкенине өкүндүбү, же болбосо кан төгүүсүз бийликти алмаштыруунун жолуна түшпөй, тишин кайраган Бакиевдин азуусуна жаш өмүрлөрдүн чайналганына оппозициянын да күнөөсү бар экенин сезип ыйладыбы?... А балким, карыш турган кан ичкич Бакиевдерди кармап калбай, качырып жиберишкенине өкүндүбү, же кан аркылуу бийлик тузу буюрганы ичин күйгүзүп кеттиби? Ооба, кандай жол менен болсо да бийликти алуу, оппозициянын максаты болчу. Бирок жааган окко эл төшүн тосуп берет деп көпчүлүк күткөн эмес эле. 7-апрель чыныгы оппозиция эл экенин, бирок мүдөө-талабына жакын, таламын талашчу баштоочусу жок экенин, дымагы күч оппозицияны караан тутуп келгенин көрсөттү. "Мурдагы көч кайда барса, кийинки көч да ошол жакка барат" дегендей, 24-марттан сабак албаган бийлик, 7-апрелден кийин да сабак албаганын көрсөттү. "Акыры бийлик колго тийди" деп эйфорияга алдырышканы, мамлекетти башкарып кетүүгө даяр эместиги, тажрыйбасыздыгы саясий туруксуздукка негиз түзүп, коомдо баш-аламандыкты жаратты. Революциялык жолго түшөбүз деп Бакиевдер энчилеп алган мүлк байлыкты мамлекеттке кайтарымыш болгону менен, өздөрү сындап келген системаны өзгөрткүлөрү келишпеди. Эгер, чыныгы революциялык жолго түшүп, элдик бийликпиз деген жаңы өкмөт элге жүзүн бурса, элдин ишенимине кирип, колдоосуна татыса, анда "бийликти тартып алам, өч алам" дегендердин тилеги таш каап, Ош каргашалуу окуясына жол берилбеши да толук мүмкүн эле. "Ат айланып мамысын табат" дегендей, кайра Акаев менен Бакиевдин "куйруктарына" ыктады. Ал эми парламенттик республика системаны өзгөртүү эмес, көйнөк жаңыртып кийип алганыбызга гана окшоду. Көйнөгүбүз эскирип жыртылса да, буюрса он жыл жонубуздан түшүрбөй кийчүдөй болдук. Баш мыйзамда ушинтип жазылганы, Бакиевдин "мамлекет башчысын эл шайлабай эле, президенттик кеңеш шайлайт" дегенине, жеңип чыккан партия 65 орунду ээлегени, "Ак жол" партиясына окшоштугу жокпу? "Парламенттик шайлоо кандай өтөт, дагы чыр-чатакка жол берилбейби?" деген коомдо тынчсыздануу күч. Акаев менен Бакиевдин өздөрү өлкөдө жок болгону менен айрым партияларга колдоо көрсөтүп атканы, жеп-ичкич жан-жөөкөрлөрдү "утуп чыгам"деп билектерин түрүнүп, шымаланып жатканы, Убактылуу өкүмөттө да эски бийликтин акырынан жем жегендердин отурганы, жаңы бийликтин журтка жан тартпаганы, коомдун коопсуздугун, саясий туруктуулукту сактоого көргөн аракетинин жоктугу, кантип анан элдин тынчсыздануусун жаратпай койбойт. Бийликтен көңүлү көк таштай калган элдин ишенимин кайтаруу, элдин өзүнө таянуу жолу менен гана жүрөт. Ошондуктан эл мүдөө-талабына, көйгөйүнө жакын элдик курултай чакырып, коомдогу абалга баа берип, кырдаалдын турукташтыруунун жолдорун издесек, көйгөйүбүздү айтып, келечек багытыбызды аныктап алсак, калктын биримдигин, тилектештигин арттырып, коомдун туруктуулугунун чыңдалышына өз салымын кошот эле. Тилибизди, салт-санаабызды, маданиятыбызды коргоп, сөздүн жакшы маанисинде улутчул болсок, мамлекеттин ээси катары тамыры терең улуу эл экенибизди көрсөтө алсак, ким бизге баш көтөрө алат? Чыккынчы президенттердин жемин жегендер менен кенешпей, Р.Отунбаева коомдун калың катмарын камтыган, эл кадыр-баркына татыган инсандардан турган мамлекеттик кеңеш түзүп, иш алып барса, бул да өз жемишин бербей койбойт. Р.Отунбаева мамлекет башчысы катары, кыска мөөнөтүндө эл менен бийликтин ортосундагы ажырымдын бүтөлүшүнө, калыс, таза бийликтин жаралышына негиз түзүп кетсе, кыргыздын мыкты кыздарындай тарыхта калары шексиз. Ал эми парламенттик түзүлүш, ал аркылуу куралган бийлик жана оппозиция элге чеке жылытарлык эч нерсе бербейт. Анткени, маселе элдин даяр эместигинде же туура тандай албаганында эмес, эл мүдөөсүнө жараша тандоосунан ажырап калганында болуп жатат. Бийлик менен оппозиция бири-бирине каяша айтып, эл атынан сүйлөп, элдин кызыкчылыгын көздөмүш болушканы менен, жүздөрүнүн окшоштугунда болуп жатат. Жеке бийликтин, үй-бүлөлүк башкаруунун эзүүсүндө баш көтөрө албай жыйырма жылдай жашап келген элге партиялык система эркиндикти, айкындуулукту берер, бирок мындай артыкчылыкты туура пайдалана албайсыңар деп элге күнөө артуу адилеттике жатабы? Туура жолду көрүп туруп, керт башынын кызыкчылыгын ойлоп, көр пенделиктен ойдо боло албай элди адаштырган кыянаттык, наадандык эмей эмне. Акаев менен Бакиев элинен безип, качып жүрүшкөнү, жазасын колдоруна алышканы десек, алардын тагдырын самагандар четтен чыкчудай болуп турбайбы. Карапайым элдин саясий түшүнүгүнөн пайдаланса болор, ал эми акыйкаттык, абийир, ыйман деген турмуш чындыгын алдап өтүү мүмкүн эмес. Элдин биримдиги, үмүт-тилеги да мына ушундай асыл сапаттарда камтылса керек. 7-апрель, эл-жеринин келечеги үчүн жанын бергенге даяр, патриот жаштары бар экенин, кыргыз эли өзгөчө касиетке ээ экенин далилдеди. Ооба, мен ушундай дем менен аяктагым келет жана ага шыктандырган кыргыз элинин кулуну болгонума сыймыктанам.
Үсөнбек БЕЙШЕМБИЕВ